"АЁО" Сөзү. Кубанычбек Маликов. Обону. Канымгүл Досманбетова. Кылычбек Бекишовдун аткаруусунда.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 16 жов 2024
  • Көйкөлүп жаткан шиберди,
    Көп көрүп тепсей баспагын
    Күзгүдөй тунук булака,
    Топурак уучтап чачпагын.
    Кумурска майда экен деп,
    Тебелеп жана жанчпагын.
    Чабалга чоңдук көрсөтпө,
    Чын эле сага айтканым.
    Аягын назик гүлдөрдү,
    Аягын мукам үндөрдү.
    Өзгөчө жаным аягын,
    Элжиреп сен деп жүргөндү.
    Каарына асты карабай,
    Кан жаны сени сүйгөндү.
    Өнөкөт кылба жашыңдан,
    Орунсуз кабак түйгөндү.
    Дүйнөдө назик нерсе көп,
    Баарынан назик бул жүрөк
    Сүйгөндү билбес мүнөздөп,
    Сезимиң жанды бүлдүрөт.
    Жалындуу жанды суутуп,
    Өчүрүп кээде үлгүрөт.
    Катпасын менин жүрөгүм,
    Калбасын сезим үлбүрөп.
    Адамга бүткөн таалайдын,
    Назиги жүрөк турбайбы.
    Жүрөктүн тунук сезимин,
    Жан менен коргоп ырдайлы.
    Кырсыкты гүл деп көрсөтүп,
    Кыянат жашка кылбайлы.
    Ашыктык сүйүү нукура,
    Бакты экенин ылгайлы.
    .

КОМЕНТАРІ • 22