Женишбек Шамшиев Алайкуу
Вставка
- Опубліковано 10 січ 2017
- Алайкуу
Сөзү С. Жусуевдики
Обону Ж. Шамшиевдики
Көк асманда ак шумкарың шаңшыган,
Көк токойдо көп булбулуң таңшыган.
Кадырман жер, качан, кайда болбоюн,
Канат күүлөп дайым сага талпынам.
Серүүн, сергек назик, жумшак жел сенде,
Сезим козгоор секи сенде бел сенде.
Барктуу-нарктуу, барга-жокко байымдуу,
Барпаңдаган жоомарт пейил эл сенде.
Чансыз таза чалкалаган аскарың,
Баары көпкөк сууң, көлүң, асманың.
Тунук акыл туурдан учкан жаштарың,
Сенсиң сырдуу жазып бүтпөс дастаным.
Ар жылгадан агып өтүп агын суу,
Ак канатын кагып өтүп далай куу.
Кылымдарга тең тайлашып тура бер,
Кымбат жерим, сымбат жерим Алайкуу.
👍🏻👍🏻👍🏻
Агабыздын ардайым эсибизде
Адамдык сапаты мыкты инсан эле,бейишиниз болсун ылайым.
Чоң рахмат сизге! Убагында жооп жазылбай калыптыр кап. Эң туура айтасыз, өтө мүнөзү керемет эле атабыздын. Атам күйүмдүү уул, боорукер бир тууган, мээримдүү ата, жароокер жар эле. Сизге бакубат жашоо тилейбиз!
Женишбек тагам
Менин атам Закиров Термечик Женишбек Шамшиевтин ырларын озундой ырдачуу.голосу Шамшиевтин обонунан айырмаланчуу эмес.
Саламатсызбы Дарика! Абдан кубанычтабыз! Жазылып калган эмес та э? Рахмат сизге, ушундай жакшы жаңылык экен. Апама сөзсүз айтып, сүйүнтөм. Ден-соолукта болуңуз!
Женишбек Шамшиев агабыздын концертеринде кошо журчуу экен.өкунучтуусу видеосу жок.а мумкун сиздерде бардыр?Закиров Термечик.
Ошондой эле апам Жолдошбаева Арапбу Женишбек Шамшиев агабыз болуп кароого (концерт) Москвага барышкан.сурөттөру бар уйдө.
Тилекке каршы, атамдын жаш кезиндеги бир дагы видеосу табылбай атат. Телерадиодо сакталбай калыптыр.
Кандай керемет!
Долон
унунон еей жениш ава
Чон рахмат! Ден-соолукта бол!
Кылыч бекишов