АСАНКАЛЫЙ_КЕРИМБАЕВ_ГҮЛКАЙЫР
Вставка
- Опубліковано 29 гру 2021
- " ГҮЛКАЙЫР "
Ысык-Көл сага барам деп,
Ырыска бүтсө жагар деп.
Ойлогон эмес экенмин,
Ошондо сени табам деп.
Ойлогон эмес экенмин
Гүлкайыр, сени табам деп.
Көрсөм да сени миң жолу,
Көл бойлоп бастым түн бою.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Гүлүңдү искеп бир жолу.
Гүлкайыр, сенин мас болуп,
Өзүңдү жыттап бир жолу.
Дартыма даба эте албай,
Даалайлар жүрсө жете албай.
Өмүрдүн баркын кеч билип,
Өзүңдөн турам кете албай.
Жашоонун баркын кеч билип,
Жаныңдан турам кете албай.
Күүгүмгө толгон кечимдин,
Күкүгүн кайда кетирдиң?
Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
Гүлгө окшош эркем, кош эми,
Күнөөлүү болсом кечиргин.
Аз жашады ,саз жашады
Укмуш! Чыныгы өнөр ээси! Эң күчтүү, диапозону бийик, мыкты обондор! Уккан сайын уккуң келет! Талантыңызга таазим!
Кыргыз эли сиздей таланттарын эч качан унутпайт! Өлбөс өчпөс эмгегиңиз, кылымдарды карытып жашай берет деп,- ишенем!!!🎶🎵📚
Шайлообек агай ырларынызды баарын эле бериберсениз болмок экен
Дагы далай Гулкайылар элде ырдалып калабермек экен.
Очпос талант . Мындай эч Ким ырдай албаайт
Асан ага жаныныз Жаннаттан Аллах жай берсин
Атаңгөрү,Асанкалый абама кудай баарын берип бирок жашын азайткан экен аттиң...
Кандай таллант