Кубандырчы Обону Ж. Шамшиевдики Сөзү автордуку Жүргөн сайын жүрөктө ой ылганып, Көмүскөдө сүйүү гүлү ыргалып. Убайым жеп улутунуп калчу элем, Бүткүл денем кусалыкка чырмалып. Ал элесиң жакын келип жаныма, Кубанч берип турар элең дайыма. Канбай такыр кайра-кайра сүйчүүмүн, Кусалыгым канбай калчу дагы да. Ал мезгилдер алыс калып кайрадан, Күн артынан күндөр өттү сандаган. Оттой жанган ошол күндөр канаке, Жүрөгүңдү жүрөгүмө арнаган. Дале күтөм элесиңди эскерип, Кубандырчы жүрөгүмдү тез келип. Эч болбосо кош деп көрүн бир жолу, Болсун ошол эң акыркы эстелик!
Атаганат омур ырларыныз туболукту омур тартуулайт. Жаткан жериниз жайлуу болсун
Ден-соолукта болуңуз! Терең ыраазыбыз!
👍🏻👍🏻👍🏻
Жеңишбек ага жаткан жериңиз жайлуу болсун. Ырларыңыз турганда кыргыз элинин жүрөгүндө жашай бересиз
Кандай жылуу создор! Атам олбоптур, канчалаган кыргыз эскеруу жазып атат!
Чон рахмат сизге, ден соолукта болунуз!
бул ырдын созун кайдан тапса болот экен
Кубандырчы
Обону Ж. Шамшиевдики
Сөзү автордуку
Жүргөн сайын жүрөктө ой ылганып,
Көмүскөдө сүйүү гүлү ыргалып.
Убайым жеп улутунуп калчу элем,
Бүткүл денем кусалыкка чырмалып.
Ал элесиң жакын келип жаныма,
Кубанч берип турар элең дайыма.
Канбай такыр кайра-кайра сүйчүүмүн,
Кусалыгым канбай калчу дагы да.
Ал мезгилдер алыс калып кайрадан,
Күн артынан күндөр өттү сандаган.
Оттой жанган ошол күндөр канаке,
Жүрөгүңдү жүрөгүмө арнаган.
Дале күтөм элесиңди эскерип,
Кубандырчы жүрөгүмдү тез келип.
Эч болбосо кош деп көрүн бир жолу,
Болсун ошол эң акыркы эстелик!
www.shamshiev.kg
Саламатсызбы? Ушул сайтта атамын бүт ырлары бар!
Жениш агай,омурунуз ырларынызда калыптыр!--деп рахман УРАИМ.
Рахманали Таникулов , чон рахмат!