Асылбек Маратов
Асылбек Маратов
  • 55
  • 1 743 969
Арстанбек Буйлаш уулу Манасчылар жөнүндө айтканы Асылбек Маратов.
Арстанбек Буйлаш уулу залкар замандаштарын эскерип,тулпар Манасчы Келдибек Карыбоз уулун мындай деп ырдайт.
Келдибек Манас айтканда
Шамал уруп, бук болуп,
Боз үйлөргө жүк болуп,
Чагылган учуп чартылдап,
Кереге уук карчылдап,
Үзүктөрү желпилдеп,
Түндүк жабуу салпылдап,
Эшиктери шалкылдап,
Ат дүбүртү угулуп,
Айыл калбай чогулуп,
Журт атасы Манастын,
Алмамбет,Сыргак,Чубактын
Арбагы көзгө урунуп,
Кырк чоро кырдан суурулуп,
Кемпирлер турчу балпылдап,
Келиндер коркчу калчылдап.
Желеде кулун чыңырбай,
Кымызга көңүл бурулбай,
Азынабай айгыры,
Аздектеп турчу бардыгы.
Төөлөр чөгүп жоодурап,
Карылары кобурап,
Койлор жуушап кепшебей,
Коңулда иттер эт жебей,
Барбардигер кудурет
Паана болуп өзүнө,
Кара тору түспөлү
Кыпкызыл болуп чыңалып,
Арча отундай чок болчу,
Ашырып айтар Манасты
Ак уул Куу уул кыргызда
Андай адам жок болчу.
Түндүк боо түйүлүп,
Кереге бою керилип,
Коргошундай былкылдап,
Үр кызындай жылтылдап,
Он эки мүчө шалкылдап,
Бүт денеси балкылдап,
Он манжасы калтылдап,
Тар дүйнөнү унутуп,
Кең бейиште жүргөндөй,
Сыйкырдуу дүйнө аралап,
Керемет болуп кеткенин
Көргөн жайым бар эле,
Көрбөгөн адам зар эле.
деп тулпар Манасчы Келдибекти эскерсе, Айкөл Манасты ашыра айткан, улуу манасчы Акылбекти мындай деп эскерет.
Чоң Манасчы Акылбек
Чогоол сөздү сүйбөгөн,
Чоюлган сындуу жан эле,
Чоң казатты айтканда
Чок түшкөндөй чартылдап,
Ээ-жаа бербей жети күн
Элирчү жайы бар эле.
Андан кийин жети күн
Бутун тартпай уктачу
Аралап айыл чыкпачу.
Чындыгында Акылбек
Эл оозунда жүргөндөй,
Жаркырап күйгөн шам эле.
Калп айтып ыйман жебейин,
Манасчынын нары эле,
Мактагандай бар эле,
Балды тарткан аарыдай,
Бар адамды караткан,
Баамы артык жан эле.
Канаты сынып кайрылып,
Чоролордон айрылып,
Кабыргадан кан чыгып,
Кабылан Манас айкөлдүн
Канкакшап түшүп ордого
Кайгырган жерин айтканда
Кабыргасы сөгүлүп,
Кара нөшөр жамгырдай,
Көзүнөн жашы төгүлүп,
Манас айтып жатканын
Унутканын көргөмүн,
Умсунуп көңүл бөлгөмүн.
Тыңшап турган калайык
Көрүп турган эмедей
Көзүнөн жашы тамчылап,
Кошулуп кошо ыйлаган,
Журт атасы айкөлдүн
Арбагын чындап сыйлаган,
Кабылан кайран баатырды
Кара жерге кыйбаган.
деп улуу манасчы Акылбекти эскерсе, Семетейчи Назар Болот уулун мындай эскерген экен.
Семетейти Назардын
Кабылан айкөл Манастын
Кан жесири Каныкей
Букарды көздөй качканын,
Төлгө кылып долунун
Тайторуну чапканын
Кара нөшөр жамгырдай
Төгүп ырдап турганда
Каныкейдин арманын
Калк дилине жеткирип
Чөгүп ыйлап турганда
Ат дүбүртү угулчу,
Айыл калбай чогулчу,
Жетик жесир зарына
Калк көңүлү бурулчу,
Салаалап жашы куюлчу.
Аргымак минип жол жүрсөң,
Ат арытып жол жүрсөң,
Ашуу ашуу кезең бар,
Ашкере көркөм өзөн бар,
Ак калпактуу Кыргызда
Албан түрлүү чечен бар
Арбагы зор Манасты
Ашырып айтчу нечен бар...
Переглядів: 2 083

Відео

Арстанбек менен Каңтарбайдын айтышы.Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.
Переглядів 21 тис.Місяць тому
Арстанбек менен Каңтарбайдын айтышы.Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.
Арстанбек акындын Жеңижок акынга берген батасы. Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.
Переглядів 1,1 тис.Місяць тому
Арстанбек акындын Жеңижок акынга берген батасы. Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.
Арстанбек Буйлаш уулу "Орус жөнүндө ырдаганы" Арстанбек Буйлаш уулуна 200жыл. Асылбек Маратов.
Переглядів 5 тис.2 місяці тому
Он тогузунчу кылымдын орто ченинде, Орус оторчулугу күчөп Ордолуу кыргыздын ооматын качырып турган маалда,Ойчул акын Арстанбек Буйлаш уулу Ак падышанын адилетсиздик бийлигине нааразы болуп,Орустун келгенин айтып,Кыргызга кылган зулумдугун айтып арман кылып ырдаганы... Алда кудай каапыр ай Алматыдан аттанып, Орус келе жатыр ай Узуп чөптүн баарысын Оруп келе жатыр ай Кыска чөптүн баарысын Коруп к...
"Ажал" Барпы Алыкулов.Асылбек Маратов.
Переглядів 7 тис.5 місяців тому
"Ажал" Барпы Алыкулов.Асылбек Маратов.
Ак мөңгү "АК МӨҢГҮ" Амантай Кутманалиев.атк.Асылбек Маратов.
Переглядів 3,5 тис.5 місяців тому
АК МӨҢГҮ. Мөңгүнүн айтып баянын, Мөндүрдөй тилим сабайын. Мөл кашка тунук күзгүдөй, Мөлтүрөп жаткан караанын. Мөөрү экен кыргыз тоосунун, Мөртү бир келди санайын. Мөңгү десем ыр келет, Мөңгүдөй таза ыр керек. Мөлтүр тилдүү кыргызым, Мөңгүгө тилиң шыр келет. Мөңгүнү айтып бүтүүгө, Мөөнөтү чексиз жыл керек! Ак мөңгүм асман талашкан Ак булуттардан ары ашкан. Жылт этип учкан жылдыздар, Жылгаңа түшү...
Ынтымак "ЫНТЫМАК" Ынтымак Барпы Алыкулов.Асылбек Маратов.
Переглядів 2,9 тис.5 місяців тому
Ынтымагы бар элдин, Таалай багы ачылат. Ынтымагы жок элдин Тапканы бекер чачылат. Ынтымагы бар элдин Эли чогуу жыйылат Ынтымагы жок элдин Эли качып суюлат. Ынтымагы бар элдин Кары жашы тойунат. Ынтымагы жок элдин Кара көзү ойулат. Ынтымагы бар элдин Ар качан карды ток болот. Ынтымагы жок элдин Бирине бири октолот. Ынтымагы бар элдин Дүркүрөп өсөт балдары. Ынтымагы жок элдин Сөзүнөн чыгат жалган...
Барпы Алыкулов "САНАТ" Асылбек Маратов. Барпы Алыкул уулуна 140жыл.
Переглядів 11 тис.5 місяців тому
Барпы Алыкул уулуна 140жыл... БАРПЫ. Барпы Алыкулов (1884-1949) Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ачы кыштагында 1884-жылы дүйнөгө келди. 9 бир тууганы болгон. Атасы Алыкул, анын атасы Шамурза тегинен жарды, кембагалдын тукуму болгондуктан, ар кимге жалчы жүрүп өмүр өткөрүштү. Барпы да эс тартканы Мадалы, Назарбай деген байлардын малын багып, отунун алып, күлүн чыгарды.Кийин Ысакбайд...
Жеңижоктун Арстанбек акынга жолукканы. АРСТАНБЕК&ЖЕҢИЖОК.Арстанбек Буйлаш уулу Асылбек Маратов.
Переглядів 141 тис.6 місяців тому
Жеңижок акын Арстанбек акындын даңкын угуп, бир көрүүгө ынтызар болуп эңсеп жүрүп, Каркырага издеп барып жолугушкан экен.Анда Жеңижок акын Кадимки Эсенаман Нурмолдо Наркүлдү жеңип элге таанылып калган кези болот.Жеңижок атабыз жай мезгилинде барат Арстанбектин айылы Каркырада жаткан экен.Жеңижок аттан түшүп жанындагы жигити менен салам айтып үйгө кирет.Аттарын алып эшик ачкан киши да болбойт.Үй...
АРСТАНБЕКТИН КЕРЭЭЗИ. Арстанбек Буйлаш уулуна 200 жыл.Асылбек Маратов.
Переглядів 54 тис.7 місяців тому
Залкар акын Даанышман Ойчул Олуя акын Арстанбек Буйлаш уулу атабыз өлүм алдында жатканда коштошууга келген элге жана шакирти Солтобайга айткан керээзи экен...
Барпы Алыкулов "Дүнүйө" Асылбек Маратов
Переглядів 6 тис.7 місяців тому
Барпы Алыкулов "Дүнүйө" Асылбек Маратов
Асылбек Маратов 'Төкмөлүк өнөр" фильм
Переглядів 1,3 тис.7 місяців тому
Асылбек Маратов 'Төкмөлүк өнөр' фильмди тарткан Назима Бейшееевага терең ыраазычылык билдиребиз...
Жеңижок "Дүнүйө" Көкө уулу Өтө.Асылбек Маратов.
Переглядів 55 тис.8 місяців тому
Жеңижок "Дүнүйө" Көкө уулу Өтө.Асылбек Маратов.
Калык Акиев "Калыктын термеси" Калык Акы уулу 140жыл.Асылбек Маратов...
Переглядів 6 тис.10 місяців тому
Калык Акиев "Калыктын термеси" Калык Акы уулу 140жыл.Асылбек Маратов...
Осмонкул Бөлөбалаев "Осмонкулдун термеси" Асылбек Маратов.
Переглядів 26 тис.10 місяців тому
Осмонкул Бөлөбалаев "Осмонкулдун термеси" Асылбек Маратов.
"Эне тил" Асан Жакшылыков.аткаруучу Асылбек Маратов
Переглядів 4,2 тис.Рік тому
"Эне тил" Асан Жакшылыков.аткаруучу Асылбек Маратов
Калык Акиев/Калык Акы уулу "Тулпар сыны" Калык Акиев 140жыл...
Переглядів 2 тис.Рік тому
Калык Акиев/Калык Акы уулу "Тулпар сыны" Калык Акиев 140жыл...
Жеңижок менен Барпынын айтышы. ЖЕҢИЖОК&БАРПЫ.Залкарлар жолугушуусу...
Переглядів 79 тис.Рік тому
Жеңижок менен Барпынын айтышы. ЖЕҢИЖОК&БАРПЫ.Залкарлар жолугушуусу...
Жеңижок "Балалык" (Көкө уулу Өтө)Асылбек Маратов
Переглядів 130 тис.Рік тому
Жеңижок "Балалык" (Көкө уулу Өтө)Асылбек Маратов
"Арстанбектин санаты" Арстанбек Буйлаш уулу...
Переглядів 52 тис.Рік тому
"Арстанбектин санаты" Арстанбек Буйлаш уулу...
Арстанбек Буйлаш уулу "Арстанбектин арманы" Асылбек Маратов...
Переглядів 64 тис.Рік тому
Арстанбек Буйлаш уулу "Арстанбектин арманы" Асылбек Маратов...
Коргоол Досуев "Дүнүйө" Асылбек Маратов.
Переглядів 77 тис.Рік тому
Коргоол Досуев "Дүнүйө" Асылбек Маратов.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү "Эне тил" Асылбек Маратов.
Переглядів 2,2 тис.2 роки тому
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү "Эне тил" Асылбек Маратов.
Балбандарга.Асылбек Маратов.
Переглядів 6 тис.2 роки тому
Балбандарга.Асылбек Маратов.
Арстанбек Буйлаш уулу "Тар заман" Асылбек Маратов.
Переглядів 85 тис.2 роки тому
Арстанбек Буйлаш уулу "Тар заман" Асылбек Маратов.
"Залкарлар саламдашуусу" Калык Акиев& Ысмайыл Борончиев 1936-жыл...
Переглядів 7 тис.2 роки тому
"Залкарлар саламдашуусу" Калык Акиев& Ысмайыл Борончиев 1936-жыл...
Байдылда Сарногоев "Калайык калкка кайрылуу" Асылбек Маратов.
Переглядів 16 тис.2 роки тому
Байдылда Сарногоев "Калайык калкка кайрылуу" Асылбек Маратов.
Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгы...
Переглядів 8872 роки тому
Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгы...
"Карылык" Ысмайыл Борончиев.Асылбек Маратов...
Переглядів 72 тис.2 роки тому
"Карылык" Ысмайыл Борончиев.Асылбек Маратов...
"Санат" Токтогул Сатылганов.Асылбек Маратов...
Переглядів 159 тис.2 роки тому
"Санат" Токтогул Сатылганов.Асылбек Маратов...

КОМЕНТАРІ

  • @Karabala93com
    @Karabala93com 9 годин тому

    Арыстан атаның ұрпақтары Жеңишбек Жұмақадыр емес пе

  • @Satkeevmyrzabek
    @Satkeevmyrzabek 15 годин тому

    ❤❤❤❤❤

  • @ЗулайкаКойчуева
    @ЗулайкаКойчуева 17 годин тому

    👍👍

  • @kairass7793
    @kairass7793 19 годин тому

    Азаматсың Асылбек, залкарлардын энергиясын жеткире аласың сен. Кыргыздын күчтүү акындарынын арасында ордуң бар. Келечекте сенин да ырларыңды, бир кезде Асылбек залкар мындай ырдаган деп ырдап жүрүшөт.

  • @daniyarshakirov-yo4vm
    @daniyarshakirov-yo4vm 19 годин тому

    Асылбек досум Маратов биринчи лайк менден кетти досум.

  • @Emirbek.Teshebaev
    @Emirbek.Teshebaev 20 годин тому

    👍🏻

  • @Тендик-ъ1и
    @Тендик-ъ1и 2 дні тому

    Бугу уруусунун олуясы

  • @NurelBeishenkulov-y3h
    @NurelBeishenkulov-y3h 3 дні тому

    😢😢😢 👍👍👍

  • @АкжолЭгембердиев-г2д

    Асылбек Маратов торт тарабы тыбыраган тулпар. Уну шаншыган буркуттой .

  • @ТоробековЖусупов

    Молодец, эстебестей ырдап атасын,эстебесте акын бол,алла озу колдоосун, үнүнө береке ❤

  • @kasymbekkarmyshakov5731
    @kasymbekkarmyshakov5731 6 днів тому

    Баракелде А сылбек омурлуу бол талантын ташкындай берсин элдин уулу бол.

  • @Стамбек-ч8з
    @Стамбек-ч8з 7 днів тому

    Айланып кетейин кайда журдун жашынып, кыргыз эли учун бийиктен корунуп жур садага❤🎉

  • @Стамбек-ч8з
    @Стамбек-ч8з 7 днів тому

    Бул кайсы Асылбек ушундай керемет уну так суйлоп ырдаган, кыргыз болгонума сыймыктануу мн мактанам, алтын башын аман болсун оомиин❤❤❤🎉🎉🎉

  • @НуржигитЖолдошов-ф1л

    Мыктысыз Аскем

  • @КурбанКим
    @КурбанКим 7 днів тому

    🎉🎉🎉

  • @ЭраалыБекиев
    @ЭраалыБекиев 8 днів тому

    Ай азыр болгондо Арстанбек атабыз раза какшап ырдамак екен

  • @БактыгульМундузова-ф6щ

    Асылбек алтынын, жаша!

  • @УлугбекБеков-з2ж
    @УлугбекБеков-з2ж 9 днів тому

    😅

  • @АйсулууМуратова-ъ1ь

    Патриотизмди кучотуу керек. Ушундай Арстанбек ж б улуу акындардын омур баянын кино кылып тартыш керек.

  • @МирланОрмонов-р7ч
    @МирланОрмонов-р7ч 10 днів тому

    Бул максат кулев деймби асылбек эмес

  • @УрматбекСулпукоров

    🎉🎉🎉🎉

  • @РусланУрмакеев-й7л

    Асысе азаматсын, алп акын атанын дастандарынан чеги жок тогобер. Онорун оркундой берсин.

  • @АзиретРустам-ч1ш
    @АзиретРустам-ч1ш 11 днів тому

    Дагы кимдер менен айтышкан чыгарынчы кобуроок

  • @УланБайгабылов
    @УланБайгабылов 11 днів тому

    Жарйсын Асылбек ишине ийгилик коп куттурбой жаныларын тартуулап тур

  • @jenichjenich6131
    @jenichjenich6131 11 днів тому

    Азаматсың ! Бар бол аман бол

  • @ДоолотУбайдылдаев

    СОНУН ОТО СОНУН ❤🎉❤ КЫЛЫМ ЖАШАНЫЗ УРУГУН ОССУН АСЫЛБЕК ИНИМ❤

  • @ДоолотУбайдылдаев

    ЭЙ АЛЛАХ ЖЭР ШААРЫНА ТЫНЧЫЛЫК БЕР ❤ ❤❤

  • @hpgpgp8091
    @hpgpgp8091 15 днів тому

    Сүрөтчүгө да баракелде

  • @РахатАсанбекова-в3ъ

    Эң сонун бале🎉

  • @NurbekAbylaev
    @NurbekAbylaev 16 днів тому

    Бар бол иним, добушун кайрыктарын Эстебес Турсуналиев ырдап жаткандай эле угулат экен, аябай уккулуктуу, онорун оссун, Ден соолукта бол

  • @АйбекДубанов
    @АйбекДубанов 17 днів тому

    Баракелде.

  • @ТокторбайКимсанов-ц2л

    Азамат Асылбек омур берсин онорун оркундой берсин

  • @madinashatmanova
    @madinashatmanova 20 днів тому

    Керемет!❤ Асылбек азаматсын, Барпы атабызды тирилтип койгондой ырдайсын. Жаштарга Барпыны таанытып журосун.

  • @БолотбекАбдиев-ц9м

    Бар бол добушун менен комузун жаңырып турсун!

  • @СадатДжумаев
    @СадатДжумаев 22 дні тому

    Элмирбек Иманалиев дин унуно да окшоп калыптыр

  • @НурланКучуков-в1ч

    Касыйетинен айланайын манасчылар кыргызтын намысы духу кайраты деп билем 👍🇰🇬✊👏❤

  • @IskenderAshyrov-b5n
    @IskenderAshyrov-b5n 23 дні тому

    Терен таазим талантынызга Асылбек байке, бар болунуз

  • @СоветбекМукашов

    👍👍👍👍👍💞

  • @Аматкулов
    @Аматкулов 24 дні тому

    Асылбек оноруно береке молодец Англиядан салам

  • @jazel6870
    @jazel6870 24 дні тому

    😭😭😭😭👍👍👍👍🙏🏻🙏🏻🙏🌷🌷🌷

  • @АдилетМолдоисаев-м4л

    Баракелде темир тоонун сыймыктуу уулу

  • @ИсламУсонбеков-ю5р

    👍👍👍👍👍

  • @ЭлдарКалендеров-к2у

    Асылбек ага бар болунуз рахмат сизге

  • @Zzxxxzzzxxzzzzzxxxxxt
    @Zzxxxzzzxxzzzzzxxxxxt 24 дні тому

    🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍👍👍

  • @Zzxxxzzzxxzzzzzxxxxxt
    @Zzxxxzzzxxzzzzzxxxxxt 24 дні тому

    Асыке, Азаматсын негизи мыкты жигитсин.👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @ГульмираО-к8в
    @ГульмираО-к8в 24 дні тому

    Бар бол! Азаматсын Асылбек! Ийгилик!

  • @jenichjenich6131
    @jenichjenich6131 24 дні тому

    Мыкты аткаруу, азаматсың

  • @daniyarshakirov-yo4vm
    @daniyarshakirov-yo4vm 24 дні тому

    Мага ушундай жаңылык тез-тезден келип турат да Асылбек досум Маратов.Ден соолукта болчу досум ар дайым.

  • @baktybeksatybaev4544
    @baktybeksatybaev4544 24 дні тому

    Асылбек иним бар бол