Асанкалый Керимбаев сулууга

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 23 лип 2021
  • Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
    Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
    Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
    Отуз жаштын улам аркы жагында.
    Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
    Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
    Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
    Отуз жаштын улам аркы жагында.
    Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
    Унутулган учар замат түнөктөн.
    Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
    Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.
    Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
    Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
    Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
    Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.

КОМЕНТАРІ • 31

  • @user-Ilbursbek
    @user-Ilbursbek 5 днів тому

    Бардык ырлары эн жакшы ,кайран талант , мааниси терен уккулуктуу

  • @user-qj7bq6mi9g
    @user-qj7bq6mi9g 6 місяців тому +5

    Асанкалыйдын аткаруусундагы эки ырды: " Ак булуттар", " Сулууга" өзгөчө баалап угам. Жүрөктү мээримге кусалыкка бөлөгөн кереметтүү ырлар.Керимбаев эч качан өлбөйт. Ал дайыма биз менен!.

  • @user-oh2fy1gf4q
    @user-oh2fy1gf4q Рік тому +7

    Кайран гана талант,тагдыр сага жаштан айткан эмес экен,жаш кеттиң ,бирок не деген чыгармаларды элге берип кеттиң .Жаткан жерин жайлуу болсун Асаке ага.

  • @Tiger.964.
    @Tiger.964. Рік тому +5

    Раматылык Атам😢 Асан байкенин ырларын укчу, азыр биз угуп калдык.😢

  • @user-wd1jl5ig9l
    @user-wd1jl5ig9l 2 роки тому +11

    Асан байкенин ырларынын баары уккулукту кайран кана байке эмне деген талант жаткан жериңис жайлуу болсун аллагым бейиштен орун берсин

  • @user-oh2fy1gf4q
    @user-oh2fy1gf4q 2 роки тому +7

    Асанкалый Керимбаев кандай гана талант, сүйүүнү шумдук даңазалайт ,кайран талант аз, бирок татыктуу жашадын бейишин болсун.

  • @marselalatoobekov9388
    @marselalatoobekov9388 Рік тому +4

    Кыргыздын шедеври , бейиште болунуз !!!

  • @hanayimtalantbekova5909
    @hanayimtalantbekova5909 Рік тому +3

    Кандай сонун ырлар 👍👍👍👍

  • @user-bq9kw4dz9y
    @user-bq9kw4dz9y 2 роки тому +5

    Аллах жаннаттан жай берсин

  • @user-du2fh5tl9r
    @user-du2fh5tl9r 2 роки тому +7

    Бул таланттар кайталангыс,тарыхта кала турган мущыкалар ушулар да,олбосон олбой кал,,Керимбвев.

  • @user-sx5ll8rh9b
    @user-sx5ll8rh9b 6 місяців тому +3

    Атам дайыма сиздин ырларды угат телефондон койуп алып абдан жакшы корот,жаткан бериниз жайлуу болсун чыныгы талант

  • @user-ut9gd1tf9n
    @user-ut9gd1tf9n 2 роки тому +3

    Сонун ыр!! 💐💐

  • @user-xr8jj9yj2e
    @user-xr8jj9yj2e 8 місяців тому +2

    Эх кайран гана талант

  • @oljobayburkutbaev3269
    @oljobayburkutbaev3269 Рік тому +2

    Үнү алтындан да артык уккулуктуу ,😢😢😢😢

  • @gulnurakubatbekova4430
    @gulnurakubatbekova4430 Рік тому +3

    Сулууларга сууктанууга Акым бар

  • @user-qk5sx7jz9m
    @user-qk5sx7jz9m Рік тому +4

    Кайран талант

  • @user-fh7zq9do2t
    @user-fh7zq9do2t 2 роки тому +7

    ,Эмне деп жазарымды билбейм,мен бугун мас,эгер мен Асан агай бар болгондо,барып учрашып колун кармамакмын..
    Агайды бай-манаптын тукуму деп,совет ококоту жериген,бары бир аккан арырыктан суу агат !!!

    • @user-xr8jj9yj2e
      @user-xr8jj9yj2e 6 місяців тому

      Ооба да аккан арыктан суу агат

  • @adiletasamldinov3540
    @adiletasamldinov3540 2 роки тому +6

    Бардык ырларын уксан ыйлагын келет айрыкча Шулдаба теректерим шулдаба

  • @hanayimtalantbekova5909
    @hanayimtalantbekova5909 3 місяці тому

    Ушул ырды уксам ыйлагым келет😔

  • @user-xr8jj9yj2e
    @user-xr8jj9yj2e 8 місяців тому +3

    Кыраандар аз жашайт бирок саз жашайт

  • @user-bc6hr5ww4s
    @user-bc6hr5ww4s Місяць тому

    1990жылы гастролдо бирге болдук эле

  • @ZORRO-qi9iu
    @ZORRO-qi9iu Рік тому +3

    Аялы менен ажырашканда чыгарган обону деп уккан элем , өтө күчтүү чыгарма

    • @user-vd5hb4sv9g
      @user-vd5hb4sv9g Рік тому

      Асаке менен ажырашкан кандай аял?????

    • @ZORRO-qi9iu
      @ZORRO-qi9iu Рік тому

      @@user-vd5hb4sv9g Асаке Токтогул атабыз айткан беш камандын бири Керимбайдын тукуму болгон экен , мүнөзү өтө катаал болгон экен

    • @user-xr8jj9yj2e
      @user-xr8jj9yj2e 6 місяців тому

      Биринчи аялы төрөбөй коюп экинчиге үйлөнгөн деп айтышат

  • @user-pm4ow1ng3s
    @user-pm4ow1ng3s 11 місяців тому +2

    ЕН СОНУН РЫЛАР УШУЛ АСАН АКЕНИН ЫРЛАР ЕКЕН

  • @user-gn2qg3sl6h
    @user-gn2qg3sl6h 2 роки тому +5

    Олбос очпос чыгарма , кыргыз барда унутулбайт го .

    • @user-iq2bv7dc6i
      @user-iq2bv7dc6i Рік тому +2

      👏👏👏👏👏👏👏👏👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍