Жоолугуң кызыл башайы, Жол жүрүп келдим атайы. Жалынга салсаң өзүң сал, Жароокер Гөзал сыпайы. Көйнөгүң кызыл башайы, Мен көргөнү келдим атайы. Күйүткө салсаң өзүң сал, Көркөмдүү Гөзал сыпайы. Ар ким ырдайт сүйгөнүн, Акылына түйгөнүн. Ашык бир болуп жете албай, Арасат күндө жүргөнүн. Мен дагы ырдап берейин, Ашыглыктан бир сабак. Дак салдың ууз жүрөккө, Дардизар Гөзал ак тамак. Дүрдөөлү жаштын иши экен, Күсөдүм сүйүү чарбагын. Аманат жанга белек деп мен Ашыглык гүлүн кармадым. Анан ошол гүлдү беришке мен Гөзалды издеп барганмын. Булактан көрүп чак түштө мен Булбулдай абаз салганмын. Көрдүм даалай урууну, Кечтим дайраң улууну. Издеп бир келдим Гөзал кыз, Ышкыдар сендей сулууну. Тааныбайсың сен мени, Тарпи кылат эл сени. Таанышалы ушул жерден, Тартиптүү Гөзал кел бери. Кыйланы көрдүм кыдырып, Кара-Суу менен Чарбактан. Каш кирпигин төгүлүп Карасам кумар таркаткан. Көкүрөккө өрт коюп ай, Көк жылдызын саматкан. Жанада көптү көрмөкмүн мен, Жаралган болсом канатчан. Кал, калындан калыңдан, Кайкалап бүткөн далыңдан. Безеленген бетиңден, Беш талдап өргөн чачыңдан, Чачың көлдүн камышы, Өзүңүздү сурасам, Эмгектүү элдин калысы. Сураганым себеби, Сүйбөй бир киши келеби. Сыпайынын жайыны Билбей бир киши келеби. Зыяда болсоң кулак сал Зарымды угуп, гүлүм ал. Керек бир болсо Гөзал кыз сен Көрө турган күнүмдү ал. Кайда барсаң, жаныңда Ынагың болуп жүрөйүн. Караңгыда жол бассаң, Чырагың болуп жүрөйүн. Күнүгө келип суу алчу, Мен булагың болуп жүрөйүн. Жашырбастан ачык айт Эмине болсо оюңда. Жүрөгүмдөн илинген да Туткунуң менмин торуңда. Кыйнасаң да, өзүң бил, Сыйласаң да, өзүң бил, Тагдырым сенин колуңда.
Оо кагылайын балапаным,копчулук арасында,унун жаныра берсин,балам.
Ата эне, жакындарындын алдында, кудайым амандык берсин.
Азаматсыз кыргыздын нукура жигити.
Азамат 👍
Жоолугуң кызыл башайы,
Жол жүрүп келдим атайы.
Жалынга салсаң өзүң сал,
Жароокер Гөзал сыпайы.
Көйнөгүң кызыл башайы,
Мен көргөнү келдим атайы.
Күйүткө салсаң өзүң сал,
Көркөмдүү Гөзал сыпайы.
Ар ким ырдайт сүйгөнүн,
Акылына түйгөнүн.
Ашык бир болуп жете албай,
Арасат күндө жүргөнүн.
Мен дагы ырдап берейин,
Ашыглыктан бир сабак.
Дак салдың ууз жүрөккө,
Дардизар Гөзал ак тамак.
Дүрдөөлү жаштын иши экен,
Күсөдүм сүйүү чарбагын.
Аманат жанга белек деп мен
Ашыглык гүлүн кармадым.
Анан ошол гүлдү беришке мен
Гөзалды издеп барганмын.
Булактан көрүп чак түштө мен
Булбулдай абаз салганмын.
Көрдүм даалай урууну,
Кечтим дайраң улууну.
Издеп бир келдим Гөзал кыз,
Ышкыдар сендей сулууну.
Тааныбайсың сен мени,
Тарпи кылат эл сени.
Таанышалы ушул жерден,
Тартиптүү Гөзал кел бери.
Кыйланы көрдүм кыдырып,
Кара-Суу менен Чарбактан.
Каш кирпигин төгүлүп
Карасам кумар таркаткан.
Көкүрөккө өрт коюп ай,
Көк жылдызын саматкан.
Жанада көптү көрмөкмүн мен,
Жаралган болсом канатчан.
Кал, калындан калыңдан,
Кайкалап бүткөн далыңдан.
Безеленген бетиңден,
Беш талдап өргөн чачыңдан,
Чачың көлдүн камышы,
Өзүңүздү сурасам,
Эмгектүү элдин калысы.
Сураганым себеби,
Сүйбөй бир киши келеби.
Сыпайынын жайыны
Билбей бир киши келеби.
Зыяда болсоң кулак сал
Зарымды угуп, гүлүм ал.
Керек бир болсо Гөзал кыз сен
Көрө турган күнүмдү ал.
Кайда барсаң, жаныңда
Ынагың болуп жүрөйүн.
Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Күнүгө келип суу алчу,
Мен булагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт
Эмине болсо оюңда.
Жүрөгүмдөн илинген да
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да, өзүң бил,
Сыйласаң да, өзүң бил,
Тагдырым сенин колуңда.
Красавчик.!
Самат азаматсын укам бар бол бажырайып
Бул ырды сиздей еч ким аткара албайт алла ыраазы болсун ото сонун аткаруу он жолу уктум моокумун канбайт сонун байке
Унуно таазим.
Керемет❤❤❤❤❤🎉🎉🎉
Азаматсын унуно береке !
Молодец соонун ырдапсыз
Барып атабыздын ырлары зор.
Сонун ырдаптыр
Мыкты байке туура айтты тарыхын кошо айтты
🤗
Ап-баракелде
Кайсыл нотага күүлөнөт
Ми ля ми
Кайсыл нотага күүлөнөт ким билет
Азамат чыныгы талант
Азаматсын унуно береке.!
Ми ля ми
Ми ля ми ми до
Ми ля ми сизге.
1
Ыр деп ушуну айт
Ала жат брат молодец