Элмирбек Иманалиев - "Мунарым"

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 13 жов 2024
  • Элмирбек агамды жоктоп ушул ырын уккум келди, ютубтан таппай койдум. Шаша-буша телефондон сүрөтүн коюп жасоого туура келди.
    Элмирбек агамдын концертине барганда ушул ырды 16 жашында жазганын айтып, ырдап бергенден бери "Мунарымды" өзгөчө жакшы көрөм.
    Аттиң ага бир кылымда бир келчү адам элең го. Элиң сага ыраазы, тынч жат Эмикем.

КОМЕНТАРІ • 109

  • @Samatchelsea
    @Samatchelsea  4 роки тому +67

    Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.
    “Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары Манас, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

  • @ГуляНурланова-я1е
    @ГуляНурланова-я1е 4 роки тому +76

    Эстесем көлдүн кууларын,
    Эстеймин сени, Мунарым.
    Ал күндүн тагы өчпөгөн,
    Азыр да ойлоп турамын,
    Азыр да эстеп турамын.
    Көңүлүм сүйгөн ынагым,
    Көл жээги турган турагың.
    Көрүнүп калып кокустан,
    Көрүнүп калып капыстан,
    Көйгөйгө салдың, Мунарым.
    Он алты жашта курагым,
    Ойлоно берип куурадым.
    Оймоктой бала чагымда,
    Оймоктой бала кезимде,
    Ок атып койдуң, Мунарым.
    Көл дагы турган мелтиреп,
    Көңүлгө көп ой энчилеп.
    Жалжалым, калдың узатып,
    Жалжалым, калдың суранып,
    "Жайында кайра келчи" деп.
    Албырып оттой жанамын,
    Айткандан кантип танамын?
    Жаңылбайм айткан сөзүмдөн,
    Жайында сага барамын,
    Жайында кайра барамын.

  • @freedom1836
    @freedom1836 6 місяців тому +2

    Элмирдин ырлары керемет ыйманы салабат болсун

  • @НеизвестныйПользователь-й3м

    Эмне деген талант Эмне деген ыр 😥😥

  • @Айтогорок
    @Айтогорок 4 роки тому +16

    Атым Мунара !, бул ырын 15,16 жашында чыкан ыры экенин интервьюсунан угуп , издеп уктум . Мурун укпаган экенмин . Айтылуу токмо акын , обончу , ойчул Кетмен Тоболук жердеш Укотайым кайыр кош жаш кетин !!!, катылып сени менен канча бийик ырлар жаралбай кетти . Кыргызымдын мактанычы элен !!!,жаткан жерин жайлуу болуп , топурагын торко болсун 😪😪🙏🙏🙏🙏.

  • @УрмамбетоваМунара
    @УрмамбетоваМунара 6 місяців тому +1

    козумдун жашын тогуп ийлагам козум шишип😢 олду деген кабарды укканда

  • @АйжамалОрозкожоева-е8е

    Эх бири кем дуйно! Турциядан кыргыз элиме терен кайгыруу менен конул айттам кайгынардын тен болушом журогум ооруп турат Атттин арман😭😭😭😭

  • @alli3089
    @alli3089 4 роки тому +22

    Автор эмнени жазып жатат деп ачуум келип, жаңылыктарды ача калсам жүрөгүм булк этти. Көзүмөн жашым тегеренип турат. Аябай баалап сыйлайт элем агабызды. Элмир агабыздын Аллах жаткан жерин жайлуу, топурагын торко кылсын, ыйманы саламатта болсун. Аттиң ай. Ушундай залкар акыныбыздан айрылдык, жүрөк сыздап гана туратко чиркин. 😢

  • @ВорВор-н5м
    @ВорВор-н5м 4 роки тому +7

    Эн кыргыз элим москвада жатып уктук суук кабар мындай адам 1000 жылда бир торолот биздин атыбыздан топурак салып койгулачы

  • @БактыгулАбдыкалыкова-к8н

    Эмне деген ун ,эмне деген керемет жан эле.Аттин,арман дуйно ушунчалык омуру кыска беле.Эч ишенгим келбейт кунуго чыгармаларын угам.

  • @nurlanmisbekov1463
    @nurlanmisbekov1463 4 роки тому +25

    Бейишиниз болсун байке, сизге таазим. Бейишиниз Болсун. Аамин.

  • @АдинаМарсовна
    @АдинаМарсовна 4 роки тому +10

    Экоо бири бирине суйуусун ыр аркылуу арнап кеткендей.... 16 жашта курагым.... (16жашында уйлонгон)... эстесем Колдун кууларын. Эстеймин сени мунарым.... Гулбу Орозкул кызы Ортомчу болчу Ыссык кол...
    А балким экоонун суйуусуно Ыссык кол кубодур....

    • @Айко-о1е
      @Айко-о1е 6 днів тому

      Бул ыр Мунар деген кызга арнаган экен

  • @munartv7114
    @munartv7114 4 роки тому +11

    Атым Мунара. Ушундай ыры бар экенин билбептирмин. Аттин, эмнеге ушундай адамдар аз жашайт??? Кайра кайра уктум.

    • @EunSeo-z9p
      @EunSeo-z9p 4 роки тому

      Munara Konushbaeva мен да бугун биринчи угуп атам ))

    • @Самурай-э1ю
      @Самурай-э1ю 3 роки тому

      Келгиле жакындан таанышалы кыздар

  • @найманнайман-у1о
    @найманнайман-у1о 4 роки тому +7

    Укан кулагыма ишенбей жатымле жаткан жери жайлуу болсун токтогулдун өзгөрүш айылынан болчуле акебиз 42 шашында дүйнө менен кош айтышыптырда 😥😥😥

  • @АлимаТалипкызы-ъ5щ
    @АлимаТалипкызы-ъ5щ 4 роки тому +7

    Аттиң ай жакшы адамдарды тез эле алып кете берет экенда😥😥😥😥😥

  • @Lini-y3r
    @Lini-y3r 10 місяців тому +1

    Жайы жаннатан болсун! Ама журогум ыйлайт!

  • @mirkg1086
    @mirkg1086 4 роки тому +7

    АЛЛАХЫМ бейиштен жай берсин оомин жаткан жери жайлуу болсун

  • @ОмурбекТемиркулУулу

    Кайран гана Элмирбек. Не деген талант, мындай таланттар жуз жылда бир торолот, кыргыздардын кабыргасын кайыштырып кете бердин.

  • @ДинараМырзахмедова-м1т

    Ох дуйно салдын элмирбек сен биздин эсибиздесин ар дайым ушундай булбулдай акыныбызды жоготтук

  • @datkaiymkokarova7599
    @datkaiymkokarova7599 Рік тому +1

    Кайран гана Элмир ырларын дайыма угам 😢бир гана озун жоксун сахнада

  • @БарчынайМамытова-ч7е

    Жаткан жери жайлуу болсун!оомийн!бейиштен орун берсин!!!

  • @СамараКенжебекова
    @СамараКенжебекова 4 роки тому +6

    Жаткан бери жайлуу болсун🤲🤲🤲😢😢😢

  • @ЖанараМарселбеккызы

    Кош элмирбек ага жаткан жериниз жайлуу болсун.кыргыз эли залкар талантынан ажырады!

  • @ИсламТоктогулов-р9ч
    @ИсламТоктогулов-р9ч 11 місяців тому +1

    Он алты жашта курагым,
    Ойлоно берип куурадым,
    Оймоктой бала чагымда,
    Оогатып койдуң мунарым😢

  • @kayratsyltanov3565
    @kayratsyltanov3565 4 роки тому +4

    Эх тан атпай суууууууууук кабар уктук Москвадан, Агатай жаткан жерин жайлуу болсун, калган жашын балдарына берсин, эн кыйын адам эле

  • @ИринаСуеркулова
    @ИринаСуеркулова 4 роки тому +6

    Кыргыз эли Кыргыз маданияты тогорогу топ келишкен токмо акын,кайталангыс талант уулунан туболуко ажырадык. Ажал айтып келбейт деген ушу тура 😢😢😢😢😢Элмирбек мн чоон мектеп кетти.Бугунку кундун залкары эле.😢😢😢Адамкерчиликтуу жонокой жаркылдаган инсан эле.Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Алла Таалам озунун рахматылыгына алып бейишинен орун берсин.😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢Кайран талант туболуко Келбес жака кетти.Уй булоосуно Кыздарына терен кайгыруу мн конул айтабыз.

    • @erkebasylakunova8048
      @erkebasylakunova8048 4 роки тому

      Топурагын.торко.болсун.кош

    • @erkebasylakunova8048
      @erkebasylakunova8048 4 роки тому

      Кош эми жаткан жерин жайлу топурагын торко болсун эчким эч качан унутбайт😙

    • @НургулРыскулова-х6э
      @НургулРыскулова-х6э 4 роки тому +1

      Бардык эле ыры гулбуго арналган экен да ырдап сыздап атып эле эрте кетип калды окшойт

    • @НургулРыскулова-х6э
      @НургулРыскулова-х6э 4 роки тому +1

      Акыркы сапарга дагы узаттык аттин ай журогум ооруп турат кайра кайра твдан коруп алып

  • @БактыгулАбдыкалыкова-к8н

    Жаны жанната болсун.Сай боюнда талдарын сагынып ыйлайт балдарын.

  • @СалияДюшеева-й9к
    @СалияДюшеева-й9к 4 роки тому +2

    Эхххх эми ырды ким чыгарат айтышты ким айтат эххх жаткан жериниз жайлуу болсун омиинь канча кудон бери козумон жаш токтойлек ийййй😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭

  • @KanigylJymasowa
    @KanigylJymasowa 7 місяців тому

    Жаткан жерин жайлуу болсун 🤲 бул ырын кызга арнап чыгарган эмес Ыссык- Колго арнап жазган он алты жашында биринчи жолу Колду коруп угул ырын чыгар экен

  • @АкылбекДобуталиев

    Элмирбек АЛЛА ТААЛА мееримине болосун пейиштен оорун насип этсин оомийин.

  • @zulfiyaeshmurodova6160
    @zulfiyaeshmurodova6160 3 роки тому +2

    Кыргыз баурлар кайгыларынга ортакпын Элмирбек мыкты акын😥😥😥💔💔💔 аттен ай
    Топырагынг торка болсын
    🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏

  • @ФАРХАТБАБЫЕВ
    @ФАРХАТБАБЫЕВ 4 роки тому +6

    Бейиштин торунон жай берсин!!!🙏🙏🙏

  • @akylbekmadaliev8293
    @akylbekmadaliev8293 4 роки тому +3

    Жакшы акын эле жаткан жери жайлуу болсун

  • @akylmuktarbekov8111
    @akylmuktarbekov8111 6 місяців тому

    Эхххх Токтогулдун торгойу элениз😢

  • @КумондлрАйылчиев
    @КумондлрАйылчиев 3 роки тому +1

    Ээх Жараткан биразда болсо омур бербейт белен

  • @ДильараАкматова
    @ДильараАкматова 3 роки тому +1

    Эээ́х. Кайталангыс биздин арманыбыз элмир жаткан жэрин жайлуу болсун

  • @КарыпбекАсанов-ы5и
    @КарыпбекАсанов-ы5и 3 місяці тому

    Кайран гана Эмикем биздин замандын Токтогулу эле да аттин ай эрте кетип калганы окунучтуу 😢

  • @НазгүлДоотуева
    @НазгүлДоотуева Рік тому +1

    Керемет ыр,керемет адамдан.

  • @ГазбекАширов
    @ГазбекАширов Рік тому

    Кандай гана керемет ыр кыргыз эли ушундай укмуш таланты жоготуп чоң жоготуу га учурады.

  • @ПриветПривет-ф3р
    @ПриветПривет-ф3р 4 роки тому +2

    Бейишиниз болсун

  • @АллахымаШугур-у8р
    @АллахымаШугур-у8р 4 роки тому +1

    Кандай керемет талант,унучу уну ушунча тунук, ушунча мукаам,кайра кайра угуудан тажабайсын.Аттин Элмирбек замандашым,омурундун аздыгы ай,бейиште болуп,ал жакта да безилдеп ырдап жургондурсун.

  • @КарыпбекАсанов-у6г
    @КарыпбекАсанов-у6г 2 роки тому +1

    Шум ажал Эмикебизди эрте алып кеткени аянычтуу дагы канча чыгармаларды жаратат беле уккан сайын ыйлагын келет айла жок жаткан жерин жайлуу болсун 😢🤲

  • @ЗарипаЗаидова
    @ЗарипаЗаидова 4 роки тому +1

    Кыргыз элине конул айтам .Элмирбек акыныбыздын жаткан жери жайлуу болсун дуба кылыныздар сабр кылыныздар

  • @ПгмлиТштдьжб
    @ПгмлиТштдьжб 4 роки тому +1

    Эмне деген ун атин арман ай кандай сонун аткарган дагы деле ишене албайм окунуч

  • @АлмазТокторалиев-д4д

    Жаткан жери жайлу топурагы торку бейишин берсин алахым .кандайгана уну бар еле кыргыздын алдынкы акыны еле 😢😢

  • @huaweipsmart6133
    @huaweipsmart6133 4 роки тому +5

    Ишенгим келбей турам 😥😥😥

  • @tynychbekova2044
    @tynychbekova2044 4 роки тому +1

    Арман дуйно не деген керемет ун эле дагы эле ишенгим келбейт курандан болок айла жок экен жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун жаратканым сурагынызды женилинен берсин

  • @matchabarov
    @matchabarov 4 роки тому +3

    Элмирбек агабыздын ырларын, айтыштарын дайыма угат элем. Жоготконубуздан кийин өзгөчө кайгырып угуп атам. Сиздин ырларыңыз дайыма биздин эсибизде калат. Жазылбай, ырдалбай канча ыр калды...

    • @jakypbekbotoyar2292
      @jakypbekbotoyar2292 4 роки тому

      Быйылкы жылы оор жыл болду аалымдар отту акындар отту жайлары жанатта болсун

  • @ледиблокАлина
    @ледиблокАлина 4 роки тому +3

    Менин атым дагы Мунара мен дагы биринчи жолу угуп атам

  • @ОмурбекТемиркулУулу

    Шум ажал Элмирбекти алганча, коррупционерлерди албайбы.

    • @Нурбек-ш5р
      @Нурбек-ш5р Рік тому

      Кудай ОЗУ кечирсин тооба кыл ажал жетсе каары жаш Кадыр барк акын депутат президент деп ылгабайт

  • @user-ux7gf5ie9t
    @user-ux7gf5ie9t 4 роки тому +3

    Жанын жанаттан берсин! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Ичим орттонуп турат, кантебиз айла жок. Ажалга каршы чыга албайт экенбиз.

  • @ОрозАлакунов
    @ОрозАлакунов 2 роки тому +1

    Керемет сөздөр комуз да сонун коштогон Керемет

  • @winstonparlament3338
    @winstonparlament3338 4 роки тому +12

    Кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев жаткан жериңиз жайлуу болсун бейиштен орун берсин

  • @КоляМаманов-ж2ч
    @КоляМаманов-ж2ч 4 роки тому +2

    ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУ БОЛСУН БЕЙИШТЕН ОРУН БЕРСИН АЛЛЛАХЫМ

  • @АдемиКыргыз08
    @АдемиКыргыз08 3 роки тому +2

    ОЛГОНYHO АЗЫР ДЕЛЕ ИШЕНБЕЙМИН

  • @ЖенишОсмонов-я6м
    @ЖенишОсмонов-я6м 4 роки тому +2

    Неге ушундай жакшы адамды бул дуйнодон ерте алып кетет жаткан жери жайлу болсун омиийн

  • @АйбийкеМаликова-к3в

    🥺🥺🥺 жалжалым калдым узатып…

  • @НуралиУсупбаев
    @НуралиУсупбаев 21 день тому

    Мен Колддук Мунара❤❤

  • @МунарбекКариев-э1ц
    @МунарбекКариев-э1ц 5 місяців тому

    Мунарбек атым елмирбек иманалиев жакшы создордо айтып кетти

  • @АпалКудайбердиева-ж2д

    Естеймин сени Мунарым

  • @БактыгулМамасадыккызы

    Журогум оруп турат козумо жаш алдым атин арман ай

  • @ulukazizov843
    @ulukazizov843 4 роки тому +1

    Izat yrdanady elmirbekti joktop. AKMATBEK SAGA CHOON RAHMAT AKMATBEKTI SYILAIBYZ

  • @БарчынайМамытова-ч7е

    😢😢👍👍👍🙏🙏🙏🤲🤲🤲

  • @ГуляИбраевна
    @ГуляИбраевна 3 роки тому

    ,. Видео тарткандар по порядку гарткылачы улам кесип кесип тартып жатасыздар Элмирбек кылгыздын жалгыз жылдызы да 68деги энегермин.

  • @Scarbete666
    @Scarbete666 4 роки тому

    Аттин арман дуйно.....Оорду толгус элин, куйормандарын, жакындарын мунга салып кетти го. Омуру ушунчалык аз жазылган экен да .....Ушул кунго чейин чыгармаларын кунуго угам журогум менен....Аябай создору нускалуу сонун ...Адамдын ички дуйносуно жеткире ырдаган талант эле ...Кош эми айла жок Элмирбек иним.Кудайым бейишинен орун берсин .Эрте кеткенин ото ото окунучтуу, аянычтуу😥😥😥

  • @ЭркебүбүАманбаева
    @ЭркебүбүАманбаева 6 місяців тому

    Гүлбүбүгө жок эле,Мунарга арнап ырдап жататбайбы

  • @ОпсрложбсрМррванмдганщ

    Мунарым ырын Гулбуго арнргандай сезилип жатат мага. Гулбу бул ырга жооп кылып Маматкуловтун "Жанарым " ырын жооп кылгансып , това.

  • @АдишБайышов-ы4ы
    @АдишБайышов-ы4ы 4 роки тому +2

    😭😭😭😭😭😭😭😭🤕🤕🤕🤕🤕😢😢😢

  • @КыялЧонмурунова
    @КыялЧонмурунова 11 місяців тому

    Аттин арман

  • @Бакыт-э1у
    @Бакыт-э1у 4 місяці тому

    Ех чиркин ажал деген таш боор болот турбайбы жатканужерин жайлуу болсун елмике топурагын торко болсун кара жерди кучактап жатып калдын кайгырган менен айла жок шолоктоп ыйлагандан пайда жок

  • @nurlanbekaidarov60
    @nurlanbekaidarov60 2 роки тому

    😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭

  • @МерсСапог410переделка

    Ассалоому алейкум.Ватсап номер берсениз.Канпл боюнча жазып жатам

  • @hdhdhhhdhhd3125
    @hdhdhhhdhhd3125 2 роки тому +1

    Элмирбек..акындардын.чолпону

  • @ulantoktorbaiev947
    @ulantoktorbaiev947 4 роки тому

    😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @ПриветПривет-ф3р
    @ПриветПривет-ф3р 4 роки тому +1

    Кайран залкар

  • @mirlanduysheev6789
    @mirlanduysheev6789 Рік тому

    Й

  • @drakonbash8996
    @drakonbash8996 4 роки тому

    Х

    • @freedom1836
      @freedom1836 2 роки тому

      Кыргыз элинин булбулу дулдулу акыны кайталангыс таланты Элмирдин бул дүйнөдөн өтүп кеткенине алигүнчө ичибиз ачышып ырларын угуп келебиз ыйманы салабат болсун 🥲🥲🥲