Эстесем менден бөлүнбөй, Эң назик жумшак көңүлдөй. Ээрчитип кетип бараттың, Элесиң көзгө көрүнбөй. Эч тынчтык бербедиң, Толкунда термедиң, Белгисиз көзгө көрүнбөй. Шаркырап акса суу тунук, Сен жазгы гүлдөй кулпунуп. Кыраңдан кыя карадың, Кол сундум үнсүз умтулуп. Жылмайдың жай гана, Көрк кошуп айлана, Кол сундум үнсүз умтулуп. Элестеп жаттым өткөндү, Эзилип жүрөк өрттөндү. Сыймыктап бизди салкын жел, Сылады жашыл чөптөрдү. Алыстан коштоштуң, Аргасыз коштоштум, Алоолоп жүрөк өрттөндү. Элеси ошол мүнөттүн, Суусундай тунук мүрөктүн. Алгачкы сүйүүм арнаган, Ачкычы сенсиң жүрөктүн. Билээрсиң эсиңде, Айлуу түн кечинде, Ачкычын берген жүрөктүн.
Керемет
Жэнишбек Шамшиевдин бейишин берсин сонун ырлары калыптыр элимде ошону бузбай ырдашса ..
1:37 Бузбай эле сонун ырдаптыр го
Эн жакшы! Ж.Сейдакматова эже мыкты ырдайт экен. Женишбек агабыздын обондорунда соз жок.
Женишбек байке мыкты обон чыгарган экен. Бали
Ушул ун Жамал эженин уну экенин билбептирмин,аябай кыйын ырдачу экен,кайран эже!! Б
ОБОНЧУ Ж .ШАМШИЕВ , ЖАМАЛ ЭЖЕКЕБИЗДИН ЖАЙЫН ЖАННАТТАН БОЛСУН . ЫРЛАРЫ БАЛА КЕЗИБИЗДИ ЭСТЕТТИ ГООО.
Кайран таланттар,очпос таланттар,кандай кана таланттар эленер? Бейишке насип кылсын таланттуулардын баарын.
Жақсы ән көп рахмет
Кайран гана таланттар. Ырчы, актриса коп кырдуу талант эле.
Жамал эже сулуу коп кырдуу талант жана эн мыкты драма актрисасы .
Жамал Сейдакматова кыргыз драма убагында искусствосунда эң белгилүү артист, ишмерлердин бири болгон. Бирок, ыр ырдаганын биринчи жолу угуп жатам👍
Кылычбек мырза сизге Аллах хым колдосун
Эмне деген ун керемет
Эн сонун👍
Ж Сейдакматованын ырдаганын биринчи жолу уктум эмнеге эл алдына чыккан эмес таң калычтуу
Жамал эже ырчы экенин билбепмин
Азаматсын эжеке
Эстесем менден бөлүнбөй, Эң назик жумшак көңүлдөй. Ээрчитип кетип бараттың, Элесиң көзгө көрүнбөй. Эч тынчтык бербедиң, Толкунда термедиң, Белгисиз көзгө көрүнбөй.
Шаркырап акса суу тунук, Сен жазгы гүлдөй кулпунуп. Кыраңдан кыя карадың, Кол сундум үнсүз умтулуп. Жылмайдың жай гана, Көрк кошуп айлана, Кол сундум үнсүз умтулуп.
Элестеп жаттым өткөндү, Эзилип жүрөк өрттөндү. Сыймыктап бизди салкын жел, Сылады жашыл чөптөрдү. Алыстан коштоштуң, Аргасыз коштоштум, Алоолоп жүрөк өрттөндү.
Элеси ошол мүнөттүн, Суусундай тунук мүрөктүн. Алгачкы сүйүүм арнаган, Ачкычы сенсиң жүрөктүн. Билээрсиң эсиңде, Айлуу түн кечинде, Ачкычын берген жүрөктүн.
Ээ
Ээээ
👏👏👏💐
Жамал эже кандай сонун адам эле ушундай простой. Жамал эже менен иштегениме бктылуумун. Эженин жаткан жери жайлуу болсун бейиштен орун берсин
Бул Сейдакматованын уну эмес ,Гулсун Мамашеванын уну.
Эсине кел автор калп салп кылып чыгара бербе.
Калптын казаны озун билесин не болот.
@@NurzatSultanovna Кечиресиз Гүлсүн эже менен чогуу иштейм ал эже калп айттырбас.Ал эженин репертуарында бул ыр жок мен алтын фонндон алгам.
@@NurzatSultanovna Мен дагы чыгараарда тактап туруп чыгарам
Ээх 🤔 эжекебиз Кыргыз искусствосунун доо-шааларынын бири эле.