АКЫРКЫ СӨЗ | Төрөкул Дооров | аудио китеп

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 кві 2024
  • АКЫРКЫ СӨЗ
    Тургандардын бири мага кайрылып калды:
    - Ай, ким түшөт астына энеңди койгону? Ким жаткырат?
    - Мен өзүм түшөм, - дедим да казылган көргө секирип түшө калдым.
    Ойлосом, ушул кырк жашка чыгып, дегеле буга чейин бирөөнүн тажиясына барып көргөн эмес экенмин (Кыргызстандан 20 жашымда окууга кетип, ошо бойдон дурустап мекенге жашаганы кайтпаганыман болсо керек). Көр кандай казылат, адамдын кепинге оролгон денеси кандай жаткырылат - ушунун баарын көрбөпмүн ушуга чейин.
    Эки башка бөлүк болуп оюлган чуңкурдун жогорку кабатынан кыйгачыраактагы төмөнкү ички жагына жөрмөлөп кирдим. Бул адам бою менен жатканга гана ылайыкташтырылып оюлган жер экен, туруп эмес, отура да албайсың - өлүктү жаткызып гана койгонго жарайт.
    Бир убакта мага өйдө жактан энемдин денесин акырын жанагы тешик аркылуу бут жагын алга сүрөй суна башташты. Мен аны кучактап жерге койдум. Башын аярлап коюп, колу-бутун түздөп, эч бир жери кайрылып же басылып калбадыбы деп текшере баштадым. Ойлосом, кичине бала кезимде энем уктап жатканын көп байкачу экенмин. Тиргиликтен катуу чарчаса керек эле - кыйшайган бойдон уктап, кээде "колум басылып, уктап калыптыр" деп "ух, ухулап" калчу. Энеме андай кезде колун укалап бергенди жакшы көрчүмүн. Бул жолу да денесин жаткырып жатып, "колу басылып калбады бекен?" деген ой келди. "Басылып калса, колу уктап калбасын..."
    Жогору жактан мага бир жоолукка салынган топурак узатышты. Ырымы ушундай, тажияга келгендер бир чымчымдан топуракты ушу оромолго салып, дуба окушат. Анан аны мен энемдин денесин айландыра төшөп чыктым. Колумдагы нурга бөлөнчү топурактай, же энемди жаман нерседен коргочудай касиетке ээ экенин сурабай түшүндүм. Бир да жылчык калтырбай, денени айландыра топурактан сээп чыктым. Акырында башына жаздык болсун дедимби, айтор, калган бөлүгүн энемдин башынын астына төшөдүм да, бетин ак кепинден ачтым. Бети ачык жатсын дедим окшойт же акыркы ирет анын жүзүн көргүм келдиби?
    Жанагы өтө тар, жапыз жерде ары-бери айланып кыймылдоо деген оңой эмес. Буттарым талып, үстүмөн тер куюлуп чыкты. Жанымда жаткан чоочун эмес, энем экенин түшүнсөм да, ал өлүк экени жүрөк үшүмдү алып жаткансыды... Кудум ушул жерде калып калчудай, азыр көрдүн капкагы жабылып кала тургандай, же энем мени өзү менен ушул жерде кармап калчудай корктум. Анан ошол оюм үчүн өзүмдү жемелеп жаттым.
    Мен энем менен дагы качан ушунчалык тар мейкиндикте жалгыз калдым эле, ага качан азыркыдай жакын болдум эле? Балким, анын ичинде жаткан кезимде гана экөөбүз ушундай жакын, жалгыз болсок керек. Ал ошондо курсагын сылап, мени менен сүйлөшкөн чыгар. Азыр мен да энемдин бетин сылай ага соңку сөздөрүмү айтып жаттым. "Жакшы жатыңыз, энеке. Тынч жатыңыз... Мен эч нерсени унутпайм".
    Анын бетинин оң жагы кичине кара так болуп, карарып кеткендей көрүндү. Инсульт дегени ушундай белем? Мээсине кан кеткенде бетинин да тамырлары жарылып кеткен окшойт…
    Энемдин башын улам оңдоп, тике каратканыма карабай, кайта эле оң жакка бурула калат. "Жөн кой, энең кыбыланы карап жаткысы келип жатат", - деп коюшту сырттан.
    Буттарым талып, кадимкидей аба жетпей, көөдөнүм кысылып чыкты. Сыртка көтөрүлдүм да калгандар улам тездетип, чуңкурга топурак салып жатканын үн сөзсүз карап турдум. Ичимде бир нерсе үзүлдү.
    Төрөкул Дооров.
    2022.
    share/qVHNdX...

КОМЕНТАРІ • 21

  • @user-pu7fu2hz1k
    @user-pu7fu2hz1k 2 місяці тому +6

    Укпай туруп класс Төрөкулдун эмгегине👍

    • @DoorovT
      @DoorovT  29 днів тому

      Угуп да коюңуз🙏

  • @Gulbarchyn-ih8ri
    @Gulbarchyn-ih8ri 28 днів тому +2

    Аяш энемдин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Омииииин

    • @DoorovT
      @DoorovT  27 днів тому

      Рахмат!🤲

  • @user-wi9hj2hn3b
    @user-wi9hj2hn3b 5 днів тому +1

    Жашоо ушундай экен да...Жаткан жери жайлуу болсун,Кудайым бейишинен берсин.Сабыр тилейм.Озунор омурлуу болгула.

    • @DoorovT
      @DoorovT  4 дні тому

      Рахмат! 🤲

  • @user-tg7rz7xu6l
    @user-tg7rz7xu6l 2 місяці тому +3

    Аа байкуш😯😔

  • @MuratAbdyldaev-qv6ol
    @MuratAbdyldaev-qv6ol 2 місяці тому +1

    Жаны жаннатта болсун.
    Арты кайырлуу болсун

    • @DoorovT
      @DoorovT  2 місяці тому

      Рахмат

  • @user-kb4ru8xu2l
    @user-kb4ru8xu2l 7 днів тому

    🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-rm8dz2fc8x
    @user-rm8dz2fc8x 2 місяці тому +1

    Аллахым жайын жаннаттан кылсын

  • @user-kj8wv7lb5p
    @user-kj8wv7lb5p 2 місяці тому +4

    😢😢😢 эненизди оз колунуз менен туболук жайына койупсуз . Ушул дагы шугур . Акыркы убактарда топурак салганга дагы жетишпей жада калса 2020 жылы пандемия учурда бара албай, суук жузун дагы корбой калгандар канча болду . Энениздин жаткан жери жайлуу, кабыры нурлуу болсун 🤲🤲🤲.

    • @DoorovT
      @DoorovT  2 місяці тому

      Рахмат🙏

    • @user-rb7ms2rz9r
      @user-rb7ms2rz9r 2 місяці тому

      Эмнеге суук жузун

    • @user-kj8wv7lb5p
      @user-kj8wv7lb5p 2 місяці тому

      @@user-rb7ms2rz9r суук жузу,, деген - о дуйного туболук жайына кетти дегендик

  • @doolatkanzhumabaikyzy4187
    @doolatkanzhumabaikyzy4187 2 місяці тому +2

    😢 энениздин жаткан жери жайлуу болсун! Бул чыгарманы угуу ото оор болду...

    • @DoorovT
      @DoorovT  2 місяці тому +1

      Рахмат, Дөөлөткан! Бир жерде калсын деп окуп койдум...

  • @user-kw8gc3gc8j
    @user-kw8gc3gc8j 2 місяці тому +1

    ❤❤❤

  • @ilim_1_bilim
    @ilim_1_bilim 2 місяці тому +2

    Ийгилик жакшы нерселерди чыгарасыз угуп турабыз

    • @DoorovT
      @DoorovT  2 місяці тому

      Рахмат🙏