"ОЙЛОНЧУ" Сөзү. Мидин Алыбаев. Обону. Жеңишбек Шамшиев. Автордун аткаруусунда.
Вставка
- Опубліковано 19 лют 2021
- Болбосо да бир конушташ айылым,
Сары алтын деп санаа менен байыдым.
Качан болсо ,карааныңа теңеймин.
Капчыгайдын суу бойлогон кайыңын.
Элестериң эзип ичти бук кылат,
Эриндериң шилекейди жуткурат.
Экөөбүз тең көңүл ачык элденбиз.
Сүйчү болсоң сүйгүн жаным мыктылап.
Пайдалангын таалай берген белектен,
Сен да өтөсүң, жигит да өтөт сени өпкөн.
Өмүр бою соолбогон гүл болобу,
Гүлдү ыргытат чыгып калса керектен.
Ойлон алтын бирөө байкоо
салабы,
Сары жалбырак самсааласа теректен.
Чоң рахмат Кылычбек Бекишев! Дайыма атабыздын ырларын даназалап келесиз! Сизге бакубат жашоо, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
Кандай укулуктуу кубулжуган керемет ун, жаратылыштын таланттары очпос обондор 👏👏👏👏👏🙏🙏🙏🙏🙏💫💫💫💫💫
Ээээх......алтын адамдар......гулду ыргытат, чыгып калса керектен дейт.......
Аябай сонун жасаптырсыз. Айрыкча азыр ушул ырын көбүрөөк даңазалоо абзел. Көпчүлүк ырчылар алмаштырып алып атышат. Сизге терең ыраазычылык билдиребиз!
Рахмат
Баардык ырларындай эле, бул ырды да Жениш агай жогорку денгээлде аткарыптыр....эн сонун...Рахмат Кылычбек сага.
Чон рахмат сизге. Бар болуңуз1
Эн сонун чыгарма !
👏👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬
👍🏻👍🏻👍🏻супер