ҮРКҮН ЭС ТУТУМ ЖАЙЛАРЫ

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 2 жов 2024
  • 1916-жылдагы үркүн кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу жана апааттуу мезгилдердин бири.
    Бул видеодо 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларынын мааниси тууралу болмокчу.
    🔹Түштүк Дарбаза
    Биринчи эскерүү жайы. Түштүк Дарбазадагы Үркүндү эскерүү ташы. Бул жерге мемориалдык комплекс куруу үчүн 1993- жылы өкмөт Орто-Сай сейил багынан 2,5 гектар жер тилкесин “Ашар” кыймылына бөлүп берген. Бирок, бул жерге чакан эстелик-таш коюлуп, мемориал курулуучу аймак ар кандай кафе-ресторандар жана башка оюн-зоок жайларына айланган.
    🔹Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.
    Үркүнгө арналып тургузулган эстелик төрт элементтен турат. Биринчиси - борбордук композиция. Ал боз үйдүн элесин берип турат. Илинген үзөңгүлөр ошол окуяда каза болгон ата-бабалар. Анын башында түндүк орнотулган. Ал эми баральефтик дубалда элдин кыргынга кантип учураганы, кайра турмушту кантип курганы айтылат. Андан кийинки 1916-жыл тууралуу жазуу жана алты сап ыр жазылган.
    🔹Боом капчыгайы, 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эстелик.
    Бишкек-Ысык-Көл унаа жолунун түндүк тарабында, Боомдун батыш кире бериш тарабында 2006-жылы, Үркүндүн 90 жылдыгында 1916-жылдагы окуяларды эскерип, кыргыздардын колониалдык бийликке каршы көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү мемориалы орнотулган.
    🔹Кубакы аймагындагы “Ажардын” көрүстөнү
    Боом капчыгайы, Кубакы аймагындагы “Ажардын” көрүстөнү. Бул көрүстөн - 1916-жылы атылып өлтүрүлгөн белгисиз аялдын сөөгү коюлган бейит. Башына ок тийип, көз жумган аялдын сөөгү эгемендүүлүк алгандан кийин эскерүү жүрүш учурунда ашууда табылып, Боомдун капчыгайына көмүлгөн. Бул жерге алгач Касымаалы Баялиновдун Үркүн трагедиясы жөнүндөгү аңгемесинин каарманы - “Ажардын” образдуу болочок эстелигинин белгиси катары таш тургузулган. Ал эстелик Үркүн окуяларында курман болгон бардык энелерге, эжелерге, кыздарга, арналмак.
    Ал эскерүү ташында “Бул жерде 1916-жылдагы кайгылуу окуяларда курман болгондордун элесине жалпы улуттук тарыхый жана Ажардын эстелиги тургузулат” - деген жазуу чагылдырылган. Тилекке каршы, “Ажардын” эстелиги дагы деле тургузула элек (кара эскерүү ташы тургузулган).
    🔹«Кырк-Шейит» көрүстөнү
    «Кырк шейит» бейити 1916-жылы Улуттук боштондук күрөштө Кытай тарапка качпай («үркпөй») курман болгондордун көрүстөндөрү. Бул бейит Ысык- Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан. 1916-жылкы көтөрүлүштө Токмок каршылыгынан кийин элди басуу үчүн генерал Куропаткин баштаган жазалоочу отряддар Тоң өрөөнүнө келишкен экен. Бул трагедиялуу окуя элдин эс тутумунда кара так болуп кала берген, жана азыркы чейин эл оозунда чоң кайгы менен эскерилет.
    #үркүн #үркүнбүтсүн
    __________________________________________________________________________
    Сайт: esimde.org/arc...
    Инстаграм: ....
    Фейсбук: / esimdekg
    Тик-Ток: @esimdekg
    Твиттер: @esimdekg

КОМЕНТАРІ • 4

  • @flyfly9671
    @flyfly9671 8 місяців тому

    Атамбаевге рахмат! Үркүнгө арнап коркпой үркпөй эле эстелик койдурду

  • @Pepi-tf3qg
    @Pepi-tf3qg 3 місяці тому

    Орустардан корккон учун ачык көргөзө алышпайтта, ачык эле кылса болмок өздөрүн таанып кетишмек

  • @Pepi-tf3qg
    @Pepi-tf3qg 3 місяці тому

    Эжеге рахмат

  • @tolgonai9042
    @tolgonai9042 Рік тому

    Булар эмне жүдөп атышат? 😢 Орустардын зомбулугун бизде эч ким айтпай калды, улуу муундар орустарды жаман көрчү эле.