КАТАРДЫН ЭМИРИ ШЕЙХ ТАМИМ БИН ХАМАД АЛЬ ТАНИ МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ.
Вставка
- Опубліковано 5 чер 2023
- Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келди.
Эл аралык "Манас" аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду.
Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту.
Катардын Эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана "Алптар" баатырлары тосуп алышты.
Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Катардын Эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.
Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда, тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
7-каналдын Официалдуу👈 баракчасы // Катталгыла / Пикир калтырып, Лайк 👍 баскыла!
7-канал Официальный 👈 канал / Кыргызстан //подписывайтесь на канал и ставьте лайки 👍 Биздин сайт жана соц тармактар:
ВЕБ САЙТ- 7tv.kg/
ТЕЛЕГРАМ - t.me/+qcprbpUw9R1jNWMy
ЮТУБ- / @7kanal_kyrgyzstan
ФЕЙСБУК- / 7tv.kg
ИНСТАГРАМ- / 7kanal_official
___
#7KANAL #KABAR #7KANAL_JANYLYKTAR #7KANAL_ZHANYLYKTAR
#7КАНАЛ #7КАНАЛ_КАБАР #7КАНАЛ_ЖАҢЫЛЫКТАР
#7KANAL_LIVE #7КАНАЛ_ТҮЗОБО - Розваги
Ассалом аллейкум жердештер Аллох юртимизи Оз понохида асрасин
Оомин
Мына Садыр ажообузга аллахым Ыраазы болсун. Сонун денгелде тосуптур, азаматтар.
Жакшы денгээлде тосуп алыптыр.
Коруп туруп коз суйунот, журок кубанат!!!!Бар болунуз ,аман болунуз Садыр Нуркожоевич!!!
Алга, Кыргызстан!
Катар ото бай жана ахли суннот мамлекет.
Маа шаа Аллах
Абдан жакшы тозуп алыптыр.
МаашАллах
Америка талкалайм деп аракет кылдыле катарды эрдоган алып калды.ошон учун туркий елдерини жакшы корот.
Шлевкачан журотко бай мамлекет
Бирок мингени Боинг B747 го
Алардын кийими ошода Аларды биз туурап кийинип журобуз го
Кун ысык 30 градуса +
@@user-oj1rf2mu7y котоктон бутак чыгара бербечи
Чон Рахмат сизге президент мырза
Маашаллах буйурса Мамлекетибиз огугуп осот
Котормочу авабыз жарымынан эле келетко 😀
Приздентимиз кичкина экан😀мусулмон давлатлар бирга булаверсин
❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Молодец бошьше нечего сказать
Акчан болсо халтада
Тосуп алат Садыр ава
Мына Асман шаарын ушулар салат,капсула салганы келди
Принцтин бою жаман узун экен байкуш переводчик асманды караап сулойтко молодец Садыр Нуркожоевич ушундай конокторду тосуш керек асман шаарын ушулар куратко дейм
Бул мырза Тамим Бин Хамад Аль-Тани Катардын эмири, принц мурда болчу