Ж. Шамшиев-ТОЛГОНУУ: Атк - ЖИГИТТЕР ТОБУ!!!

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 31 гру 2017
  • Толгонуу
    Сөзү Эсенгул Ибраевдики
    Обону Жеңишбек Шамшиевдики
    Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
    Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
    Апамды мен кут төгүлгөн үй десем,
    Атам анын кармап турган түркүгү.
    Атам барда мен таптагы ылаачын,
    Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
    Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
    Күрөштөрдө күңгө серпкен кулачын.
    Шаштым кетип бошондосо сабырым,
    Колдон алып оор жүктүн жарымын.
    Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
    Атам менин терең жайган тамырым.
    Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
    Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
    Ак сарайым алтын туткам, кутманым,
    Мен - дүйнөгө сен тургузган эстелик.

КОМЕНТАРІ •