"ДОЛОН" Сөзү. Жумамүдүн Шералиев. Обону. Калыйбек Тагаев. Сагыйпа Чечейбаеванын аткаруусунда.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 сер 2024
  • Көк асман тиреп мелтиреп,
    Көркөмүң айга серпилет.
    Кылымдар ошол көркүңдү,
    Кыргызга бердиң энчилеп.
    Абасы таза дабаным,
    Аскаңда кетип барамын.
    Кыялай тасма жол салган,
    Кабыл ал шофер саламын.
    Көркөмүң сүйкүм манаттан
    Кең пейил элге жарашкан.
    Кыргызың сүйүп алпештейт,
    Кылымды сенсиң жараткан.
    Кыяңдан мелүүн жел искеп,
    Күн чыкса чыгыш тараптан
    Керүүңдөн өтсөм кыз менен,
    Көк жибек көйнөк халатчан.

КОМЕНТАРІ • 53

  • @user-rh8ow7ly8s
    @user-rh8ow7ly8s Місяць тому +1

    Биз ушул ыр менен чоңойгонбуз. Мындай үн жок кайталангыс талант Эжеке жайыңыз жаннаттан болсун кудайым өзү колдосун 🤲🤲

  • @user-be9zh8zo5e
    @user-be9zh8zo5e Рік тому +14

    Эчким бул ырды ырдап чыккан жок күчү да жетпейт бул эже кыргыз үчүн жаралган жан эле бейиши болсун.

  • @aidanaidan1742
    @aidanaidan1742 22 години тому +1

    Кандай сонун улардын үнүндөй бойонгонду деле билбеген азыркылар мине биробдунырын ырдап кайталап эле эптеп ырдап кыйын сезишип кыжырын гана келет

  • @user-be9zh8zo5e
    @user-be9zh8zo5e Рік тому +14

    Тагаевдин атын чыгарган ырчы эжебиз жаткан жериңиз жайлуу топурагыңыз торко болсун.

  • @user-uk5qv1zk3l
    @user-uk5qv1zk3l Рік тому +16

    Урматтуу Кыргыз элим сиздердин эжекеме арнап жазган билдирууноздорго терен ыраазычылык билдирем,эжекемдей уну бар ырчылар 100 жылда бир жаралчу инсан эле,омуру кыска болуп калды ошентсе да таланты менен элдин журогундо калды сиздерди урматтап синдиси Кудашова Батмабубу

    • @Ainagul_797
      @Ainagul_797 10 місяців тому +1

      Эч бир жан эжекемдей жеткире ырдаганын уга элекмин. Долондун ичи жаныргандай сезилет

  • @user-bv2gl5ju3j
    @user-bv2gl5ju3j 3 роки тому +16

    Кайран гана эже!!! Мындай талант 200 жылда бир келсе керек.

  • @user-fv9im3ko1x
    @user-fv9im3ko1x Рік тому +11

    Азыркы тил менен айтканда мурдагы ХИТ болгон ырлар

  • @user-nw8ey4tw1i
    @user-nw8ey4tw1i Рік тому +12

    АЛЛАх апабыздын жанын жанаттан берсин
    Баарыңыздарга терең ыразычылык урматуу элим...ар дайым бар болуңуздар🤲🤲🤲

  • @bazarkanomurzakova8091
    @bazarkanomurzakova8091 3 роки тому +15

    Кайрандар,кандай мукам ундуулор, бала кезде ушул ырларды ырдап чонойдук, коздон жаш тегеренет.

  • @erlankasabolotov1159
    @erlankasabolotov1159 2 роки тому +12

    Керемет ырды, керемет аткаруу!!!!

  • @hdhdhgghdhhdhdhdhdbdh6673
    @hdhdhgghdhhdhdhdhdbdh6673 8 місяців тому +4

    Биз жаш кезде уккан маанилуу ырларды чыгарып конулубузду котордун иштерине ийгилик бактылуу бол

  • @user-be9zh8zo5e
    @user-be9zh8zo5e Рік тому +7

    Жок азыркылар бүтүндөй ырларды эптеп септеп эле бузуп ырдашат мындай үн жок

  • @rabiakim5374
    @rabiakim5374 Рік тому +7

    Кандай сонун аваз! Атангору ушул ырлар менен чонойдук го!

  • @seiylmyrzaeva8175
    @seiylmyrzaeva8175 3 місяці тому +1

    Кыргызымдын каймактары❤❤❤

  • @user-ip5is8hb4n
    @user-ip5is8hb4n 3 роки тому +11

    Алтын үндүү эже эле...азыркы тапта мен мен деген ырчылар ырдай албайт... 👍🏼👍🏼👍🏼💐💐💐🎼🎼🎼🎤

    • @aelita4111
      @aelita4111 Рік тому +1

      Ооба башка эч ким минтип ырдай албайт

  • @aelita4111
    @aelita4111 Рік тому +5

    Кандай гана уккулуктуу мукамдуу үнү кубулжуйт го тимеле мурунку жөнөкөй сонун жашоого бир азга болсо да барып келгендей болдум бул ырды Сагыйпа эжедей эч ким ырдай албайт

  • @sabiranamazova6591
    @sabiranamazova6591 3 роки тому +12

    Эженин унундой ун жок го азыр 100жылда бир жаралчу укмуш ун экен

  • @user-vh7cn1vk5h
    @user-vh7cn1vk5h 3 місяці тому +1

    Кайран мурдагы табигый таланттулар. ундору журокко жетет ал эми азыркы жасалма эстрада ырчылары кыжырды кайнатат

  • @user-ue5gk9fe1i
    @user-ue5gk9fe1i Рік тому +5

    Бул ыр классикага айланган ыр

  • @gulyaishen4520
    @gulyaishen4520 8 місяців тому +1

    Ушул ырды канча уксан да кайра уккун келет эмне деген ун талант долондун чокусунда туруп ырдагандай тоолор жанырып коштоп тургандай элес калтырат олбос очпос чыгарма ырчыга И акынга Рахмат ушундай таланттары бар кыргыз эли бактысы долондой дээр элем❤🎉🎉🎉🎉

  • @user-tj2tr1bd9r
    @user-tj2tr1bd9r Рік тому +3

    Керемет ун❤

  • @user-bv2gl5ju3j
    @user-bv2gl5ju3j 3 роки тому +10

    Бах чиркин!!! Эженин уну керемет!!! Аккордеонду Табыкем чебер ойногон.

    • @user-be9zh8zo5e
      @user-be9zh8zo5e Рік тому +1

      Аккордеонду ким ойногон атын толук жазып койчу

  • @user-ql2ie3lf1f
    @user-ql2ie3lf1f 2 місяці тому +1

    Эмне деген ыр обону менен тексти топ келген. Журокту эргитет уккун эле келет. Сагыйпа эжебиздей аткарган адам жок го. Ушунчалык бир журоктун тупкурунон чыккан бир дем менен аткарган . Кандай гана таланттуулар отконбул дуйнодон созу Калыйбек Тагаевдики туболукко урпактарга калчу очпогон жоголбогон чыгарма.

  • @user-uh8lm2xf9o
    @user-uh8lm2xf9o 8 місяців тому +1

    Туура айтасын Батмабубу
    Сагийпа апа кыргыз элиме бир жаралган жан эле.Кундо ары бери басып коюуп угам .
    “Долондун чокусуна туруп алып ушунчалык ырахаттанып айланага жаныртып ырдап тургандай сезилет .Бир жаралган адам эле .
    Сагыйпа апабыздын жаткан жери жайлуу болсун,кабырына кун тийип,гул жайнап чыгып турсун таазим кылам 🤲

  • @user-uy1ws4wm8c
    @user-uy1ws4wm8c 3 роки тому +12

    👍👍САГЫЙПААПАЙДЫН ЖАНЫ ЖАНЫ ЖУМАКТЫН ТӨРІНЕН БУЙЫРСЫН ТЫҢДАГАНДАН ТЫҢДАЙ БЕРГІҢ КЕЛЕДІ

    • @umutai2258
      @umutai2258 Рік тому +1

      Оа үнү уккулуктуу

  • @user-xz7rt6it7d
    @user-xz7rt6it7d Місяць тому +2

    Аккордеондун уну эле бир укмуш......тоонун арасында ырдап жаткандай жанырат тим эле уну......

  • @user-rw3dk4pn1j
    @user-rw3dk4pn1j 4 місяці тому

    Эже театрда ,, Долонду ,,ырдаганда театрдын сахнасы титирегендей сезилчу эле.Ушунчалык диапозону кенен ырчы эле,бир кылымда бир жаралчу инсан.Бейиши болсун.

  • @user-ue5gk9fe1i
    @user-ue5gk9fe1i Рік тому +6

    Сагыйпа эжеге данк алкыш .

  • @user-mf4pk4nk5i
    @user-mf4pk4nk5i 2 роки тому +5

  • @user-nw8ey4tw1i
    @user-nw8ey4tw1i Рік тому +1

    АЛЛАх шүгүр ❤ бейишинен жай берсин 🤲
    Сагыйпа деген эле Долонду элестетебиз деп көп айтышат... АЛЛАхта бейишинин жогору жагынан берсин 🤲🤲🤲

  • @user-bf1dg9sd3q
    @user-bf1dg9sd3q Рік тому +4

    Ушундай ун жок азыр. Музукасын укмуш сонун ойногон.кайран ун кайран музыка.

  • @TimIronYuri
    @TimIronYuri Рік тому +3

    Моё детство... 60-е...

  • @user-nq4tg9bc2e
    @user-nq4tg9bc2e Рік тому +3

    АЯБАЙ СОНУН ЫРДАГАН!!! АЗАМАТ СЫН!!!

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 Рік тому +2

    ❤️❤️❤️👍🏻👍🏻👍🏻🎼🎼🎼🙏🏻🙏🏻🙏🏻

  • @user-pj4zr6lm5y
    @user-pj4zr6lm5y 6 місяців тому +1

    Илгери өткөн заманда кыргыз маданияты гүлдөп өскөн экен да аткаруучулары да абдан маданияттуу кубулжуган ундору менен, бийик денгээлдеги аткаруучулук чеберчилиги менен дажогрруу чекти багындырышыптыр. Баарынан да алар азыркы ырчылардай болуп бири ырдаган ырды башкасы ырдаган жмес экен. Азыркылардай болуп бир жылдан кийин башкасы ырдап чыкпаптыр. Ошол кездеги ырчылар Зкйнеп Шакеева, Гүлсүн Мамашева, Сагыйпа эжебиз, Гулмайрам Момушева, , Салима Бекмуратова, Гулчехра Валилулина, Нуржамал Таабалдиева, Бурулча Какишева булардын ар биринин өз ыры, жагымдуу авазы бар, кайталангыс аткаруучу ырчылар жаркыраган жанып турган жылдыздар азыркылардан Саламат Садыковадан башкасы эч кимиси жогорулагы ырчыларга жетпейт. Жылдыз дегендерибиз жасалма жылдыздар бир кундору очуп калат же фонограмма жылдыздар десек да болчудай

  • @user-sp3xf6kj7i
    @user-sp3xf6kj7i 2 місяці тому +1

    Кудакаласа чыгат,Эл ичионор кечи,ш

  • @user-wc4qb5wu9m
    @user-wc4qb5wu9m 2 роки тому +4

    💐💐💐👍

  • @user-vr6pd4zq2w
    @user-vr6pd4zq2w 2 роки тому +4

    💐

  • @user-sp3xf6kj7i
    @user-sp3xf6kj7i 3 місяці тому

    Андан кыйын🎉 аткаргандарбар,жакында😊

  • @user-lt2fh4xl2n
    @user-lt2fh4xl2n 3 роки тому +5

    👏👏👏🔥🔥🔥🔥🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-rh8ow7ly8s
    @user-rh8ow7ly8s 3 дні тому

    ГҮЛСҮН ЭЖЕ ТАТТЫБҮБҮДӨН КИЙИНКИ СУЛУУ БОЛГОН ЭКЕН. БИЗ АНДА ЖАШ ЭЛЕК ЭМИ БИЛИП ЖАТАМ

  • @sabiranamazova6591
    @sabiranamazova6591 3 роки тому +8

    Олбос чыгарма

    • @user-be9zh8zo5e
      @user-be9zh8zo5e Рік тому +1

      Азыркыга чейин бирда аткаруучу ушундай аткара албайт Долонду,Тагаевдин атын чыгарган ушул эже деп билем жаткан жери жайлуу бейиштен орун берсин Аллахым.

  • @user-ug3cb5oy2l
    @user-ug3cb5oy2l 3 роки тому +9

    Сагыйпа эжедей эч ким ырдай албайт.
    Чыныгы ырчы эле.

  • @alanjusuev6320
    @alanjusuev6320 2 роки тому +8

    Мындай ырчы жок

  • @user-rg4wb9rh9c
    @user-rg4wb9rh9c Місяць тому

    Толық сөзін кім біледі жазып беріңіздерші