Тагдырым берген купуя сыр | 6 - бөлүм | Алмаздын ыргыткан ташы | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 10 жов 2024
  • Алмаздын ыргыткан ташы улам өйдөлөп отуруп өзүнчө ишкана ачып иши жүрүп ити чөп жеп калган, Айзада толуп кадимкидей парасаттуу аял болуп калган, эң улуусу Мелис он тогузда, андан кийин дагы үчтү төрөгөн, эки кыз, эки уулу бар. Бакыйган чоң үй-бүлөө, Алмаз кычырап машина айдап келип токтогондо Алтынбек короодо жүк көтөрүп бараткан, аны тааныды, бирок барбады, көрсө Сашка анын фирмасында иштейт тура. Алтынбек аны саамга тиктеп туруп: “Аттиң мен минтип селсаяк атанган кезде бул бакыттын дарагынын бийик бутагында турган кези экен, менин мындай абалымды көрбөй койгону дурустур”, - деп ойлонуп ишин жасап жүрө берди. Алмаз өз кабинетине кирээр менен секретарша кыз баш багып:
    Сизди Алтынай Барктабасовна чалсын деди, - деди.

КОМЕНТАРІ • 6