Баткенде лимон, мандарин өстүрүп киреше тапкан багбан | Өнүгүүгө карай
Вставка
- Опубліковано 4 жов 2024
- Дыйканчылыктын күнөскана түрү бир топ кирешелүү жана түйшүгү аз экенин бул тармак менен алектенгендер айтып келишет. Аз аянттагы жерден көп киреше табууну каалаган Баткен шаарынын тургуну Мундузбек Добутов короосуна күнөскана куруп ал жерге мандарин, лимон өстүрүүдө. Албетте мунун да сырын билип, кышында жылуулап турбаса бул тропикалык өсүмдүк суука бош келет. Багбан 2019-жылы лимон, мандарин көчөттөрүн баарын Өзбекстандан алып келип отургузган. Көчөттөр эки жылда эле мөмөсүн бере баштаган. Мандариндин 4 жылдык көчөтү 10 киллограммга жакын мөмө берсе лимондун 4 жылдык көчөтү 50 кг чейин мөмө берет. Каарманыбыз 3 жылдык лимон көчөтүнөн былтыркы жылы 350 киллограм лимон алган болсо, быйылкы жылы 2 тоннага жакын мөмө алам деп пландап жаткан чагы.
Баракелди.баткенибизде да багбандар кобойо берсин, сырттан алып келгенден коро озубуздон чыкса жакшы болот.
😊х😊😊
9 за то😅😅
Ийгилик молодец Мундуз аке
Азаматсын оркундой Бер
Сиздей.ишкерлер кобойсун Ташкент Турция дебей озубуздукун алып калышат элибиз
👍
Ишинизге ийгилик
Багбанчылык аракетинизге баракелде!!!
Лимонду остуруунун жолун айтып бересизби комнатага остурсомбу дегем же отургузуп Бишкеке келгенде ала келинизчи сатып алайын Тушумунуз мол болуп береке табыныз
Бишкекке өсөт бекен?
Осот жакшы карасанар эле болду
Ассалому алейкум ака улаганга чиринке сатасизби
Саламасынбы уком? биз Токтогулдан.. Бизге кочотторуздон бересизби?. Менин бир туп лимонум бар .. бир жыл гул ачып гулун тогуп Эми быйыл гул ачып 2 -штук эле лимон туйду. Кандай кам корсок болот . Эмне кылышты уйротуп койсонуз. МЕН 65 жаштагы пенсионеркамын..
КОРООНО ДАНДАР ТОЛСУН,. ЧОНТОГУНО АКЧА ТОЛСУН , ТАПКАНЫН УЙ - БУЛООНО БУЮУРУП НАСИП БОЛСУН!!!
Кандай сонун кочотторун кантип алсам болот
Номерин алып беринчи
Лимон сатылабы
Магада кочот беринчи