Жеңишбек Шамшиев - Арнадым көлдүн жээгинен

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 22 січ 2016
  • Жеңишбек Шамшиев ыр жыйнагы:
    • Жеңишек Шамшиев - Угуз...
    сөзү: Б. Абакиров
    обону: Ж. Шамшиев
    аткаруучу: Ж. Шамшиев

КОМЕНТАРІ • 75

  • @___-uj5fe
    @___-uj5fe 3 роки тому +17

    Ушундай адамдар, ушундай ырлар бар учун бул дуйнодо жашагым келет...

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому +2

      Кандай керемет сөздөр, чоң рахмат. Атам кайталангыс талантына шайкеш көлдөй терең инсан болгон, кичи пейил, боорукер, тууганчыл. Сизге бекем ден-соолук каалайбыз. Кечирээк окуп калыппыз, терең ыраазычылык билдиребиз!

  • @mamasaliakmatov7929
    @mamasaliakmatov7929 Рік тому +4

    Кайра кайра уга беретурган ырлар ,👍👍👍

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  Рік тому

      Чон рахмат сизге! Сиздердин муун терең сыйлап, жогору баалап угасыздар атамын ырларын! Ден- соолукта болуңуз!

  • @user-vw2mt4uc8m
    @user-vw2mt4uc8m 4 роки тому +14

    Агабыздын таалантына таазим!👍👍👍👍👏👏👏👏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому

      Чон рахмат! Ден-соолукта болунуз!

  • @user-bv2gl5ju3j
    @user-bv2gl5ju3j 2 роки тому +5

    Женишбек агай чыныгы Эл Артисти.

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чоң рахмат сизге! Туура айтасыз, атама Эл артисти наамын сиздердей улуу адамдар, элибиз эбак эле ыйгарып койгон. Сизге бекем ден-соолук каалабыз!

  • @user-vw2mt4uc8m
    @user-vw2mt4uc8m 4 роки тому +11

    Женишбек агабыз кыргызга асыл кенч болуп калчу ырларды жараткан,аттин,жигит олбос болсочу,омурдон отуп кетти,биз кыргыз эли Эл артистин бергенбиз эчак эле,абанын жаны жаннатта болсун,ырлары эл арасында жашай берет!!!Бала-бакырасына омур берсин жараткан!!!🤲🤲🤲🤲

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  Рік тому

      Чоң чоң рахмат! Убагында жооп жазылбай калыптыр. Туура айтасың эл өтө барктачу жана барктап келет, атам дагы өзү айткандай элдин баасы жогору! Бекем ден-соолук каалайбыз!

    • @user-yr8nj1ob6d
      @user-yr8nj1ob6d Рік тому

      😊😊э

  • @user-sp9gi4uc9n
    @user-sp9gi4uc9n 4 роки тому +13

    Бейшин берсин Аллахым

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  3 роки тому

      Оомиин! Рахмат чоң, бар болуңуз!

  • @user-bf5sr2yl2g
    @user-bf5sr2yl2g 4 роки тому +11

    Агайдын ырлары эч качан өчпөсүн! Жүрөкө жеткен ырлары Кыргыз элим угуп, унутпайбыз! Агайдын эскерүү кечесин күтөбүз!

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому

      ua-cam.com/video/cC7CzoLAwIs/v-deo.html
      Ушул видеодо апам экөө

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому

      Чоң, чоң рахмат сизге! Мен ар дайым айтып келем, силердей кыргыз элим барда атамдын ырлары түбөлүктүү жашай берет деп!

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому +1

      Буюрса 2020 жылы атамдын 75 жашына карата эскерүү кечесин өткөрөбүз!

    • @mairamturumbekova3191
      @mairamturumbekova3191 4 роки тому +1

      @@user-kl9ow5rd3d Рахмат сизге балаам атанын баласы экенсиз да Аллахым ыраазы болсун

  • @user-ct3xl5ik9j
    @user-ct3xl5ik9j 2 роки тому +5

    Кыргыз барда бул ырлар ар дайым ырдалат

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чоң, чоң рахмат сизге! Бекем ден-соолукта болуңуз!

  • @quality6226
    @quality6226 4 роки тому +14

    Ырларыныз, мин жыл жашасын дагы, керемет соонун ырлар!

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому

      Рахмат, ден-соолукта болуңуз!

    • @user-mv6xe6bk4b
      @user-mv6xe6bk4b 3 роки тому +1

      Озу жок болсо да обону ырлары эч качан унутулбайт акретен бейишин берсин.

  • @user-sp9gi4uc9n
    @user-sp9gi4uc9n 4 роки тому +8

    Тагамын талантына таазим

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому

      Рахмат чон! Ден-соолукта болунуз!

  • @nurbukadyrbaev2471
    @nurbukadyrbaev2471 2 роки тому +3

    Талантка таазим

  • @chinarabeishenbaeva9161
    @chinarabeishenbaeva9161 2 роки тому +5

    Кандай соонун ырлары ,Кандай кана уккулуктуу,маанилуу ырлар.Уккан сайын уккун келет го чиркин!.Азыркы ырлардын мааниси да жок .Ыр десе эле эптеп чыгарып алып ырдай беришет.Ырларды ушундай чыгарып ,ушундай ырдашса кандай жакшы болоор эле.

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чоң рахмат сизге! Ооба, өзүнө гана таандык дирилдеген үнү бар эле, аттиң жаш кезиндеги телевидениеде тартылган бир дагы видеосу сакталбай калган. Сизге ден-соолук каалайбыз!

  • @mairamturumbekova3191
    @mairamturumbekova3191 5 років тому +13

    Кандай сонун талантар кеттишти оздору жок болсо ырлар туболук жашай берет ар дайым биз менен агай олгон жок

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому +1

      Чоң рахмат бар болуңуз! Күндөн күнгө атамын угуп баалап жүргөндөр, атамын ырлары кайрадан жаңырганына кубанып жатышат! Рахмат кыргыз элим!

  • @user-in2gn5yk9l
    @user-in2gn5yk9l Рік тому +1

    Женишбек агай кандай ыр жаратса да,созу обонуна топ келишип туратда ,журогунун тазасы ырларынан ,аткаруусунан билинет.
    Дагы ырдалбай канча ыр калды,ачылбай канча сыр калды.
    Озу олсо да,экинчи омуру болгон ырлары олбойт ,кылым карыта берсин!.

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  Рік тому

      Терең ыраазычылык билдиребиз сизге! Аябай жылуу сөздөрдү жазгансыз. Атамдын баркын сиздердей эл билет, эл баалайт! Сизге бакубат жашоо каалайбыз! Жазып туруңуз!

  • @user-ll5gu5ki2l
    @user-ll5gu5ki2l 2 роки тому +2

    👍🏻👍🏻👍🏻

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому +1

      Рахмат чоң! Ден-соолукта болуңуз!

  • @user-yo5ur7fe3b
    @user-yo5ur7fe3b 2 місяці тому +1

    Кандай сонун ырдайт!!!😊

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 місяці тому

      Чоң рахмат сизге. Күндөн күнгө атамдын күйөрмандары жазып, бизге дем берип атасыздар. Ден-соолукта болуңуз

  • @user-xs4ww3gd1b
    @user-xs4ww3gd1b 10 місяців тому +1

    Мындай обонду адамдар аз биздин биздин журокто туболук жашайсыз.

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 місяці тому

      Чоң чоң рахмат сизге, бар болуңуз. Сиз айткандай өзгөчө дирилдеген үнү бар эле

  • @user-ir2nk5sq6k
    @user-ir2nk5sq6k 2 роки тому +4

    ЭН СОНУН 👍👍КАНДАЙ БИЙИК ТАЛАНТ, УНУНОН ЭЛЕ ЖУРОГУ ТАЗА, ШАНДУУ АДАМ БОЛГОН ЭКЕНИ СЕЗИЛИП ТУРАТ...,

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Туура айтасыз, атабыз абдан тамашакөй болчу, атабыздын эң чоң жетишкендиги анын өтө күйүмдүү уул, боорукер бир тууган, сүйүктүү жар жана мээримдүү ата болгондугу. Атабыз дүнүйө эмес, тууган чогулткан, байлыкты эмес көңүлдү караган. Чоң рахмат сизге, ден-соолукта болуңуз!

  • @user-cj6ir3ez3p
    @user-cj6ir3ez3p 4 роки тому +7

    Музыкалык билим албай туруп,лириканын шедеврлерин жаратып койгон агабыз!Ажал тоорубаганда ,дагы канча ырлар жазылмак....эххх!!!Эл артистинен да даражасы бийик ,кадыры өтө чоң искусство адамдарынын ичинде өзүнүн эн тамгасын кынаптап ,тизген тубаса талант !!!

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому +1

      Чоң рахмат! Кандай таамай сөздөр жазылган! Мына атамдын өнөрүнүн өчпөстүгү

  • @saidakmataliev3438
    @saidakmataliev3438 Рік тому +1

    Таланты таш жарган инсан эле,ырларын телевидениеден коброок берсе жакшы болмок.

  • @user-hm1ne2ne3g
    @user-hm1ne2ne3g 2 роки тому +2

    Жаш кундорум ушул кишинин ырлары менен отту го чиркин.

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чон рахмат сизге! Бекем ден соолукта болунуз! Кандай керемет атабыздын муунунда оскондор сиздей жылуу создорун арбын-арбын калтырууда!

  • @ionionov2336
    @ionionov2336 5 років тому +15

    Кара Кульжанын чыгаан уулу Элиниз сизди унутайт

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  5 років тому +1

      Чоң рахмат! Бар болуңуз!

  • @bakirova.2951
    @bakirova.2951 2 роки тому +3

    Сонун😊

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Рахмат. Ден-соолукта болуңуз!

  • @quality6226
    @quality6226 5 років тому +12

    Ыссык- Колдой тунук, сулуу унунуз баардыгыбыз куч кубат берет.

  • @mairamturumbekova3191
    @mairamturumbekova3191 5 років тому +7

    Создору кандай маанилуу журоктон угулат каарман болуп кетесин ушундай ырларга Азамат болгонсуз да

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  3 роки тому +1

      Чоң рахмат, ден-соолукта болуңуз! Чынында бул сөздөр терең мааниде жазылган. Атам обондоруна ырларды кылдаттык менен тандачу!

    • @mairamturumbekova3191
      @mairamturumbekova3191 3 роки тому

      @@user-kl9ow5rd3d Рахмат силерге дагы Аллахым ыыразы болсун атанын баласы деген ушундай болуш керек Аллахым ууузуун омур берсин балааам

  • @user-vw2mt4uc8m
    @user-vw2mt4uc8m 4 роки тому +3

    👍👍👏👏👍👍👏👏🙏🙏🙏🙏

  • @tokonarzykulov8228
    @tokonarzykulov8228 2 роки тому +3

    Ж .Чабалдаевдин,Ж.Шамшинвдин мукам ундорун угуп олтуруп,кыргыз болуп жаралып калганыма суйуном, Женишбек аганын ырларын озундой мукамдуу аткарган ырчы чыкбайт эми.жаткан жери жайлуу болсун.

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому

      Чоң рахмат сизге. Туура айтасыз, өтө өзгөчө обончу, аткаруучу болгон экен. Атам өзү Ж.Чабалдаев аткарган ырларды ырдачу экен, анан апам ооруп калганда апама арнап өзү обон чыгара баштаптыр. Апама, "Сен оорубасаң, мен аткаруучу бойдон калат элем"- деп айтчу эле. Сизге бекем ден-соолук каалайбыз!

  • @mairamsagyndykova8964
    @mairamsagyndykova8964 3 роки тому +3

    👍👍👍🌹🌹🌹🌟🌟🌟

  • @user-ql5fb8sc9j
    @user-ql5fb8sc9j 6 років тому +8

    омурлор балким узарар экообуз журсок жанашып. эх кандай сонун.

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  6 років тому

      Нурай Тажибаева рахмат сизге! Бакубат жашоо, бекем ден-соолук жана уй-булолук бакыт каалайбыз!

  • @user-bf5sr2yl2g
    @user-bf5sr2yl2g 4 роки тому +4

    Агайдын жубайы да ырдайбы? Зульфия деген эжекеби?

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  4 роки тому +2

      Апам дагы аябай жакшы ырдайт, бирок ырчы катары чыккан эмес. Аты Саипжамал, биологиядан сабак берип, эл агартуунун отличниги деген наамга ээ болгон!

    • @user-jq5th2ph1n
      @user-jq5th2ph1n 3 роки тому

      Саипжамал апабыздын аты

  • @user-xs4ww3gd1b
    @user-xs4ww3gd1b 10 місяців тому

    2:48 2:48

  • @user-es2qu1fm7z
    @user-es2qu1fm7z 3 роки тому +5

    Ущундай адам менен бир заманда, бир мезгилде жашап туруп, бир жолугуп концертин корбой калганыма окуном, барквн билбептирбиз, жаштык кылыптырбыз. Бир жолу агайды Ош шаарынын Батыш кичи районунан коргом, ошондогу калдайган карааны али коз алдымда, куз мезгили эле, башында ак калпак, кара костюм кийген экен, ошол элеси эсимде калды, бирок, ошондой адамга салабаттуу, абройлуу адамга не деп бармае элем, бир жерде эле жакын турганбыз, аялдамада. Аттин, жаштык кылыптырмын, азыр эгер жолуккан болсо барып, колун кармап, учурашып суйлошпойт белем... аттин ушуга окуном, жаткан жериниз жайлуу болсун, ыр суйгон, гул суйгон агатайым, ооов!!
    ,, Омур бою соолбогон гул болобу?
    Гулду ыргытат, чыгып калса керектен.....
    Сен да отосун, жигит да отот сени опкон",- деген саптары бар ырды аткарчу, кайра-кайра укчумун, создору терен философиялуу, маныздуу чыгармалар эле. Ал эми ун озунчо нюанстарга бай керемет ун эле, андай абан, андай ун- Шамшиевге гана таандык ун болчу, озуно гана таандык озунчолук эле. Балким, бейиште ырдап жургон чыгаарсыз, ооба, дал ошондой!! Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун!!

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  3 роки тому +1

      Көзүбүздөн жаш агып, атабыздын дал ошол элеси келип турат. Чоң рахмат сизге! Атам ар бир адамга эңкейип учурашып, жылмаюу тартуулап турчу, сиз барып учурашсаңыз сөзсүз сүйүнмөк, сиз дагы сүйүнүчтө калмаксыз, аттиң. Сиз өтө туура белгилеп атасыз мындай үн атама гана таандык эле! Аллах ошошндой чоң талант менен чогуу улуулукту дагы берген экен атама. Сизге терең ыраазычылык айтабыз, ушундай жакшы эскерүү менен бөлүшкөнүңүз үчүн, ден-соолукта болуңуз, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Шамшиевдердин үй-бүлөсү.

    • @user-es2qu1fm7z
      @user-es2qu1fm7z 3 роки тому

      @@user-kl9ow5rd3d Рахмат.

    • @___-uj5fe
      @___-uj5fe 3 роки тому

      Аттин дебейсинби...!

  • @user-fv9im3ko1x
    @user-fv9im3ko1x 3 роки тому +2

    Ким текстин билсе жонотуп койгулачы сураныч

    • @user-jq5th2ph1n
      @user-jq5th2ph1n 3 роки тому

      Вотсап номериңиз барбы? Тексти ошол жакка жөнөтүп койобуз

  • @dggfigdfgcbgdhydgg9012
    @dggfigdfgcbgdhydgg9012 3 роки тому +3

    Корифейлер

  • @user-is4ne4ht5c
    @user-is4ne4ht5c 2 роки тому +2

    МЫНАА АРТИСЬ !!!!!????? МЫНААА ЫР???!!!! АЗЫРКЫ ЧЫЧКАКТААР. КОЗУНООР КОООР???! БОЛБОСОО УККУЛАА???!! ТЕКСТТИИ???!! КОРГУЛООО ??!!! ШАРИМАНДААР???!!!КЫРГЫЗ ЖЭРИНДЕ ЭЛИНДЕЕ БИР ЖЭРДЕ ЭЛЕЕ КООДООНДООРДОО???!! МИИН МИЛЛИОН АДАМДАРДЫН ЖУРООГУНООН ОРУУН АЛГААН???!! АЗЫРКЫ ЖАШ АРТИСТЕРДИИН???! ЫРЛАРЫНААН КОООНУУН АЙНЫЫЙТ??!! БААШЫЫН. ОРУУП ЖАТЫП. КАЛАСЫН??!! КАЙРАА ЫРДАБАСАА ЭКЕЕН ДЕЙСИИН???!! УЯТСЫЗДААР???!!!

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  2 роки тому +1

      Атамын ырларына өтө жогору баа беогениңиз үчүн чоң рахмат! Бекем ден-соолук каалайбыз. Атам ушул ырынын таржымалын мындай деп айтып бергени бар: " Биринчи ырым "Эсиндебини" радиого жаздырып келип абдан шыктанып калдым, анан эртеси эле Барктабас Абакировдун "Арнадым көлдүн жээгинен" деген ырын жактырып, ошол текстке обон жараткамын"

  • @jyrgalbekakmataliev4333
    @jyrgalbekakmataliev4333 5 років тому +2

    123