Калыгул Бай уулу..."Калыгулдун санаты" Асылбек Маратов
Вставка
- Опубліковано 2 лют 2025
- «Калыгулдун санаты»
Жыйырма менен отуз жаш,
Өтсө келбейт ал кайтып.
Желип өмүр өткөн соң,
Жигит болбойт чал кайтып.
Аргымак атың арыса,
Алмагы кыйын жал кайтып,
Калаалуу, коргон бузулса,
Калаа болбойт там кайтып.
Кедейчилик жигиттин,
Кейипин бузат шалдайтып
Кетсе дөөлөт колуңдан
Келмеги кыйын мал кайтып
«Келе» деп келсе бересең,
Кейитет жанды саргайтып.
Чырпыгың сынса түбүнөн,
Чынар болбойт тал кайтып.
Чындып Ажал келген соң.
Чыкса келбейт жан кайтып.
Туйгунуң учса колуңдан,
Тууруңа конбойт ал кайтып.
Ак бөкөн келип жыгылат,
Алдын казып орлосо.
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.
Душманына кор болот,
Өз тууганын кордосо.
Адыры болбой, тоо болбойт,
Аркары болбой, зоо болбойт.
Карагай болбой, чер болбойт,
Кайратсыз адам эр болбойт.
Кайгысыз киши карыбайт,
Калп айткан киши жарыбайт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөн тар адам бай болбойт.
Этектти кесең жең болбойт,
Эзелки душман эл болбойт.
Таш жыйылса тоо болбойт,
Тоо болсо дагы ошонуң,
Куш айланган зоо болбойт.
Карганы баксаң, куш болбойт,
Кара темир курч болбойт.
Уй териси тон болбойт,
Урушчак киши чоң болбойт.
Бар болбой малың чачылбайт,
Жок болбой абийир ачылбайт.
Башыңа мүшкүл иш түшпөй,
Малың арзан сатылбайт.
Өргө өгүз жүгүрбөйт,
Өлгөн жан кайра тирилбейт.
Аргымак мойун ок кесет,
Азамат мойнун жок кесет.
Аргымактын азганы
Аркы терки басканы
Азамат эрдин азганы
Көчкөндө жөө басканы
Өзөндүү сууга тал бүтөт
Өлбөгөн жанга мал бүтөт
Экөөгө бергис бирөө бар,
Өгөгө бергис бирөө бар.
Атка бергис кунан бар,
Кызга бергис жубан бар.
Мүнүшкөргө куш жакшы,
Жигиттерге кыз жакшы.
Аш тамака туз жакшы,
Тил албаган жаманга,
Акыл сөздөн муш жакшы.
Бул жалганда нур жакшы,
Булбулдарга гүл жакшы.
Мууңдунун черин жазууга,
Булбул үндүү тил жакшы.
Уктасаң жатып түн жакшы
Оокат кылсаң күн жакшы
Алска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Арбын болот акылың,
Окусаң өнөр кат жакшы.
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү сарт жакшы.
Пейили бузук сараңдан,
Бербеста болсо март жакшы.
Кеби бузук катындан,
Келте ооруган дарт жакшы.
Ак чаңгыл тоонун этегин,
Адис мерген кийиктейт.
Алганы жакшы жолукса,
Азамат көөнү бийиктейт.
Кызаргандын баарысы
Манат болот турбайбы
Кылган иштин баарысы
Адат болот турбайбы
Ырдагандын баарысы
Санат болот турбайбы
Аскар аскар аскар тоо
Аягы барып чап болот
Атадан алтоо болсода
Сыйлышпаса жат болот
Аргымакта жал жок деп
Жолго таштап кетпеңер
Азамат эрде мал жок деп
Жоого таштап кетпеңер
Кучтуу болсон жердей бол
Баарын чыдап көтөргөн
Таза болсоң суудай бол
Баарын жууп кетирген.
Ассалам алейкум улуу кыргыз элим .Бул жигиттин обону нак кыргыздын уну .Рахмат онорун оркундой берсин.👍
Жаш кезимде ушундай санат ырларын укчу эмесмин. Орусча суйлоп, кыргыз тилинен уялып… ошол убакытты эстеп аябай капа болом. Бирок азыр болсо чыныгы кыргызча суйлоп, ушундай мааниси терен санаттарды угуп баштадым. Чон рахмат силерге!
Дал азыр жапжаш эле экенсинго, мен да бир карып калган чал экен дептирмин.
@@РабыханБадирова бул 10 жыл мурунку сурот 😂
иним жарайсын коз тийбесин талантын ташкындай берсин
Унун аябай уккулуктуу экен,коп коп санаттарды,ырдай бер талантын да мол берсин
Мен жаштыкты эстедим
Нурайы м
Азамат! Уй-булоон менен бактылуу бол! Унун эн эле уккулуктуу, кудай тартуулаган талантын оркундой берсин иним.
Кайра кайра уга турган уну бар жигит. Уккан сайын ыраазы болом. Азамат. Бал бол.
Асылбек Кыргызымдын таланттуу акындары ырын уксан журок суйюнот
Бар бол, Арстанбек атанын урпагы!
КАЙРАН ГАНА ОЛУЯМ
БААРЫН БИЛГЕНДЕЙ 👍😥
Асылбек талантын ташкындап осо берсин кудай ден соолук уйбулолук бакыт берсин Элмирбектин эмгеги текке кетпеди устатынар силер менен жана элдин журогундо туболук жашайт
Алга Кыргызым менин
Сизди чын журогум менен угам баардык Айтыштарынызды,,, бардык проблемалар унутулуп жебей ичпей кором ,,,
Калыгул олуя таасын тура айткан 😃
Азаматсын Асылбек
Азамат Асылбек таланты ташкындай берсин
Эн сонун ушун дай талантуулар бар болушсун комуздун унун кобойтсун бар болгула таланттуулар
Эч качан бул онорунузду, таалантынызды таштабаныз,, Ош шаары сизди байкап сагынып журобуз,,,
Куьл
Талантын ташкындай берсин . Тарыхтагы Акындардын айтыштарын, санат ырларын кайрадан айтып чыксан унун укулуктуу да
Омурлуу бол
КАЙРАН ГАНА КЫРГЫЗЫМ.
КАНДАЙ ГАНА УЛУУ ЭЛ ЭЛЕҢ.
Унунуз керемет омурлуу болунуз жакшы ырларды ырдап журо бериниз .Устатыныздын ырдалбай калган ырларын ырдап кетиниздер ийгилик стзге
Азамат Асылбек Аллахым өмүр берсин бар бол алтын бала
Мыкты азамат
Жогорку чеберчилик бар.Сунуш комуз коштоосу ыр менен бирдей чыкпашы абзел.Мыскал ырдаганда деле комуз үнүн такыр токтотуп ыр саптарын ачык угузат.
Мыкты !
Бали Азаматсың Ийгилик.
Кандай сонун айтылган саптар .Асылбек азаматсын коп коп кутобуз дагы .Ийгилик осо бер .Элин учун чон кызмат кылып атасын билгенге .
Унун ото сонун да иним сенин ырларын аябай жагат озун да ото сулуусун да ырдаганынды аябай жактырам
Азаматсың, бар бол,
Азамат. Ушунчалык сонун журоко жеткен создор, кучтуу ун, обон. Супер.
Ырахмат азамат👏👏👏
Унун жакшы экен
бали бали бар бол
Асылбек сен деле залкарсың ырдай бер талыкпай
Омурлуу бол энн сонннун
Асылбек Азаматсын?Ишинде ийгиликтер,Узун омурлуу бол!
Омуруно береке берсин
👍👍
Азаматсын Асылбек!
Сонун аткарган
Кыргыз атасы
Укмуш Асылбек
👏👏👏
Коп ырдабай калдын балам.
Сиз азаматсыз
Сонун❤❤❤❤
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍💖
Корком санат ырлардан билсенер жазып койгулачы агайындар
Ассаляму алейкум мен жаттагым келет тексттерин кайдан тапсак болот
Кызаргандын баарысы
Манат болот турбайбы.
Кылган иштин баарысы
Адат болот турбайбы.
Ырдагандын баарысы
Санат болот турбайбы.
Аттууну коюп, жөөнү айтам,
Арбак конгон дөөнү айтам.
Катар-катар лөктү айтам,
Калп айтпаган төптү айтам.
Көкүрөк чечен болбосо,
Көзү көрүп не кылат.
Жан кыйналат дебесек,
Жардылыктан ким өлөт?
Кара килең болбой, кар кетпейт,
Капсалаң болбой, жут болбойт.
Кара өзгөй болбой, доо болбойт.
Шагылы болбой, зоо болбойт.
Шайыры болбой эл болбойт,
Пейили жакшы кем болбойт.
Чаң созулат тамандан,
Жакшылык келбейт жамандан.
Булбулдун мукам үнү бар.
Тайлактын таза жүнү бар.
Коргондуу жердин ору бар,
Улуктун катта зору бар.
Экинин бири болбогон
Кембагал эрдин шору бар.
Аскар, аскар, аскар тоо
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсоң да,
Сыйлашпасаң, жат болот.
Теректин түбү тыт болот,
Жаман адам кырт болот.
Каарына алганда,
Ак жайдын күнү жут болот.
Ак бөкөн келип жыгылат
Алдын казып ордосо,
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.
Ийри жыгач түз болот,
Тезге салып оңдосо.
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.
Ийри жыгач түз болот,
Тезге салып оңдосо.
Душманына кор болот,
Өз тууганын кордосо.
Бу дүйнөдө не карып?
Сатылбаган бөз карып.
Айтылбаган сөз карып,
Замандашы болбосо,
Карыя болоор тез карып.
Кадырын жеңе билбесе,
Бойго жеткен кыз карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдың чалкар көл карып.
Улук адыл болбосо,
Убара болот эл карып.
Жалтаңдын башы зоо болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн доо болот.
Жакшы менен дос болсоң,
Өлгүчөктү коштошот.
Жаман менен дос болсоң,
"Баягымды бергин" деп,
Эки айдан кийин мушташат.
Кетсе дөөлөт колуңан,
Келмеги кыйын мал кайтып.
Келе деп келсе бересең,
Кейитет жанды саргайтып.
Чырпыгың сынса талыңдан,
Чынар болбойт ал кайтып.
Чындап ажал келген соң,
Чыккан жан келбейт ал кайтып.
Өткөн өмүр -качкан куш,
Колуңа келбейт ал кайтып.
Катынды мээнет чырмаса,
Каяша айтат эрине.
Жардыны мээнет чырмаса,
Аштыгы чыкпайт жерине.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып, таз болот.
Келинди мээнет чырмаса,
Кайненеси кас болот.
Кызды мээнет чырмаса,
Атасынын төрүндө
Көп олтуруп кор болот.
Тузду мээнет чырмаса,
Даты чыгып шор болот.
Манапты мээнет чырмаса,
Түбү менен кор болот.
Атты мээнет чырмаса,
Аягынан басынат.
Төөнү мээнет чырмаса,
Котур болуп кашынат.
Байды мээнет чырмаса,
Ашканага жашынат.
Кырчын айтат талмын деп,
Кемер айтат жармын деп.
Чымчык айтат кушмун деп,
Чырпык айтат салмын деп.
Жекендүү көлдүн бал камыш,
Жылкы салса, от жанат.
Уулу жаман болгон соң,
Дөбөдөй болгон атасын
Төө үстүнөн ит кабат.
Булбул үнүн эшитпей,
Буралып гүл ачылбайт,
Муңдуунун үнү басылбайт.
Күкүк үнүн эшитпей,
Күн жайланып ачылбайт.
Күйүттүү болгон адамдын
Күндө үнү басылбайт.
Боло турган азамат
Болоттон кылыч байланып,
Жоого тийсе, сүрү бар.
Тамды тешээр уурунун
Сабы кыска чоту бар.
Боло турган жигиттин
Жүрөгүндө оту бар.
Аргымак мойнун ок кесет.
Азамат мойнун жок кесет.
Аргымактын азганы-
Аркы-терки басканы.
Азамат эрдин азганы-
Көчкөндө жөө басканы.
Аргымакта жал жок деп,
Жолго таштап кетпеңер.
Азаматта мал жок деп,
Жоого таштап кетпеңер.
Өзөндүү сууга тал бүтөт,
Өлбөгөн кулга мал бүтөт.
Мал бүткөнчө иш кетет,
Ага-инидей дос кетет.
👍👏