ИИМ: Аксы районунда жайыттан уйду уурдаган шектүү кармалды
Вставка
- Опубліковано 2 жов 2024
- 2024-жылдын апрель айынын ортосунда Аксы районунун Торук айылынын тургунунан белгисиз адамдар Кызыл-Алма айылындагы жайлоодо калган малы менен кошо бир жарым жаштагы кунажынды уурдап кетишкен.бул тууралуу милицияга арыз менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголду.
ИИМдин КИББнын жана Аксы районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы малдын уурдалышына тиешеси бар адам аныкталып, ал Аксы районунун 1972-жылы туулган тургуну А.З. экени аныкталып, Бишкек шаарында кармалган.
Аксы райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан 1972-жылы туулган А.З. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аксы районунун аймагында жасалган дагы төрт мал уурдоо фактысына анын тиешеси бар экени аныкталды.
Иш боюнча тергөө иштери уланууда.
ИИМдин басма сөз кызматы
Аксы милициясы Аллах колдосун
Аксынын милициясын кошо текшериш керек
кайсыл жерде
Ооох эне шпийон кармашканго десем, анда милярд урдагандарды колун толгомок турсун жанына баралышпайт