Жеңишбек Шамшиев - Толгонуу. с. Э. Ибраевдики о. Ж. Шамшиевдики

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 1 січ 2018
  • Экс-министр Акун Токтосартов: «Женишбек Шамшиевдин «Толгонуу» деген обону -ата-энелер жөнүндө чыгарылган обондордун гимни».
    КР эл акыны Эсенгул Ибраев: «Ж. Шамшиев обон жараткан «Толгонуу» деген ырым журөгүмө эң жакын»
    Толгонуу
    Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
    Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
    Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
    Атам анын кармап турган түркүгү.
    Атам барда мен таптагы ылаачын,
    Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
    Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
    Күрөштөрдө күнгө серпкен кулачын.
    Шаштым кетип бошондосо сабырым,
    Колдон алып оор жүктүн жарымын.
    Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
    Атам менин терең жайган тамырым.
    Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
    Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
    Ак сарайым алтын туткам, кутманым,
    Мен - дүйнөгө сен тургузган эстелик.

КОМЕНТАРІ • 2

  • @nurgazychechen1926
    @nurgazychechen1926 6 років тому +55

    Түгөнгүс,көөнөргүс талант болгон экен Жеңишбек абабыз.Канчалык популярдуу болсо да өзүн жөнөкөй кармаган жан болгон экен.Жаткан жери жайлуу болсун

    • @user-kl9ow5rd3d
      @user-kl9ow5rd3d  6 років тому +12

      Чоң рахмат, Нургазы!
      Ден-соолук жана көп жакшылыктарды каалайбыз!