Бир ырдын баяны: "Барам сага"
Вставка
- Опубліковано 12 вер 2024
- Алмаш Чойбекованын сөзүнө жазылган Кадыралы Артыковдун "Барам сага" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#алмашчойбекова
#кадыралыартыков
#барамсага
"Барам сага"
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде,
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынчымды уккан кезде барам сага.
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде,
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага.
Ширесин карагатар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде,
Кучактап бейкутчулук түн куюнун,
Күн нуру уясына баткан кезде барам сага.
Гүлдөргө аарылары конгон кезде,
Бал чөбүн ой алманын соргон кезде,
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага.
Маэстро Вы наша живая Легенда. Браво Маэстро.
Сонун чыгарма эки таланттуу адамдардын эмгегинен жаралган ыр Алмаш эжебизди Аллах бейиштик кылсын деп дуба кылалы❤❤❤
Эн сонун ыр
Бул. Ыр. Асанбек. Жантемииовдукв эмес. беле жооп сурайм
Сонун ыр,мен кайталап уга берем анан досторго деген ырын дагы коп угам.
Тексти соонун..Залкар акын эжебиз Алмаш Чойбековага таандык!!!Бейишин берсин акын эжебизге...
Авторлору жазылып жакшы чыгыптыр АЛМАШ ЭЖЕНИН БЕЙИШИН БЕРСИН..❤
Ушул ыр жан дүйнөмдү дүүлүктүрөт
Жаш кезим көз алдымда жашым мөлт мөлт
Аруу кез гүл жыттанган туулган жерим
Бүгүн мен таазим үчүн сагакелдим.
Ашыктыктын гимни деп бекеринен аталбаса керек. Мин алкыш авторлорго. Бизге ушундай жакшыыы чыгарма тартуулаган.
🎉🎉🎉
❤❤❤🎉🎉🎉❤🎉❤🎉
Сага окшоп ырдын автотун айтип ырдыган жакшы
Азаматсын Ачык айтканын жакшы экен.
Керемет ыр🎉 созу, обону шайкеш келген! Уккандан тажабайсын❤ Олбос- очпос чыгарма!
Жолдошундун аты жокбу же жалкому
Жолдошунун аты Байызбек.Бул ыр саптары ошол жездебизге арналган.Өзү командировкада жүргөндө жазылган.