Рыспай Абдыкадыров - Алмашым тексти

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 сер 2024
  • Сөзү : Р.Абдыкадыровдуку
    Обону : Р.Абдыкадыровдуку
    Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден?
    Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
    Элестериң көз алдыма тартылыт,
    Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
    Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
    Алыссыңбы, жакынсыңбы, кайдасың?
    Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм,
    Качан сага жолугамын, Алмашым?
    Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
    Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
    Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
    Карбаластап таппайм жандын аргасын.
    Энчиң болсун эмгек жана махабат,
    Эгер башта бассаң турмуш пардасын
    Элге жаксын сен иштеген иштериң,
    Эмне дейм, башка сөз жок, Алмашым.
    Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
    Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.

КОМЕНТАРІ • 30

  • @user-wy2qk9dk6f
    @user-wy2qk9dk6f Рік тому +7

    Ага жаткан жериң жайлуу топурагың торко болсун

  • @user-sp3pl3yx9q
    @user-sp3pl3yx9q 12 днів тому +1

    Аллах кылган күнөөлөрүңдү кечирсин . Жана ракматы кылсын.

  • @user-ph5cb7dw2g
    @user-ph5cb7dw2g 2 роки тому +13

    РЫСПАЙ ага кандай дауыс оригиналын естип жаткандаймын РЫСПАЙ АГАМ ЖАКЫН ЖЕРДЕ ЖАНЫМДА ОЛЕН АЙТЫП ТУРГАНДАЙ

  • @jdudjbdjd810
    @jdudjbdjd810 2 роки тому +5

    Кудай буйруса мен ырдайм дейм элдин журогунон жакшы орун алат деп ойлойм ошол.

  • @KarybekBaibosunov
    @KarybekBaibosunov 2 місяці тому +1

    Жүрөктөн чыккан ыр жүрөктөрдөн түнөк табат тура. Бери болгондо эле миллион кыргыз Рыспай аганын ырларын кайталап созду го!

  • @user-gc6hl3dq2h
    @user-gc6hl3dq2h Рік тому +2

    Мен Ырыспай агабыздын ырларынын арты менен коптогон сыйлыктарды алгам🥰

  • @amidbekabdikerimov7710
    @amidbekabdikerimov7710 Рік тому +2

    Ушундай унду угууга ырды угууга кайра бир келгим келет кордон туруп деген экен, кайран акын Тургунбай Эргешов.

  • @user-wk3qo4lz3p
    @user-wk3qo4lz3p 3 роки тому +11

    Кайталангыс талант!Бейишиниз болсун!

    • @user-ed9zr4rz1n
      @user-ed9zr4rz1n 2 роки тому +1

      Ушундай талантты тирүүсүндө баалабай аттиң арман, бийлик,чылык, көрө албастык.ушул кетирген кемчиликтен сабак алып ушул мезгилдеги таланттарды баалап алсак...

    • @user-pq8dy3ju9f
      @user-pq8dy3ju9f Рік тому

      @@user-ed9zr4rz1n у

  • @user-ru7jf9hy8w
    @user-ru7jf9hy8w 11 місяців тому +2

    Алмашым деп айтып кеттиң элиңе
    Эми кайтып келбей калдың жериңе
    Уккан сайын уккум келет ырыңды
    Келе албайтко азыркылар теңиңе.

    • @user-hn1ub9vl4y
      @user-hn1ub9vl4y 2 місяці тому

      Менин да атым Алмаш ,атам ошол ырдан кийин койгом деп ,бирок мен ойлойм 4 кыздан кийин эркек бала келсин деп!!!

  • @jdudjbdjd810
    @jdudjbdjd810 2 роки тому +5

    Бейиштен орун берсин ,жайы жанаттан болсун амины ,амины.

  • @user-yx8wp9pr2p
    @user-yx8wp9pr2p 5 місяців тому +1

    Бир келди бир кетти мындай торолобу эми бир адам ырдай албайт ырларын озундой кылып кайрыктарын легенда

  • @tologonjoldoshov4378
    @tologonjoldoshov4378 2 роки тому +8

    Кайран Рыспай! Кыргыздар убагында мунун да кадырына жетпедик

  • @nuryshnyaibraimova7252
    @nuryshnyaibraimova7252 Рік тому +3

    Благодарю судьбу, что мы когда-то жили и были соседями)))

  • @user-uc4dp4pk1g
    @user-uc4dp4pk1g 9 місяців тому +1

    Адам адамдын кадырына эч качан жетпейт,тируу жургондо ушинтип эле журо берет деп ойлойбузда,бутпогон сыяктуу,Бир куну эле сыйпалап таппай калабызда

  • @user-br6lk1ki2k
    @user-br6lk1ki2k 7 місяців тому +1

    ЫРЛАРЫНГ КЫЛЫМДАР ДА КАЛАТ.

  • @mirlammamaziaiev
    @mirlammamaziaiev Рік тому +4

    Рыспай эртеле кетин бул жашодон арман кылабыз Кыргыз Эли сиздей талаты

  • @zoyangela4804
    @zoyangela4804 2 роки тому +5

    Шедевр😍

  • @jdudjbdjd810
    @jdudjbdjd810 2 роки тому +3

    Озу жок болсо да журокто жашайт чын соз .Айла жок агабыз тиру жургондой боло берет ай аттин десе????

  • @user-uc4dp4pk1g
    @user-uc4dp4pk1g 9 місяців тому +1

    Ырда Рыспай ырдагандан талбагын деп замандаштары айтаар эле ,аттин арман дуйно отпой эч ким калбайт экенго?

  • @Rysia_kg
    @Rysia_kg 10 місяців тому

    👍🏻👍🏻

  • @user-wi1vm6pz5y
    @user-wi1vm6pz5y 20 днів тому

    Алмашымдын текстин,да обону дагы озунуку,кээ бирлер билип билбей талаша беришет,ОЗУ жазып, ОЗУ обон чыгарган,эсинерге тутуп алгыла,окусанар жазылып туратко!?

  • @user-mj3vd9ew8s
    @user-mj3vd9ew8s Рік тому +2

    Кайталангыз талант,мин жылда Бир жаралат мындай талант.

  • @user-cr7vv6ns2h
    @user-cr7vv6ns2h 2 роки тому +2

    Озу ырдап атса да текстин туура эмес басышат ....тушунбойм

    • @ffxxgh125
      @ffxxgh125 Рік тому

      Кайталангыс
      Нагыз
      Талант.
      Муундан
      муунга
      Өлбөс
      өчпөс
      таасын ыргактуу кубулжуган
      үнү түбөлүк жашай берет
      Арбагы ыраазы болсун.

    • @samarasamara5891
      @samarasamara5891 Рік тому

      @@ffxxgh125 9

  • @user-tq4yu3ui7w
    @user-tq4yu3ui7w Рік тому +1

    Беищин;%и

  • @AskiArsenal
    @AskiArsenal 10 місяців тому

    Кайран Рыспай ака сиздей талант жок😢