"Ак жол" ОМОР СУЛТАНОВ | 2-уктуруу | кыргызча аудио китеп

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 16 лис 2024
  • Кыргыз эл акыны Омор Султановдун “Ак жол” повести 1966-жылы жарыкка чыккан. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тылдагы турмуш, өксүгөн тагдырдар, тилектерине жетпей калган армандуу жубайлар, жетим калган балдар, жесир калган жаш келиндер, жокчулук, жакырчылык баяндалат.
    Повестте негизги каарман өспүрүм бала Календер. Баардык окуялар Календердин көз алдында айлана-тегерегинде өтөт. Чыгарма баланын көз карашы, ой жүгүртүүсү менен баяндалат.
    Каармандардын мүнөздөрү ар кыл. Мукаш, Ажаркүл, Болжур, Байзак, Алты, Мусабай, Сатыбалды. Булардын ар бири өзүнчө бири бирине окшобогон кызыктуу каармандар.
    “Ак жол” согуш маалындагы тылдагы турмушту чагылдыруу менен бирге чыныгы сүйүүнү - Мукаш менен Ажаркүлдүн махабатын баяндаган эң бир көркөм, терең, элестүү жазылган повесть.
    Уктуруу Кыргыз радиосуна 2007-жылы жазылып алынган.
    Окуган: КР эл артисти Шайгүл Алсейитова

КОМЕНТАРІ • 2

  • @aizirek5846
    @aizirek5846 18 днів тому

    Ен сонун ежеке унунузго береке 😍😍😍😍😘😘

  • @aizirek5846
    @aizirek5846 18 днів тому

    Ото соннун чыгарма екен