Же сенден кеталбадым, же сага жеталбадым

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 7 вер 2024
  • Жаңы ыр! Сүйүү ыры!
    "УГАЙЫН, ҮНДӨБӨЙҮН"
    Сөзү: Элмирбек Иманалиевдики
    Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
    2019-жыл, 25-декабрь
    Жетилдиң үлбүрөгүм,
    Таңшыдың дилдирегим.
    Сен үчүн оор болсо да,
    Сезимим билдиремин.
    Мелжидиң тартылганым,
    Кайкыдың талпынганым.
    Мен үнсүз тартынганым,
    Мен сага айтылганым.
    кайырмасы:
    Мелжиген дүйнөдөйүм,
    Мен өңдүү күй дебейин.
    Сүйлөмгө сүйүү батпайт,
    Сүйлөбөйм, сүйлөбөйүн.
    Өрт болдуң тутанганым,
    Өзөктө куса,арманым.
    Бир муңдуу куштай болдум,
    Билбеген учаар жагын.
    Же сенден кет албадым,
    Же сага жете албадым.
    Карегиң карай берем,
    Кантесе да тушалгамын.
    кайырмасы:
    Мелжиген дүйнөдөйүм,
    Мен өңдүү күй дебейин.
    Сүйлөмгө сүйүү батпайт,
    Сүйлөбөйм, сүйлөбөйүн.
    Капкалуу дүйнөдөйүм,
    Карайын үндөбөйүн.
    Ыр бизге түбөлүктөй,
    Ыр бизге күбөлүктөй,
    Ырдайын сүйлөбөйүн.

КОМЕНТАРІ • 221

  • @user-gd4vy7fz7q
    @user-gd4vy7fz7q 3 роки тому +37

    Түмөнбай уулум, чайпалсаң төгүлбөгүн, төгүлсөң бөксөрбөгүн, ар дайым чалкып тургун, ырларыңды элиң үчүн төгүлтүп ырдай бергин!!! Укмуш ыр !!! Бар бол!!! Сени колдогон Чүйлүк апаң!!!

  • @user-ir3kf9mz5j
    @user-ir3kf9mz5j 4 роки тому +109

    Жашоодо мындай суйуулор болбосо ырларда жаралмак эмес экен👍👍👍

  • @user-pf6lh4sd6g
    @user-pf6lh4sd6g 3 роки тому +11

    Жакшы жүрөккө жеткен ырларды угуп, махабатына жетпей калган ар бир адам, бир ыйлап алат болуш керек, анан кайра баягы куса толгон, өтөөр кетээр турмушту күнүмдүк убара коштоп, жашоо улана берет экен... Жүрөгүбүз жалгыз, коодондогу оор ушкурук менен өмүр өтүп жатканы, бир өзүбүзгө гана белгилүү, аны да ушундай керемет сүйүү толгон, мыкты ырчылар эске салган кезде, бир толгонуп алат экенбиз, ошол гана... Башка эч нерсе колдон келбегени андан да күчтүү арман болуп кала берет тура...

  • @nevzatkurtulmus7738
    @nevzatkurtulmus7738 4 роки тому +40

    хаммама салом туманбойга киргизистонни мухаббат куйчиси деб ном берсак буладида бу мен якка уйимда Укамга факта юксак омадлар бераверсин оллох

  • @user-ql8zo4wn4h
    @user-ql8zo4wn4h 3 роки тому +46

    Жаным мен сенден кете албадым. Же сага жете албадым сенда уй булолу менда уй булолу 🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️😢😢кантседа журогум астыдагы жалгыз сырымсын мен сени суйом.

    • @NoName-un3bk
      @NoName-un3bk 2 роки тому

      Журогундун тубундо шайтандын фитнасы бар экенда анда.
      Убагында жете албадынбы, эми башка тушкон тагдырына ыраазы болуп (котту 15 жеринен кысып!!!) ,омурлук шеригинди бактылуу кыл! Же турмуш курбашын керек эле. Бироонун бактын, убактысын тебелегенге акын жок! Аллахым эки жуздуу адамдардан сактасын бизди.🤲. Суйбосон эмнеге алдын же турмушка чыктын!? Адам ЭН БИРИНЧИ ОЗУН, АНАН, ОЗГОНУ СЫЙЛАШ КЕРЕК!

    • @rozashermatova6603
      @rozashermatova6603 2 роки тому +9

      @@NoName-un3bk Ашыкча айтсам кечириниз. Сиздин акыныз жок башка жандын жан дуйносун чектегенге.Ар бир инасн суйгонго акысы бар.Жашоо сыноо учун берилгенин баары билет ошон учун суйсо да журогуно сактап жашап келет. Журоктогу суйууну очургонго эч кимдин кучу жэтпейт.

    • @NoName-un3bk
      @NoName-un3bk 2 роки тому +2

      @@rozashermatova6603 сизда ошентип озунузду жана жаныныздагыны алдап келе жаткандардын бири окшойсуз. Адамда тагдырга моюн сунуу болуш керек да. Сиз ошол суйгонунуз менен бирге болгон мынданда хуже болмоксуз мумкун. Адам кагиет кылганды билбейт. Отуп кеткен жалган сезимлерге байланып журоберуу жалкоолук. Сиз ошол суйгонунуз менен чогу болсонуз, дагы бир башка эле адамды суйуп журо бермексизго дейм. Себеп, бакытты азыркы учурдан же келечектен эмес, отмуштон издеп жатпайсызбы. Кантип чогу жашайт, бир уйдо чогу жашап уйронушуп, суйуп деле калатда адам. Демек, сиз бар нерсени ордунда баалай албай жатасыз, сиз баалагыныз учун созсуз ошол нерседен кол жууп калышыныз керекпи!?

    • @mos_20
      @mos_20 2 роки тому +6

      Ар бир адамдын оз тарыхы учуру келечеги болот. Анан да ички сезимди жашырбай жазуу ар кимдин колунан келбейт.Мындай сезимди тушугону бар тушунбогону бар...

    • @miraidaotorbaeva7149
      @miraidaotorbaeva7149 Рік тому

      🌺

  • @zulaikaasan3611
    @zulaikaasan3611 3 роки тому +74

    Бир булодо тутун буулатып жашап атып, бир-бирин тушунбой: "Же сенден кеталбадым, же сага жеталбадым" - деп жашаш эн оор дарт экен. Баарын кечип кетип калайын десен, балдар козун жалдыратып ортодо турат. Кетпей, чыдап суйдуруп алайын десен, жарынын козундо суйуу оту жок. Айла жок, жашоо экен деп жашай бермей

    • @user-ih6ru2ie8l
      @user-ih6ru2ie8l 3 роки тому +10

      Кандай туура соз толлук кошулам

    • @meylikansheripbaeva9419
      @meylikansheripbaeva9419 2 роки тому +5

      аай кандай гана окунучтуу,арман дуйноо,шугур

    • @chynygu1aalyeva317
      @chynygu1aalyeva317 2 роки тому +1

      Чыын

    • @alabuka4731
      @alabuka4731 2 роки тому +8

      Унчукпай отот омурлор.
      Бирге эмес бирок конулдор.
      Бала учун жашап аттин ай.
      Эрксизден ээрип могулор.
      Суйлобойм десен коз тушот.
      Карегин андан мээр кутот.
      Карайып каткан журоктон ай.
      Кайран бир гана дил тутойт.

    • @user-ik2ew9se9f
      @user-ik2ew9se9f 2 роки тому +6

      Кыздар салам суйуу откунчу туйгу суйуу башка турмуш башка мен суйбой уйлонгом азырда суйбойм бирок келечек учун жакшы жашап келе жатат. Эринерди суйбосонорда сыйлап жашагыла😄😄😄

  • @user-si3pc1bc9e
    @user-si3pc1bc9e 4 роки тому +34

    Ырды угуп ыйлагым да.ырдагым да келет... авторлорго таазим керемет ыр учун....

    • @kanattagaev9392
      @kanattagaev9392 3 роки тому +2

      Сонун чыгарма менде да болгон!

  • @nurball6539
    @nurball6539 4 роки тому +24

    Жүрөктү эзген саптарды
    Табам.
    Ингендей боздоп кыңылдап калам.
    Билбепмин мурда ырыңдын баркын .
    Элиирбек иним ,түмөнбай балам.

    • @user-gm6vc2qr3g
      @user-gm6vc2qr3g 3 роки тому +2

      Авторго да обончуга да башымды ийип таазим этем

  • @user-ed5bg4fl2o
    @user-ed5bg4fl2o 3 роки тому +11

    Көз менен айтат сөз эмес, көңүлдү билген асыл жан дегендей, тил жетип айталбаган сезим сырлары бар да... Эң сонун чыгарма, мен бул ырды күн сайын кайра - кайра угам, сени аябай сыйлайм, азыркы күндө сендей таланттуу инсан бар болгонуна кадимкидей кудуңдап кубанып алам, Аллахым өмүрүңө береке берген болсун аамин
    🌹

  • @nadirazikirova7847
    @nadirazikirova7847 4 роки тому +39

    Эгерде лакй басыш боюнча мумкунчулук болсо, мен миллион жолу басмакмын. Сага чыгармачылык ийгилик, бактылуу уй булолук жашоо каалайм. Сенин чыгармаларын "кыргыз улуту" жер бетинде канча жашаса, ошончо убакыт журокто жашайт Ар дайым бар бол.

  • @user-ji1ep4qm8q
    @user-ji1ep4qm8q 4 роки тому +46

    Же сенден кете албадым,же сага жете аалбайм дейт.туура.

  • @tazaguleshmatova5278
    @tazaguleshmatova5278 2 роки тому +3

    Тумонбай, сизде да, журок тубундо суйуунун кучу из калтыргандай сезилет, ар бир ырларынызда суйуу даназаланат,ооба суйуусуз жашоо, жон гана тиричилик кылуу, кызыгы жок жашоо

  • @dinaraisakunova938
    @dinaraisakunova938 4 роки тому +21

    Жакшылар өткөн сайын жүрөгүм бош калган сыяктуу...

  • @sagyna1152
    @sagyna1152 4 роки тому +25

    Ыр саптарынын автору Элмирбек экен. Жаткан жерин жайлуу, топурагы торко болсун

  • @user-hp9qb7nv8n
    @user-hp9qb7nv8n 4 роки тому +18

    Же сенден кеталбадым,же сага жеталбадым😢журогум ооруп атат

  • @user-gy1is7jw7m
    @user-gy1is7jw7m 4 роки тому +33

    Бул ырдын созу Элмирбек Иманалиевге таандык экен😥😥

  • @asman3984
    @asman3984 4 роки тому +16

    Же сенден кеталбадым же сага жеталбадым армандуу күндөрүм көз алдыма тартылды го

  • @user-tb2mh5fm5b
    @user-tb2mh5fm5b 2 роки тому +10

    Суйломго СУЙУУ батпайт.....❤❤❤
    Канча уксам да тажабайм. Тумонбай агабызга да, кайран Элмирбек акынга да рахмат

  • @mka2116
    @mka2116 4 роки тому +22

    Элмирбек Иманалиев - кыргыздын "намбе уан" лирик-акыны...

  • @nuriavazbekovna9061
    @nuriavazbekovna9061 3 роки тому +9

    же сенден кете албадым,
    же сага жете албадым.... Кандай Гана керемет саптар, журоктун тупкурундогу, эч кимге айтылгыс Арман... Бар болунуз агатай, сиздин ырларынызды угуп журок бир болкуп жыргап алам.... Ийгилик сизге, унунуз очпосун....

  • @user-mf3sf4dt2s
    @user-mf3sf4dt2s 3 роки тому +7

    Сезимди козгоп, жүрөктү ыйлаткан сүйүү!Бирок экообуз эки жолдо,а менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт 😞

  • @anarasaiipbekova7761
    @anarasaiipbekova7761 4 роки тому +16

    Бул ыр Рыспай акенин, Асанкалый агайдын, Муса атанын ырларындай кылымдарга жашайт. Мелодия укмуш, текст жакшы тандалган, адептуулук ар убакта дуйно элинде бааланган. Автордун уну абдан уккулуктуу. The vocal & the voice are smart.

  • @user-bs1gl2yx8q
    @user-bs1gl2yx8q 4 роки тому +13

    Жашоонун мыйзамдары ушунчалык татаал болот тура,өзүңдүн жүрөгүңдөгү адам менен бирге жашай албайсың,үй-бүлөңдү да таштап кеталбайсың,кээде жүрөк көтөрө албай кетет го

    • @user-uz7vr3gp4b
      @user-uz7vr3gp4b 4 роки тому +5

      Эмне учун ушундай болот э , журогум канап турат абдан

    • @user-vk3jp8uh7m
      @user-vk3jp8uh7m 3 роки тому +2

      Мен да ушундай дарт мен ооруп журом не кылш керек озуу😢😒

    • @user-mn8jq8ss4n
      @user-mn8jq8ss4n 2 роки тому +3

      Менде дагы ушундай арман бар😫😫😭😭

  • @yryskurmanova7376
    @yryskurmanova7376 3 роки тому +5

    Бир мундуу куштай болдум
    Кантсе да тушалганмын
    Кандай керемет жазылган

  • @ayperijangarach1379
    @ayperijangarach1379 4 роки тому +18

    Сүйүү адамды жипсиз байлап коёт деген чында кандай керемет ыр кандай талатту инсан

  • @mirgyltyrkbaeva9633
    @mirgyltyrkbaeva9633 4 роки тому +37

    Суйуу жашка карабайт.
    Табияты, жаратылышы суйлошкондор бар алар, тилекке каршы саналуу.

  • @user-yj2jw7bj8q
    @user-yj2jw7bj8q 4 роки тому +7

    Элмирбек Гулбу эже учун жаратса керек эле. Суйлоюн десе уй булосу бар бирок ырдап эле журоюн дегенго. жайы жаннаттан болсун. акыпы туболук суйуусунун алдына кеттиго чын дуйного

  • @user-dr5ur6ld6v
    @user-dr5ur6ld6v 4 роки тому +23

    Обончу, аткаруучу катары миң жылдык парзыңыздай ыр болуптур, Түмөнбай ака. Сиз адамзаттын жүрөгүнө карызсыз, адамзаттын жүрөктөрү сизге карыздар.

  • @user-or8my8vo6d
    @user-or8my8vo6d 4 роки тому +47

    Өтөө бир сезим кылдарын кытыгылаган, керемет обон болуптур досум, талантыңа таазим!!!

  • @user-sm2vp1iv6c
    @user-sm2vp1iv6c Рік тому +1

    Ошол Бир було болуп суйушбой жашагандар учун. Журогундо башка суйуу жашайт.мындай ырларды укканда журок ыйлайт. Ай кудайым суйушпогондорду ажыратып шылтоо мн койсочу. Балдар деле оз кунун н корушот

  • @isko201iii
    @isko201iii 4 роки тому +16

    Жүрөктөгү жараны канатып, ыйлатып жиберет турган ыр экен😪

  • @user-ir3kf9mz5j
    @user-ir3kf9mz5j 4 роки тому +25

    Асанкалый. К.менен Тумонбай агай ырларыныздар кылымдар жашайтко

  • @user-zy5tk6bg3k
    @user-zy5tk6bg3k 2 роки тому +2

    Ойлой берем да ушул Түмөнбай байке бир жолу бирок каттуу сүйгөн экен депчи. Канча ыр жазып ырдап чыкса да сезими толо берген.
    Жетпеген махабаты бактылуу айым экен. Ыр менен болсо да сүйүүсүн дагы деле жеткирип жүрөт .Ошол айымга суктандым

  • @emiliazundueva3274
    @emiliazundueva3274 4 роки тому +12

    Ар бир соз, ар бир сап, обон ото кылдааттык менен терилип жаралгандай. Аябай сонун чыгарма болуптур! Ийгилик!

  • @rash6994
    @rash6994 4 роки тому +12

    Же сенден кете албадым, же сага жете албадым...Сарым❤️

  • @user-yl9py4vc1w
    @user-yl9py4vc1w 3 роки тому +5

    Же сенден кете албадым,же сага жете албадым❤😢😢

  • @user-hc7hv3pi9v
    @user-hc7hv3pi9v 4 роки тому +5

    Ыйлап ыйла алып уга берем кайра кайра

  • @user-vf1wh9qi3u
    @user-vf1wh9qi3u 3 роки тому +5

    Же сенден кете албадым же сага жете албадым❤️

  • @nurkamilkylychbekov6204
    @nurkamilkylychbekov6204 3 роки тому +4

    Угуп эс ала турган ырлар. 4-5 куплет ырдын ичинен таза сүйүү кандай болгонун көрө аласың.

  • @user-le2is8fg4i
    @user-le2is8fg4i 4 роки тому +21

    Ой тобоо бул ыр мен учун жазылгандай.

  • @bekzakchodonov9366
    @bekzakchodonov9366 4 роки тому +20

    "Классика" деп ушуну айт. Баракелде!

  • @user-yx6vy6cr8y
    @user-yx6vy6cr8y 4 роки тому +7

    Тумонбайдын ырлары....
    Журоктон тунок тапкан ырлар.Адамдын жан дуйносу каалап уга турган ырлар.Бар бол, эл суйгон ТАЛАНТ!

  • @user-tf9op9bj7x
    @user-tf9op9bj7x 3 роки тому +5

    Керемет ун,керемет чыгарма ,арабызда ушундай асылдар бар экенине шугур !

  • @user-rp9rk1vr1k
    @user-rp9rk1vr1k 7 місяців тому

    Сооннун ырларыныз бар экен🔥🔥🔥🔥🔥бар болунуз!!!! Даагы коп коп ырларынызды кутобуз!🙏🏼

  • @ryssosmon9044
    @ryssosmon9044 3 роки тому +4

    Суйломго суймум батпайт, суйлобойм суйлобойун кандай гана создор 🔥🔥🔥
    Талантынызга тазами агай

  • @user-ih6ru2ie8l
    @user-ih6ru2ie8l 3 роки тому +2

    Бул ырга Элмирбек Иманалиейв озу обон жасса соонун болмок экен мааниси ото терен эн соонун Элмирбек байке жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун бейиштик болун амиин

  • @user-sm2vp1iv6c
    @user-sm2vp1iv6c Рік тому

    Элмирбек ар Бир журокко кирип чыккандай жазган. 41 жыл болсо да суйо албадым же кета албадым. Тузу жок тамактай жашоо отуп жатат. Ах чиркин Булат жашоо эмнеге мынча татаал. Же суйуу жок коздон жаш агат журоктон кан агат. Кудайм ушундайлардын тагдырын эки болок Эле кылып койбойбу. Аз жашоо жалгыздык журокто отуп жатат. Элмирбек сен го суйлобой ыр менее чыгарып башка ырдай албагандар коз жаш мн чыгарат экен. Сен олбошун ке эле. Ай тагдырын курусун. Жамандар журушот го.

  • @user-mt7mz7mx5l
    @user-mt7mz7mx5l 2 роки тому +2

    Бир бирине жетпеген семиялулардын арманы го чиркин 💓❤️❤️❤️

  • @user-tl6vq2gm4y
    @user-tl6vq2gm4y 3 роки тому +3

    Жан дуйнону эс алдырган ыр.Угуп тажабайсын бар болунуз Тумонбай аке дайыма ден соолукта журунуз

  • @user-db5wg5wc1w
    @user-db5wg5wc1w 4 роки тому +5

    Эн туура создор же сенден кеталбадым, же сага жеталбадым,

  • @parizatosmonova938
    @parizatosmonova938 2 роки тому +2

    Сүйлөбөйм...сүйлөбөйүн...😔

  • @nuriavazbekovna9061
    @nuriavazbekovna9061 3 роки тому +2

    Кайра кайра угуп атам, уккан сайын журок унсуз ыйлайт😢😢

  • @user-nt9ix6pu1z
    @user-nt9ix6pu1z Рік тому

    Эки залкардан жаралган шедевр болуптур,мин уксанда жадабайсын, журоктун ар бир кылын терип жаткандай....

  • @user-lf8sp9vi5w
    @user-lf8sp9vi5w 4 роки тому +4

    Тумонбай агай, ийгиликтер болсун! Эн сонун ырларыныз.

  • @user-ln6cw7sh2e
    @user-ln6cw7sh2e 3 роки тому +8

    ,, Сүйлөмгө сүйүү батбайт"-кандай даамай айтылган сөздөр🥺
    Авторго да обончуга таазим.

  • @user-ys6lf9ey9q
    @user-ys6lf9ey9q 3 роки тому +3

    Кандай Гана керемет , кайталангыс талант, талантынызга таазим!!!

  • @jamila5386
    @jamila5386 4 роки тому +11

    Молодец 👋 кайра кайра уктум ото соонун

  • @user-jh4mz4en1h
    @user-jh4mz4en1h 4 роки тому +5

    Тумонбай аке чыгармачылык ийгилик талантынызга таазим ырларыныздын суйуп угам созу обону аябай бир бирине топ келген 😘💗

  • @miraidaotorbaeva7149
    @miraidaotorbaeva7149 Рік тому +2

    Жолдошум менен жашаганыма он уч жыл болду. Балдарыбыз бар... Бирок ал коп жылдардан бери Россияда,мен Кыргызстандамын. Жылдар аралыгында мен аны суйо албадым,ал мени... Канчалык аракет кылсам да, журогумо боштук бар, уйкусуз тундор, каректен аккан коз жаштарым..Бирок эч кимге айта албайм,башымдын ооруганы кундон кунго куч алууда. Башкаларга кучтуу аял корунгонум менен, жан дуйном ушунчалык жабыркаган. ..........

    • @ilgod7099
      @ilgod7099 Рік тому

      Бирге жашаганы аракет кылгыла

  • @user-oo7vs6hb8x
    @user-oo7vs6hb8x 3 роки тому +3

    "Сүйлөмгө сүйүү батпайт"😭😭

  • @gulburakadamovic9096
    @gulburakadamovic9096 4 роки тому +4

    Сезимим билдиремин.....кайталангыс талант багындырган суйуу.... Чыгармачылык ийгилик Тумонбай мырза!!!

  • @yryskurmanova7376
    @yryskurmanova7376 3 роки тому +7

    Бийик сезимдер болгон учун жиби жок байланасын тушаласын

  • @user-oi1jz8ew5f
    @user-oi1jz8ew5f 4 роки тому +2

    Айрым жерлерин абдан созуп ырдай турган ыр экен. Азыр бир нукта ырдалып калыптыр..

  • @user-te4jh9gy8b
    @user-te4jh9gy8b 2 роки тому

    Кылымга ырдалуучу ырлар. Ийгиликтер жарала берсин👍👍

  • @user-sl2xp2rq8p
    @user-sl2xp2rq8p 4 роки тому +5

    аябай жакшы ыр экен мага аябай жакты

  • @mos_20
    @mos_20 2 роки тому

    Амансызбы Тумонбай ага. Талантыныздын алдында баш ийемин.Сиздин ырларыныз мн жашап келем жашай берем.Рахмат сизге...

  • @user-hr6wm8gn5u
    @user-hr6wm8gn5u 3 роки тому +3

    Же сенден кете албадым,
    же сага жете албадым.😔

  • @ailaskonurmamatova8128
    @ailaskonurmamatova8128 4 роки тому +2

    Кандай гана сонун обон кандай гана сонун ыр саптар эх суйу

  • @user-pn2vd4lu4r
    @user-pn2vd4lu4r 4 роки тому +2

    Кокташтын ырчысы бар болунуз ырларыныз журокко жетет

  • @user-mf3sf4dt2s
    @user-mf3sf4dt2s 3 роки тому +2

    мен сенден кеталбадым
    же сага жеталбадым😔

  • @user-gl1ro7ry4i
    @user-gl1ro7ry4i 2 роки тому

    Бугун москванын Бир метросунда отуруп алып баралган жокмун деген ырды бассам турсам да угуп журом Кыргызстан да журупда калтырбай укчумун Тумонбай аганын онору оркундой берсин денсоолугу бекем болсун ,уйбулосу менен Аман болсун ар дайым жараткан эгем эмне деген жакшылыктарды жазса баарысы орундалсын.

  • @user-ij8pn6xs4s
    @user-ij8pn6xs4s 4 роки тому +3

    журогум менен уктум го 😍🎼🎵🎵🎶ушундай ырлар коп жаралса экен Созуно обону жаралган ырлар Азыркы жаш ырчыларыбыз угат болду бекен ушул ырларды

  • @user-nb3jh3gu9b
    @user-nb3jh3gu9b 2 роки тому

    багымдаттан кийин ырларынызды угам укан сайын мээрим алам бир жылуу соз жылдар бойу жашайт

  • @user-bs1ip4fg9f
    @user-bs1ip4fg9f 4 роки тому +3

    Соонун чыгыптыр бул ыр Тумонбай Колдошов чыныгы обончу,баалаймын сизди.

  • @user-rt8jr6fv1x
    @user-rt8jr6fv1x 4 роки тому +3

    Сонун чыгарма болуптур.
    Элмирбек агама да Обонун жараткан Түмонбай мырза сизге дагы чыгармачыл ийгилик

  • @user-bh3oi7ck2o
    @user-bh3oi7ck2o 2 роки тому

    Талантынызга таазим этебиз 👍👍👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-bi4gi1kw7q
    @user-bi4gi1kw7q 4 роки тому +2

    Кандай сонун сөздөрдү таап аласыз адамдын жүрөгүн козгоп,обондорунун да жараштырып,негизи эле сонун баардык чыгарманызды укпай эле класс баса берсе болот да, чыгармачылык ийгилик каалайм сизге.

  • @zuhmamaeva6206
    @zuhmamaeva6206 2 роки тому

    Соонун чыгарма

  • @user-ke5to1xr4r
    @user-ke5to1xr4r 3 роки тому +1

    Агай соонун ыр экен азаматсыз бар болунуз

  • @kunduzzai
    @kunduzzai 4 роки тому +8

    Аябай жакшы чыгыртыр😊
    Ишинизге ийгилик, дагы коп деген жакшы чыгармаларды кутобуз💞

  • @tasma0087
    @tasma0087 4 роки тому +3

    Чыгармачылык ийгиликтер болсун. Арышыныз кенен, максатыныз бийик болсун

  • @user-kw4hw1dw1f
    @user-kw4hw1dw1f 4 роки тому +2

    Ыр абдан мазмундуу экен. Азамат

  • @user-on5jv5tg1p
    @user-on5jv5tg1p 4 роки тому +2

    Мынча сонун ыр

  • @asdfasdf6704
    @asdfasdf6704 4 роки тому +2

    Эн маанилууу ырларды жаратасыз 👍🏼👍🏼👍🏼 кылымдап укса да чарчабайсын

  • @user-px6gr9fk6s
    @user-px6gr9fk6s 4 роки тому +3

    Талантынызга таазим !👏👏👏🌷🌷🌷
    Ырларынызды угуп эс алам 🌝🌝

  • @user-hf9lo5sb3g
    @user-hf9lo5sb3g 4 роки тому +2

    Сонун мен дагы аябай жакшы кордум класс суперрр молодец гап йук карочче

  • @user-fh9gv7rt6y
    @user-fh9gv7rt6y 4 роки тому +2

    Мынча журокко жеткиргенсиз,бар болун.

  • @ibragimbaltabaev5509
    @ibragimbaltabaev5509 4 роки тому +2

    100 жолу уктум..100 жолу ырахаттандым.100 жолу сезимдер дирилдеди

  • @user-ez4hy7lz7m
    @user-ez4hy7lz7m 4 роки тому +3

    Талантынызга таазим эн жакшы чыгарма экен
    Талантыныз мындан да ташкый берсин

  • @aikerimorozobekova8224
    @aikerimorozobekova8224 4 роки тому +4

    Бул менин историям го 😔

  • @user-gw9li4ef5c
    @user-gw9li4ef5c 4 роки тому +2

    Эн сонун, уккулукткуу!Бар бол!

  • @user-hh5qv8qz1m
    @user-hh5qv8qz1m 4 роки тому +2

    Сонун чыгарма экен . Чоон рахмат бар болунуз жамандыктан алыс болунуз.

  • @user-bd8lh2uk1v
    @user-bd8lh2uk1v 4 роки тому +2

    "Просто супер, просто бомба"👍👍👍

  • @gulnuraabdyldaeva1231
    @gulnuraabdyldaeva1231 3 роки тому

    Түмөнбай кайсыл ырды кандай ырдаса да мыкты чыгат,сөзу да абдан жакшы

  • @taalaygulomurova6967
    @taalaygulomurova6967 4 роки тому +1

    Дагы бир...журокту элжиреткен сонун ыр...сонун обон...азаматсын Тумонбай ..бар бол

  • @user-xw5wv8kt6n
    @user-xw5wv8kt6n 4 роки тому +1

    🎶🎶ыр бизге туболуктоой ,ырдайын суйлобойун🎶💕

  • @aaiikkaaaaiikkaa1643
    @aaiikkaaaaiikkaa1643 4 роки тому +2

    Сонун ыр

  • @xamzakgz4007
    @xamzakgz4007 4 роки тому +2

    Керемет чыгарма бар бол!!!Талантын ташкындай берсин!!!Элдин колдоосунда бол!!!

  • @user-db4il6xt2y
    @user-db4il6xt2y 4 роки тому +2

    Эн сонун ыр 🎙🎵👍

  • @kimnanaarmi9253
    @kimnanaarmi9253 4 роки тому +2

    Эн сонун чыгарма болуптур