Көздүн жакшы көрүүсү үчүн эң жөнөкөй кеңештер. Грибоктон толук айыкса болобу, кантип?

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 1 гру 2021
  • -Бул көрүнүш азыркы убакта чанда кездешүүчү нерсе эмес. Себебин өзүңөр жакшы билесиңер, азыр техниканын заманы. Ошондой эле бир нече себептерин санай кетейин: стресс, иш столунда жарыктын туура эмес берилиши, туура эмес олтуруу, дененин кыймылга көп келбеши, таза абада жүрбөй кечке бөлмөдө олтуруп иштөө, көрүү аппаратынын ашыкча чыңалуусу. Көрүүнү коррекция кылгандан көрө, көздү алдын ала сактаган туура. Ал эми балдар тууралуу айтсак, баланы башынан спорттук ийримдерге аралаштыруу керек, дайыма активдүү кыймылда болуусу зарыл, монитордо узак убакытка олтурууга жол бербеш керек, жок дегенде 15 мүнөт сайын тыныгуу жасатыш керек, баланын сабак окучу, отурчу ордунда жарык туура берилиши керек, тулку боюн туура калыпта кармап басуусу зарыл, китеп, монитордон баланын көзү 30 см алыстыкта болушу шарт, күн сайын сөзсүз түрдө көз үчүн көнүгүү жасап туруу пайдалуу, көрүүдө өзгөрүү болсо, дароо дарыгерге кайрылуу керек.

КОМЕНТАРІ • 6