Жеңишбек Шамшиев - Алайкуум

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 31 бер 2016
  • Жеңишбек Шамшиев ыр жыйнагы:
    • Жеңишек Шамшиев - Угуз...
    Алайкуум
    Обону Ж. Шамшиевдики
    Сөзү автордуку
    Алайкуум сүйкүм, жаагымдуу
    Атылып агат агын суу.
    Барактап тарых сырларын,
    Баратат алга жагымдуу.
    Шуудурап терек, тал, кайың,
    Көрктөнүп турат ар дайым,
    Туулуп өскөн жериме,
    Туңгуч сөз ырым арнайым.
    Тоо койну толгон карагай,
    Тоо көлү сүйкүм баладай.
    Эң бийик тип-тик чокулар,
    Эркелеп эмчү мамадай.
    Карылар дөңдө күү чалып,
    Малчылар тоодон үн салып,
    Кооздоп жайлоо көркөмүн,
    Койгонсуйт түркүн түр салып.
    Жолдору таалай жолдору,
    Тоолору Мекен коргону.
    Эмгектен жалын чачырап,
    Элиме жыргал орноду.
    Мээрими артык өзгөчө,
    Медерим сенсиң өлгөнчө.
    Сапарга кетсем алыстап,
    Сагынам кайра көргөнчө.

КОМЕНТАРІ • 6

  • @user-wy2qk9dk6f
    @user-wy2qk9dk6f 2 роки тому +1

    Кылымда бир жаралчу талант.Аллахым Жеңишбек аке менен рысбай акеге элден ашыкча өмүр берип койгондо

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чон рахмат! Аттиң, ошондой болсочу, таланттары дагы эртерээк бааланып, наамдарын өз убагында алышсачы. Арман дүйнө экен да. Сизге бакубат жашоо каалайбыз!

  • @user-ct3xl5ik9j
    @user-ct3xl5ik9j 2 роки тому +1

    Алйкуунун

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чоң рахмат! Ден-соолук каалайбыз!

  • @dbtdhffgfbhdcbfdc4221
    @dbtdhffgfbhdcbfdc4221 6 років тому +3

    👍👍👍 зор

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чоң рахмат! Ден-соолук каалайбыз!