Асанкалый Керимбаев "Гүлкайыр"

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 3 бер 2021
  • Асанкалый Керимбаев
    "Гүлкайыр"
    Ысык-Көл сага барам деп,
    Ырыска бүтсө жагар деп.
    Ойлогон эмес экенмин,
    Ошондо сени табам деп.
    Ойлогон эмес экенмин
    Гүлкайыр, сени табам деп.
    Көрсөм да сени миң жолу,
    Көл бойлоп бастым түн бою.
    Гүлкайыр, сенин мас болуп,
    Гүлүңдү искеп бир жолу.
    Гүлкайыр, сенин мас болуп,
    Өзүңдү жыттап бир жолу.
    Дартыма даба эте албай,
    Даалайлар жүрсө жете албай.
    Өмүрдүн баркын кеч билип,
    Өзүңдөн турам кете албай.
    Жашоонун баркын кеч билип,
    Жаныңдан турам кете албай.
    Күүгүмгө толгон кечимдин,
    Күкүгүн кайда кетирдиң?
    Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
    Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
    Гүлгө окшош эркем, кош эми,
    Күнөөлүү болсом кечиргин.
  • Фільми й анімація

КОМЕНТАРІ • 102

  • @user-ph5cb7dw2g
    @user-ph5cb7dw2g 2 роки тому +64

    Ах ширкин омир ай казир Асангали тири болганда эстраданын олендерин естимей тек Асангали агамнын аккордеонмен салган олендерин еститин едим ширкин ех дуние ай ырчылар отметил болса

  • @user-st7ld1um3u
    @user-st7ld1um3u 7 місяців тому +16

    Жашым 21 де жумушта балдар озу тушунбогон ырларды угат а мен асанкалый залкардын ырларын угам мындай кайфты тамекиден дагы албайм

  • @user-hy1ju9pp2k
    @user-hy1ju9pp2k 3 роки тому +80

    Ысык-Көл сага барам деп,
    Ырыска бүтсө жагар деп.
    Ойлогон эмес экенмин,
    Ошондо сени табам деп.
    Ойлогон эмес экенмин
    Гүлкайыр, сени табам деп.
    Көрсөм да сени миң жолу,
    Көл бойлоп бастым түн бою.
    Гүлкайыр, сенин мас болуп,
    Гүлүңдү искеп бир жолу.
    Гүлкайыр, сенин мас болуп,
    Өзүңдү жыттап бир жолу.
    Дартыма даба эте албай,
    Даалайлар жүрсө жете албай.
    Өмүрдүн баркын кеч билип,
    Өзүңдөн турам кете албай.
    Жашоонун баркын кеч билип,
    Жаныңдан турам кете албай.
    Күүгүмгө толгон кечимдин,
    Күкүгүн кайда кетирдиң?
    Гүлкайыр, гүлүм кош эми,
    Гүлүңдү үзсөм кечиргин.
    Гүлгө окшош эркем, кош эми,
    Күнөөлүү болсом кечиргин.

    • @user-ki8ck5hy5b
      @user-ki8ck5hy5b 2 роки тому +3

      Айнура Сагындыкова сизге чоооооң рахмат! Бул ырдын текстин издеп жүргөм!

    • @user-ee6cy6kd9w
      @user-ee6cy6kd9w 2 роки тому +2

      Сөзү Шайлообек Дүйшеевдин ыры

    • @user-ur9nb5xo4m
      @user-ur9nb5xo4m Рік тому +1

      Сага да рахмат кошо ырдап алдым

  • @user-kp6ik4gu1n
    @user-kp6ik4gu1n 6 місяців тому +12

    Асангалий аганын үнүнө булбулдун үнү тен келбейт өзбекстан😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @user-ph5cb7dw2g
    @user-ph5cb7dw2g Рік тому +41

    Асангали ага олендериниз кандай керемет кандай дауыс естигин келе береди жаткан жериниз жайлы болсын

  • @user-ig9ln5tw2w
    @user-ig9ln5tw2w 6 місяців тому +7

    Керемет ун🎉🎉🎉Жаткан жери жайлуу болсун🎉

  • @gulmirakonushbaeva9458
    @gulmirakonushbaeva9458 2 роки тому +18

    ЖАШАЙСЫЗ КЫРГЫЗ ЭЛДИН ЖҮРӨГҮНДӨ
    Муңканып муңдуу ыры Мунарындай,
    Муютуп сыйкырдуү ыр турагындай.
    Айланып ак булуттар арасында,
    Аз жашап, көптү бердиң Асан агам.
    Термелип тегирмендин барасындай,
    Телчигип тектүүлөрдүн арасында.
    Теректер шуулдашып, өзүңдү издейт,
    Деңизге чөгүп кеткен асыл таштай.
    Ыр жандуу кыргыз элдин түнөгүндө,
    Ырга бай, улуу элдин тилегинде.
    Жаркырап чолпон жылдыз жанып турат,
    Жашайсыз кыргыз элдин жүрөгүндө.
    Гүлмира Конушбаева

  • @incigsm1808
    @incigsm1808 3 роки тому +54

    Видо чыгарган адамга аллах разы болсун.молодец.

  • @user-hx3ob3ot9z
    @user-hx3ob3ot9z 3 роки тому +30

    100 жылда бир келчу .талант

  • @user-bf7vn7nl7n
    @user-bf7vn7nl7n 2 роки тому +18

    Аттиң бири кем дүйнө,бала чактан баштап Асакемдин ырларын угуп,ырдап өстүк.Шум ажал алып кетпесе дагы далай ырларды жаратмак.Аллахым бейишин берсин!

  • @user-py8tt3ut8s
    @user-py8tt3ut8s 2 роки тому +15

    Керинбай болуш,болу онойбу
    Асанкалайдай керемет ырдаш онойбу

  • @user-rd6eq7rx2u
    @user-rd6eq7rx2u 2 роки тому +8

    Асанкалый агамдын ырлары абдан таасирдуу,кайгылуу,укканда коздон жашты агызат...

  • @oigonupjasha1342
    @oigonupjasha1342 2 роки тому +22

    Келбетүұ талантуу залкар агайыбыз жаткан жери жайлуу болсун ! Дагы ушундай талантуу агайыбыздардай адамдар көп чыксын кыргыз элинде Жараткан жалгасын.

  • @user-es2qu1fm7z
    @user-es2qu1fm7z 2 роки тому +13

    ,,Гулкайыр Гулум, кош эми,
    Гулундон узсом кечиргин!!"
    Керемет керемет, кайран гана агам аййй!!!! Боздоп журуп, сиз да оттунуз дуйнодон, жаткан жериниз жайлуу болсун!!!!

  • @muktarsakiev7981
    @muktarsakiev7981 3 роки тому +30

    Кандай эме болду экен ушул видеону таап чыгарып аткан алкыш кана айтам !

  • @incigsm1808
    @incigsm1808 3 роки тому +28

    Кандай сонун ырлары уканда эс аласын. Нур ичинде жатсын.

  • @user-iw4cl2hh1v
    @user-iw4cl2hh1v 6 місяців тому +3

    Бул ырдын созун жазган алп талант Шайлообек Дуйшеев агабызга ыракмат!!!! Жарим саатта жазылган ыр экен ! Кандай керемет таланттар !!!

  • @user-ux7gf5ie9t
    @user-ux7gf5ie9t Місяць тому

    Эмне деген керемет ырчы элэ кайран киши!
    Аллахым бейиштик кылсын 🤲

  • @user-lz2tl3qn6t
    @user-lz2tl3qn6t 2 роки тому +34

    Атин ай, азыр ушундай ырчылар жок. Бул ыр эч качан элдин эсинен кетпейт. Ар дайым жигиттердин журогундо жашайт.

    • @azisbekabdyldaev2432
      @azisbekabdyldaev2432 Рік тому

      Журогундо эмес ар бир мучондо жашайт, турсан турат ,жатсан жатат
      Болгону мучонду билишин керек ал кайсыл жерде...

  • @user-yz2gv2kf8c
    @user-yz2gv2kf8c 2 роки тому +4

    Мындай талантты бизге жараткан берген.азыркылар окшоштуралбайт.

  • @user-xe5kp3ig5j
    @user-xe5kp3ig5j Місяць тому +1

    АСАНКАЛЫЙ- мырзанын экинчи өмүрү көөнөргүс чыгармалары менен кыргыз бар жерде жашай берет. Арбагы ыраазы болсун! 😪🥀. Бишкек 2024-ж.

  • @ulansarmatov1060
    @ulansarmatov1060 3 роки тому +53

    Кайран залкар сиздин обондорунуз,кыргыз элинин журогундо кылымдыр бою очпос болуп ырдала берет.

    • @aychurokturgunbekova4850
      @aychurokturgunbekova4850 3 роки тому +5

      Эх чиркин кандай талаттуу инсан замандашым колуңдан келсе асанкалый атамдын өздүк видиосун көбүрөөк чыгарчы сураныч менин сүйүктүү обончум жаратканым оо дүйнөсүн бейишинен берсин амиийн

    • @tynychbekjeenbaev1611
      @tynychbekjeenbaev1611 2 роки тому

      @@aychurokturgunbekova4850 тот

  • @user-kr9dg6lk4m
    @user-kr9dg6lk4m 2 роки тому +11

    Эл козундогу залкарлар олбойт экенда Кыргыз эли барда жаткан жюри жайлуу болсун

  • @balamenbalamenovich1863
    @balamenbalamenovich1863 2 роки тому +15

    Ыйлагын келет. Мындай ырлар жок азыр.

  • @user-ty3cu3pq4y
    @user-ty3cu3pq4y 2 роки тому +8

    Не деген таланттуу залкар.чыгармаларын озунун аткаруусунда чыгаруунузду суранам

  • @user-wb7dm2zj9j
    @user-wb7dm2zj9j 3 роки тому +18

    жаткан жери жайлуу болсун

  • @user-ty3cu3pq4y
    @user-ty3cu3pq4y 2 роки тому +5

    Ишинизге ийгилик

  • @user-gu2yy7wq8z
    @user-gu2yy7wq8z 9 місяців тому +2

    Кайран агабыз, аккордеонду ото жогорку чеберчиликте ойногон экен, мындай профессионалдар азыр ото эле сейрээк,жанын жаннатта болсун агабыз!!

  • @user-un9je7ht5h
    @user-un9je7ht5h 4 місяці тому +1

    Керемет аткаруу,унутулгус ыр.

  • @user-ye9hr9ii6b
    @user-ye9hr9ii6b 2 роки тому +6

    Талантынызга таазим

  • @nurlanermenkulov6411
    @nurlanermenkulov6411 2 роки тому +3

    Аттин ай дагы канча ырлары калды экен жарык корбой

  • @user-uc8my4ex6y
    @user-uc8my4ex6y 3 роки тому +20

    Бейишин болгур агабыз экинчи сиздей жаралбайтго

  • @leonardovvasrofof4280
    @leonardovvasrofof4280 3 роки тому +9

    Эн сонун ыр!

  • @user-fu8sb9qw5d
    @user-fu8sb9qw5d 2 роки тому +6

    Авторго ыраазычылык көп жаша ,Асакемдей булбул тууралуу чыгарган

  • @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq
    @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq 11 місяців тому +1

    Жайы жаннатта болсун

  • @nomad-fw3xw9yd8m
    @nomad-fw3xw9yd8m Рік тому +6

    Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун ага. Кыргыз учун жаралган сиз менен убагында тааныша албай калганыма окуном. Омурдон отсонуз да олбос болуп кеттиниз

  • @warcrawt1256
    @warcrawt1256 2 роки тому +6

    Видеолору болсо коп чыгаргылада.азыркы шерменделерге караганда мына таза ыр

  • @user-uk9tq1bp5z
    @user-uk9tq1bp5z Рік тому +1

    Акардеондо соонун ойноп,эн жакшы ырдачу эле, жаны бейиште болсун🙏

  • @Jalshylyk
    @Jalshylyk Рік тому +2

    Бул ырдын тарыхын билгендер аз болсо керек

  • @user-cw6fu2ul3h
    @user-cw6fu2ul3h 10 місяців тому +2

    Бали атин

  • @user-pm9qm9qz7s
    @user-pm9qm9qz7s 8 місяців тому +1

    Залкар 👏👏

  • @user-qk3cd6yl4h
    @user-qk3cd6yl4h Рік тому +1

    Керемет ыр жаш кезди эстедик

  • @user-dc5re7zo8e
    @user-dc5re7zo8e 11 місяців тому +3

    Асанкалый Керимбаев агайга көптөгөн бут тосуулар болгон дешет. Анын бирден бир себеби чоң атасы Керимбай болуш болгон. Керимбай болуш Токтогул Сатылгановду сүргүнгө айдаган болуш катары белгилүү. Эгер бут тосуулар болбогондо мындан да кыйын обондорду жараткан композитор болмок дешет.

  • @user-bv6oy7be7n
    @user-bv6oy7be7n 17 днів тому

    Мунарым ыры кандай керемет

  • @mustafobahtiyaro6150
    @mustafobahtiyaro6150 2 роки тому +14

    Ассалому алейкум
    Бир кезде Асанкалый уулу менен ырдап чыккан эле
    Уулдарынан чыкпадыбы
    Биздин жаштыктагы журокту эзген ырлар
    Уулдарын мумкунчулук болсо чыгарып койсонор
    Чооон Рахмат

  • @user-qj9ls2kj5w
    @user-qj9ls2kj5w Рік тому +2

    Ушундай мыкты обончу, ырчыларды сактай алган жокпуз. Эми Асанкалыйдай ырчылар качан жаралат?

  • @user-tv9ck3dq2u
    @user-tv9ck3dq2u 3 роки тому +23

    Азаматсыз! Ушундай виделордон кобуроок жуктонузчу дагы. Ырахмат.

    • @user-ow1fi1kv9x
      @user-ow1fi1kv9x Рік тому

      Асанкалыйдын балдарынан атасынын талантын улагандар барбы? Жаш кезде бул кишинин ырын жаттап ырдачуу элек кандай гана таланттар эрте отуп кетишти аттин

  • @user-bv5sb9iw6s
    @user-bv5sb9iw6s 4 місяці тому +1

    Бостериде Гүлкайыр деген пансионаттан жазылган ыр бул. Азыр бул пансионат башкача аталат.

  • @user-ke1lj8td4e
    @user-ke1lj8td4e Рік тому +2

    Гулкайыр

  • @marselalatoobekov9388
    @marselalatoobekov9388 2 роки тому +5

    Улуу таланттын эрте кеткени окунучтуу ...

  • @user-ds8cu1jq7o
    @user-ds8cu1jq7o 2 роки тому +2

    Арбакраазы.болсун

  • @user-ee6cy6kd9w
    @user-ee6cy6kd9w 2 роки тому +6

    Мына биздин Майкл Джексон
    Модерн толкинг Виктор Цой
    Шатунов

  • @user-qk5sx7jz9m
    @user-qk5sx7jz9m Рік тому +1

    Кайран гана талант ээ

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 2 роки тому +3

    😢😢😢❤❤❤🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻

  • @user-eh2sj4jq3t
    @user-eh2sj4jq3t 2 роки тому +2

    Класс

  • @Churok-77
    @Churok-77 4 місяці тому +1

    Илгерки ырларга эч ыр жетпейт да, маанисине да, манызына да, музыкасына обонуна да, азыр андай ырлар жаралбайт Эми аттин 😢

  • @Aidai16
    @Aidai16 2 роки тому +2

    1993-1994 жылдар экен, водолазкалар мода маал

  • @user-kh7kw7do2p
    @user-kh7kw7do2p Рік тому +3

    Эстелик да видиону. Жакшы этият сакташ керек залкар кайтып келбейт да

  • @user-ll5gu5ki2l
    @user-ll5gu5ki2l 2 роки тому +2

    👍🏻👍🏻👍🏻

  • @user-tt8zx1kf6y
    @user-tt8zx1kf6y 3 роки тому +9

    ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ ЖАНЫ ЖАННАТА БОЛСУН ЖАШ КЕТТИ АЖАЛГА АЙЛА ЖОК ЭКЕН

  • @user-bz1to8zb3u
    @user-bz1to8zb3u 2 місяці тому

    Мен анда ОшМУ нун филология факультеттин1--курста окучумун.Концертинде: коруучулордон бири:_эмнеге дайыма.эле-суйуу жонундо ырдай бересиз "-деп суроо бкргенде :"журогум эмнени ырда -десе ошону ырдайм "-деп кулуп койгон эле❤

  • @user-bo9qo5yv7t
    @user-bo9qo5yv7t 3 роки тому +4

    😪😪😪👍👍👍

  • @jumawtoktodaev8283
    @jumawtoktodaev8283 5 місяців тому +2

    Гул кайыр к имдин кызы болгон бул суулу кайсы обуластан бул ырдын текстин кайсыл акынга тийешелувву болду экен мааниси обон ут. О укулуктуу

  • @user-ud2nc3rv1d
    @user-ud2nc3rv1d 3 роки тому +19

    Кыргызда Асанкалый агадай бир дагы озгочо талант жок аттин арман эстрада жаатына жаны ото баштаганда отуп кетпедиби.

  • @user-oc9nx9qd8z
    @user-oc9nx9qd8z 4 місяці тому +1

    Шайлообек.Дуйшеевдин
    Ыры Гулкайыр

  • @user-is6oe8sq7y
    @user-is6oe8sq7y 2 роки тому +7

    Олбос талант.
    Сынбас канат деп билем Асанкалый агабызды.
    Мен да ар дайым аккардеон мн агабыздын ырын коп ырдайм.
    Гулзина солнышко сага Рахмат.
    Мумкун болсо тел ном калтырып кетчи.
    Я тебя люблю😘😘😘

  • @user-uw9tw7dq7n
    @user-uw9tw7dq7n 2 роки тому +1

    👍👍👍👍

  • @user-cs3xx4ne5d
    @user-cs3xx4ne5d 3 роки тому +10

    УШУНДАЙ ВИДЕОЛОРУН КОБУРООК ЖУКТОГУЛОЧУ СУРАНЫЧ

  • @kyrgyzbala9081
    @kyrgyzbala9081 Місяць тому

  • @user-vw7sy4zf1w
    @user-vw7sy4zf1w Місяць тому

    Токтогул районунун маданият үйү Асанкалый Керимбаевдин атын алды

  • @user-hg8gz5ny8i
    @user-hg8gz5ny8i Рік тому +2

    Ушундай обончу ырчысы жок калдык окшойт,
    азыркы обончулар, сөзүн жазган акындан акча алып, обонун жазып, өзү ырдын автору болгонду адатка айландырып алышкан,
    Атаганат,- эми жок ушундай акча албай обон жазган обончулар.

  • @bakujumabekov8053
    @bakujumabekov8053 2 роки тому +8

    Бул кишини уьагында баалабай койушкан экен.Рыспай Абдыкадыровду эле которо беришкен

    • @user-mo9mt3bz6y
      @user-mo9mt3bz6y 2 роки тому

      Рыспай Абдыкадыровту деле эч ким көтөргөн эмес, эл артистин бербей коюшту го. Керек болсо теле радиого жакындатпай.

    • @bakujumabekov8053
      @bakujumabekov8053 2 роки тому +1

      @@user-mo9mt3bz6y жакшы эле которгон Рыспайды

    • @user-mo9mt3bz6y
      @user-mo9mt3bz6y 2 роки тому

      @@bakujumabekov8053 Рыспай өз күчү менен ошондой даражага жеткен, Асанкалый Керимбаев Түгөлбай Казаковтор анын шакирттери болгон.

    • @bakujumabekov8053
      @bakujumabekov8053 2 роки тому +1

      @@user-mo9mt3bz6y ыр жазып бериптирби же мындай ырда деп айтыптырбы.

    • @user-mo9mt3bz6y
      @user-mo9mt3bz6y 2 роки тому

      @@bakujumabekov8053 Рыспай биринчи акардеон менен ырдап чыккан адам ошого ошол убакта акардеон тартып ырдагандын баары Рыспайды устатыбыз деп билген анткени алар Рыспай сыяктуу акардеон ойноп ырдап башташкан бул менин созум эмес Туголбай Казаковтун созу.

  • @wrywrt2541
    @wrywrt2541 2 роки тому +3

    Гулунду узсом кечиргин

  • @user-bk7sf6gw3t
    @user-bk7sf6gw3t 2 місяці тому

    Ушул ырдын видеосун " Алтын казынага " сактап коюш керек . Жуз жылдан кийин дагы кыргыздар суктанып угушат ! Бир окунуч -- биздин айбан жетекчилер залкар таланттын баркын билген жок . Ооруп калып жалгыз тамда омурдон кетти ... Миллиард акчаларды басып алган бийликтегилер ушул адамга бир квартира , бир машина берип коюшса Кудай алат беле ..?

  • @shhdgddg8247
    @shhdgddg8247 2 роки тому +4

    бейишьин торунон орун берсин аллахым керибайды кугунтук кылган ссср кезинде ошону да кыргыз саткан пахтакорлук качан онолобуз озубузу жок кылып тугонот окшойбуз акыры

  • @users99988
    @users99988 7 місяців тому

    кайран асан акем...

  • @azisbekabdyldaev2432
    @azisbekabdyldaev2432 Рік тому

    Яни

  • @user-nk9ed8sj8b
    @user-nk9ed8sj8b 9 місяців тому

    0:56

  • @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq
    @DjjdhdhHdhejfhf-bh4tq 11 місяців тому

    Соз жок

  • @user-ur9nb5xo4m
    @user-ur9nb5xo4m 2 роки тому +3

    Ыр эмес бекен

    • @user-kr9xj6wz8k
      @user-kr9xj6wz8k Рік тому +1

      Аттин дуйно! Жаткан жери жайлуу болсун !

  • @user-ph5cb7dw2g
    @user-ph5cb7dw2g 2 роки тому +11

    Гулкайырды Асангали агамдай ешким ырдай алмайды

  • @user-tw4oh8zc5r
    @user-tw4oh8zc5r Рік тому

    Аллахым бейишин берсин .