Апаз Жайнаков Кыргыз жери

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 16 жов 2024
  • Кыргыз жери
    Сөзү Түмөнбай Байзаковдуку
    Обону Апаз Жайнаковдуку
    Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
    Аскасы көк асманта тийген кезде.
    Мен дагы жолго чыгам, таңды тосо,
    Кучактайм ой-кыргыларын нурга кошо.
    Улуусуң, Кыргыз жерим, нурдан бүткөн,
    Сулуусуң, Кыргыз жерим, ырдан бүткөн.
    Ысык-Көл жердин көркү кырлар кашы,
    Адырлар көкүрөгү токой чачы.
    Дайралар кан тамыры чоку таажы,
    Седеби, топчулары ар бир ташы.
    Кең түздүү, гүл денелүү Кыргыз жери
    Күн жүздүү, берекелүү Кыргыз жери.
    Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
    Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
    Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
    Дил жаркыа, таң күлкүсүн чачкан кезде.
    Көркүнө көрк кошулат Кыргыз жери,
    Сезилет ата-эненин мээримдери.

КОМЕНТАРІ • 44

  • @РаяОрмонова
    @РаяОрмонова 11 місяців тому +6

    Түмөнбай Байзаков авам , сөзүн катыра жазган. Обонун Апаз Жайнаков бүт кыргыз элине ырдап жеткирген. Эки талант өлбөптүр.

  • @user-xt.1976
    @user-xt.1976 2 роки тому +7

    Апаз Жайнаков агай ырларыныз
    Туболук орукзарлуу ар бир
    Баткендиктин журогундо
    Жашай берет
    Бул биздин Баткендин гими

  • @mirgulzhunusalieva1349
    @mirgulzhunusalieva1349 3 роки тому +14

    ....ЫССЫК КОЛ ЖЕРДИН КОЗУ, КЫРЛАР КАШЫ
    АДЫРЛАР-КОКУРОГУ, ТОКОЙ ЧАЧЫ,
    ДАЙРАЛАР КАН ТАМЫРЫ, ЧОКУ-ТААЖЫ
    СЕДЕБИ,ТОПЧУЛАРЫ -АР БИР ТАШЫ .....
    КАНДАЙ ГАНА ШЕДЕВР

  • @ЖанбулатСатымкулов
    @ЖанбулатСатымкулов 3 роки тому +15

    Ушундай улуу инсан кылымда бир жаралаар. Аллахым бейишин берсин

  • @gulnuraabdyldaeva1231
    @gulnuraabdyldaeva1231 3 роки тому +12

    Очпогон,олбогон талант,эскирбеген чыгарма

  • @СавлатАбдураимова
    @СавлатАбдураимова Місяць тому +1

    Кандай сонун талант Бири кем дуйно Козу тируу болсо дагы канчалаган обондору жанырмак

  • @ГулназираКапарова-с7в

    Кайталангыс талант, ар бир ыры сонун болчу, жаткан жери жайлуу болсун 🤲

  • @ЖаркынайДербишева
    @ЖаркынайДербишева 3 роки тому +9

    Улуусуң кыргыз жерим нурдан бүткөн
    Сулуусуң кыргыз жерим нурдан бүткөн.

  • @batmaakim1816
    @batmaakim1816 Рік тому +4

    Ар бир кыргыз баласы бул ырды обону менен билет деп ишенем. Сөзү менен обону бири-бирине өтө төп келген. Гимн болсо сонун болмок!
    Аппаз агабыздын жайы жаннатта болсун.

  • @Н.Б.Т
    @Н.Б.Т 3 роки тому +14

    Кайран таалант,жаткан жерин бейиштен берсин

  • @АкылбекШеров-ю6л
    @АкылбекШеров-ю6л 2 роки тому +4

    Керемет ыр !! Жаткан жериниз жайлуу болсун Аппаз аке

  • @АйнураМаксуталиева
    @АйнураМаксуталиева 3 роки тому +20

    Кыргызстандын гимн жазып койгон экен да.Эн сонун чыгарма!Ушул ырды эле гимн кылып койсо сопсонун жарашып калмак.

    • @tolonov4853
      @tolonov4853 3 роки тому +2

      Туура,эски карышкырлар болбогон шылтоо менен гимни ден алып салган,акыйкаттык заман келсе гимни кылса болот.

  • @Стамбекс
    @Стамбекс 3 роки тому +15

    Айланайын кыргыз элим , азыр бизге ким тоскоол болот, гимн кылыш керек , абройлуу композиторлор убагында четке кагып , өздөрүнүн чыгармасын тартуулашкан.ГИМН-бул элдик эң мыкты ыр болуш керек...

    • @tolonov4853
      @tolonov4853 3 роки тому

      Убагында тологон касымбеков кыйанаттык кылып ушул ырды болбогон шылтоо менен алып салышкан.

    • @ДастанТаштемиров-ф8б
      @ДастанТаштемиров-ф8б 2 роки тому +1

      Туура айтасыз, ушул ыр Гимн болуш керек эле озу, укмуш жазылган ыр да бул ыр. Ырды жараткан Тумонбай Байзаков мн Апаз Жайнаковго терен таазим кылат кыргыз эли.

    • @КасымТошимбеков
      @КасымТошимбеков 9 місяців тому

      100%колдойум

    • @tohaerali1296
      @tohaerali1296 8 місяців тому

      Ыр жогорку денгээлде аткарылган. Бирок гимнге болбойт. Ар ким өз кесибин кылса жакшы болмок

    • @aldapsalaar6765
      @aldapsalaar6765 7 місяців тому

      ​@@tohaerali1296бул ыр мамтлекеттик гинм болбосо да ала тоонун кыргыз жеринин туболук гимны

  • @ШарапатЧокоева-я1з
    @ШарапатЧокоева-я1з 8 місяців тому +1

    Желекти алмаштырып,Кыргыз тилин онуктуруп аткан кези эми ушул ырын КР ГИМНИ не киргизиши жетпей турат.
    Апаз элдин журогундосун, бейиштин торундо бол.

  • @ТигрТигр-о5г
    @ТигрТигр-о5г 2 роки тому +3

    Апаз Жайнаков эн таланттуу адам болгон экен чыгарган оондорун соз жок

  • @БекБору-ж1в
    @БекБору-ж1в 3 роки тому +23

    КР гимни ушул болуш керек эле?. Трайбалисттер ошондо иттик кылган экен

    • @Стамбекс
      @Стамбекс 3 роки тому +4

      Азыр ушул ырды элге көтөрүш керек , гимн кылыш керек

    • @salomonsalomonovich1990
      @salomonsalomonovich1990 6 місяців тому

      Обону созу туштуктон болуп жатпайбы аркалыктар вообще жол бербейт.

  • @АйзатБорубаева-ч1в
    @АйзатБорубаева-ч1в 3 роки тому +5

    Кудайым бейиштин торунон орун берсин!🤲🤲🤲💐💐💐💐💐

  • @РопрппРопрро
    @РопрппРопрро Рік тому +2

    Жаткан жери бейиш болсун😢😢😢

  • @askerbekmakkambaev6857
    @askerbekmakkambaev6857 Рік тому +1

    Атам бар болчу адам жакшя болчу ошол ошол кезди сагындым

  • @gulirakasymova7597
    @gulirakasymova7597 3 роки тому +14

    Атандын кору ыр эмес бекен.Автордун аткаруусунда.Тим эле толкуйт го обону

  • @САЛТАНАТБейшеналиева
    @САЛТАНАТБейшеналиева 6 місяців тому +1

    Мен ушул воды уксам же ырдасам козумдон жаш токтобойт Корсо мекенге болгон суйуум тура .❤❤❤😢😢😢😢

  • @РаяОрмонова
    @РаяОрмонова 11 місяців тому +2

    Гимн❤🎉🎉🎉🎉

  • @АйжанКашкарова
    @АйжанКашкарова 3 роки тому +4

    кандай гана талант эле жаткан жери жайлуу болсун сиздей талант мин жылда бир келет

    • @gulumkanjoldubaeva2387
      @gulumkanjoldubaeva2387 3 роки тому

      Кайран.талант озу кетсе дагы артында ырлары калды не дейбиз бейишинен берсин Аллам.Жаткан жериниз жайлуу болсун

  • @ДастанТаштемиров-ф8б

    Мен жаш кезимде Гулзат Байзакованын берген интервьюсун коргон элем, анда Гулзат эже Жайнаков мн курссташ болгонун, ага коп кыздар ашык болгонун айткан эле, ал убакта Жайнаков тируу болчу. Агай жаш кезинде аябай красавчик элэда озу.

  • @АмираАбдулаева-г9в
    @АмираАбдулаева-г9в 2 роки тому +7

    КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ГИМНИ БОЛБОСО ДА БАТКЕН ЭЛИ ГИМНИ КАТАРЫ ЫРДАШАТ ОТО ОКУНУЧТУ ЖАТКАН ЖАЙЫ ЖАЙЛУ КУДАЙЫМ БЕЙТШТЕН ОРУН БЕРГЕН БОЛСУН

  • @yrysbeksultanov9889
    @yrysbeksultanov9889 9 місяців тому +1

    Асыл адам.

  • @АбдикаарБердикулов

    Аллах мээримине алсын бийишти Аллах насип этсин

  • @ГалмуратМамажанов-ц8й

    Ооба Кыргыз журогундогу гимн. Эски карышкырлар баягы атэистэрдин заказы мэнэн жазылган ырдын созун алмаштырып кайра гимн дэп корсотуп койгон ошолор кайдагы лэгэндарлуу парламент. Апас байкенин бул обону туболукко Кыргыз журогундо гимн болуп жашайт

  • @gulnuraabdyldaeva6354
    @gulnuraabdyldaeva6354 Рік тому +2

    Денени дүркүрөтөт

  • @АйпериМамытова-ш5и
    @АйпериМамытова-ш5и 3 роки тому +5

    👍

    • @НурмаматБаязов
      @НурмаматБаязов 3 роки тому

      Обологон шедевр чыгарманын озгочо талант жаткан жерин жайлуу болсун, топурагв торко болсун!

  • @ainazikabdykalilkyzy6438
    @ainazikabdykalilkyzy6438 2 роки тому +3

    Кыргызстан Баткенден башталат деп,Ажообуз бекер айтпаптыр,Баткен областынан кучтуу инсандар чыккан экен,таазим сиздерге Баткен Эли.. жайыныз Жаннаттан болсун,топурагыныз торко болсун,
    " КЫРГЫЗ ЖЕРИ"Ар Бир Кыргыздын журогундо ырдалат ИНШАЛЛАХ

  • @mirgulzhunusalieva1349
    @mirgulzhunusalieva1349 3 роки тому +6

    ЖУРОК ТОЛКУТКАН ЧЫГАРМА

  • @АширьаеаБалиоваа
    @АширьаеаБалиоваа 11 місяців тому +1

    Бул ырга соз жок