Америкалык кыял #1: Америкадагы эң алгачкы ири трак компаниясын ачкан кыргыз кандай жашайт?
Вставка
- Опубліковано 30 тра 2024
- Эң биринчилерден болуп ачылып, жол баштаган Манас Эхспресс трак компаниясынын үйүнө коноко келдик. Сагын Матмуратов кандай үйдө жашайт? Канча турат? Канча бөлмө? Жана бизнестен башка кандай иштер мерен алектенет? Ушулар жана башкалар тууралуу бул чыгарылыштан көрө аласыздар.
Бизде конкурс бар экенин унутпаңыздар. Конкурстун шарттары видеонун акырында.
00:00 Тизер
00:30 Башталыш
01:05 Таанышуу
01:35 Конок столу
03:33 Офис
04:51 Азыр канча проект бар?
06:10 Кайсыл жерден болосуз?
06:23 Китептер жөнүндө
08:06 Гений тентек
08:51 Логотип Манас Экспресс
10:04 Комуз
11:16 Күтүлбөгөн конок
12:57 Ашкана
17:34 Үй сатып алуу жөнүндө
19:35 Конок бөлмөсү
20:54 Уктоочу бөлмө
21:40 Үйдөгү температура
22:41 Гараж
25:13 Өнөктөштөр жөнүндө
25:43 Ылдамдык жөнүндө
27:00 АКШга келүү жөнүндө
29:08 Тесланы заряддоо
30:23 Сырткы аянт
31:51 Бакча
36:22 Бизнес жөнүндө
42:14 Кеңештер
45:28 Веранда
46:30 Экинчи этаж
49:40 Америкалык кыял
51:38 Белек
Атаңдын көрү эч кимге баспай жүргөн бир штук лайкм бар эле ушуга басайынчы ... мыкты мыкты мекендешгерге Кыргызстандан салам аман болгула!
Кыргыздар которулсо эле суйуно берем. Аллахым бизге да жугуштуу кылсын
Мен бул интервьюну көрүп, абдан кубанычта болуп турам. Эң сонун жетишкендик. Сагын агабыз жана анын үй бүлөсү кандай бактылуу. Албетте биринчи ниетти түз коюп, ишти баштаган үчүн Аллах дагы берекесин берип жатат. Канча жылдык эмгек жана ийгилик. Америкада туруп, Кыргызстанды куруу жана Кыргызстанда Американы куруу кандай сонун максат. Сагын аганын берген маеги өзгөчө жаштарды аябай шыктандырат деген ишеничтемин. Кыргызстан өнүгүүсүнө ар бирибиз салымыбызды кошобуз. Ал эми бизге мындай маалыматты жеткирип турган бул долбоорго дагы ийгиликти, бийиктикти каалайм!
Сиз да бактылуу болунуз
Саламатсызбы! Сизди кутууктайбыз! Каалооңуз үчүн чон рахиат! Биз менен байланышыңыздар!
@@doolotkerimbekovСаламатсызбы!
@@Sezim_Bakytbekemailinizdi jazyp koiosuzbu?
@@doolotkerimbekov Gmailдан кат жөнөттүм ачып коёсузбу
Аябай жонокой, адамгерчиликтуу, кыргызча суйлоп кыргыз баалуулуктарга маани берип басым койгон байке экен. Мактанганды дагы билбеген жонокой адам экен. Аябай бааладым. Бизге дагы ушундай уй буйрусун кудайым буйруса. Биз дагы ушундай жетишкендикке жетишели.
Классташтардын жетишкендигин коруп абдан кубанып, сыймыктандым. Сагын окуучу кезде кандай бала болсо, дагы деле ошол сапатын жоготпоптур. Ар бир созу ордунда, журогундо ыйманы сакталган, коздогон максатына жеткен инсандардан болуптур. Дагы да талыкпай эмгектенип, адамдык сапатынды жоготпой, Кыргызстаныбызга кошкон салымын кобойо берсин. Уй булоо, ата эне, жакындарын мн бар бол,аман бол, бактылуу бол. Жаратканым баардык жамандыктардан озу сактасын!
кайсыл жерден болот Кыргызстандын
@@azamat4740 Баткен.
@@azamat4740 Баткенден деди
@@azamat4740 Баткен обл, Лейлек районунан болот
@@azamat4740Лейлектен Раззак Ата шаарынан
Материалдык байлыгы эмес, дүйнө таанымына, тарбиясына суктандым. Ата-энеси уулунун мындан да чоң ийгиликтерин көрүшсүн.
Лейлегимдин жигитиго Сагынбек аллах омур берсин
😮
Тарбиялуу,кудай деген ата- эненин баласы,кыргыздын азамат жигити,американын күжүрмөн ишкери, бактылуу үй-бүлөөнүн кожоюну экен.Көрүп кубандым. Алга.! ❤
"АГАНЫ КӨРҮП ИНИ ӨСӨТ,
ЭЖЕНИ КӨРҮП СИҢДИ ӨСӨТ" демекчи ушундай ага- эжелерибиз менен КЫРГЫЗСТАНдын жаркын келечегин чогуу курабыз, буйруса...!!!
Таким достижением действительно можно гордиться. Это настоящий труд, настоящий успех! Интеллигентность, скромность, доброжелательность сочетаются в обоих Джигитах!! Пусть с вас берут пример молодое поколение Кыргызстана, а зависть обходит стороной! Я здесь только год, буйурса тоже стану как вы😁
Аллахтын буйругу болуп менин балам дагы ушул адамдай болуп жонокой акылдуу ыймандуу Ата энесин сыйлаган Жана бактылуу болсо экен деп тилейм ,ар Бир озунун бактысынын куруучусу дегенге дагы бир ирет Кубо болдум
Ал эми сиздерге ботон жерде кудай куч кубат берсин
Манас манас болуптур, Манастын трагы болуптур, трактын артынан ресторан болуптур, анын артынан курулуш компаниялар туруптур. Буюрса Kyrgyz Village болот. Манас кудайдын буйругу менен баштаса, бардыгы жакшы болот. Жакшы долбоор болуптур. Колдойбуз!!!
5 муноттой коруп анан очуроюн деп атып толук кордум, уйго кызыгып коруп баштап, уй такыр кызыксыз болуп калды :) чынында пайдалуу, мотивация беруучу интервью болуптур. Жеке тыянактарым: 1.кандай гана кырдаал болбосун-адам бойдон калуу: адамгерчиликтуу, ыймандуу.2.Уй-було, ата-энебизге сый. 3. Кайда барсан да кыргыз экенинде унутпа: идеологиябыз, каада салтыбыз, тамак-ашыбыз. 3.Ийгиликке жетем десен: адал эмгектен, ожор бол, убактыны туура пайдалан. Америкага келип адаптация периоддон чыга албай жургондо чынында жакшы дем берди. Чон рахмат.
Аллах таала кыргызымды кайда кана болбосун колдоп жана мээнетине берекесин берсин иншаллах 🤲🏻🤲🏻 аминь
Эн жонокой, жумшак, кыргызча интервью бериптир.Бул да болсо онугуунун сыры жонокой адамгерчиликте.Мыктынын мыктысы экенсиз. Ата эненизге таазим.
Эл сыйлаган эшикте калбайт, ат сыйлаган жоо калбайт. Ассалому аллейкум. Чындыгында Сагын нагыз мырза. Мени корбой тааныбай туруп чоон жардам берген адам. Адам керчиликтуу ото жонокой инсан. Ден соолук, уй булоолук бакыт, ишине ийгилик каалайм.
Кудайым колдоп коштогон болсун🤲🤲🤲 биз Россия Сахалин шарынан коруп жатып козумо жаш алдым. Туура жолдо журуп, чыныгы кыргыз экенин жашоосу далилдеп турат🤲🤲🤲👍👍👍
"Америкада Кыргызстанды куруу, а эми Кыргызстанда Американы куруу" деген созунуздун озунделе эле, канчалаган таалыкпас эмгек, кандай деген кыйнчылык, ойдо томон учурлар, ата мекенге болгон чексиз суйуунуздун бар экендигин айгинелейт. Аллахым ар дайым даражанызды бийик кылып, тапканыныз берекелуу болсун, эки дуйнолук бакыт каалайм. Сиздей эн мыкты эр азаматтар коп коп болсо экен деген тилектемин. 🥰🫀🙏
Биринчиден Аллахыма чексиз шүгүрлөр болсун!Экинчиден ата-энеден алган таалим-тарбиясы абдан маанилүү экендиги көрүнүп турат.Ата-Мекенине болгон сүйүүсу,”Кыргызстан”деп соккон жүрөгү,патриоттулугу,жөнөкөйлүгү,ак көңүлдүүлүгү,мээнеткечтик менен адал менен акча тапкандыгы башка жаштарга үлгү көрсөтүп ,абдан соонун бул чыгарылышта чагылтырыптыр!Соонун мативация десек болот.Ийгилик сизге Сагын байке!Аллаахым ыраазы болсун!
"Америка менин кыялым"
Абдан кызыгуу менен көрүп чыктым.Баардыгыбыз америкага баргыбыз келет.Жете албай "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет"-деп өкүнүп отуруп калбай аракет кылса,ниетти түз койсо баарына жетсе болот экен.
Сагындын ата энесине,үй бүлөсүнө, өзүнө, жумушуна,чогуу иштегендерине болгон сый урматы, түшүнө билүүсү баарын терең ойлонуп иш жүргүзгөнуно чоң баа бердим.Баардык адамдар ушундай болушуң каалайм ❤
Бар болгула кыргыздар!
Алыста жүргөн мекендештер сак саламатта болушуп мекенине,эл жерине пайдасын көргөзүп, өзүлөрү аман эсен болушсун 🤲🤲🙏🙏🙏🥰🥰🥰🥰🥰🥰🥰🥰🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Сагын менен биз бирге Умрага барып калдык, абдан жакшы жигит экен, эмгек менен , ийгиликтерге жетишип келгени мен абдан суйүндүм, Сагынга, ар дайым Аллахым берекесин берип турсун, тилектериң иш жүзүнө ашып келсин, бактылуу бол, аман эсен бол. Улукбектин апасы…
Добрый день, cмотрела выпуск с наслаждением. Звук, монтаж, качества все на высшем уровне! Сагынбек байке вызывает уважение и восхищение, рады видеть таких успешных личностей! Очень красивый дом, счастливая семья. Пусть этот дом будет полон счастья, детского смеха, уважения друг к другу и взаимопонимания. Знакома с супругой Сагынбек байке и хотелось бы отметить, что она также очень мудрая и спокойная девушка, дом в отличном состоянии, благодаря ее уходу и уюту, который она создала. Желаем еще больших успехов и благополучия этой семье!
Отдельное спасибо, Доолот байке за такой выпуск и новый проект! Надеемся увидеть еще больше наших соотечественников, которые добились успеха и обустроились в Америке! Keep it up! Будем с нетерпением ждать следующие выпуски!
Дуйно таанымына,жан дуйносуно,тарбиясына,ата энесин сыйлаганына,абдааан маани бердим,окууган адамдын суйло речи да башкача болот.Азаматсыздар,кыргызымдын чыгаат жигиттери коооп болсун!
Мен бир нерсени байкадым, чон ийгиликтерге жетишкен Кыргыздын чыгаан жигиттери , баары китеп окушат экен, ана ото жонокой балдар экен Азаматсынар.
Ма ша АЛЛАХ Ар бир Кыргыз ушундай денгеелде жашасын, онуксун Ин ша АЛЛАХ
Сагынбек чындыгында өтө жөнөкөй,адамгерчиликтүү,маданияттуу,боорукер жигит.Аны менен сүйлөшө келсең жан-дүйнөң эс алат.Биздин мектепке,айылына ,районуна жакшы жардам берип,демөөрчүлүк иштерди жүргүзүп келет.Ушундай элдин уулун тарбиялаган ата-энесине таазим!Сагынбек жашоодо сени жакшылыктар,кубанычтар коштосун!
Аллах колдосун мекендештер туугандар Манас экспресс ишинерге ийгилик
Кыргыздын уул-кыздары чет мамлекеттердеги жетишкендиктери абдан кубандырып, шык берет. Бул берууну бир дем менен кордум, ушунча соонун создор, кенештер айтылган. Кыргыздын каада салтын, баалулуктарын кунумдук жашоодо колдонгону да соонун. Бул интервьюда таамай айтылып журокко жеткен соз: « Адал эмгек»,« адамкерчилик»,« Америкада туруп Кыргызстанды куруу, Кыргызстанда туруп Американы куруу». Сагын мырзанын ата-энесине болгон сый урматты, мамилеси чет жерде жургондо ого бетер ата-энеге болгон кусалыкты кучотту.
Доолоттун долбоору ийгиликтуу болсун. Коп-коп ушундай кызыктуу чыгарылыштарды кутобуз. Азаматсын!
"Hi! I was absolutely delighted to hear about your Apple Watch giveaway! As a resident of the Batken region, Leilek district, Taylan village, I feel a special connection with this event. This watch will not only be a wonderful addition to my lifestyle, but will also help "I want to become more productive and organized. Thank you for the opportunity to participate in this competition and I hope you will consider my comment. I look forward to the results! Thank you!"
I'm from Kyrgyzstan🇰🇬🤝🇺🇲👋
🎉🎉🎉
Hello! I'm absolutely thrilled to win this amazing Apple Watch! Being from the Batken region, Leilek district, I feel a special connection with this draw. This watch will not only become a stylish accessory for me, but also a useful assistant in everyday life. I look forward to the results of the competition and hope that my comment will be chosen as the best. Thank you very much for this opportunity!
🇰🇬🤝🇺🇸
I'm from BATKEN
Азаматсыз Сагын мырза ❗
Максатты туура коюп, максатына жеткен жаштар менен сыймыктанам ❗
Америкада турса да, Кыргыздын нукура баалуулуктарын жоготпой, өзү менен бирге сактап жүргөнүнө кубанам ❗
Сиздей жигиттер көп болсун❗
Алыста жүрөсүздөр, жараткан Алла таалам өмүрүңө береке берип, ден- соолугуңар бекем болуп, тапканыңардын берекесин берип, жакшылыктарга буюрсун ❗🤲🤲🤲.
Элиңди, жериңди унутпай элиңдин сыймыгы болуп жүрө бер ❗
Ата- энеңе терең таазим ❗
Сиздей болгон уулду тарбиялап өстүргөн ❗
👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🌍🌍🌍🌍🌍🤲🤲🤲 0:04
Ааламга жол айылдан башталат-деген сөздү дадилдеген мыкты жөнөкөй инсан экендиги көрүнүп турат.Чыңгыз Айтматов атабыздай кыргызды дүйнөгө тааныткандардын бири экен десем жаңылышпайм.Искак Разаков атабыздай жүрөгү ар дайым кыргыз деп соккон мыкты инсан экен.Жеке жашоосунда үй-бүлөсүнө камкор, ата-энесине мээримдүү бала,жубайына сүйүтүү жолдош,балдарына боорукер,мээримдүү ата экен.Китепти көп окугандыгы сүйлөгөн сөзүнөн байкалып турат.Ишине ийгилик,үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Чет өлкөдө жашап иштеп жүргөн мекендештерибиздин жетишкендиктерин элге жеткирген авторлорго чоң рахмат.
Кыргыз тилинде жогорку деңгелдеги маек болуптур.
Ассалому алейкум!
Сагын мырза командаңар менен азаматсыңар.Америкадан жанан Кыргызстан канчадаган иш оорундарып берип,Кыргызстандын экономикасын көтөргөнгө аябай чоң салымыңарды кошуп жатыпсыңар.Мындан ары дагы жакшы ийгиликтерди жаратышыңарга тилектешмин.Умрага барган зыяратыңарды Аллахым кабыл кылган болсун.Ата-Энең,үй-бүлөөңөр менен аманчылыкта болгула.Сен дагы балдарыңдын жакшылыктарна күбөө болушуңду каалайм🤲🤲🤲
Сонун долбоор болуптур,ушундай мырзанын артында кандай аялы турганы сыр бойдон калып кетиптир,үйдү үй кылган аял!Үй-бүлөлүк бакыт сиздерге!Бизнестер өсүп,өркүндөй берсин!
Кыргызстандын жигиттери, кыздары Америкада материалдык байлык кийинки планда экенин айтып келишет, ал жердин маданиятын, табитин, элдин жөнөкөйлүгүн, ар дайым өздөрүн бактылуу сезиши, жайдары жүрүшүн бизге жеткирип турганы абдан маанилуу. Сагынбекти тааныбасам да, анын жетишкендиктерин көрүп сүйүнөсүң, келечекте Америка барып өз кыялымды орундатам деген жаштарга мотивация берип, эне тилибиз болгон кыргыздын тилин унутпаганы, үйүн биздин Кыргызстандыкыдай кылып келиштирип жасаганы, бардык буюм терим өз ордунда экени абдан жакты. Ушундай жигитти төрөп, өстүргөн апасына таазим, мыкты тарбия берип, алдыдагы кадамдарына шык берген атасына миң мертебе алкыш. Генри Девид Торонун "Ар дайым бир нерсенин үстүндө ойлонуп, изденүүдө болгондор сөзсүз ийгиликке жетет" деп айтканы Сагынбектен көрүнүп турат. Дайыма алдыга карай умтулуунун өзү бул жашоодогу чоң бакыт. Үй-бүлөсүнө чон жетишкендиктери каалаймын, дайыма ийгиликтер коштоп жүрсүн! Баткен жергесинен чоң ысык салам!
Кыргыздар бири Бир бизди колдогонду которгонду уйрондук.
Башка улуттар бири бирин аябай колдошот .Биздин каныбызда алдына тартмай короалбастык деген жаман жактардан арылсак сонун онукмокбуз🎉
Сагынга уй булосуно Алла таалам омурлорун берсин. Омурлоруно береке берсин. Бакыт каалайм. Кыргыздын балдары ушундай адам болушуна тилектешмин.)))
Жонокойлугунуздон жазбаныз!!! Сагын мырза сиздей чыгаан жигиттерибиз кобойсун! Ушундай тарбия берген ата эненизге алкыш!!! Уй булонуз менен аман болунуз! Кыргызстанды онугуусуно салым кошуп, дагы да талыкпай эмгектене бериниздер! Келечекте биздин балдар да сиздей болуп , илимдуу, таалим тарбиялуу болушуна Аллахтан чын журоктон сураймын!!!!
Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху!Сагын мырза! Маегиңизди аягына чейин кунт коюп угуп ушунчалык ыраазы болдум.Сизге туура тарбия берген ата -энеңизге Аллах ыраазы болсун!Сиз ар тараптуу ,кызыктуу жашоо шартын өткөрүү менен,китеп окуганыңызга баа бердим.Кыргыздын нукуралыгына:тамак ашы,үй жасалгасы,жапыз столго,жерге отуруп тамактанууңар,ата-энеге болгон сый-урматыңыз,алдыда көп проектилерди аткаруу максаттарыңыз мактоого татыктуу.Мен да жакында Умрага уул,кызым менен барып келдик.Сиздин да Умраңыз кабыл болсун.Кыргызстанда Американы,Америкада Кыргызстанды алып жүрүнүү биздин бардык атуулдарыбызга насип кылсын.Сагын мырза Аллахым эки дүнүйөнүн бактылуулугун насип кылсын.Баардык ниеттериңди Аллах кабыл кылсын.
Күчтүү таасир алдым чынында.
Чыныгы патриот деп мен-менсинип төшүн каккан, оозу менен буудай кууруган сөз патриоту болуу эмес, балким Сагын мырзадай иш жүзүндө мамлекетке адал ишкердик менен салым кошуу, мекендештерине жумуш орундарын түзүү, жумуш менен камсыз кылуу..
Аллах ыраазы болсун, ар бир проектиңер жемиштуу болуп, дагы да Кыргыз элин жерин өнүктүрүүгө ишкердик менен салымынарды көбөйтө бергиле.
Дагы да айта кетчүү нерсе Сагын байкенин мыкты тарбияда өсүп, чонойгондугу көрүнүп, сезилип турат. Мындай байлыкты көтөрө албаган канча…
Эң жакканы айти, билим берүү чөйрөсүндө иш алып барганы бул келечекке, жаштарга болгон инвестиция! Бул байкедей ыймандуу билимдүү, максаттуу балдар-кыздар Кыргыстандын келечеги эмеспи👍👍😇
Сунуш катары: Туризм чөйрөсүнө да кирип, Кыргызстандын керемет табиятын дүйнө жүзүнө даңазалап ушул боюнча мыкты проект кылышыңарга тилектешмин👍.
Каналга ийгилик, ушундай маалыматтарды элге жеткирип, мыкты адамдар менен тааныштырып, таасир, идея берген канал болсун👍
🌱🌲Ма ща Аллах☝ Кут болсун, жащоонор, ишинер, уйунор
Аллахтын ☝ нуру💥☀ жаап турсун,, эки дунуйо бакыт насип кылсын Аллахым☝
Сиздей трактын жетекчисиндей Кыргыздын жигиттери коп болсун, биздин балдарга да Аллахым ☝насип кылсын
Блогер жигитке да
Аллахым☝ жакшылыктарын насип кылсын, каналына баракят
Миллиардер бол амин амин амин 🤲🤲🤲🤲 Ак жол 🤲🤲🤲🤲🌲🌱💥🌈👏💐🌹🌷🌟🌍🥰❤😍
« ААЛАМГА ЖОЛ АЙЫЛДАН БАШТАЛАТ» - деген сынары кечээ эле Баткендин топурагында ойноп чонойгон Сагын байке , Жалал-Абадтын кара суусун ичип чонойгон Талгат байкем …
Жаштарга улгу болчуу инсандар. Канча ийгилик , байлык бийлике жетседа адамдык саппаттарын жоготпогон, жонокойлукту сактаган, журогундо ыйманы бар инсандар🙌
Сиздерден мотивация алып келаткан КЫРГЫЗ КЫЗЫ 🇰🇬
Мага биринчи эле жакканы экөөнүн тең жөнөкөй кыргызча сүйлөөгөнү болду. Адабий тил - жалпак жөнөкөй тил болуп сонун. Кандай керемет угулат! Ишиңерге ийгилик. Каармандын көз карашы жакшы экен. Ата энеден алган тарбиясы. Баары төп келген. Жакшы ниет менен алган үйүнөр кут болуп, бактылуу ырыскылуу ден соолуңар чын болуп, үйунөрдө жалаң жакшылыктар болсун.
"Hello! I am happy to join this competition because I dream of such a cool watch as the Apple Watch. I am also from the Batken region, Leilek district, Taylan village, and I would be incredibly pleased to win it from a fellow countryman! This watch will not "Not only a stylish accessory, but also a useful assistant in everyday life. Thank you for the opportunity to participate in this giveaway!"
🇰🇬 Кыргызстандан Америкага салам👋
Айтканыңыз кабыл болсун❤❤❤
❤❤❤❤😊
Сиз жеңесиз деп ойлойм❤❤❤
❤❤❤
Лейлектин Каймактары Алга:))
Сонун чыгарылыш болуптур Сагын байке абдан жонокой ичинде кири жок куу шумдугу жок жакшы адам экени корунуп турат ишинизге ийгилик чон салам Нью Йорктон Буюрса Чикаго барганда сиз айткан Жибек жолу Караван ресторана созсуз барып тамактанып кетебиз 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤️🇺🇸🇺🇸🇺🇸🇺🇸🇺🇸
Кыялдар орундалат ❤
Сагын Ак көйнөк кийип Фучикада 😅жалгыз бала болчу 🎉🎉 Азаматсыз көз тийбесин !!
Маанилуу соонун интервью болуптур. Сагын байке сиз менен сыймыктанабыз.❤
Ата энесине рахмат ! Молодец, ийгилик!
Сагын менен 57-мектепте чоогу окуганбыз,азыр коруп абдан кубанып жатам,чоон ийгиликтерге жетишиптирсин,азамат!
Абдан соонун выпуск экен!🔥🔥Сагын байке шумахер экенине тангалдым! 🤣🤣
Лейлектик чон салам эн сонун репортаж болуптур азаматсынар ийгилик болсун
Тарбиялуу, маданияттуу жана жөнөкөй жигиттер экенсиздер👍кыргыз тилине сый-урмат көрсөтүп сонун сүйлөгөнүңөр кубандырды😊
Куттуктайм дос уй булон менен бактылуу бол алган уйун куттуу болсон тойлор Боло берсин 🤲🤲
Мен Кыргызстандан келген Америкада окуп жаткан студентмин. Келечекте Кыргызстанды аябай өнүктүргөндү каалайм, Америкада, Кыргызстанда, керек болсо башка мамлекеттерде бизнес ачып, Кыргыз элиме салым кошкум келет жана ата-энеме бийпил турмуш бергим келет. Сизди көрдүм да, сиз мага аябай үлгү болдуңуз! 😅 кандай кана кыйын жол болбосун, канча кана жыл өтпөсүн, эгер аягында сиздикиндей результат болсо, мен аракет кылганы, керек болсо сиздикине барып иштегени даярмын. 😂 сиздин жолуңузга ийгилик, Кыргызстанга ийгилик каалайм!
Эн соонун, кыялын орундалын Кудайым тилегинди берсин.
@@user-ky9ij8qz2c чон рахмат, айтканыңыз келсин!
Азаматсыз, сонун жетишкендик адал мээнет. Бардык жагынан улгу болчу бала. Аллахым дайыма колдоп журсун.
Дуйнону дунгуроткон Америкада, ушундай жетишкендиктерге, ийгиликтерге жетишкени сонун нерсе, азамат жигит экен.
САГЫН МЫРЗА АЛЛАХТЫН СҮЙГӨН ПЕНДЕСИ ЭКЕНСИЗ. СИЗ ЖӨНӨКӨЙ,АДАМГЕРЧИЛИКТҮҮ,ЖҮЗҮНҮЗ АЧЫК ЭКЕН. ИШИҢИЗГЕ ИЙГИЛИК, ДЕН СООЛУК КААЛАЙМ. ҮЙ БҮЛӨҢҮЗ МЕНЕН БАЛДАРЫНЫЗ МЕНЕН АМАН БОЛУҢУЗДАР🤲 КУДАЙЫМ КОЛДОСУН. БИРИНЧИ ОРУНГА АТА ЭНЕҢИЗДИ КОЮП, ОШОЛОРДУН БАТАСЫН АЛЫП ЖҮРӨ БЕРИҢИЗ. КОМПАНИЯНЫН АТЫН МАНАС ЭКСПРЕСС ДЕП ЖАКШЫ КОЮПСУЗ ,МАНАСТЫН АРБАГЫ ДАЙЫМА КОЛДОП ЖҮРСҮН🤲 УШУЛ ОРОЗО АЙЫНДА ТИЛЕГЕН ТИЛЕКТЕРИҢИЗ ОРУНДАЛСЫН🤲 БИРӨӨНҮН ИЙГИЛИГИНЕ СҮЙҮНГӨН АДАМГА АЛЛАХЫМ ЭКИ ЭСЕЛЕП БЕРЕТ ДЕП АЙТАТ. МЕНИН ДАГЫ БАЛАМ СИЗДЕЙ БОЛСУН ДЕП КААЛАЙТ ЭЛЕМ.ДУБА КЫЛАМ.🤲
Жаштарга, озгочо мектепти бутуп аткан менин балдарыма бул видео чон мотивация берди. Жаратканым Насип кылса Америкадан окуп билим алып силердин жрлунарды жолдошот деп ишенем.
Азаматсыз, сыймыктанабыз.
Абдан сонун чыгарылыш, мага өзгөчө таасир берди: Кыргызстандын кооз маданиятын жашообузда кантип алып журушунө үлгү көрсөттү. Көбүрөөк китеп окууга чоң түрткү берди. Англис, кыргыз жана башка тилдерин жогорку деңгээлде билүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, кыргыз тилинде көбүрөөк сүйлөөгө үндөдү. Адатта орус тилинде колдонгон көптөгөн сөздөрдү кыргызча айтууга болорун дагы көрсөттү. Үй-бүлөгө болгон сүйүүнү, меймандостукту, ыйманды жана адамдык баалуулуктарды жогору койуп, ар дайым адал жол менен эмгектенгенге мотивация берди. Ошондой эле, кандай гана кырдаал болбосун оптимисттик маанайда болуу, өзүндү өнүктүрүү, комфорт түзүү жана башка адамдардын жашоосун жакшыртуу канчалык маанилүү экендигин абдан жакшы көрсөтүү. Ар кандай идеяларды изилдөөдөго, дайыма өнүгүп, иштерибизди өркүндөтүүгө мотивация алдым. Эшиктеге кичине бакчада дагы жер жемиш остуруп, салаттарды жасагым келип кетти. Ушундай позитивдүү таасириңиз үчүн рахмат жана сиздин долбооруңузга ийгилик каалайм! Долбоорубуздун кийинки эпизоддорунда биз ар катышуучунун балалыгы, билими жана хоббилери тууралуу көбүрөөк билүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз😊
"Америкада кыял,"деп айтып тургандай океандын ары жагына барып балдарыбыз оз эмгеги,оз мээнети менен эмгектенип , ийгиликтерди жаратып жаткан жаратмандар деп айтсак жарашат деген ойдомун,бул эмгектин артында куну,туну уйкусунан калып убайым жеген Ата Эненин эмгеги да зор деп белгилегим келет!
Сагын мырза Доолот уулубуз ишинерде ийгилик коштоп журсун демекчимин!
Азаматсын!
Мен да Лейлектин кызы болом инимди коруп аябай сыймыктандым.Ушунчалык сонун баарын коргозуп айтып берди,алып баруучу бала да ото токтоо сонун суйлогон журналист экен.Ушундай мээнеткеч мекендештер коп боло берсин!Ишинерге ийгилик!
Ушул чыгарылышты коруп канча коруучулор мотивация алды.Ата энени сыйлаганы......
Окуган китептери ,чоон рахмат!
Кыргызстанда болуп кыргыз тилин чанып жатканда, ушундай инсандар чет өлкөдө кыргыз тилинде таза, нукура сүйлөп жатканы сыймыктандырат жана күжүрмөн мээнет кылып ийгилик жаратып жаткандары сүйүндүрөт. Алгалай бергиле! Өсө бергиле!
Мне очень понравилось интервью. В особенности вопрос интервьюера: Что для вас американская мечта? И конечно ответ потрясающий: Мы хотим привнести все лучшее, что есть у Кыргызстана в Америку ,а в свою очередь, лучшие достижения Америки внедрить у нас стране. Я думаю, если такие люди, как Сагын, с такими высокими ценностями будут работать на две страны, то буюрса, мы достигнем процветания в Кыргызстане.
Молодец Кыргызстанга ушундай акылдуу инсандар керек
Ата- эненин уулу Кыргыз стандын сыймыгы.Эл- жерди ойлогон Эр азамат экенсин.Орконун озсун, Аман бол.Уй булолук бакыт каалайм.Кыргыздын чыгаан жигиттеринен болуп,элдин уулу бол!
Very humble, determined man, makes me proud to be from Kyrgyzstan. Hope one day we can be as Successful as him.
Кыргызым кайсы жерде журбосо да ,тоонуу томкоруп, колунан баары келетко.Четте журсо да журогу кыргыз деп согот экен.Айрыкча Адам четте жургондо Кыргызстандын баркын билет.Кыргызга тиешелуу анча мынча буюмдар, Кыргызстандагы кыргыздын уйунон да таппайбыз.Кай жерде журбогуло уй булоонор менен аман -эсен болгула!!!
Азаматсыз Сагын мырза ! Ден соолук ишинизге ийгилик ,уйбулонузго ар дайым тынчтык бакубат жашоо каалаймын ! 🤲 Ар убакта ата энесин Кыргызстанды айтып Элин жерин эстегенине ото ыраазы болдум козумо жаш келди ❤кубанычтан.👍🇰🇬Кудайыма ,ата энесине шугур кылып ыраазы болгону жакты 👍эн мыкты инсан экени корунуп турат.Манас атабыздын арбагы колдосун аныды унутпай ат адамдын канаты дегендей эблемасы баарын ото,соонун чыгарып ботон элде ботон жерде конокту да ойлоп Чыныгы Кыргыз мейман дос экенин билдирди . Бул эфирди коруп элин жерин сагынган чыныгы мырза экенин ,атына заты жарашкан Кыргыздын Сагынган мыкты жигити экенин корунуп турат .👍🤝Кудайм колдоп эки элдин сыймыктанган Эр азаматы болушунузга тилектешмин .Сиздей мыкты инсандар коп болсун ,каякта болбонуз 🇰🇬❤❤🫂жургунуздо Кыргызстандын Ала Тоосу эли журогунуздо сакталып турганына мен ото терен ыраазычылык айтам ийгилик болсун, оомат берсин кудайым туболук бактылуу кылсын! 🤲🇰🇬🤗 Орозо айында дува кылдым 🤲🇰🇬🇰🇬 Москва шаарында! Мусапырчылыкта жургон ар бир мекендештериме да ийгилик каалаймын 🤲 🇰🇬❤🇰🇬🫂❤
Акам крсавчик жөнөкөй адам экен жигар мага да жардам бериңчи барганга барып иштейин
Ассалому алейкум Сагынбек ишине ийгилик, Тайлан элинен салам .
Сагындын адамгерчилик сапаты, тарбиясы озунчо бир чон тема. Анын билими жана бизнеске жетиши озунчо бир кеп. Мен бул интервьюда Ч. Айтматов айткандай " Адамга кун сайын адам болуу" дегендей "АДАМДЫ" кордум.
Сагын & Талгат ишинерге ийгилик, мындан дагы бийиктиктерди багынтып журо бергиле.
Соонун маек болуптур! Биз дагы Чикагодо жашайбыз. Жибек Жолуна постоянно барабыз, Нейпервилде бар филиалы, соонун жер, озунчо эле Кыргызстан жыттанат, даамданат ☺️🇰🇬
Очень рада за наших соотечественников! Желаем успехов в развитии бизнеса!
Keep going!)
Кыргызымды Манастын арбагы колдосун🙏 Кайсыл жерде болбосун Кыргыз калкымдын иштерине албан албан ийгиликтерди кааламы✊️✊️✊️Уй бүлөсунө бекем ден соолук, бактылуу, ынтымакта мындан да көп ийгиликтерди жарата бергиле🙏Биз сыймыктанып жүрө берели💯🤩
Ассаламу алейкум Доолот байке жана Сагын байке. Сиздерди коргонумо абдан кубанычта болдум. Чыгарылышты аягына чейин коруп чыктым, бул комментарий белек алыш учун эмес 😀 озумдун ыраазычылыгымды билдирип коёюн деп жазып жатам.👍🏼 Доолот байке сизге чон рахмат, ушул проектти уюштурганынызга кызыктуу маектер менен болушуп жатканынызга абдан терен ыраазычылык! 🤲🏼Ишинизге ийгилик. Ошондой эле Сагын байкеге дагы чон чон ийгиликтерди каалайбыз, мен бул байкени алдынан корбосом дагы , интернет тармактарынан коруп таанып журом. Абдан жонокой киши 👍🏼 мен ото сыйлайм. Америкага барып калсам ушул Сагын байкедей бир чон иштерди кылсам деп ниет кылам. Ошол байкелер, эн башкысы аман эсен болунуздар жана дагы да чон чон ийгиликтерди багындыра бериниздер.! Алга Кыргызстан! ❤️🇰🇬💪🏼
МашаАллах кандай керемет, бул видео бизге мотивациялык чыгаруу болду десем болот. Сиздердин жетишкен ийгилигиңиздерге суктандык,сыймыктандык, балдарыбызга да насип кылсын деп тилек кылдык. Мага өтө таасилентип көзүмө жаш тегеренип кеткени менин УСТАТЫМ Гапыр Мадаминов агайыбыздын китебин Америкада туруп окуп жатканы болду. Анан сизге агайдын Дасторкон четиндеги университет деген китеби ата-эне үчүн пайдалуу жана Ой өрүшү кругозорду балдарыңыз үчүн сунуштамакмын. Мен жалгызбой апамын уулума англис тилин үйрөн деп жеткире албай жүргөн элем. Бул видеону көрүп кызыгуусу ойгонгондой болду😊. Тапканыңызга Аллахым эки эселеп береке берсин. Эң негизгиси чет черде нукуралуулукту жоготпогон сиздерге алкыш,даңк жана барк👏👏👏👏👏👏👏
Сүлүктү шаарынан Курсанай
Долбоордун ишине ийгилик жаңы баскан кадамы берекелүү болуп чуркап ийгиликтерге жетсин
Кыргыздын чыныгы мырзасы экен ... Азаматсын
"Hi! Having learned about your generous Apple Watch raffle, I couldn’t help but join it! Being from the Batken region, Leilek district, I feel especially joy and excitement imagining myself as the owner of this watch. Not only will it be a stylish accessory, but it will also help "I need to be more organized and efficient. Thank you for the opportunity to take part in this competition and I hope you are chosen as the winner. Thank you for such a wonderful giveaway!"
🇰🇬🤝🇺🇲👋
Сагын балам ишине ийгилик каалайм. Сага чын ден соолук узун өмүр каалайм. Дайыма иштеринде ийгиликтер коштоп жүрсүн.
Сагын мырза сизге эки дуйно бактылуулук, адамгерчиликти туу чокуга койгон, ата эненин мыкты тарбиясын алган, дайыма жакшылыктарга кол сунган мыкты Кыргызымдын кыраан жигити болуп журо бериниз!!! Жылдызхан!!! ❤❤❤🎉🎉🎉🎉
Аллахым колдосун, Азамат жигит экенсин, Ата Эненди сыйласан Кудайым сага берет,
Азаматсынар! Мына чыныгы кыргызымдын жигиттери ушинтип Американы багындырып жатышат! Биринчиден ата энесине рахмат! Ушундай уулду тарбиялап чонойткон! Ото ыймандуу, мыкты мырза экенсиз! Коруп олтуруп аябай суктануу менен кордум! Америкалык уйду кыргызча жасалгалап коюптур! Соонун,мыкты интервью болуптур! Каналыныз мындан ары онугуп, оссун! Ийгилик ишинерге!
Аябай коруп алып таасирлендим биздин кыргыз жигиттери негизиле ожор болуша. Мен дагы ичимден тилеп визуализация кылып койдум 😊
Менин да балдарым чонойсо ушундай иштерман бир компанияны негиздечусу Жана эн негизгиси жан дуйносу бай кыргызстаным деп чыркыраган кыргыз эл уулдары болсун деп тиледим. Тарыхта аты калган балдар болсун. 😊😊
Саламатсызбарбы?
Мен бул видеону коруп бир эки ооз соз болсо да оз оюмду калтырып кетейин дедим.
Абдан сонун маанилуу маек болуптур. Бул роликти коргон ар бир жаран чындыгында эле мен да ушундай жашоодо жашасам, чет жака чыксам кандай кылсам ушундай ийгилике жетсем деген ойлор келбей койгон жок болуш керек деп ойлойм.
Каарманыбыз айтып кеткендей бул ийгиликтердин аркасында коптогон мээнет, талыкпас эмгек, иш аракеттердин аркасынан келгенин айтып отту.
Жашоодо адал, даамду тамактан анан билимден акчанды аяба деген соз бар го, анысы гандай бул каарманыбыздын ушул ийгилике жетишкендиктеринин бирден- бир себеби да ата - энесинин берген тарбисы, адал тамактандырып, билим алуусунда деп ойлойм. Ар бир ата - эне баласын акыл - эстуу , ыймандуу бала болуп чоноюп, кийин балдарынын сый- урматын коруп, балдарынын жетишкендиктери менен сыймыктангысы келет болуш керек. Каарманыбыз да азыр ата- энесинин, уй булоосунун сыймыгы десем жанылбайм.
Каарманыбызга ден соолук, иштерине дагы да болсо ийгиликтерди каалайм!
Ошондой эле ушул долбоорду ачып, иш алып барып жаткан, бизге ушундай маек куруп, маалыматты таратып жаткан Доолот иниме да иштерине ийгилик каалап кетким келет. Дагы да болсо ушундай кызыктуу интервьюларды кутобуз.
Кыргыз жигиттери, кыздары Кыргызстаныбызды таанытып, желегибизди желбирете бергиле.
Ийгилик баарынарга!!!
Бизге дагы жуксун🤲,уйунуз абдан соонун экен. Ишинизге ийгилик байке💪
Сонун видео. Бирок звук менен кичине жакшыртса болот эле. Ага карабастан, интервью абдан кызыктуу болду 😊
Аябай жонокой киши экен Сагынбек мырза 👍
Жакшы чыгарылыш болуптур. Доолот ишине ийгилик.
Аябай жонокой байке экен 👍Аллахым берекесин берсин 🙏🏻
Сагын мырза!!!
Ар бир кунун кубанычтуу кун болсун,
Ар инсандын ден соолугу соо болсун.
Алдынарда жасай турган иш толуп,
Ак эмгектин ак тойлорун тойлосун.
Уй -булоонду Аллах озу колдосун,
Жан кейиткен жаман турмуш болбосун.
Кайгы болбой уйунордо дайыма,
Базар болуп балдар толуп ойносун.
Алдыда кирип келе жаткан Ыйык Орозо айы менен куттуктайбыз.Силердей уулду тарбиялаган ата-эненерге таазим этип ,чын журогубуздон ийгиликти багындырып журо бергиле демекчимин🎉
Кандай сонун мыкты информация алып бериптирсиз . Менин да эгиз балдарыма жугуштуу болуп 🙏🤲,силерден улгу алсын . Ишинер илгери болсун , кыргызымдын мыкты жигитери коооп болсун 🇰🇬👍
Азаматсыздар подкаст ото мыкты жана кызыктуу болуптур, коп пайдалуу жактары бар экен, абдан сонун дем берип кеттинер, Аллах ыраазы болсун, мындан арыда кутобуз кызыктуу беруулорду.
Маа Шаа Аллах..Жылдызай эконн эки дуйно бактылуу болгула...Коз тийбейсин
Ишине ийгилик досум
Ата-энени эле сыйлаган болсон,аларга кызмат кылып,алаканына салсан,алардын дубасы,сени Америкага эмес,Айга жеткирет.Мына ошондой ата-энесин туу туткандыгындын озу,сенин кандай тарбиялуу,адептуу,жонокой экендигинди корсотуп турат.Ылайым ушунундан жазба.Дайыма иштерине ийгилик,уй-булооно тынчтык каалайм.Аллахым ар бир кылып жаткан ишибизден кабардар,андыктан,ар бир ишине берекесин берген болсун.Америкада эмес,уйундо олтуруп ата-энесин экинчи орунга коюп,биринчи орунга аялын койгон балдар кобойду.Мына ошолор,сенен улгу алса экен.Кыскасы,иним озунун журуш турушун,аткарган ишин баардык жаштарга сабак болсун деп ойлойм.Сендей уулду тарбиялаган Ата-энене таазим.
Интервьюну бир дем менен көрүп чыктым. Эң сонун маек, үлгү, мотивация алчу. Кыргызымдын ушундай чыгаан жигиттери бар болсун.
Талыкпаган эмгек, өжөрлүк, адал жумуш, адамгерчилик мына ушулар ийгиликтин сырлары экен. Өзгөчө Сагын мырзанын Мекенге болгон сүйүүсүн, ата-энесине болгон урматын аябай бааладым. Америка менин да чоң кыялым. Алла Таала ырыскымды ошол жактан буйруса Америкадан көрүшүүнү насип кылган болсун. Грин картанын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жаткан убагыбыз.
Каналга ийгилик. Дагы да видеолорду күтүп калабыз.
Ото жакшы маек болуптур.
Сагын мырза азаматсын эн биринчи денгеелде адамдык сапат. Жана Илим тил билуу.
Долбоор боюнча айта кетсек.
Долбоордун автору сизге сунуш Короок изденип суроолорду даярдап алып, так даана берсениз. Экинчиден жонокой суроолорду коп берсен! Мага подарок керек деле эмес.
Эн башкысы максатынар жакшы экен. АКШ да Кыргызстанды куруу! Маладес ишинерге ийгилик.
Аман болгула!
Баткен десе башкача ойлойбуз ,
Мына баткендик бир тууганыбыздын ийгилигине күбө болуп олтурабыз,
Ийгилик каалайм ар бир кыргыз биртуугандарыма,
Ушунуңан жазбай алдыга жылабер.
Azamat jigit eken. Uy-bulosu menen baktiluu bolsun. Bakalashka satkanin unutpay jurgonu jakti. Jonokoyluk kanday sonun ee. Ishine bereke!
Сагын азамат Кыргыздын кыраан жигити екенсин ыймандуу жонокой ишинин майын чыгарган инсандар ийгилик сенин жанында болсун