Чыңгыз Айтматов | Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт | аудио китеп

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 11 лют 2025
  • Айтматов ааламы неге ушунчалык сыйкырдуу? Бул суроого жоопту анын чыгармаларынан гана издей билген оң. Ушул ойго анын роман-повесттерин окуган сайын кайта-кайта ынана берем. Мен дагы бир ирет Айтматов ааламына сүңгүп, дагы бир жолу сөздүн, ойдун, тарыхтын, улуттук баалуулуктун, жомоктун, чындыктын, АДАМдык улуулуктун мухитинде болуп кайттым. Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт акыр аягында Кирискени тосуп алды...
    Жүрүңүз, окурманым, ушул ааламга сизди да апарып келейин. Ал үчүн аңгайлашып олтуруп, спектаклимди угуңуз.
    Автор: Чыңгыз Айтматов
    Окуган: Төрөкул Дооров
    Сүрөт: Айгүл Байрамгулова

КОМЕНТАРІ • 34

  • @НебесныеГоры-я3э
    @НебесныеГоры-я3э 7 місяців тому +3

    Торокул сенин ушунчалык адамдын бут жандуйносуно жеткирип окуганын мени ушул чыгармадагы адамдар менен бирге кайык ичинде олтургандай болдум , курсак ток туруп ачка болдум суусап улам барып суу ичтим. Ишине ийгилик Торокул . Чынгыз атабыздын чыгармалары баары ушундай адамды озу менен чогуу жашаткан керемет чыгармалар.

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому +1

      @@НебесныеГоры-я3э Чоң рахмат өтө жогоруу бааңыз, жылуу пикириңиз үчүн!🙏

  • @ОктомАбдулаева
    @ОктомАбдулаева 7 місяців тому +2

    Чынгыз Айтматов Кыргыз элинин бактысына бир жаралган инсан болду. Кыргыз элин Дуйного тааныткандардын бири , Философиялык мааниси терен чыгармалардын автору. Жаткан жери жайлуу болсун. Торокул иним сага чон рахмат.

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      @@ОктомАбдулаева рахмат пикиринизге🙏

  • @Нурсултанкасымкулов-г2п
    @Нурсултанкасымкулов-г2п 7 місяців тому +2

    ❤❤❤ Унунуз сонун уккун эле келе берет..чарчаганда аудио китеп угуп эс алам.

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      @@Нурсултанкасымкулов-г2п Чоң рахмат!🙏

  • @ГулсараКамчыбекова
    @ГулсараКамчыбекова Місяць тому +1

    Чооң рахмат дагы бир жолу, мурда окусам да, кайра дагы уктум. Азыркы укканым негедир башкача сезим берди. Жаңы чыгармаларды жарата бериниз, бар болуңуз!

    • @DoorovT
      @DoorovT  Місяць тому +1

      @@ГулсараКамчыбекова чоң рахмат жылуу пикириңиз үчүн! Бул чыгарма мага өзгөчө жагат.🙏

  • @АйкаКубатбековна
    @АйкаКубатбековна 7 місяців тому +1

    Азаматсыз Төрөкул байке. Сиздин окуганыңызды уккандан кийин башкаларды уга албай калдым. Эрнис Кыязов экөөңүздөрдүн аудио китептериңизди окуп бутуп койуп, башкаларды уккум келбей, уккан китептерди кайталап силердин каналыңардан уга берем. Көп-көп чыгарып турунузчу узагыраак романдардан. Рахмат сизге.

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      Жакшы пикирлериңиз үчүн чоң рахмат! Тез-тез жаңы чыгарма окуп турганга аракет кылайын. Убакыт тардыңынан көп үлгүрө албай калып жатам чынында.

  • @НазираСапаркулова-б2г
    @НазираСапаркулова-б2г 7 місяців тому +2

    Торокул иним Сага терен ыраазычылык.Бизди руханий азыктандырып келесин.Ар бир чыгарманды кутуп угабыз.Сонун окуйсун,бир дем менен ырахаттанып угабыз.
    Омурун узун,ден соолугун бекем,тапканын берекелуу болсун.Биз Сени менен сыймыктанабыз укам 😊

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      @@НазираСапаркулова-б2г жылуу пикирлериңиз үчүн чоң рахмат!🙏

  • @aimy95maratovna45
    @aimy95maratovna45 7 місяців тому +6

    Сенин каналынды коллайын колдан келгени осы деп лайк❤басып кыска болсада ком жазып кетемин😅❤❤❤❤❤❤

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому +1

      @@aimy95maratovna45 көп-көп рахмеет! Осыдан өткен қолдау жоқ🙏

  • @gulantemirbaeva9846
    @gulantemirbaeva9846 7 місяців тому +3

    Аллахым өзү паанасына алсын сени. Адабиятка, элге кызмат кылган ушунчалык болоор. Сени уккандардын ыраазычылыктары түгөнгүс. Сени менен сыймыктанам. Жаман көздөн, жаман сөздөн сактасын.

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      Жылуу пикириңиз үчүн чоң рахмат, эжеке! Эсимде, сиз бизге, окуучуларыңызга, мектепте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын мааниси жөнүндө китепте жазылгандан да артык кылып түшүндүрүп берчү элеңиз. Адабиятка кызыгууум артканына сиздин салымыңыз чоң. Рахмат!

  • @КуштарбекБарманкулов
    @КуштарбекБарманкулов 7 місяців тому +1

    Унунуз го береке укулуктуу рахмаат чоон 😊👍👍👍

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      @@КуштарбекБарманкулов чоң рахмат!🙏 жазылып алдыңызбы каналга?

  • @AizadaTolonalieva
    @AizadaTolonalieva 7 місяців тому +1

    Чооон рахмат. Унунуз очпосун.

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому +1

      @@AizadaTolonalieva рахмат!

  • @ЧикаЗакинова
    @ЧикаЗакинова 7 місяців тому +1

    Мыкты!👍👍👍

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      @@ЧикаЗакинова рахмат! Башкалар менен да бөлүшүңүздөр. Ар көрүлүп жатат((

  • @JanaraAlimbekkyzy-x5d
    @JanaraAlimbekkyzy-x5d 7 місяців тому +1

    ❤❤❤

  • @Алтынбек-л4ц
    @Алтынбек-л4ц 7 місяців тому +1

    Үйүңүзгө береке

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      Рахмат чоң!

  • @ГапиртаеваГулшодСурановна

    👍🏻👍🏻👍🏻

  • @aimy95maratovna45
    @aimy95maratovna45 7 місяців тому +1

    О😮❤куштти болды жумыста журип тындайтын болдым коп рахмет❤❤❤❤❤

  • @GulmiraSatarova-z9q
    @GulmiraSatarova-z9q 6 місяців тому

    🙏❤️

  • @ДастанДжамалдинов
    @ДастанДжамалдинов 6 місяців тому +1

    Ассаламу алейкум Торокул байке Сиз ушундай корком окуйсуз кино коргондой болом Китепке кызыгуум кучоду сиздин окуунуздан кийин

    • @DoorovT
      @DoorovT  6 місяців тому

      @@ДастанДжамалдинов чоң рахмат! Окуган кызыктуу китептериңиз жөнүндө жазып туруңуз👏

  • @gulantemirbaeva9846
    @gulantemirbaeva9846 7 місяців тому +2

    Чынгызды окуп түшүнүү өзү чоң иш, аны жеткире окуп берүү андан чоң иш.

    • @DoorovT
      @DoorovT  7 місяців тому

      Рахмат, эжеке!

  • @cholponkanybekova9762
    @cholponkanybekova9762 7 місяців тому +1

    ❤❤❤❤❤❤

  • @kanikeyguven653
    @kanikeyguven653 7 місяців тому +1

    ❤❤❤❤