Дарина Үсөнова - кыргыз Грета Тунберг!

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 21 лют 2024
  • Ысык-Көл облусунда Кара Ой айылынын 11 жаштагы тургуну Дарина Үсөнова жаныбарларды коргоо боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккан. Бул идеяны ишке ашырууга Европа Биримдигинин DigiKonush долбоору көмөк көрсөттү. Тиркеме маалымдоо жана интерактив болуп эки бөлүктөн турат. Маалымат жагында кызыл китепке кирген 8 жаныбар, алардын ичинде аркар, кызыл карышкыр, ак илбирс, күрөң аюу тууралуу маалыматтар киргизилген. Ал эми интерактив бөлүгүндө мобилдүү оюн ойносо болот. Бул балдар үчүн абдан кызыктуу. Мобилдик тиркеменин максаты - жаш муунду экологияга аяр мамиле жасоого үйрөтүү.
    “Эл кызматында. Кыргызстандыктар бири-бирине кантип жардам берип жаткандыгы жөнүндө таржымалдар”. Жетинчи эпизод. “Дарина Үсөнова-кыргыз Грета Тунберг”.
    Бул видео материал "Медиа Өнүктүрүү Борбору" коомдук фонду жана Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы менен биргеликте "Strong Civil Society Makes a Strong State Campaign" долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен даярдалды.

КОМЕНТАРІ •