Өчпөс мүнөттөр. с.о. Ж Шамшиев

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 11 тра 2018
  • Өзүнө гана таандык дирилдеген үнү бар эле!
    Атам менен апам үлгүлүү жубайлардан болушкан. Өмүр бою бири-бирин сыйлап, ата-энесин урматтап-сыйлап, бизге-балдарына мээримин төгүп келишкен!
    Өчпөс мүнөттөр
    Мезгил төгүп өчпөс мүнөттү,
    Саатка айлантып далай күн өттү.
    Асман ачык жаздын түнүндө,
    Арноо кылып алгач жүрөктү,
    Оттой жанган ошол мезгилдер,
    Сагынычты ойго түнөттү.
    Алыстаса дагы канча убак,
    Жакындоодо сезим толкуну.
    Саамай сылап турган кезимде,
    Көнүл көксөйт эркке койчуубу,
    Ал ан сайын жүрөк ургулап,
    Жаркыроодо сүйүү шоокуму.
    Шоокум улам атып, агарып,
    Ак таң болуп тосчу мен туруп.
    Кымбат болуп дайым сен тарап,
    Кыял эңсейт алга умтулуп.
    Нуруң чачсаң мендей таалага,
    Гүл жанданат өсүп, кулпунуп.
    Ал гүл мага ыйык сезилип,
    Сага сунчу жүрөк эзилип.
    Күткөн убак узак көрүнүп,
    Кээде убакыт жылбайт кечигип.
    Турмушумда бакыт туюлат,
    Турган кезиң мага кезигип.

КОМЕНТАРІ •