Самат Кочорбаев СУР ЭЧКИ
Вставка
- Опубліковано 12 жов 2018
- Дастандын негизги идеясын табиятка болгон аяр мамиле, ар бир жаратылган жандыктын убал-сообу барын, кокус жаңсак иш жасап алсаң, акыры кесепетин тартып калары түзөт. Окуя да мына ошол жагдайга жараша өнүгүп жүрүп отурат. Тактап айтканда, Таластын көкүрөк тарабында кытай деген уруу жашаганы, мына ошол кытайдын ичиндеги Карыпбайдын жалгыз уулу Кожожаш кыл мерген болуп, элин кайберендин эти менен бакканы, кийин Каракожо кандын кызы Зулайкага үйлөнгөнү, акыры алганынын кой-айына көнбөй, Сур эчки менен Алабаш текенин тукумун түгөл кырып, Сур эчкинин каргышына калып, аскага камалып өлгөнү туурасында ырааттуу баяндалат
ДОСТОР КАНАЛГА ЖАРДАМ БЕРИШ УЧУН СИЗ ЖОН ГАНА ПОДПИСАТЬСЯ дегенди басып конгуроочону кагып койосуз!
#Самат #КӨЧӨРБАЕВ
1983-жылы 22-ноябрда Манас районунун Арал айлында жарыкка келген. Окуучулук курагында эле КР эмгек сиңирген артисти, манасчы Асанкан Жуманалиевдин манасчылык ийриминен таалим алып, бир катар кароо-сынактарга катышып жүргөн. 2001-2006-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтундагы «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасында Замирбек Үсөнбаевдин дастанчылык классынан окуган. Учурда өзү аяктаган институттун (учурда университет) «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын башчысы, «Устатшакирт» салттык музыка борборунун көркөм жетекчиси.
Эл арасына негизинен манасчы катары таанылган Самат Көчөрбаев элдик дастандарды жайылтуу жана жаштарга маданий-эстетикалык тарбия берүү багытында иш алпарып келет. 2010-жылы КР Маданият жана маалымат министрлигинин ардак грамотасы, 2011-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, 2013-жылы «Кыргыз тили» төш белгиси, 2016-жылы КР Президентинин ардак грамотасы сыяктуу бир катар сыйлык-наамдардын, көптөгөн республикалык, эл аралык кароо-сынактардагы байгелүү орундардын ээси. Бир катар алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдө өткөн маданий иш-чаралардын катышуучусу.
«КОЖОЖАШ»
1938-жылы Алымкул Үсөнбаевдин айтуусундагы вариант басмадан жарык көргөн. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда Алымкулдун вариантынан тышкары Төлөмүш Жээнтаевдин, Сулайман Конокбаевдин айтуусундагы варианттар да сакталуу. Негизги вариант катары Алымкул Үсөнбаевдин айтуусундагы дастан таанылган. Ошондой эле Кыргыз радиосунун Алтын фондусуна Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусундагы айрым үзүндүлөр жазылып алынган.
Баштапкы айтуучусу деп Токтогул Сатылгановду эсептешет. Токтогулдан Алымкул, Калык Акиевдер үйрөнүп, Алымкулдан уулу Замирбекке өтүп, учурда Замирбек Үсөнбаевдин шакирттери тарабынан аткарылып келет. Үн тасмага Самат Көчөрбаевдин аткаруусундагы Алымкул Үсөнбаевдин варианты жаздырылды.
Дастандын негизги идеясын табиятка болгон аяр мамиле, ар бир жаратылган жандыктын убал-сообу барын, кокус жаңсак иш жасап алсаң, акыры кесепетин тартып калары түзөт. Окуя да мына ошол жагдайга жараша өнүгүп жүрүп отурат. Тактап айтканда, Таластын көкүрөк тарабында кытай деген уруу жашаганы, мына ошол кытайдын ичиндеги Карыпбайдын жалгыз уулу Кожожаш кыл мерген болуп, элин кайберендин эти менен бакканы, кийин Каракожо кандын кызы Зулайкага үйлөнгөнү, акыры алганынын кой-айына көнбөй, Сур эчки менен Алабаш текенин тукумун түгөл кырып, Сур эчкинин каргышына калып, аскага камалып өлгөнү туурасында ырааттуу баяндалат.
Самат Кочорбаев, Самат Манасчы, Самат сур эчки, Самат дастан
#САМАТ_Кочорбаев #Самат #Дастан #Сур_Эчки #JKU - Розваги
Ушуга окшогонду укксак гана нагыз Кыргыздын баалуктары кандай гана керемет ырдайт Манасчы Самат мырза!!! Унунузго береке бар болунуз!!
Кыргыздын терме дастандары укмушко чиркин !кандай адамдар дизлайк баскан.
Улуттук музыканын өзөгүн сактап, алып жүрүүчүлөрдүн алдыңкы сабында жүрөсүң Самат үкөм, бар бол!
чыныгы журоктон угуп жатам кыргыздын ыр дастандары ушундай болот доошун узун болсун омурун узун болсун
Жаштар ушундай дастанды коп укула кыргыстын тугобогон байлыгы👍🙏❤
Ушундай дастанды канча уксамда тажабай черим жасылып жыргап калам👍❤👏
Баракелде унунон айланайын алтын иним ❤
Кыргыз элим жаратылыш менен тыгыз байланышта болуп жашап,муңун зарын,кайгысын,кубанычын,жыргалын,сүйүүсүн,акылмандыгын эриш аркак байлап алып жүргөн.❤🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Мыкты сонун! Ийгилик Самат Көчөрбаевге.
Ай баракелде 👍 мыкты өнөрпоз,мыкты адам.Ден соолукта болуп арабызда мыкты адам бойдон элге кызмат кылып жүрө бериңиз👍👍👍👍👍👍👍💐💮🌺🌷🌸🏵️🌻🌼🌷🌹💐🌾🌾🌾🌾
Самат , үнүң сонун . Дастанды , Манасты кыйын айтасың . Өмүрүң узун болсун , элге дастан айтып аман жүр .
Баракелде Укун эле келет. Азаматсын. Самат иним
Ушундай дастанларды коп уккан жакшы таланттын доо шаалары калтырган мурасы бизге дастандар
Бали ракмат улу шедевр кандай сонун чыгарма 👍✊👏🇰🇬❤
Азаматсыз,унунузго береке.
Сонун,
Жакшы ыр экен😘😘😘😘
Маладес көп жашаңыз
Урматтуу админ силерден сураныч Курманбек дастанын омурзак кайыпов толук айткан жаныш байыш дастанын Улукбек Токтоболот уулу айткан ушуларды толук жуктоп беринизчи
Урматуу коруучу сунушунузду эске аламын !
Биз менен болгонунузга чоон рахмаат
САМАТ КОЧОРБАЙЕВ ЭН МЫКТЫ МАНАСЧЫ
Эй бали сонун агай
Азаматсын Самат Кыргыздын бычака сап жигиттеринин бири болдун.агын суудай куркуроп талантын ташкындай берсин,Улууларды улуктап айтып келе жатасын Манас айтканын ото керемет.бар бол башына бак консун аброюн океандын ары жагына жетсин.
Бали,урмат,сылайм,самат,талантына,баракелди,самат омурун ,усун болсун,
👏👏👏👏
АЗАМАТ САМАТ ИНИМ БАР БОЛ ,УЛУУ КЫТАЙ УРУУСУ ЧОЛПОНБАЙДАЙ БААТЫРДЫ,ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДОЙ ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУНУ, ЖЕНИЖОКТОЙ АК ТАНДАЙ АКЫНДЫ ,КОЖОЖАШТАЙ ДАСТАНДЫ БЕРДИ БАР БОЛГУЛА ТУУГАНДАР.
Баракелде кытайларым бир боорлорум
Кытай бизге бир боор эмес.
@@user-ew1zi1iu5e кытай уруусу. Биздин кыргыздар эле
❤
Жакшы
👍👍👍👍👍
Бали,самат иним бар бол👍✊🇰🇬❤
Азамат
🙌
Самат бали ракмат улуу онорду улантучу👍👏✊❤🇰🇬
Ал башка.Өмүрзак Кайыповду айтып жатасыз го.Дастан айткандар азыр саналуу да.Өмүрзак Кайыпов да мыкты аткаруучу.А бул Самат Көчөрбаев.
Кожожаш..дастанын..мыкты айткан.самат.бар бол
Өмүрзак эмес, Самат Көчөрбаев.
Самат.чаман..жетсе..ожобай..мене
Кшимжан..денег.дастанды.айтсан
Жакшы.болотеле.талантына.баракелди.
Ушундай улуу чыгарманы асыркы жаштар коп укула 👍❤🇰🇬👏
Уккан сайын уккун келет
Жорго такси
Ыр эмес бекен Ата ганат.
👐👐🫶🫶🙌🙌👋👋
Текисти бергилечи айтып журолу
Салам кандайсыз?
Маакул бирок жакын арада
Экологиянын проблемаларын Карагул ботом Акбара Таш чайнар Сур эчки дастандар чыгармаларда айтылып келген
Кытай эмес Куутай
Кытай эле
Куутай эмес,Кут Ай экен башында кийин соз бурулуп Кытай айтылып калган экен.
Баракелде унунон айланайын алтын иним ❤
Улуу Кытай уруусу ,Чолпонбай баатыр, Чынгыз Айтматов,Женижок,Кожожаш жана башка мыкты инсандар чыккан.
🙌