Эрте тургандын этеги алтынга толот | Сапаргүл Абдинабиева
Вставка
- Опубліковано 16 жов 2023
- #Сапаргүл_Абдинабиева
"Эрте тургандын этеги алтынга толот" деген кыргыз макалы мага эң жаккан, мааниси терең макалдардын бири. Бүгүнкү видеомдо мен таңкы ритуалдар, убакытты туура пайдалануу, таңкы тамактануунун орду жана биздин күнүмдүк адаттарыбыз тууралуу маалымат бөлүштүм.
Таңыбыз дайыма ырыскылуу жана берекелүү болсун!
Урматым менен,
Сапаргүл.
Инстаграм баракчама шилтеме- instagram.com/sapargul_abdinabieva?igsh=MzRlODBiNWFlZA==
Телеграм каналыма шилтеме- t.me/SapargulAbdinabieva
Эрте тургандын этеги алтынга толот деген сөз менен эрте турууга максат койдум адатка айлантам абдан маанилүү сөз экен,жүрөгүмө жакты❤
Белегин жашоондо белек болсун!
Ар дайым журогуно керек болсун!
Билим алып,атасындай кыргыз элге,
Жана да уй-булоно тирек болсун!🤲🤲
Атактуу атуул болуп кыргызыма,
Жана да сизге татыктуу уул болсун.
Аллахым озу колдоп бул омурдо🤲,
Жан шерик,апасына белек болсун.
Ар дайым сыйлап келген Уланды эл,
Жакшы корот сизди дагы Белек мн.
Мынча соонун ыр саптары ❤
🙏🙏🙏
Кызым быйыл 1-класска баргандан баштап ,5те туруп атабыз ,мен турганда баары артыман турушат,кичирээк балдарымды уктай турса экен,тынчтыкта озумо конул буруп алайын дейм,болушпайт.Бирок жакшы адаттарды калыптандырдык.5-7ге чейин жуунуп,таранып,дене конугуулорун жасап танкы тамактануу кылып бутобуз.10го чейин калган каткан уй жумуштарын кылып бутосун.Андан кийин кечке коп убакыт болот.Айтайын дегеним танкы ырыскы,тандын берекеси деген создор бекеринен эмес экенине иш жузундо ынандым.Баардыгыныздарды кун чыкканча турууга чакырам!😊😊
Саламатсызбы, Чынара. Сиздин таасирдүү комментарийиңизди абдан жактырдым, жеке кат жазып коесузбу, сизге китеп белекке берейин дедим эле.❤
@@sapargulnabiсапаргул мага дагы берчи синдим? Сенден белек алгым келет
Саламатсынарбы. Атым Нурзаада. Эртен менен тошокторду жыйуу- Бир ишти бутуруу деген ассоциация бергени жакты. Негизи эле озубуздун кылган бутургон майда болсо дагы иштерибизге конул Бурсак озубузго баабыз которулот. Эртен менен тамактануу керек! Сапаргул айткандарындын баарына кошулам.
Саламатсызбы Сапаргүл ишиңизге ийгилик дсоолук уулуңуз м-н бактылуу болунуз биз сиз м-н сыймыктанабыз суктанчу айым апасыз сиз м-н жолугуп сүйлөшкүм келет сиз сыяктуу айым м-н жакындан тааныш болгум келет
@@sapargulnabi❤😂😂
Китепти коп окуган, сабаттуу адамдын суйлогону баарыбир башкача болот экен. Рахмат сага Сапаргул!!!
Туура айттыныз ☺️💯
Ооба укканга кадимкидей жагымдуу болот экен
Эртен менен Намазы жоктун куну берекесиз,кечки намазы жоктун туну берекесиз,5убак намазы жоктун жашоосу берекесиз.,урматтуу мусульман бир туугандар !ушунча билимдуу чон кыз ..илим алышыныз керек Дин илимин !
Мүмкүн түнү туруп тахаджут, эрте менен багымдат намаз окуп жүргөндүр бизге айтпай😊. Жакшы ниетте бололу🎉
Мындай акылдуу айымга акыл айткандан уялыш керек.Кудай менен болгон байланышын копчулуко айта беришпейт коп адамдар мактанып.
Эн туура окуп жургондур алтын кыз
Ушинтип эле акыл айтканды токтоткулачы, дин бул адамдын ички дүйнөсү, адеп-ахлагы, маданияттуу адамдар кудайга кантип сыйынып атканын, ичип-жегенин, үй-бүлөөсү менен мамилени көчөгө жар салбайт.
@@altynsadykova3103эн тура айттын бири бирибизди чукулап тура албайбыз жакшы соз жазып отуп кете бер болбосо укпай кой
Рахмат, абдан керектуу пикирди айттын, чындыгында эрте туруп бир саата туруп,бир саатта жаткан кандай жакшы, мен дагы ушул адатка тушо албай журом,буйруса натыйжа чыкканда болушомун
Улан жубай тандоодо эч жанылбаптыр.Акылдуу,мээримдуу ,ар тараптан онуккон билимдуу инсан.
Эрте таңда эртелетип ойгонуу,
Эшик ачып, кыялданып толгонуу.
Эринбестен китеп окуп ойлонуу,
Эс акылдын ийгиликтүү болжолу.
Жараткандын жакшы көргөн жолдору,
Жаркын жашоо келечекте болгону.
Азаматсыз 🎉🎉🎉
Аллахым ыраазы болсун сенин суйлогодорун абдан жагат ушунчалык так суйлойсун кыргызчаны.
Кыргыздын акылдуу, элге улгу жана энергия бере турган кызы 👍❤️
Белек,атасынан ашкан,улутуна кереги тийген ,кыраан жигиттерден болсун!🤲🤲🤲
"Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?" Зумар сүрөсү 9-аят. Ошол аятка дагы бир далил. Чынында окуган жана окуганын пайдалуу колдоно билген инсан мыкты деп билем. 🥰 Сизден үлгү алсак арзыйт. Келечегиниз кең болсун 💞
Сизди коруп, ар бир сөзүңүздү кунт коюп уккум эле келе берет.
Сиздей адамдар дуйнодо миңден бир болсо керек же млндон бир 😊
Окууларыңызга ийгилик, ден соолукта болуңуз 🤲
Сапаргуль чон рахмат! абдан жакшы кором эртен мененки убакытты озумдун онуугумо сунуштаган)
Кандай суудай тунук таза суйлоп жатасыз кыргызча)) ушундай таза суйлошко аракет кылыш керек! Чон ырахмат сизге❤
Аябай маанилуу. Озгочо жансын Сапаш!Улгулуусун,мээримдуусун.зээндуусун.Кандай адам тороду экен сендей кызды.Деги суктанып бутпоймун!Аллахым колдосун!❤❤❤
Маша Аллах
Аалах раазы болсун жакшы соз айткандарга
Кандай кана токтоо, сабырдуу, акыл эстуу айымсыз Белектайыныз менен кайда журбонуздор бар болунуздар ❤
Жалгыз , бир бала менен жашаган башкачараак. Өзүңдүн тартиптеринди киргизе аласың. Жолдошун 4 балаң менен жашаган башка. Туруп эле төшөк жыйнай албай каласың мисалы. Жолдошун чарчап келип уктап жаткан болушу мүмкүн. Баарын тургузуп алып терезени карап жаратылышка суктанып отуралбайсын ,бирөө ыйлайт, бирөө сиет , бирөө тамак сурайт . Бирөө чала уйку болуп ыйлайт аны барып уктатасын мисалга
. Кечинде аржак бержакты жыйып , кирлерин жууп жайып ,эптеп жыгыласын кун кечке балдар м н чарчап. Эртен менен тан атпай турасын кайра баягы корунуш башталат. Балдардан ,тамак ашынан ,куйондун капоиздеринен кол бошобой калат чындыгында. Мен болбой эле аракет кылам ,бирок туйшук менен кошо жеке онугууну айкалыштырам деп жатып ушундай чарчап калам.
Кыска жана нуска ток этээр маалыматтар менен бөлүшкөнүңүзгө ыраазычылык билдерем.
Сөзүңүзгө толук кошуламын. Мен жеке тажрыйбамдан айтсам, эрте турууну эң жагымдуу өнөкөткө айландырып, таңды тосуп алуудан дагы да ырахат ала билүүнү үйрөндүм.
Эрте кыйналбай туруу үчүн, маанилүү болгон түнү бирдей убакытта жатып дароо уктап кетүү болду. 21күндүк үзгүлтүксүз аракеттин арты менен жаңы ымыркайымды төрөгөн соң адатка айландырдым. Түнү уктай албай ойго батып же китептин ичине кирип кетчүүмүн. Кызыма бирдей ритуал кылуу максатта өзүм да тарбияландым. Жумушум, окуум баарысы Laptop менен гана болгон го, физикалык чарчоону көздөп, спортту жашоомо коштум. Уктаарда атайын тандалган пианино классика музыкасы менен уктап үйрөндүм. Караңгы кылып уктагандын пайдасы көптүгүн байкадым. Таң эрте менен азыркы убакта дароо жарык кылбай терезеден таңдын атканын кызым экөөбүз сейретебиз. Жаш балага эле эмес жаратылыш кубулушу магада абдан кызык боло баштады. Таң мен үчүн кофенин жыты менен башталчуу, азыр болгону жылуу суу менен гана башталат. Таңкысын бөлмөлөрдү желдетип, эшикке чыгуу көнүмүш адат. Айтоор декрет убакты да эффективдүү пайдаланууда эрте туруу эң маанилүү экендигин айткым келди. 😊
Мага өзүң окуган китептерден берчи же айтып койчу кайсы китептерди таап окуюн😉, кеч жатып кеч тургандан тажап кеттим😩 ал эми видеолоруң үчүн чоң рахмат!🙏🏻🙏🏻🙏🏻😘😘😘🤗🤗🤗🥰😇😇😇
Мен да эрте турган адамдардын катарындамын. Саат 8ге чейин уйум жыйналуу, танкы тамагым даяр болот. Анан менин адатым уйумду жыйнап иреттемейинче завтрак кылбайм
Кудайым ай анда үйүңүздө бала жок болсо керек да
@@Multik665 3 балам бар
Кыйын экенсин..
Ассалому алейкум Кыргыз элим...Мен эрте менен турам себеби Жараткандын парзы болгон багымдат намазды окуп.Кузгуну карап бетиме массаж жасайм болгону 7мин убакытынызды алат,не деген менен аял киши айрыкча 35жаштан кийин бетине кам коруу керек...Анан дене бул Кудайдан берилген аманат деп 10мин конугуу жасоо менен анан кунумду баштайм...Келиниздер эрте менен турганда Жаратканга Шугур кылып,озубузду суйуу менен аз омурдо бири-бирибизди тушунуп жашайлы.Баарыныздарды жакшы кором❤❤❤
Өтө пайдалуу видео болуптур. Акылдуу аялсың, Сапаргүл!
Ма ша Аллах,сиздей билимдуу эне болгум келет,билимдуу эне кенен келечек,ишинизге ийгилик,жана бакыт каалаймын,дагы да кутуп калабыз❤
ОН БИР ЖЫЛ БОЛДУ СААТ ЭРТЕН МЕНЕНКИ АЛТЫДА ТУРАМ. АЛЛАХЫМДЫН ЫРЫСКЫСЫНАНГО.
Багымдат намазынын эки ирекет сүнөттү дүйнөнүн баардык жакшылыктарынан жакшы деп Аллах айтып койгон!
Кантип ушундай билимдуу, илимдуу болом я🤔 Азаматсыз ийгилик сизге ❤
Айтпа азыр окусам азыр унутуп мээ болбойтат
😂😂😂👍👍👍
Кутман тан Сапаргул синдим❤Мен тан эрте саат 5-туруп,терезе ачып тазаа абадан дем алдым. 10-жыл болду Сергек жашоону тандагам. Адатка айланган (привычка) саат 5 те ойгоном. Шашпай жуунуп анан 50-60градус температурадагы сууну ууртап ичем. Жылдын мезгилине жараша кийинип, керемет кооз жерди тандап алгам ошол жерге жетип, башыман бутума чейин конугуулорду жасайм,5-км басуу техникасы менен басып(ходьба) укмуш сонун энергия (кундон,бак дарактардан, чымчыктын сайрашы, тазаа аба)алып кайтам. Келип дагы бир кружка суу ичем. 30-минутада завтрак даярдап отуруп тамактанабыз. Танды тосуп... Жараткан Кудайыма мин мертебе чексиз Шугур кылам. Озумо уй булоомо, туугандарга...эл журтума ден соолук,аманчылык...жакшылыктарды тилек кылам. Мактанчылык эмес...10-жаш жаштыгымды сактап калдым...Сурап калган адамдар да 10-12жашартып беришет. Басып жургондон бери Жаратылыш менен байланышып Илхом келди. Жаратылыштан козумо эмне корунсо,уксам(кок асман,булуттар, чымчыктын сайрашы,баканын сайрашы)ыр саптар келет. Бирок жазып койбойм. Слух менен комуз чертип ырдап уйронуп алдым. Кайсы ыр жагып калса текст жазып алып,комузка салып бир жумада так ырдап калам. Айымдар мен да сиздерге мотивация берип кетейин. Эринбей жылдын кайсы мезгили болбосун(жай,куз,кыш)басыныздар. Химиялык дарылардан арыласынар,ден соолугунар чын болот. Тан эрте турган адамга Кудайым ырыскы чачат...берекесин берет. Кечирип койунуздар том кылып жазып койдум. Сапаргул синдим, видеонду аягына чейин кордум. Сонун мотивация бердин. Уулун экоон бак таалайлуу болгула❤❤❤ Катталып койдум,койгон видеолорунду коруп турам.
Бар бол,уулуңдун маңдайында аман бологой!👍🥰😊
Билим бул - Кенч, Булак , Ошол нерсенин отосуно жетуу эн чон талыкпаган эмгек ! Ошол эмгеке озун Гана эмес балакайынды кошо жетелеп жол корсоткон сага жана сени тарбиялаган ата энене таазим Сапаргул мен сенин такай угуучун Москвадан Гулбарчын❤
Жаным менин соонун сабак болду ❤
Мага эң жаккан жери "эрте менен тургандын этеги толот деген жери жакты .Негизи эле университетте философия сабагын өткөндө көп эле темаларды илимий ачылыштарды кыргыздар эки сөз менен эле чечмелеп койгонун көп салыштырып,өзүмчө ойчул берчүүмүн.
Эрте турууну мурда колдонуп таштап койгон болчумун .Эми кыш мезгилинде оңой болот деп ишенем.💁♀️Меники намаз жан дүйнө үчүн, китеп акыл үчүн ,үчүнчүсү дене көнүгүүлөрү болот буюрса ❤ .Сизге пайдалуу маалымат үчүн ыраазычылык 🌷🌷🌷
Ооба эрте менен туруп терезени ачуу сүннөт(Пайгамбарыбыз (САВ)дин жашаган жашоосу) азаматсыз жашооңуз берекелүү болсун!!!
Ээн идеалдуу айымсын , Белектин мээримдуу апасы .
Кыргызстанда силердей акылдуу, алга жетелеген, ийгиликтуу, билимдуу, иштерман, чечкиндуу, адамдар коп болсун Америка бы кайда болсон уз да жолунар шыдыр жолдошунар кыдыр болсун аман эсен Кыргызстан га насип кылсын АМИИН Сахалин тени салам!!!
Иий садан кетейин Сапаргул алтыным рахмат Белек экоон жакшы журосунорбу керемет кенеш Аллахым ыраазы болсун сиздерден
Эң соонун мотивация болду мен учун!Негизи мен да эрте турган адамдардын катарына кирбейм.Бирок Эртең жумуш дегенде же эртен мененки пландаштырылган иш чарага өз убагынан эрте туруп,шашпай даярданып,шашпай чай ичип,маршруттук таксиге да шашпай тушконду,оз убагында жетип барганды жакшы кором.Кечиктим дегичекти менде поникаа башталат,такыр сабырым жок,анан соссуз маанайым кечке чейин жок журом.Ошол нерсени эстегенде,кой деп эрте турам.Балалыгым кобунчо жайлоодо отту.Ата-энем 4тө эле турат.Папам боз уй жылысын деп бизден жарым саат мурун туруп от жагат,Мамам бизди ойготуп чакаларды которуп алып уй сааганга жонойбуз.Асмандан ай кете элек,карангы эшик,ушуп уйдун жылуу жунуно башымды жолоп алып уй саачумун.4-5ке чейин уй саачубуз 15уй.Анан 5-6га чейин уй айдап келчубуз,элдер ошондо от жагып жаны уйларын саап атканда биз сут тартып отуруп калчубуз.7жарымга чейин чай ичип буттуп,Папам 8де койду жайып кетчу.Мурун тушбоптурмун тандын ырыскысын,эми чонойгондо тушунот экенсин.Эмнеге эрте турушат,уктатып койсо боло дечу элем,Корсо ата-энем эмгекке тарбиялачу тура.Азыркы убакка чейин ата энем ушундай,деги бир 8ге чейин уктаганын коргон жокмун.Кудайым ошолордун омурун узун кылып,ден соолук,куч кубат берсин❤❤
Сапаргул акылдуу келин ,бакытты бол сени жакшы коробуз.Баландын урмат сыйын коруп жур ,ар дайм.
САПАРГУЛ СУЙЛОО БАЙЛЫГЫН ОТО КУЧТУУ КЫЗЫМ ,БАКТЫЛУУ БОЛ
Сапаргул синдим балан Салихалуу эр азамат болсун,Улан Эгизбаев каза болуптур деп укканда,эч бир тааныбасам да денем муздаган.Жакшыны жакшы деп айтканды билиш керек,сенин эфирлерини коруп кандай акылдуу айым дедим.Ар дайым ушундай эфирлерди чыгарып тур.Аллага аманат кылдым...Баланды ооп кой❤❤❤❤❤❤❤
Сени ушунчалык сыйлап калдым Жана сабак алып жатам ❤кайда болбо Аман эсен жур ❤
Чоң рахмат сыйыңызга.🌺💚
Ассаламу алайкум чоон ырахмат Аллах ыраазы болсун!Сонун корсотуу болуптур ишинерге ийгилик!Хадистин маанисинде келет"Аллах Таъала ар бир пендесине эртен менен кун чыкканга чейинки убакта эрте танда бир белек берет"-деп.Демек эрте турбаган ошол белектен кур калат, бирок муну оздору сезишпейт!☝️♥️🌸
Эрте менен туруу эн жакшы Кудайым эрте турган адамга коп ырыскы берет,кунун берекелуу болот
Сизди ар дайым кутуп кором жана абдан сыймыктанам,бир эле учурда абдан назик,мээримдуу,боорукер аялзаты,коп коп ийгиликтерди жаратып,биздин кыргыздын кыздарына улгу болуп келесиз, окууларынызга албан ийгиликтерди каалаймын!
Эн сонун🙌🏻
Мен бул "Эрте тургандын этиги алтынга толот" деген макалды биринчи жолу угуп жатам. Эрте туруу аркылуу адам омурун абдан продуктивдуу кыла алаарына ишендим. Сизге сон Рахмат. Мындан кийин мен да эрте турууну адатка айлантам
Азаматсын ылайым баландын,сенин омурунорду узак кылсын аллахым🙏🙏🙏омурунорду уландын омуруно окшотпосун аллахым🙏🙏😡
Эн сонун мотивация. Бар бологой🤲💕
Ассалам алекум эжем сиздин жылайганыныз мага ото жагат.Эн соонун керектуу, пайдалуу ар бир созунуз. Мени танга мал багымдат намазга бироо келип ойготкондой болот. Аллага шугур дагы бир танды коруп турганыма деп. Кузгуну карап Алла мени озгочоо суулу кылып жараткансын.Эмин менин журогумду, адеп ахлакгымдыда суулу кылдеп. Жылмайамын ар бир мучолорумо, жаныма рухма ыраазычылык айтам. Анан жолдошумду карап жылмайып жумушуна узатабыз.Балдарыма карап жылмайып жылмайып кучактап мектепке балабакчага узатабыз.Анткени эн биринчиден кулудум. Журогум нервный системаларыда бир кун кечкечейин жылмайат. Жылмайган бул сунот.Ар бирибиз жылмайып суйуго мээримге толуп жашайылы. Ар биринерди аябай жакшы кором. Озгочо эн суулу жаандарсынар❤❤❤
Аябай чоон тарбия алдым ❤❤❤
Ото соонун кенеш бердин
Ыраазымын❤❤❤
Сапаргул азаматсыз, коп пайдалуу кенештерди бердиниз
Эжеке ар бир маалыматыныз алтынга тете.Мен учурда англис тилин уйронуп жатам.Сизден чет олконун университетине,колледжине отуу учун кайсы программалардан отуу керек,сайттарын,китептер боюнча кенири маалымат алгым келип жургон❤
Эн соонун❤ акылдуу сөздөр.
АНАНАЙЫН АЛТЫН КЫЗ БЕЛЕГИН МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛ. КУДАЙЫМ КОЛДОСУН. ЖАКШЫЛЫКТАРЫН КОП БОЛСУН. ОЗУН ЭЛДИН КЫЗЫСЫН. КЫРГЫЗ ЭЛИ УЧУН АБА МЕНЕН СУУДАЙ КЕРЕКСИН. АМАН БОЛ.
Абдан жөнөкөй, жалпак тилде сонун маек болуптур. Негизи эле кыргыздын макалдары, азыркы учурдагы мен кыйын деген коучтардын китептеринин, эмне деген тренингдеринин бир сөз менен чечмелениши экен. Мисалга алсак мага Ч.Айтматовдун "Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу" деген фразасы абдан жагат. Мунун артында эмне деген философия жатат. Күнүгө ушул фраза менен күндү баштаганга аракет кылам. Себеби көптөгөн туура эмес ойлордон, туура эмес иштерден коргоп тургансыйт. Чынында эң кыйын, ар бир кырдаалда адам бойдон калуу. Андыктан үйдүн чыга бериш жерине, жумуш ордуңа кагазга жазып чаптап койсо, кадимкидей жүрүм турумду оңдоп түздөп турат.
Эң соонун .мен балдарымды көп шаштырчумун.Чоң пайда алдым эми эң биринчи баарына өзүм даяр болуп кийин барып балдарымды үгүттөгөнгө аракет кылым иншаа Аллах буюрса
Саламатсызбы, мен эртен менен эрте турам бирок туруп эле телефон караган адатка айланды, сиздин видеонузду коруп эртен мененки танды туура пайдалунууну ойлонуп жатам… негизи эле сиздин видеолорунарды коруп балдар менен коп маектешууну баштадым. Сиздин ар бир видеонуз пайдасы тийип жатат.. Сизди уккум эле келет кечке… аябай жагымдуу жеткиликтуу суйлойсуз.. Уулунуз менен бар болунуз, аман болунуз…
Эн сонун Сапаш сени жакшы коробуз,ар дайым сени кудайым колдоп журосун.
МАА шаа Аллах кереметкооо
Кыйын экенсин керемет создор рахмат ❤
Эрте менен турганда 2 саат соц тармактарга кирбей ,маанилүү иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн колдонуу сунушунуз аябай жакты.Түрдүү маалыматтар дын натыйжасында жаралган эмоциялар энергиябыздын алып коюшу тууралуу эми билип жатам.Ушул ыкманы мен да колдономун,буюрса.
Мен дагы коп окуйм ушул китепти👍
Жаркыраган акылдуу ,тугонгус акыл байлыгы бар кыз экен ! Акактай таза энергиясы бар
Молтур булак десем да жарашат ! Уландан калган Белектин апасы ,
Сапаргуль айым баланыз мн бактылуу болунуздар !
Абдан таасирлендим !
Аллах Таалам сиздерден жакшылыктардан аябасын !
🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲
Сизге жана баланызга ийгилик! Койгон пландарынар женил аткарылып, алдыга гана жыла бергиле! Сизди коргон 90% адам озуно мотивация, энергия алат.
Сизди угуп озумо энергия аламын коп коп чыга бериниз❤
Сапаргүл сага ден соолук , ийгилик!!!
Акылдуу,оор басырыктуу,сүйлогөн сөзүн орундуу жакшы кызсын.Белегин өмүрлүү бала болсун.Өзүнө ден соолук каалайм!
Эн сонун маалымат! Менин жашым 63 жашта. Бирок ошого карабай мен англис тилин уйронуп окуп жатам. Сапаргул сен айткандай эрте менен туруп эле англис тилин окуп создлрду жаттайм. Эрте мененки окуган маалыматтар эстмде жакшы сакталат. Рахмат иштерин ийгиликтуу болсун! Билимдуу кызыбыз менен сыймыктанам ❤😮
Рахмат алтыным сизди жакшы көрүп калдым, мен да англис тили менен алектенген инсанмын. Бир аз англис тилинде суйлоп койунчу уккум келди сизди. Өтө баалуу маалыматтарды алам❤❤❤❤
Эң негизгисиси токтотпой чыгарыңыз сабактарды. Бизге пайдалуу болуп жатат. Бизге билимимибиз жугумдуу болсун, сизге күч кубат!
Сизге дагы чоон рахмат.Билгенинизди дайыма тен болушуп келесиз.Аман журунуз.
Вы большая молодец, гордимся вами ❤
Чоон ырахмаат сизге 🥰
Кызым,рахмат сага,ооба сендей билимдуу адамдар азыраак,сенин бул сапатын коп жаштарга улгу болот,максаттарын орундалсын,каракулжалык апан
Аллахым ыраазы болсун
Сизди коргондо эле эмнегедир китептерди эле элестете берем а унунуздон кадимкидей тынчтык жай баракаттык тазалык ирееттуулук сезилип жакшы маанай тартуулап турат. Деги эле кичинекейимден китеп жонундо суйлогон коп окуган адамдарга суктанып бутпойм озумда окуганды жакшы коргондон болуш керек узак убак декретте отуруп китептерден алыстан кетип эч эле окуп баштай албай жаттым эле бул видионуздан тушко чейин соц.тармактарды карабайм деген эрежениз абдан жакты буйурса бугундон баштап колдонуп баштайм. Пайдалуу видиолор учун ыраазычылык!
Чоон рахмат,абдан пайдалуу маалыматтар экен!
Чоон рахмат❤
Рахмат чон❤
Сапаргул сенин ар бир берген интервьюларында ютуб каналыны чыдамсыздык менен кутом! Ар бир созун ото маанилуу, журогуму тынчтык алам, жашоо мэмиреп бир окандын ортосунда кайыкта сузуп бараткандай сезилет, раазымын сага,эки дуйно бактылуу бол! Омур токтоп тургандай сезилет!
Саламатсызбы ,ото сонун сабак экен мага аябай жакты,мен дагы мурда этажда турчу элем,уйкуга тойбочумун ,азыр Аллахыма шугур айылга кочуп келдик,мектеп алыс кунуго 6да турабыз азыр сергектик мага абдан жагып атат,бир туугандарыма тамашалап калам,мен чота каарып баштадым окшойт ,эрте турчу болдум деп😂
Албетте пайдасы тийди Сапаргул айым чоон рахмат сизге!!!!
Дагы дагы кутобуз!!!
Аллахым колдосун силерди🤲🤲🤲
Сапаргул, чоон рахмат сизге пайдалуу маалымат болду🌹. Эртее менен туруп коп ишти бутурсо болот экен. 👍🤗
Каналыныз оркундой берсин ийгилик
Соонун адат, бактылуусуз.
Эн соонун, азаматсыз!❤
Рахмат соонун кенештерге ❤
Чон рахмат пайдалуу кенештериниз учун!
Уулунуз экоонор ден соолукта болуп, бактылуу омур сургуло ❤
Рахмат сага, Белектин келечеги кен болсун . Сендей билимдуу энелер кооп болсун
Бар бол алтыным Аллахым жакшылыктарын айбасын ❤
Чындыгында мага абдан керек маалымат болду,рахмаат сизге.
Мен дагы озумдун устумдон коп иштеп,туруктуу болгум келет❤
Чоң рахмат!
Сонун кеңештер!
❤ ырахмат!
Сапаргүл,Белек экөөңөр аман эсен жүргүлө,силер элибизге ото керексинер ❤бактылуу омур сургуло🤲😘
Абдан соонун маалымат❤❤❤
Рахмаат ото сонун бар болун
Эн соонун создор
Рахмат Сапаргул эфиринди кайра кайра кутуп угам
маалымат учун сизге рахмат