КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков 50 жашка толду

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 14 лют 2020
  • Бүгүн, 15-февраль күнү Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 50 жаш курак юбилейин белгилеп жатат. Машыктыруучуну юбилейи менен биринчилерден болуп Айсулуу Тыныбекова баш болгон Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү куттукташты.
    Белгилей кетсек, машыктыруучунун туулган күнү Ысык-Көлдө шакирттери менен окуу-машыгууда жүргөн учурга туш келди. Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда 2020-жылдын 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) өтүүчү Азия чемпионатына даярдык көрүп жаткан учуру.
    «Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Нурбек Изабековго алтын жалатылган Apple Watch саатын белекке беришти», - деди КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев.
    СССР спортунун эл аралык чебери жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусун кутман курак 50 жашы менен Канат Аманкулов жетектеген Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты куттуктайт.
    «Урматтуу Нурбек Канатбекович,
    Мамагенттиктин жана өзүмдүн атыман туулган күнүнүз менен куттуктайм!
    Кыргызстан эгемендүүлүк мамлекет болгондон тарта кыргыз спортчуларынын жетишкендиктери эл аралык денгээлде жыл сайын өсүп жатат. Эл аралык спорттук аренада Сиздин өлкөнүн имиджин көтөрүүдө кошкон салымыңызды белгилеп кетпесек болбойт. Сиз Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшү боюнча алдыңкы машыктыруучу болуп саналасыз. Сиз өлкөнүн негизги курама командасына кирген перспективдүү спортчуларды тарбиялап жатасыз. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Эл аралык класстагы КРнын спорт чеберлери бар. Окуу-машыгуу жыйындарында Сиз жаш машыктыруучуларга жардам жана колдоо күрсөтүз, ошондой эле жаш спортчуларды тарбиялоодо чоң көңүл буруп келесиз. Кесиптештер жана спортчулар Сизди сыйлап урматтап келишет. Сиздин жашоо жана кесибиңиз спорт менен байланышкан. Машыктыруучулук кесибиңиз ийгилик менен коштолуп келе жатат. Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө чемпионатындагы жеңиши Сиздин эмгегиңиздин жыйынтыгы. Бүгүнкү туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана бекем ден-соолук, бакыт каалайбыз»!
    Машыктыруучу тууралуу кыскача маалымат:
    Изабеков Нурбек Канатбекович 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. 1989 - 1991 -жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
    1992 - 1996 жылдар аралыгында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетде билим алып «Экономист» кесибине ээ болгон. Ошол эле убакта эркин күрөш менен машыккан. Эркин күрөш боюнча СССР улуттук курама командасынын мүчөсү болуп жаштар арасында мелдештерде төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтө алган:
    1988 -жылы жатак спорт мектептер арасында СССРдин чемпиону;
    1988 -жылы жаштар арасында СССРдин биринчилигинин коло медалынын ээси жана Бүткүл союздук жаштар оюндарынын коло медаль ээси болгон;
    1989 -жылы жаштар арасында СССРдин биринчилигинин коло медаль ээси;
    Эркин күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасын мүчөсү катары төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтө алган:
    1995-жылы Азия чемпионатынын күмүш медаль ээси (Манила шаары, Филиппины);
    1999-жылы Азия чемпионатынын күмүш медаль ээси (Ташкент шаары, Өзбекстан).
    КРнын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданы 2010-жылдан бери жетектеп келет.
  • Спорт

КОМЕНТАРІ •