Эгерде деп еч качан айтпа

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 12 вер 2024
  • 🤔ЭГЕРДЕ...

    📍Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

    «Кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылсаң: «Эгер мындай кылбаганымда тигиндей болбойт эле» деп айтпа. «Аллах каалаганын тагдыр кылды» - деп айткын, эгер десең шайтанга эшик ачасың».

    «Эгерде ушундай сөздөрдү айтпаганым да бул окуя болмок эмес, эгерде өз убагында келгенде бул кырсык болбойт эле, өлбөйт эле, оорубайт болчу, аракет кылганыңда башкача болмок, эмне үчүн мен, эмнеге башкалар эмес... » деген сөздөрдү ойлоп, суроолорду өзүмө көптөн бери бербей калдым. Анткени, бул суроолор, сөздөр, ойлор жанымдын тынчын алып, өзөгүм өрттөнүп, сезимим ачка, көзүм караңгы, оюм, жолум туюк, алсыз жиндеңгич, ардангыч болуп, Кудайды унуттуруп, адамды Кудай кылып, Кудайдан эмес, адамдан күтүп, бар күнөөнү өзүмдөн эмес, башкалардан көрүп, жолуккан, кезиккен адамдарды өзүмө салыштырып жатып ыйманымды жоготуп алуума аз калды. Көрсө бул сөздөр шайтандын эң жакшы көргөн сөздөрү экен. Биз ушуну билсек ыймандын жети парзынын бири тагдырдын жакшы - жаман күндөрүнө ыйман келтирүү. Ошол күн биздин тагдырыбызга жазылган, сыялар кургаган. Өткөндү карап өкүнбөй сабак алып, эртеңкиге карап, тон пычпай, бүгүнкү күнүбүз менен жашообуз керек. Демек, жашообузда "эгерде ", деген сөздүн өзү жок, тек гана Аллах каалаганы үчүн болду " деген ыйманды жүрөгүбүзгө бекемдөөбүз керек. Биз каалаган кыялдар, пландар канчалык асманда бүркүттөй курч, бийик максаттар менен учпасын, кээде баары башкача болуп кетүүсү мүмкүн. Анткени, Аллах насип кылгандай, каалагандай болот. Биз жакшы деп билгенибиз болбой калса да биз үчүн жакшылык, жаман деп билгенибиз да биз үчүн жакшылык. Биз моюн сунабыз.
    Канчалык биз үчүн сыноо кыйын, караңгылыгы ачылбас, чечими жоктой туюлсун, артында биздин катып калган жүрөгүбүздү жумшарта турган, ак - караны, чындык менен жалганды айырмай албай калган көзүбүздүн, кулагыбыздын пардасын ача турган, денебиздин ачка калган рухун тойгуза турган, ички - сырткы оорудан ууланган жан дүйнөбүздү дарылай турган, ойлорубузга туура багытын берип, ойгото турган жакшылыктын эшиктери ачылууда. Демек, биз сыноо арты менен тажырыйба алабыз, оңолобуз. ..
    Эң негизгиси бир күнүң болсо да таңдын Раббысы болгон Аллах менен таңың атсын, кылган иштериң Аллах каалагандай болсун. Билгенге мына ушул бакыт, мына ушул жеңиш, мына ушул сүйүнүч момунмун деген пенде үчүн. Болгону ниетти, максатты туура коюп, кыялды туура кылып, Аллага тапшыр, аракет, дуба сенден, берекет Алладан...

    🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

    whatsapp.com/c...

КОМЕНТАРІ • 9

  • @KgOsh-dy3rh
    @KgOsh-dy3rh 27 днів тому +9

    Бейишиниз болсун канчалаган накыл создорунуз менен тарбияландык

    • @KG-fx2js
      @KG-fx2js 23 дні тому +1

      🤲🤲🤲

    • @AsdfghAsdfgh-o1n
      @AsdfghAsdfgh-o1n 19 днів тому +1

      😢😊☺️😘😃🤗🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🕋🕋🕋🕋🕌🕌🕌🕌🕌👍👍🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @DghbDfghjjk
    @DghbDfghjjk 21 день тому +3

    ❤❤омрумдо биринич жолу тууру суйлоп кееечирим сурайм Аллахы сизди кеир

  • @user-bj6ps8vo9l
    @user-bj6ps8vo9l 19 днів тому +2

    Рахмат ким чыгарсада ушул созун издеп таппай журдум эле

  • @aibekshamurzaev7966
    @aibekshamurzaev7966 14 днів тому +1

    Сагындык

  • @user-bj6ps8vo9l
    @user-bj6ps8vo9l 19 днів тому +1

    Ото сонун жооп беретда

  • @Eldos-ed1yw
    @Eldos-ed1yw 24 дні тому

    😂😂😂😂😂Раса кулкумуштууда😂😂🎉🎉🎉🎉🎉

  • @user-tx6ef9ls8g
    @user-tx6ef9ls8g 3 дні тому

    en tuura