Той өткөрүүнүн форматын өзгөртүү керекпи?
Вставка
- Опубліковано 11 гру 2023
- Достор, "Эркин ойчул" подкастынын бүгүнкү чыгарылышында биз той индустриясын караштырып, анын күнүмдүк турмушубуздагы маанисин талкууга алмакчыбыз. Салттуу баалуулуктарыбыз үчүн жарандарыбыз тарткан чыгымдардын кесепеттери кандай? Шаан-шөкөттүү тойлорду өткөрөбүз деп банктардан кредит алып тобокелге баруу керекпи, же, балким, бул баалуулуктарыбызды кыргызстандыктардын жыргалчылыгы үчүн кайра караштырып чыгып, бул жаатта өзгөртүүлөрдү кийрүү керектир?
Эркин Рыскулбеков шоумен жана тамада Урмат Борченов менен биргеликте башкы суроолорду козгойт: салтты карманып, финансылык тобокелдикке баруу керекпи, же коомубуздун кызыкчылыгында реформаларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу маанилүүбү?
#ТойРеформасы #ТойТойгоУлансын #Кыргызстан #Кыргыз #Ойлон #Эркинойчул
---------------------------------------------
Нужны ли реформы в проведении "Тоев"?
Друзья, сегодня в нашем новом выпуске "Эркин ойчул" мы погружаемся в мир "тойской" индустрии и рассматриваем, насколько она важна для повседневной жизни кыргызстанцев. Какие последствия несут расходы, которые наши граждане несут ради традиционных ценностей? Стоит ли рисковать, беря кредиты в банках для проведения пышных торжеств, или, возможно, пора переосмыслить эти ценности в пользу блага кыргызстанцев и внести изменения в эту сферу?
Эркин Рыскулбеков вместе с шоуменом и тамадой Урматом Борченовым затрагивают ключевые вопросы: нужно ли придерживаться традиций, идя на финансовые риски, или стоит ли рассмотреть возможность проведения реформ в интересах нашего общества?
#эркинойчул #кыргызстан #проведениетоев
Урмат тушунугу жакшы адам экен👍
Урмат Мырзаны колдойм
100 % Урматты колдойм🎉
Мен быйыл 5 тойго бардым эртеден кечке без настроения журдум баарында озумду ынгайсыз сезип, тойканада отурсан музыкадан ызычуудан башын ооруйт🤯 улуу аксакалдар апалар кечке тос суйлойт аны эчким укпайт чындыгында, анан Урмат байке айткандай шаблон менен тос айтмай мунун баары бизге кереги эмне!
Урматтын оюна кошулам.Тойдун форматын озгортуу керек.
Тойду негизи эле кыскартыш керек, Урмат туура айтып жатат
Мен Урматты колдойм100%
Урматты 100% колдойм. Эркин бийликти жактаган, мактаган журналист экениң белгилүү. Жакпай калдың чынында.
Борченов азамат өтө мыкты
Урматтуу эрке балдар,
сиздерден суранаарым элге кылган кызматыңар өтө эле көтөрүп алдыңар.
10.000сом деле туура
Бир тегиз кылсаңар сонун эле болмок.
Ырчылар 5000 С болот
Аябай сонун чыгарылыш болуптур созунуздорго кошулам. Айрыкча Урмат Борченовко. Тойдун форматын озгортуш керек кыскартыш керек созсуз турдо, биздин максат той бериш эмес болуш керек. Биздин максат татыктуу жана бактылуу омур суруп кийинки муунга туура жол коргозуу
Урмат Борченов толугу менен кошулам
Биринен бири откон билимдуу мыкты жигиттер. Колдойбуз Борченов молодец 👍👍👍🔥🔥🔥
Беш бармак болсун, салатар коюулбасын
Эркин мырза, ушул темага улай айткым келген нерсе тамадалар, ырчы чорчулардын акчасын да которуп койсонуздар. Сиз да тамадасыз, 500 -1200 долларга чейин алышат, ырчылар 3 ырга андан коп керек болсо. Мен тушуном бул эмгегинер, бирок элди да ойлош керек да. Элди тойдун маалынла жылкы, тамак аштан да сиздер коп кыйнап коюп жатасыздар. Ырчылар 2,3 тойго барышат мисалы. Бир кечени кеминде 50 000 сомдон ылдый алмай жок. Кичине элдин чонтогун да ойлоп бааларды демократичный койсонуздар. Шугур деш керек го. 50 000 сом рядовой кишинин 3 айлык акчасы да. Элдерди ушул жерден болуп коюп жатасыздар Башкалар деле мага кошулушат болуш керек
Эмнеге Бир адам кыйналып ылай кечип, чан жутуп иштеп келип , анан тамадага ,навайчыга, салончуга , продукта саткан чириген байларга, тойкананын ( дубай, Европа, туреция да эс алып жургондорго) ээсине бериш керек. Что то алып баруучу озун котун коп ойлойтко, и как аялча суйлоп , маданият адамдары элди ойлосо туура менимче. Урмат Азаматсын журтту ойлогон адам экен.
Урматты колдойм
Кудайыма шугур, кылам! Уурчубуз куру эмес, кандай керемет, билимлуу алып баруучу жигиттерибиз бар!!! Азаматсынао!!!
Борченов, молодец!
Урмат 🔥🔥 глобальной нерсени айтып атат, тамадалар ыйлап ийип атышатко 😂😂
Борченовго кошулам
Бардык кыргызча контент ушундай болсо! Баракелде 👏
Урмат Борченов колдойм 1000%туура айтты
Урмат молодец .
Туптуура жооп берип жатат , биз бата эмес мактаныч учун , элге корунуш учун кылышат .
Эркин, Урмат рахмат маегинерге. Ото кызыктуу, туура маселени которуп жатасынар.
Туп - туура. Колдойм! Экономика томондоп кетип баратат, тойлор кобойгонгон кобойуп. Эл эмне дейт? - деген дагы деле кучоп жатат
Туура курсак тойгозуш менен эле убарабыз, ашканы ысырап болот
Кыргыздын мыкты жигиттери❤️🇰🇬 Эн туура айтып кеттиниздер
Эн туура сунуш! Урмат, баракелде!
Мындан 9 жыл мурда, биз "Кыз Узатуу" тойдо, конокторду ресторандын сахнасына чыгарбай эле, тамаданы той ээлери мн ар бир столго жанына барышып, ыр, бийге, программага аралаштырып, куттуктоолорду ошол жерден бутурушкон, конверт, белектерин бердирип, убакытты уномдоого аракет жасаганбыз, ошондо элдин кобунчосу жакшы болот турбайбы, нары бери бастырбай эле, тезден бутурсо болот турбайбы дешкен. Бирок ичинен капа болуп, мен сахнага чыгып элге корунуп суйлошум керек эле😅 деп эгосун соорото албай калган адамдар да болгон, этке капа болушуп😅
Аз аздан ушундай кылып, жаныласак, бара бара коч онолоттур😊
Мен да буйруса той кылсам деле, жылкы сойбойм, тамактарды 1-2 кылам деп отурам))😅
Урмат Сен башка нерсени айттын,Эркин аябай чычаладыго😂
толугу менен Урматты колдойм! Заманга жараша озгорулушубуз керек! Ысрапчылыкты токтотубуз керек!
Экоо тен соонун жигиттер,билимдуу сыйга татыктуу
Жигиттер азаматсынар соонун кызыктуу маек болуптур, жарым саата жылдап жеткизе албай жургон маселени куюп койдунар.Алга жигиттер ❤❤❤❤
Аябай сонун маек болуптур, чон рахмат. Биз уйбулообуз менен 8 жылдан бери 1 той кылдык, эки балабыздын сYннот тойу, энебиздин 70 жылдыгы, куда тоссуу, уй той. Бир той менен 3-4 майрамды откордYк.
Провели шикарно и с размахом, теперь будем копить хорошие события и проводить снова, ближайший той на 80 энешки, буйруса. А там уже много событий накопиться 😊
Эн туура,
Экоонор тен туура суйлоп жатасынар. Негизи чын эле тост каалоо тилек дегенди токтотуш керекби дейм. Илгери бир аксакал алакан жайып бата берген. Азыр чача пача
Кыргызымдын патриоттору кобойо Берсин.
Эркин Рыскулбеков баракелде, кандай суктанарлык билимдуу мыкты жигит
Эркин негизи акылдуу ,билимдуу жигит,бирок Урматты жарга такап,озун акылдуураак короткусу келгендей эфир болуптур.
Негизи Урматтын идеясы жакты,ал идея сразу эле элге синип кетпесе керек,бирок акырындык мн убакыттын отушу менен бул идея ишке ашып кетет деп умуттоном
Эркин абдан кругазору кучтуу жигит. Урмат экоонун системасы бир эле ,просто элге ото жеткируу учун маанисин тушундуруу учун Урматты коп суракка алып элге жеткиришти деп ойлойм.
Мыктысынар
Эн туура создор болуптур.Кыскартыш кк,баары окшош тажатма жана ысырапкорчулук.Мен кош колдоп колдойм.Ооба ,кошумча,кийинуу деген тойго баруу настройду бузат,и тойдун ызы-чуусу
Бизде 2023жыл жалан той Аш менен отту Бут баары окшош Бир Эле создор Бир эле конкурстар окшош байгелер баары бирдей
Урмат Борченовду жарга такап алып,интервью алгандай эле болуптур Эркин мырза. Башка адамдын оюн толугу менен угуп анан жыйынтык чыгарыш керек деп ойлойм. Башында анан аягында эле сый урмат көргөзүп ортосунда эркин ойлонгонго мүмкүнчүлү берген эмессиз го 😁.
Башкы темада соз журуу аз эле болуп,алып баруучу менен коноктун соз тушунбостугун бир байкап ,тиктеп калгандайбыз!
Эркин терен ойлонгон журналист. Азамат.
Терең өзү жөндө эле ойлонотго
Кыргызча сонун болуптур
Элдерди маданиятка андай жерден уйротуу мункун эмес, себеби ал жерде маданиятты корсотуу мункунчулугу жок. Ичимдик ичип, коп суйлоп, кажы-кужу болуп, менин кандай кийинип келгенимди карап, дасторкондун кандай жасалганын карап, кайсы кымбат ырчы келип ырдады деп отурган адамдарга маданиятты коргозо албайбызда. А театрда башкача адамдар журот. Ошол жерден маданиятты, тынч жана жакшы кабыл алууга болот. Тойго кетирген убакытты концертке, театрга, китепканага, саякатка жана башка ушундай нерселерге арнасак жакшы эле болмок. Бирок тилеке каршы элдердин тушунугу тойго, Эл эмне дейтке байланган. Кыскасы «Мени карагылачы» менен убарабыз.
Соонун эфир болуптур 👏
Алып баруучуу тоо десе бээ дейсинго.
Телефонду иштетет. Машынаны коп жыл айдашы мумкун , 2 этаж уйдо жашашы мумкун .
Тойдогу тамак аш ачып кычып калат акча асманга учуп кетет.
Артистерге дагы 10 мин учун долларлап бересин . Асманга кетет.
Урмат абдан сонун тема мн келди, а сиз Эркин оюн болуп коноктун созун аягына чн укпай,каршылык корсоткондой туюлду, коро албастыкпы же кандай бп кетти,а десе бб.бб дейсизда,ажылдап
Эркин баарын түшүнүп туруп эле такалап атат...
Элди шайлоодон,саясаттан той менен алаксытуу кайра эле бийликтин кичинекей бир топтун колуна жыйналышына алып келет.
Сонун керектуу тема досторконго ашыкча тамактар грилл суши окарочка булочка печенилер сынып упуранып калып жатат анан экинчи тамак салаттар созсуз болуш керек анан бешбармаксыз кыргызта той болбой калат го экинчи тамактын кереги деле жок ашыкча коноктор салат биринчи тамакка эле тойюп калышат
Тойдо кайдагы маданият? Кайдагы театр? Тойдо терең маанилүү чыгармалар өтпөйт. Ал жакта жалаң гана көңүл ачуучу шоу болот. Кайдагы маданиятты сөз кыласыңар?
Такое ощущение, что Ведущий хочет лишь бы свои интересы оставить и показать гостя в не хорошем свете!
Тема очень актуальная можно было соответствующие актуальные к теме вопросы, а не как , «Тебе это самому выгодно?», «У кого забрал идею?» и т.д.
Ведущий молодец! озвучивает популярное мнение населения и провоцирует дискуссию
Оюнду туура жеткире албаптырсын Урмат. Сенин айткандарынды жарым жартылай эле колдойм
Бизде Кыргызстанда Эл не дейт деген тема бар да Эл не дейт деп жашабай озун учун жашаш керек шартка карап,ашыкча ысырап кылган да туура эмес.кечки тамак зыян негизи бизде тойлорду кундузу 12ден кечки 18.00кылса соонун болмок
Туура.Ошол бешбармак жеп жатат акчанын эн кобун.Мал кымбат болгон сон,ошол бешбармакка ошол кымбат малды алып кереги жок.Эгерде,малды арзандатышса,анда бир жон.Бешбармакты анда башында ысык тамактын бир туру катары тартса болот.
Рыскулбеков бир аз артта калгандай, тойдон жакшы таап атып тойго синишип аткандай.
Эн тупой адам убакытты баалабайт... Урмат убакытты уномдойлу десе Эркин иш орундары кыскарат деп тоо десе бээ деп эле тантып жатат... Урмат красавчик оюна 100℅ кошулам...
Мага окшоп тойго барбай койгондор барбы
😅😅 менин да баргым келбейт
Мына мен бармында... Бул жапайычылыктан чыгыш керек деп ойлойм... Кыргызстанда жашоо кыйын бирок олигархтардай тойлоп журо беребиз
Жаштар билим алып,аркы келечекти түздөп алуу силердин колдо, кереги жок салттарды жашооңорду кыйындаткан үрп адатты өзүңөр оңдоп түзөп алгыла, баары жаштардын колунда
Эркин мырза озун которуп, Урматты тушургусу келгендей болуп калыптыр.Негизи Урматка кошулам.Убакытты уномдош керек.6,7 саатка созбой.
Тик токто Эркин Турусбеков Микаелди бычактапкойгон деп жазышат ушул чынбы? Же ушакбы?
Музыканарды очуруп суйлосонор
Эркин озун деле 1000 долларга тамада болосун.Ошондон баштагыла арзанырак кылса болбойбу?
Эфирдин эрежеси деп айтпайле сиз деп кайрылыш кк албетте,доссунарбы постсунарбы,жумурай журт корот силерди
Эркин жейсинго ужас
Тойканада ызы чуу ысрап кылыштын кереги жоок....Тууган урукту уйго чакырып Эркектеге болок аялдар болок кылып 2 тур тамак берип Батасын алып уузатып койуш керек болду...