Улукмырза Полотов Мээрбек Анарбеков 'Кечирип койсон'

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 15 кві 2018
  • Сөзү Какен Алмазбековдуку,
    Обону Жеңишбек Шамшиевдики
    Улукмырза Полотов атабыз жашынан эле биздин атабыздын ырларын ырдап келет! Ушунун өзұ эле Жеңишбек Шамшиевдин чыгармалары нукура кыргыз фольклорун даңазалап турганын далилдейт!
    #shamshievjengishbek
    Кечирип кой
    Балбылдап улам элестеп,
    Бассам да, турсам сени эстеп.
    Башкага көңүл бурулбайт ий,
    Баягы күндөрдү эми эстеп.
    Чүрөктү көрбөй калганга
    Жык толду жүрөк арманга,
    Өкүнүч мени мыжыгат, ий
    Өзүңдү ойлой калганда.
    Жодурай калсаң көз ирмей,
    Жок элес -сенин өзүңдөй.
    Көңүлгө дайым чок салган, ий,
    Көз гана сенин көзүңдөй.
    Эркелей калсаң асылып,
    Эт жүрөк чери жазылып.
    Аралай кирип кетчү элек, ий,
    Алмалуу бакка жашынып.
    Бул кезде анын бири жок,
    Буркурайт жүрөк тили жок.
    Бир сөзгө анча таарынып, ий,
    Каякка кеттиң жиги жок.
    Сен үчүн далай ырдадым,
    Дагы эле келет ырдагым.
    Кетирген күнөөм мойнумда, ий,
    Кечирип койсоң жыргалым.

КОМЕНТАРІ •