Алыкул Осмонов: Адамзат

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 15 лют 2020
  • Автор: Алыкул Осмонов
    Аталышы: Адамзат
    Окуган: Самара Акылбекова
    Даярдалды: “АКС Медиа” продакшн студиясы
    STIШОК - аты айтып турганай эле, белгилүү жана аты көпчүлүккө кеңири тааныла элек акындардын ырлары жайгаштырылган канал. Эң башкысы мааниси терең, көпчүлүктүн купулуна толгон ырлар жайгаштырылат. Башкы максат поэзия сүйүүчүлөрүн кубантуу. Буга чейин кагаз бетинен окуган ырларды эми жагымдуу музыканын коштоосунда угуп, ырахат алсаңар болот.
    Жаңы ырларды өткөрүп жибербөө жана баардыгынан кабардар болуп туруу үчүн биздин каналга жазылыңыздар. Ошондой эле өзүңөр жазган же жактырган ырларыңарды “пикирлерге” калтырсаңар болот. Мүмкүн дал ошол ыр биздин каналдан орун алат.

КОМЕНТАРІ • 4

  • @user-wm2uv8go8b
    @user-wm2uv8go8b 4 роки тому +2

    Сонун

  • @ayanamuslim827
    @ayanamuslim827 4 роки тому +8

    Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
    Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
    Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
    Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
    Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
    Адам деген картайгыч тура бечара
    Олуя табып Улукман аке дарысы,
    Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
    Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
    Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
    Дары чөптү ичирейин дегеним:
    Адам деген оорукчан тура бечара.
    Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
    Адамдын жаны сатылып турса базарда.
    Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
    Өзүм албай берер элем адамга.
    Жандарына жан кошоюн дегеним:
    Адам деген көп өлгүч тура бечара.

  • @sbertliubov6569
    @sbertliubov6569 2 роки тому

    адамзаттын камын ойлоо КУРАН мааниси.

  • @user-ve8ho9et9f
    @user-ve8ho9et9f Рік тому

    Замзамдын суусу деп жазган болсо керек?