Шаңшыган булбул Шамшиев

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 21 кві 2018
  • Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊиш менен аяктаарынын алдында, башкача айтканда эки ай мурда, 1945-жылдын 8-мартында кызматчынын үй-бүлөөсүндө Совет (азыркы Кара-Кулжа) районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында, Жеӊишбек төрөлгөн. Атасы башкарма болгонуна байланыштуу үйүнө ошол кездеги райондун биринчи секретары Пельшин деген барып конуп калган экен, эртеӊ менен менин колумду кысып: - майрамыӊ менен, бүгүн аялдардын эл аралык майрамы, өзүӊдүн майрамыӊда уул төрөпсүӊ, - деген деп айтып калаар эле апасы. Ошондон кийин гана 8-март аялдардын майрамы экенин билгем. Ошол убакта бардык эл жеӊиштин болушун тилеп, батыш жакты үмүттүү тиктешип согушка кеткендердин жеӊиш менен келишин күтүп турган мезгил эле. Ошондуктан жеӊиш болсун деген тилек менен балага Жеӊишбек деп ат койду сезимтал атасы. Жеӊишбек кенедейинен эле ырдаганга шыктуу эле. Атасы балдарым үйрөнсүн деп комуз, балалайка, гармошкаларды алып келип берээр эле. Мектептин өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып , Жапар Чабалдаев ырдаган ырларды өзгөчө аткараар эле. 10чу классында «Алайкуум» деген ырын жазып өздүк көркөм чыгармачылыгынын концертинде, Ж.Чабалдаев ырдаган элдик обон менен ырдаганда, уккан элдер Алайкууну биринчи ырдаган сен болдуӊ деп аябай ыраазы болгон экен. Алты бир туугандын эӊ кенжеси болгондуктан Жеӊишбектин Алайкууда өткөн балалык чагы эч нерседен кем карчысыз эркелик менен өттү.
    Жеӊишбектин бир туугандары да бардыгы таланттуу. Агалары Рашид, Насип, Годовой эжелери Бүрава, Ирсалат комузду кол ойнотуп чертишет. Жеӊишбектин обондорундагы комузун коштогон аккордеонду агасы Годовой ойногон.
    Жеӊишбектин апасы Бүбүкан ак элечектин алды барктуу аял болгон. Кара-Кулжалык жердештери анын атасы Шамши аке Бектемиров жөнүндө даӊазалуу сөз кылганы -ал киши колхоз төрагасы,айылдык Кеӊеш төрагасы кездеринде тоодой иштерди бүтүргөн. Ал уюштургуч, адамгерчиликтүү, нарк-санаты улук киши эле.
    Ал мартабалуу жолдо Жеӊишбектин алты баласы да бараткандай сезилет. Баары кесип ээлери, жогоркуу билимдүү. Ошентип Ж.Шамшиев уулдары Тариэлдин, Сапаралинин, Аман-Алинин, Мухтар-Алинин, кыздары Рахаттын, Сейилдин урматуу атасы. Жубайы Саипжамал кесиби боюнча мугалим, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.

КОМЕНТАРІ •