Көк-Алма айылы/ Базар-Коргон

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 2 тра 2024
  • Боронбай кызы Назгул группалашыбыздын уйундө коноктобуз.
    Базар-Коргон/ Көк-Алма айылы.
    Бул айылга кайра 10жыл дегенде келдик. Окуп жүргөндө эң алгачкы шерине ушул айылда, ушул кыздын үйүндө болгон. 1-шерине болгондуктан өтө кызыктуу жана эң соонун денгээлде өткөн. Биринчи шеринебиз ушундай болсо кийинкилери вообще суппер болот деп улантып кеткенбиз. Баары соонун болгон. Негизи шерине баштоого, шерине деген түшүнүктү берген биздин Эсенова Нуска деген кураторубуз болгон. Биринчи шеринени тоолуу райондон баштайбыз деп баштатып, өзү кошо келип, бизди карап, кошо түнөп кеткен. Кийинкисинде эжекебиз менен келебиз буюрса.)
    Шерине кылып канчалаган айылдарды көрүп кезгенбиз.) Шерине деген нерсе түшүнгөнгө эң соонун нерсе. Окуп жүргөндө эсте группалаштарын мн бирге өткөргөн кызыктуу күндөрүң эле калат ошолорду гана эстейсиң. Аудиторияда отуруп сабак өтүп, лекция жазганын бирида калбайт, эсте да жок алар. Лекция жазган күндөрдү эстебейсинда ушундай досторун мн өткөргөн соонун күндөрдү эстейсиң.)) Окууну деле айылды деле айкалыштырып окуган биз болгонбуз. Сабактан эч качан бирибизда калган эмеспиз.
    Досубуз өзүнүн эле айылынан бир айыл ылдый турмушка чыккан. Биир келсеңер төркүнгө барып, өткөн күндөрдү эстеп отурабыз деген эле. Болду сөз жок деп, бала-чакаларды ээрчитип барып калдык.))) Аяш энебизда бизди жакшы көрөт. Он жыл ичинде эмнелер болбоду. Арада аяш атабыз өтүп кетти. Өтүп кеткенде убагында бара албадык эле, кече барып аяш атабызгада куран окуп дуа кылып кайттык. 🤲
    Балдарыбызда жыргады бири-бири мн таанышып, достошуп. Досуум деп алышкан тез эле. Бири-биринен тараганда ыйлашты чын айтам.
    Биз ушундай бири-бирибиздин үйүбүзгө барып мамилени дагы да бекемдеп турабыз. Биз бирге 3 жыл окусакда өтө ынтымактуу бойдон калдык. Бири-бирибизди издеп турабыз. Вотсапка кирбей, номерлерин алмаштырып салса алардын кошуналарын издеп таап алабыз.) Таап группага кошкон группалаштарда өздөрү таң калып калат.)))) Ынтымагыбызга көз, сөз тийбесин. Рахмат досум.😘
    Кереметтүү өлкөдө жашайбыз шүгүр!

КОМЕНТАРІ • 16

  • @Tavorooo
    @Tavorooo 28 днів тому +1

    Сонун тарьылыптыр маладец ар дайым жакшылыктарда жоолугуп жургуло

  • @user-mg5km6lz7y
    @user-mg5km6lz7y Місяць тому +3

    Кыргызымдын эли сонун жери сонун ❤

  • @Aibek-rl8ul
    @Aibek-rl8ul Місяць тому +3

    Сонун

  • @Begimai-1989
    @Begimai-1989 Місяць тому +1

    Кутман тан жакшыларым биз ошол жактан алдык келинибиз кучтуу мыкты айым ❤❤❤❤❤❤

  • @user-bb1qg7uc1m
    @user-bb1qg7uc1m Місяць тому +2

    Бар болгула достор❤❤❤

  • @user-hu3we2yz6r
    @user-hu3we2yz6r Місяць тому +1

    Сонун айыл экен инилериме ошол жактан уйлон деп совет берем😊

  • @TurgunaiAbylova-gu4dz
    @TurgunaiAbylova-gu4dz Місяць тому +2

    Менин айылым Кок- Адама айылым м мактанам❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @aikokulaikokul9311
    @aikokulaikokul9311 Місяць тому +2

    Менин тугандарым барболула😊

  • @OrozTokoev
    @OrozTokoev Місяць тому

    Менин айылымгооо

  • @user-om8so7sx7y
    @user-om8so7sx7y Місяць тому +1

    Кок алмадан уйлоном кыздары макул болсо

  • @user-du8wl6bl9w
    @user-du8wl6bl9w Місяць тому +1

    Менин айылым

  • @user-zu5lk5tw5m
    @user-zu5lk5tw5m Місяць тому

    менин туугандарым кок алма

  • @aikokulaikokul9311
    @aikokulaikokul9311 Місяць тому +1

    Тагам жок атин ай 😢😢

  • @user-oh1bt6io1n
    @user-oh1bt6io1n Місяць тому +1

    Сонун