"КЫЗЫЛ АЛМА" Сөзү,обону Шайбек Бакасов. Ботпай Куланбаевдин аткаруусунда.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 сер 2024
  • Келбетиң гүлкайырдай калыптанып,
    Жүрөктүн тереңинен орун алып.
    Жароокер кыялың бир эске түшсө,
    Жүрөгүм алоолонуп кетет жанып.
    "КЫЗЫЛ АЛМА"
    Эскирбей ошол бойдон дале жүрөт,
    Жүрөктө сага болгон махабатым.
    Кулпунган ар нерсенин мезгили өтөт,
    Жалынсам кайра келбес ырахатым.
    Элең го көптөр жетпес кызыл алма,
    Сен менин болуп турган жаш чыгымда.
    Ээ кылбай чиркин тагдыр бөлүп кетти,
    Черттирип, муңкандырып арман күүнү.
    Жүрөкө сүрөт болуп акак жүзүң,
    Тартылып калган окшойт чыкпай бүтүн.
    Өтсө да айлар, жылдар катар,катар,
    Эсимден чыкпай койдуң эмне үчүн.

КОМЕНТАРІ • 18

  • @torkunmambetova7256
    @torkunmambetova7256 Рік тому +4

    Мен мектепте окуп жүргөндө ар дайым радиодон берилчүү бул агайдын аткарган ырлары ал кезекте ар бир үйдө кичинекей радио болор эле ырдаган үнүн угуп өзүн бир көрсөм деп өмүр бою эңсеп келдим бирок көрүү насип этпеди азыр гана ютубтан табууга боло турганы эсиме түштү таптым ошол жан дүйнөнү титиреткен ажайып обонду кайрадан уктум жаратканга эсепсиз шүгүрлөр болсун жаткан жериңиз жайлуу топурагыңыз торко болсун бейиштин төрүнөн орун берген болсун жараткан

  • @user-xz7rt6it7d
    @user-xz7rt6it7d 2 місяці тому +1

    Мына чыныгы талант, чыныгы кыргыз.....тебетейи, улуттук кийими кандай гана корк берип турат озуно.....азыр болсо , каран калгыр,.самсаалаган чупурок кийимге отуп кетпедикпи.....мындан ары эмне болоор экен, катыгун.....

  • @user-wy2qk9dk6f
    @user-wy2qk9dk6f Рік тому +4

    Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун бейиштин нурунда жүрсүн

  • @Savva.840
    @Savva.840 Рік тому +3

    Ушундай ырларды укканымда кыргыз экениме сыймыктанам. Башка убакта- эт жегенде....

  • @wermnewermne9601
    @wermnewermne9601 Рік тому +3

    Бүгүн түштөн баштап жалаң ретро ырлардан кайф алып угуп атам . Рахмат ырчыга , бейишке чыксын . ГУГЛдан окудум , өтүп кеткен экен .

  • @aitikulgaaymk891
    @aitikulgaaymk891 Рік тому +3

    Ыйманы жолдош болсун

  • @Shirinbubu_art
    @Shirinbubu_art Рік тому +2

    Эл артисти!!!

  • @user-yo5ur7fe3b
    @user-yo5ur7fe3b Рік тому +2

    Кандай сонун ыр❤👍👏👏👏👏😊

  • @user-wy2qk9dk6f
    @user-wy2qk9dk6f Рік тому +2

    Бул ырчынын ала тоо деген ыры да бар

  • @user-wy2qk9dk6f
    @user-wy2qk9dk6f Рік тому +2

    Ботбай Куланбаев ж дө билгениңер жазып койгулачы. Мындай артисти укпаптырмын каякта жүрдү эле

    • @user-xo3ye8zn4s
      @user-xo3ye8zn4s  Рік тому +4

      Куламбаев Ботбай (1949-ж. т., Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы) элдик ырлардын аткаруучусу ,улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1993).
      1966-69 жана 1974-77-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист.
      Караколдогу педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин (сырттан) бүткөн.
      1977-79-ж. Ак-Суу райондук маданият бөлүмүндө автоклубдун башчысы, 1979-82-ж. Каракол шаардык маданият үйунүн алдындагы ансамблдин көркөм жетекчиси.
      1982- 89-ж. «Кыял» элдик көркөм промыселинин Караколдогу улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу бөлүмүндө мастер, 1989-жылдан «Насыйкат» кичи ишканасынын жетекчиси.
      «Боз салкын» ыр-бий ансамблинде ырдайт. Ливияда, Түркияда, Сомалиде, Италияда гастролдо болгон. Италияда жеке концерт берген.

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 Рік тому +2

    ❤️❤️❤️👍🏻👍🏻👍🏻🎼🎼🎼😢😢😢😢☝🏻☝🏻☝🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @Shirinbubu_art
    @Shirinbubu_art Рік тому

    Кылыч!!!элартисин!!!

  • @wermnewermne9601
    @wermnewermne9601 Рік тому +2

    Ушул ырчы барбы ? Бир эле ушу ырын укчубуз радиодон , бирок жүрөктүн түпкүрүндө калган аткаруусу .

    • @user-xo3ye8zn4s
      @user-xo3ye8zn4s  Рік тому

      Ооба өтүп кеткен, абдан мыкты киши эле колунан көөрү төгүлгөн ,комуз чапчу,боз үй да жасачу Караколдо атамдын агасы менен кошуна турушчу катышып да жүрдү ,ыйманы саламат болсун.

  • @user-tg2kj8qu1m
    @user-tg2kj8qu1m 8 місяців тому

    Бул ырдын афтору Шайыбек Бакасов Тоң аймагынын Бокомбаев айлында 1947 жылы туулган. Агабыздын чыгармаларын атын атабай көп эле ырчылар ырдап жүрүшөт, өкүнүчтүүсү ал киши өтүп кеткен 47 жашында ыйманы салават , топурагы торко болсун.

  • @aitikulgaaymk891
    @aitikulgaaymk891 Рік тому +1

    Нотасын жазып койосузбу Кылычбек агай