КЫРГЫЗСТАН АФГАНГИСТАНГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
Вставка
- Опубліковано 20 січ 2024
- Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам көрсөттү.
Өткөн жылдын 7-октябрында Ооганстанда болгон табигый кырсыктын кесепети өлкө элине бир кыйла оорчулук келтирди. Андыктан Кыргызстан реалдуу жардам көрсөтүүнүн конкреттүү кадамдарына барууда. Өлкө жетекчилиги бийик трибуналардан Ооганстан менен алаканы бекемдөө зарылдыгын, аларга көмөк көрсөтүү демилгесин айтып, дүйнө коомчулугунун көңүл буруусуна коңгуроо кагууда.
Алсак, 2023-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун 75-сессиясында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан Ооган өлкөсүнүн тынч жана бакубат, туруктуу жашоосуна кызыкдар экендигин билдирүү менен кайрылуу жасаган. Ал эми өткөн жылдын 9-ноябрында Ташкент шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмунун Саммитинде, 20-ноябрда Минск шаарында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунда ооган элине гуманитардык жардамдарды берүү чакырыгы менен дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган.
Президенттин демилгеси менен зилзаладан жабыркаган өлкөгө Кыргызстандан 111 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. “Жардам кербенин” уюштуруп, ак жол тилеген министр, генерал-майор Бообек Ажикеев 2023-жылдын 29-ноябрында Ош шаарынан узатты. Ошентип ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеген куткаруучулар курамынан турган “жардам кербени” бир нече күндүк узак сапарга чыгышкан.
11 жүк ташуучу унаа менен 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк, ошондой эле Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому Өзбекстан аркылуу 2 күн жол жүрдү. Алгач эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар министрлери “жардам кербенин” Өзбекстан аркылуу коопсуз өткөрүүнү алдын ала макулдашышкан.
Ооганстандын “Хайратон” чек ара өткөрүү бекетинен Кыргызстандын убактылуу өкүлү Данияр Жолчиев тосуп алып, Герат шаарына чейинки провинция жетекчилерине жолугушууларды уюштуруп, куткаруучулар өз мекенине кайткыча коштоп жүрдү.
Дээрлик, 2700 чакырым жол жүргөн кыргыз куткаруучулары “жардам кербенин” 5-декабрда көздөгөн жерине Герат шаарына жакын жайгашкан Фаизабад кыштагынын жашоочуларына тамак-аш, кийим-кечелерин жана башка буюмдарды таркатып, медициналык жардамдарын беришти. Ал эми жардамдын калган бөлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылды.
1-декабардан 9-декабрга чейин Ооган өлкөсүндө жет титирөөдөн жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын “жардам кербени” өзүнүн миссиясын ийгиликтүү аткарып, мекенине кайтышты. Бул күндөрү кыргыз куткаруучуларынын коопсуздугун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алып турду.
Эске салсак, өткөн жылдын 7-октябрында Иран жана Түркмөнстан чек араларына жакын жайгашкан Герат провинциясындагы табигый кырсыктан 2 миңден ашуун адам каза болуп, 10 миңге жакыны жабыркап, миңдеген турак-жай жараксыз болгон.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Бошига Мусибат тушканда ёрдам кулини чузишка доимо тайор булган Багри кенг Кыргыстон Мамлакатимизга ОЛЛОХ доимо Узини Мехридан куймасин мен Фахрланаман Кыргыстон Элимдан...❤❤❤
Фура айдаган эркек жигиттерге чоон рахмат
Коруп ыйлап жибердим кыргызстан жардам берип жатат деп садыр жапаров алла ыразы болсун бут олкого жардам берип жатат
Берсин 30 жылда башка Олколорго Тилемчи еле болдук
Мен дагы😢😢😢😢😢
Алга Кыргызстан. Садыр Нургожоеевич колдойм сиздин !!!
Крассавчиктер президент Жана Камчыбек Ташиев 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍👍👍
Өлүкөбүз өнүп өсүп Мүктаж өлүкөлорго жардам берсин
Көрүп алып абдан кубандым
Коруп Кубанганымдан козмдон жашым агып кетти.Аллхым раазы болсун жардам бергендерге 🤲
Амииин йа Роббим Амииин йа Роббим Амииин!!!
Только сегодня увидела это видео,горжусь свом президентом,горжусь своим народом,алга Кыргызстан!🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Респект нашим кыргызским братям и сестрам из Узбекистана! Ма ша Аллах!
Биздин президент мыкты президент! Кыргыз эли кучтуу эл!!! Алга Кыргызстан!!!!
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев Кыргыз элим бизге Аллахым берсин ОМИИН ОМИИН❤❤❤❤❤ Кыргызым биз жардам берели мусульман бир туугандарыбызга❤❤❤❤❤
Аллахыма шүгүр
Президентибиз Кыргызстанды жардам алган өлкөгө эмес жардам берген өлкөгө айландырып атат .😊
КЫРГЫЗ ХАЛЫ СИЗДЕРГЕ АЛЛА РАЗЫ БОЛСЫН ,ЖАРДЕМДЕРИНИЗ АЛЛАДАН ЕСЕЛЕНИП ЖАКСЫЛЫК КЕЛСИН 🤲🤲❤❤🇰🇿🇰🇬
Талибандын тилин тапкан Ташиев, Жапаров аман болгула.эл аралык аренада кыргыздын аты жакшы жагынан тааныла баштады
Биздин акылман коргоч боорукер дипломат президентибиз САДЫР НУРГОЖОЕВИЧ ЖАПАРОВ АЛГА АЛГА АЛГА 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Бисмиллахир рохманир рохим аллахым кыргызстаныбызды ГУМ жардам албай кайра ГУМ жардам беретурган баай олкого айлантырсын❤❤❤
Мыны ушулар чындап жардамга муктаж, Алла раазы болсун Кыргызыман, Алла раазы болсо болду 😢😢😢
Баракелде Садыр ава Камчыбек ава Аллахым куч кубат силерге Кыргызстан онугуп кетсин 🇰🇬❤️💪
Я горжусь нашим президентом❤❤❤
Мамлекетти, саясатты, экономиканы, маданиятты туура жолдо алып бара жаткан инсандарга рахмат!!!❤❤❤
30 жылдан беери жеп ичбей иштешкенде зоокурлор азыркы кундо дуйно жузуно жардам бермек Кыргызстан
Аллахым Кыргызстан өнүп өссүн 👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍🤲
АЛЛААХ разы болсун Садыр Жапаров.Камчыбек Ташиевге ушундай жардам берген кушту мамлекет бололу.
Господи! Помоги президенту Кыргызстана!Пусть расцветает страна !Мира вам кыргызы!
Кагылайын кыргыз элим, жергебиздеги тынчтыкка,бакубат жашообузга шугур кылып ынтымакта бололучу.
Субахан Аллах Сүйүнгөнүмөн Көз дөн Жаш Кетти Аллахым ЫРААЗЫ БОЛСУН Сизден САДЫР НУРГОЖОЙВИЧ КӨП ЖАШАҢЫЗ ИНШ АЛЛАХ 🤲🙏
Аллаага шугур Кыргызстан дагы жардам бере турган денгээлге жетип калдык.
Кыргызымдын пейилинен айланам.❤.Кыргыз этим бар болсун.Садыр Нуркожевичибизге Аллахым раазы болсун болсун.
Аллах ыраазы болсун жардам бергенинерге. Оган эли суйунуп ундан нан бышырып жатканда эркек болсомда ыйлап жибердим.
Alhamdulillah
У мусульман нет нации, мы все братья я ❤ вас ради Аллаха
Жардам берген сайын онугобуз Ин Ша Аллах
Алга кыргыз елимдин Аажосу буткул жетекчилерге ийгилик каалайбыз мына кыргыздын елинен жардам
Маа Шаа Аллах Аллахым Кыргызстанды ар кандай кырсыктардан озу сактасын,кичинекей мамлекет болсо да Аллахымдын берекеси менен Казакстан,Россия Афганистанга жардам берип жатышат.❤❤❤❤❤❤❤,
АЛЛАХЫМ БЕРДИ КЫРГЫЗГА🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍❤🤲👳♀️
Бар болгула Кыргызымдын батыр агалар
Киргизтанм мни жантим мэним ❤❤❤❤❤❤
Ынтымак , ыраазычылык бар жерде онугуу болот.
Абдан туура иш жасады С. Нуркожоевич , К. Кыдыршаевич 🙏🙏👍👍🎉🎉🎉
Молодец Отто Сонун болуптур Жардам берип,Дуйно жузундо Тынчтык Болсун Омин,
Кыргызстан алга
Аллахым боодо кырсыктан сактасын.биздин ажообузга жана мчс кызмаатына рахмаат.
Жарайсынар эки дос. Кыргыздын айколдугун корсоттунор . Коралбастар жаман оюнардан кайткыла эми . Озоктон чыккан орт жаман / оздон чыккан жат жаман / дейт . Бир кокуч Кыргыз бир муштум болсок /дуйнодо алдынкы олколорго кошулсак болот . Алга Кыргызстан .
Алганга караганда берген кол жакшы, оо аллахым кыргыз элиме кыргыз жериме тынчтык, оомат элиме ыйман, ынсап, маданият, ынтымак берекоор. 🤲🤲🤲
Аллаху Акбар ☝️
Жардам бергенге Аллахым жардам берет.
Садыр Жапаров Алга Алга
Маа шаа Аллах, Аллахым ар дайым колдосун мусулман мамлекеттерин, биздин Кыргызстан элибизди, жерибизди
Алган колдон берген кол жакшы бергенге кудай жеткирсин ❤❤❤❤🤲🤲
АЛЛАХ ЫРААЗЫ КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗДЕН
Мааш Аллах Кыргызстаным Жана президентибизден.Афганистанга ,Палистинага Кече жакында Казакстанга .Кыргызым жардам колун сунуп жардам Берген мамлекеттке айланып журоберсин.биз башкага жардам берсек Аллах бизге жардам берип Кучтуу республика бололу Инша Аллах.
Кудага шугур биз да жардам бергенге жетиштик дайыма ала берчи элек жардамдарды 🇰🇬🇰🇬👍👍🤲🤲
Кыргызстаным такай бар бол,бай бол,аман бол!!!❤🇰🇬👋👋👋🤲🤲🤲🙏🏻🙏🏻🙏🏻
Муктаждарга жардам бергенге Аллахым он эсе кылып берет эмеспи, оркундоп оссун Кыргызстаным!!!
Аллах раазы болсун
Ма ша Аллах, чексиз шугурлор болсун Бир Аллаха
Садыр Кыргыз элинин атасыда башчысы,рахмат.Ар кимибизде бир тууган,бала бар.Ушундай жардам берген,бул кудайгада жагат.Кыргыз элим кол сунуп,жардамын бергенин унутпайт,алга менин Кыргыз элим❤❤❤❤❤❤❤❤коруп жатып абдан ыйладым.Жеткискен биздин баатырларгада чон алкыш.❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Какое же ощущение помогать другим😢и усталость не чувствуется бакелердин беттеринен коркнот ❤❤❤
Аллахка шугур жардам беретурган олкого жетиппиз😢😢
Камчыке,Алгааа!!! Садыр,Камчы,Эр жүрөк, Айкөл, Манастын Шерлери!!!🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🤲👍👍
Алла раазы болсун оомиин
Кандай соонун, Аллах ыраазы болсун, көрүп ыйлагым келди😢
Бул адамдарда Аллахтын пендеси колунда болсо жардамыбызды аябайлы Машшалла Ушундай даражага жеткирип калыпбыз жардам берип аз болсода Аллахка шугур Алхамдулиллах
Ассалому алекум коруп туруп ото курсан болдум рахмат биздин Призидентке жакшы ишкылышты мурун жардам алателек эми биз башкаларга жардам кылып атканыбызга ото сыймыктанам
Аллах айтат.Егер сен кимге жакшылык кылсан менисага 4эсежакшылык кайтарам деп.Аллах баарын билип коруп туруучу.
Аллах ыраазы болсун азаматсынар Кыргыз элим
Аллах Таала ыраазы болсун!
Кандай жакшы жардам жиберди биздин кайрымдуу окмоттубуз биз сиздердин жибергениниздерди коруп жазып раазычылык мн коруп оттуруп эмне деген жардамга муктаждар разы болгонун коруп туруп окмот башчыбызга Рахмат кубанып калышты аман келиниздер
Ассаламу алейкум. Аллах Таалага чексиз шугурлор, мактоолор болсун. Бир гана Аллах Тааладан болот
Афганистан не простой народ пусть у них нет то чего что сейчас в мире хвастается своими выскими домами или свим технологиям но в Афганистане есть дух воина желаею им сабыр и процветания!!!
Аллахым озу жардамчы болсун,биз берсек бизге аллахым жуз эселеп берет,оомин.
Азаматтар Эки дос.Аман,эсен болгула.
Кыргызстан умный сильный люди
АЛЛАХЫМ А Чексиз- Шүгүрлөр, Мактоолор болсун!!! Ооган Элине,Мусулман Бир- туугандарга,жардамыбыз Насип болсун!!! Жашообузга, АЛЛАХЫМ Ыраазы болсун!!! Сизге Ийгиликтер болсун!!!🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Алгааа!!! Эр жүрөк Жигиттерибиз, Аман--эсен, Жолуңар шыдыр болсун!!!! Ма Ша АЛЛАХ.🤲🤲🤲🤲🤲🤲
САДЫР ЖАПАРОВ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ СИЗДЕРГЕ АЛКЫШТАР БОЛСУН АЛЛА ТААЛАМ СИЗДЕРДИ КОЛДОСУН ЖА КОРГОСУН БИЗДИН СУЙУЙУКТУУ БАТЫРЛАРЫБЫЗ АМАН БОЛУНУЗДАР ❤❤❤
Ассалому алекум Пириздентга чор рахмат
Аллахым эки эсе кылып кайтарып берет Ин Шаа Аллах
САДЫР ава мыктысыз
Ак жол
Мурда ар дайым жардам сурап эле журчу элек. Азыр АЛЛАХка шугур. Жардам колун сунган денгеелге чыктык. Мин шугурлор болсун туугагдар!!!
Бечаралар ачка еле олтурушкан екенда❤❤❤
Кыргыздарга рахмат
Маа шаа Аллах!Аллаху акбар!😢
Алга өнүгө берсин Кыргызстаным 🇰🇬
Маа Ша Аллах
Бизда элге жардам берет экенбизго.
Илгери жетим балага окшоп ар кимдин колун карап гум помощь садака алып эле журот элек
Кудайга шугур кылуунуда уйронолу тамыбыз бар жаан отпойт дагы не керек
Кудайым назарына алсын, Кен пейил Кыргызымдын арекетин!!!
Аллахым бардык мусулмандарга жакшы жошоо берсин
Улуу КЫРГЫЗыма сыймык
Авган эли Тынч аман болсун
Туура мусульман Бир туугандарга кыйынчылыкта жардам берген
❤❤❤ Кыргыз элим мээримдуу.
Жараисындар Кыргыздар❤❤❤❤Алла жар болсын😢😢🎉🎉🎉❤❤❤
Садыр ава, Камчыбек ака азаматсынар!❤
Водитель дер молодец, 💪💪💪👍👍
Аллахым беруучулордон кылсын, жардам ала берип онолбодук берешен жоомарт бололу иншАллах
Онолгондор качып кеттиго 😂😂
Алларазыболсун бардыгынан
Ушу биз бироолорго жардам берип калганыбызга Аллага шугур, значит озубуздон кичине ашып калган окшойт шугур шугур
Кыргызстаным деп ырдап атавы
Боз Уй болгондо сонун болмок экен а,😢
Маш Аллах
Маш алла
Бир эки мүшөк резиновый шлепкадан ала барсаңар болмок экен.ошскийден😊