Кажы-Сай унутулган уран тени
Вставка
- Опубліковано 1 вер 2023
- Советтер Союзундагы алачкы атомдук бомбалардын дүрмөттөрү Кыргызстанда казылган урандан жасалган. Анын кесепети бизге калган оор мурас.
1946-жылы Ысык-Көлдүн тескейинде уран кени табылган. СССР Өкмөтүнүн жашыруун токтому менен 1947-жылы ал жерде уран казып алуу иштери башталат.
🔹Кажы-Сайдагы уран кенинде иштегендердин тагдыры жөнүндө эч жерде ачык маалымат жок. Уран шахталарында негизинен соттолуп камалгандар иштешкен.
Кажы-Сайдагы уран кенин казууга НКВД түрмөлөрүнөн 1000 адам атайын алынып келген. Ал жерде каза тапкан камактагылар шахтанын аймагында көмүлгөн.
🔹Белгисиз уран казуучуларга арналган эскерүү такталарын фото сүрөтчү-документалист Болот Исабеков өз каражатына орноткон. Ал Кажы-Сайдагы уран кени казылган жердин тарыхын изилдеген алгачкы адам.
🔹1958-жылы уран кенинин ордуна көмүр казуу ишканасы түзүлгөн. Уран долбоору жабылып, андагы өндүрүш жабдыктары жок кылынып, уран шахталары көмүлгөн.
#эсимде