Азиз Батыров _ Көңүлүм көксөп турат бир адамды (ЖАҢЫ КЛИП 2021)

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 гру 2024

КОМЕНТАРІ • 593

  • @PerizatSulaimankulova
    @PerizatSulaimankulova 10 місяців тому +31

    2024 жылы биринчи жолу угуп атам эски сүйүүнү эске салатго баарын бир эстеп алдым сүйүү бир келет экен кое бербей кармап калуу керек экен

  • @nstar6076
    @nstar6076 Рік тому +60

    Жашымды жамгыр кылып ой танамды
    Селдетип кыялдарга тып барамбы
    Тушунгон шаттыгымды мун санаамды
    Жүрөгүм каалап турат бир адамды
    Кайырма:
    Жетпеймин аны билип өзүмдү эзип
    Азаптай туюп турам бул ааламды
    Сагынып каректерин көргүм келип
    Көңүлүм көксөп турат бир адамды
    Көктөтүп көз жаш менен көөдөнүмдү
    Сүйүүмдү мен аздектей албадымбы
    Көздөрүм көргөнбү же көрбөгөнбү
    Бир өмүр күтүп жүрөм бир адамды
    Кайырма
    Жетпеймин аны билип өзүмдү эзип
    Азаптай туюп турам бул ааламды
    Сагынып каректерин көргүм келип
    Көнүлүм көксөп турат бир адамды

  • @ryzvanmanaskyzy4214
    @ryzvanmanaskyzy4214 3 роки тому +143

    Сүйүү жөнүндө сөз болсо же жакшы адамдар жөнүндө сөз болсо сөзсүз көзүмө жаш алуу менен мени аярлап бапестеп карап бактылуу кылып аппак суйуу тартуулаган жолдошумду эстеймин, биз студент болуп жүрүп таанышып үч жыл окууда сүйлөшүп жүрүп баш коштук кадимкидей сырга салуу той менен болгону беш жыл гана жашадык бул жылдар аралыгында эки бир уул бир кыздуу болдук мени өкүндүруп жүрөгүмдү кыйнап көздөрүмдү боздотуп келгени аз эле убакыт бирге болдук ойлогон максаттарга кыялдарга жетпей калдык жашообуз бирге улантбады жалгыз өзүмдү азаптуу кыйын турмуш жолунда таштап кете берди Аллахтын иши деймин да кээде ушунчалык жүрөгүм ооруп ыйлап алам эмне үчүн жакшы адамдар эрте кетет деп балдарымды көргөн сайын жүрөгүм сыздайт эстебей бир күн да жашай элекмин эки жылдан ашты дале болсо ишенбей күтүп келем ыр жазуу бул күйүттөн же сүйүүдөн башталат деген бул чындык мен алгач ыр жаза баштаганда сүйүүм башыма келгенде биринчи жолу жолдошума арнап ыр жазып баштагам ошол сүйүү темасындагы ырларым азыр Арман мун кайгы темасынан эч чыга албай кыйналганда сагынганда эстегенде жалаң гана ыр жазып гана өзүмдү алаксытып келем сүйүү бул бар нерсе бирок бир кылса эң жакшы жарым жолдо үзүп койсо арман азап экен унутуу жа мүмкүн эмес экен сүйүүмдү да арманымды да ыр м жазып келем.
    Көз жашымдын себепчиси өзүң болдун,
    Ызаланып бир гана сени ойлоймун,
    Жарыктыкта жалгыз таштап кетип калдың,
    Дале болсо бир озуно жаным кусамын.
    Неге мынча сени катуу сүйдүм экен ,
    Жүрөгүмө өчпөс арман салып кеттиң сен,
    Неге мынча сага байланып калдым экен,
    Бүгүн мына арман сүйүү менен азабын тартып келем.
    Ушунчалык мээрим коюп суйуптурмун,
    Бир өзүнду мендиксин деп жүрүптүрмүн,
    Таш боор тагдыр оз сыноосун бизге салып ,
    Мына бүгүн арман сүйүү менен калтырып койду мени.
    Алсызмын алсыздыгым жеңип барат,
    Сага деген сагынычым толуп тагат
    Көз жаштарым бугун мына дарыя,
    Мунга батып жүрөмүн сени сагына! Автор өзүм

    • @ЖапарбековЫнтымак
      @ЖапарбековЫнтымак 3 роки тому +5

      Адамды кубаныч күлкү коштогондой эле арман кайгы күйүт коштоп жүрөт өзүбүз каалагандай жашай албайбыз жашоонун мыйзамы ушундай маңдайга жазылган тагдырдан кайда качып кутулабыз сиз чыйралып мурунку нукка түшүңүз себеби балдарыңызга өмүр бою керексиз

    • @Абдилазиз-и1п
      @Абдилазиз-и1п 3 роки тому +2

      Суюунузду улантын балдарыныз суюунузду чырагын жандырып,эскертип турат.Сиз озунузду кучту сезиныз.

    • @ryzvanmanaskyzy4214
      @ryzvanmanaskyzy4214 3 роки тому +1

      @@ЖапарбековЫнтымак терең ыраазычылык тушунгонунузго жакшы создорго😌 ооба бул жашоонун мыйзамы айла жок

    • @ryzvanmanaskyzy4214
      @ryzvanmanaskyzy4214 3 роки тому

      @@Абдилазиз-и1п ооба балдарым бар бактым бар чооң ыракмат

    • @НасыйкатАйтынбековна
      @НасыйкатАйтынбековна Рік тому +3

      😢😢 ыйлатынызго эже . Бейиштик болсун жолдошунуз . Балдарыныздын сыйын корунуз

  • @altynkiz
    @altynkiz 3 роки тому +61

    Сүйүү, сүйүү, сүйүлүп сүйгөн белек,
    Сагыныч, кусалык отуна күйгөн белек.
    Таарыныч, жан дүйнө козголуу,
    Деңиздей чалкып да, жалындуу от болуу,
    Сүйүүдө кездешкен ар сезим, кудайдан берилген белектей жадымда топтолуу,
    Ушул ыр эскирген махабат сырымды козгоду,
    Жүрөктү эргитип Азиздин ыр ырдап созгону.

    • @ШайырНарынбаева-ь6н
      @ШайырНарынбаева-ь6н 2 роки тому

      ❤❤❤

    • @көк.бөрүү
      @көк.бөрүү 9 місяців тому

      Сүйүнүү күтүп жашап жургондон чарчаганда угуп эс аллаа турчуу ыр болуптурго.

    • @SjsujsnsjNsnzn
      @SjsujsnsjNsnzn 6 місяців тому

      3л9ле4🎉❤😂падш7😮ецопрплеоещлщщг68685з0щ9лкуррпкко7н😊егкоео5р7ншеерершн78н75не7н6433ррро6о6н744уонш 1:21 цркрктреоегеге7егегег89ггзщ

  • @ЗарипаЮлдашева-э2х
    @ЗарипаЮлдашева-э2х 10 місяців тому +2

    Клип суппер ,ото чеберчилик менен тартылган ,ырга аябай топ келген

  • @bibinurbaatyrova
    @bibinurbaatyrova 8 місяців тому +4

    2024 угуп жатам соонун ыр❤

  • @БАКТЫНУРНУРМАМАТКЫЗЫ
    @БАКТЫНУРНУРМАМАТКЫЗЫ 2 місяці тому +5

    Баардык адам бактылуу болсун эч ким оксубосун ар ким оз суйгону мн бактылуу болсун 😢😢😢

  • @ГулшаирМАМАДИЕВА
    @ГулшаирМАМАДИЕВА 2 роки тому +50

    Молодец Азиз, сени менен кыргыз эли сыймыктанат . Сага ийгилик каалайм.

  • @ЧынарканАлдозова

    Мен бул ырды кечээ биринчи жолу угуптурмун,рахмат Азиз,сен менин турмушумдагы окунучторду эске салдын,угуп алып оксоп оксоп ыйладым,андай жетпей калган арман суйууго эмес,турмуштан ордумду таба албай омурдун отконуно,озумдун жеке кызыкчылыгым менен жашабай,жаштыгымды балдарыма арнаганыма,бирок балдар менен бактылуу болсомда,омур бою жалгыз болгонума окунуп буркурап ыйлабадымбы 😢

    • @ЗаринаЖусупова-ь8п
      @ЗаринаЖусупова-ь8п 8 місяців тому +3

      СИЗдин созунузду окуп мен ыйладым 😢балдарым бар Кудайга шугур,бирок жалгызмын.

    • @TalasKirov-t5t
      @TalasKirov-t5t 5 місяців тому

      Эмнеге ыйлайсыз сиз Бактылуусуз Бала Бакыт Келечек Келинчегиңиз барбы

    • @TalasKirov-t5t
      @TalasKirov-t5t 5 місяців тому

      Ыйлабаныз сиз Бактылуусуз

    • @НурсултанТайлаков-ы2ц
      @НурсултанТайлаков-ы2ц 4 місяці тому

      Апамдан кийин биз да атабызды үйлөнүң деп үйлөнтдүрө албай койдук
      Мажбурлап бир жолу үйлөнтүк атабызга шерик болот деп
      Бирок атабыз апабызды эле айта берет экен ошого ал да кетип калды
      Апаңарды маетай берет экен деп
      Атамды көрүп жүрөгүм оруйт

  • @ГулбараАтамбекова-т1у
    @ГулбараАтамбекова-т1у 8 місяців тому +3

    Мыкты ыр экен баракелде бар болгула

  • @АсланСултан-х4и
    @АсланСултан-х4и 2 роки тому +8

    Журегим журегинмен егизбеди,деген анге уксайды екен,керемет олен екен,Казак елинен 1 салем

  • @user-ji5wb4jm6v
    @user-ji5wb4jm6v 3 роки тому +15

    Соонун, маанилуу ыр екен, кимдин созуно жазылды екен, ушундай маанилуу ырлардан кутобуз Азиз азаматсын, таланты на таазим

  • @БолотКулбаев-о9г
    @БолотКулбаев-о9г 3 роки тому +37

    Азиз Батвров азамасын! Үнүң таза, сонун ырдапсын 👍👍👍

  • @Рамиль84РУ
    @Рамиль84РУ 3 роки тому +4

    Роза Аманованын шакирти экени билинип турат! Ыр дагы, үн дагы, ырдоонун тембри дагы! Бар бол Азиз иним сага ден- соолук, үй- бүлөлүк бакыт каалаймын!

  • @КаниметДанияров-ъ1ш
    @КаниметДанияров-ъ1ш 3 роки тому +17

    Эң мыкты аткаруу, үнүңүзгө береке 😍😍😍, жүрөгүбүз каалап турган адамды табуу, аны менен бирге болуу, жүрөгүң ал адамды каалап анын жанында өзүңдү бактылуу сезүү бул кандай гана керемет ошондой чыгарманы ийинине жеткире аткарган сизге ыраазычылык! Жүрөгүбүз каалап турган адам менен өмүр бою бирге бололу ❤️❤️❤️

  • @МираАтамбаева
    @МираАтамбаева 3 роки тому +10

    Азиз Батыров Ажайып Керемет Ырчы...Озгочо Таланттуу ...Азаматсын !!!!!!

  • @СабырСултан-ь6х
    @СабырСултан-ь6х 3 роки тому +14

    Молодец Азиз Баатыров иним унуно береке ото сонун ырларды чыгарып атасын сенин ырларынды кутуп жашайм Аллахым насип этсе баламдын тоюнда чакырам иним

  • @velikoleo6017
    @velikoleo6017 2 роки тому +7

    Азиз Батыров кучтуу обончу жана ырчы экен. Кыргызстандын патриоту.

  • @englishworld5295
    @englishworld5295 3 роки тому +34

    Азаматсын, талантына таазим,озбек болсон да кыргызча ырларды ырдаганына Аллахым ОЗУ колдоп,коп жаша,сендей таланттуулар кыргызда кобойо берсин,дагы бир ирет талантына таазим

  • @АриномМанирола
    @АриномМанирола Рік тому +2

    Бул ырды кайра кайра угуп тажабайм жеткиликтуу ырдаган рахмаат бар болун

  • @meerimr9036
    @meerimr9036 3 роки тому +14

    Роза Аманова устаты да. Абдан Роза Амановга окшош ырдап жатат. Бар бол Азиз! Кыргыз озбекке коптуро болуп, ынтымакты бекемдеген маданияттын мыкты чебери бол!

  • @GulAi7704
    @GulAi7704 3 місяці тому +1

    Азиз Батыровдун ырдаган ырларын угуп чыктым. Баардык ырларын сонун, журокко жеткире ырдаптыр. Азамат, Аллах Азиз мырзанын тилегин оорундатсын!!!

  • @БатмаМансурбековна

    Азиз талантын ташкындай берсин . Эн мыкты денгелде тартылган, мааниси соонун 👍

  • @МирбекТашполотов-м3к
    @МирбекТашполотов-м3к 3 роки тому +206

    Андагы бала чагым бала кыял сезим менен алпууруп ойногон сезимдерим балалык кыялым,эч нерсеге кирдебеген таза журогум,акырындык менен жетилип чонойгон акылым,дене бутумум,ананда менин эн назик журогум.
    Убакыттын отушу менен чонойдум акылым осту журогумо суйуу сезим келди.Анда 6 класста окуган кезим.Бир кызды жактырып суйуп калдым.Сезимдерим ото башкача болчу соз мененда айтып жеткире албайм азыркы убакка чейин.Мен ал кызды коргум келип,ото сагынып куса болуп кыйналат болчум.Алда мен окуган мектепте окуйт болчу.Сабак аяктаган сон,мен мектептен чыгып, тээ айыл четинде ээн талаа болчу,ошол жерге барып жакшы коргон кызымдын уйуно барчу жолдон кундо кутуп отурчумун.Анда бар болгону 6-класс 14 жашта гана болгом.
    Ал кыз келчу экообуз ойноп суйлошуп басат элек,ал кызды коргондо кубарып суйлорго соз таппай калган кундорум ошол саат,ошол мунотторум,дагыда болсо эсимде.
    Убакыттын отушу менен сабактан чыгып аны уйуно узатып журдум.Журогумдогуу суйуу сезимин мен ал кызга айта албадым,бирок ал озу сезди билди.Ошентип бири бирибизди жактырып,кыз жигит болуп суйлошуп журдук.Ал арада бактылуу кундорубуз аябай жакшы отту.Бир себеби окуучу болгонубуздан биз жакшы окушубуз керек деп бири бирибизге дем куч берип жакшы окудук.Элдин баары жада калса мектептегилерда кыз жигит болуп жургонубузду баары билип калышты.Арадан айлар жылдар отуп мен 11-классты бутуп жатканда коштошуу кечебизге мен жактырган падаркасын которуп келип мени кучактап ыйлаганы дале коз алдымда.Эмнеге ыйлап жатасын десем? Сен эми кетесин,мен сенден алыста калам деп ыйлаган болчу.
    Ошентип окууну бутуп шапрга окуу жайга тапшырганы жонодум,айылдын карапайым баласы болгонум учун акчанын жоктугунан Азыркы Манас Турк университетине география факултетине тапшырып шапкасын бере албай отпой калдым.Ошол убак суйлошкон кызым эмне болду?Эмнеге отбодун?Мектепти жакшы окудун элего деген сууроолорун узатты....ошол убакта акчан болбосо Билимдин да кереги жок нерсе экен жаным деген бир созум болгон.Сен окуунду жакшы окуп бутуруп борборго кел мен ага чейин иштеп сенин окууна акча чогултам деп суйгонумо айттым ал макул болду.
    Ошентип алда окууну бутту шаарга келди озу жактырган окууга тапшырды отту.Колумдпн келген жардамымдын баарын бердим.Ал нерселерди кылышыма бир гана себеп мендеги ага болгон суйуу,сезим болчу.Биздин суйуу ото кучтуу сезим менен оролгон суйуу болду деп так кесе айта алам.
    Шаарда журобуз мен иштейм суйгон кызым окуйт.Ал агасынын колунда жашайт а мен болсо дос балдар менен квартирада тукундо ал сабактан чыкканда жолугабыз чай ичебиз паркка барып ойнойбуз,азыр эстесем ошол кезде биздеги кучтуу сезимге кубо болгон Ата Турк паркы болгон экен.
    Эн окунучтуусу арадан2 жыл отуп менин кызымды колго ала качып кетти.Суйгон кызым отурбайм деп аракет кылсада апасы менен атасы отургузуп койду.Ошол убак ошол муноттор кыйналып ыйлаган коздорум,жанчылган журогумдун ооруусун мен сиздерге жеткере айта албайм.Арадан 10жылга чукул убакыт отсода ошол коз ирмемдерди эстесем дагыда болсо кыйналып кетем.
    Суйгон кызымдын окуусуда калды уй булолуу болду 2баланын энеси болду.А мен болсо дагыда бойдок суйууго ишенбей журдум,суйуудон конулум калган болчу.
    Акыры аны унутуу жон коруп менда уйлонойун уй булолуу болойун деп чечим чыгарып уйлондум.Кудайга шугур азыр менинда бир б,Келинчегимди ото жакшы кором жонокой сылык аял ал болсо бактылуу эне мен болсо камкор ата бир баланы тарбиялап чонойтуп жаткан кезибиз.Менуй буломду ото жакшы кором аларды эч кимге алмашбайм алар менин бактылуу жандарым.Мен аларды бактылуу кылам.
    Арадан он жыл откондон сон Колго турмушка чыккан кызым номеримди кайдан алганын билбейм бирок телефон аркылуу мага байланышты.Турмушу болбой калганын айтып ыйлады а мага бакыт тилеп телефонду очурду.Журогум кейиди бирок эмне кыла алам менде да уй було бар ажарлуу жубайым бактылуу шириин балам бар.
    Ошол 1жылда мурда жазылган ырым ушул болчу;
    Суйдум сени сенден башка суйбоймун,
    Оттой болгон жалынына куйбоймун.
    Татып кордум бул суйуунун балынан,
    Мындан кийин Суйуу жолдон журбоймун!
    Бардык пендеги жагымдуу суйуу сезими менен куралган уй булолук бакыт каалайм.

    • @JS-kl4se
      @JS-kl4se 3 роки тому +3

      Ыйманын бекем болсун

    • @nyrdoolotnurdoolot6961
      @nyrdoolotnurdoolot6961 3 роки тому +14

      Азаматсын ,уй- булонду эч качан таштаба,жашоодо жоопкерчилик ,туруктуулук суйуудон жогору бааланат

    • @НурилаАкматова-с5с
      @НурилаАкматова-с5с 3 роки тому +8

      Ниети түз болсо Аллах колдоп бактылуу кылат Сүйүүгө бекем убадага да бекем турган азамат экенсиң Ошол үчүн бактылуу жашап жатасың Ылайым эки дүйнө бактылуу болгула ,алган жарың мн !🤲

    • @МирбекТашполотов-м3к
      @МирбекТашполотов-м3к 3 роки тому +4

      Рахмаат айтканыныздар келссин🙏

    • @ГулмайрамАзизова-ш6ь
      @ГулмайрамАзизова-ш6ь 3 роки тому +10

      @@МирбекТашполотов-м3к Андан бери он жыл откон болсо,дагы он жылдан кийин унутасын.
      Уй булон менен бол,туура жолдон адашпа

  • @ЖазгульЖаманкулова-ю4ф

    Молодец Азиз улутту башка болсо да Кыргыз ырларын Кыргыз тилине мыкты суйлоп ырдайт

  • @АсияАйым
    @АсияАйым 3 роки тому +14

    Ананайын үнүнөн, соонун ырдайт экен, бактылуу бол

  • @__-mj7hu
    @__-mj7hu 3 роки тому +53

    Көңүл деген аккан суу кете берет,
    Калганы калып ,акканы кошо ага берет.
    Кал дебейт ,ак дебейт үнсүз гана
    Башкаларга билдирбей ичтен сыздай берет...💔

  • @زَيْنَب-م2ت2ظ
    @زَيْنَب-م2ت2ظ Рік тому +18

    Менин көңүлүп да бир адамды көксөп турат. 1 жылдан ашты күйөөм Кореяга кеткен. Жанына бара албай убарамын. Азыркы учурда кичине таарынышып кетип, капа болуп жүргөн чагым. Таарынуу менен убакыт өтпөш керек эле, бирок башка арга таппай жатам. Алыстык сезимдерге из калтырат экен. Ортобуз муздап, мурдагыдай сүйлөшпөй да калдык. Таарынууга себеп көп. Үмүтсүз күндөр менен жашап, ыйлап, чарчап кеттим... Аллахым өзү туура жолдон адаштырбасын

    • @Биа.0000
      @Биа.0000 Рік тому

      Менин да жашоом ушундай болуп отту. Акыры озум учун жашоону тандадым. Ага конул болбой койдум. Ажырашкан эмеспиз , ичте таарыныч коп...

    • @НурайымКабулова-у8ц
      @НурайымКабулова-у8ц Рік тому

      Азыр биргесинерби

    • @AdinaAbdihalilkyzy
      @AdinaAbdihalilkyzy 3 місяці тому

      Менде да азыр ушундай болуп жатат 😢😢

  • @АйнураНишанова-ф1с
    @АйнураНишанова-ф1с 4 місяці тому +3

    Бир адамды омур бою коксогон жетпей Калгари суйуу бул керемет сезим ❤ Азиз азамат сезимди эч кимге билгизбей толгонттун

  • @janumatov8060
    @janumatov8060 3 роки тому +13

    Башталышында 1секундада эле эле мурашки по коже, азамат крепкий орешек да бул жигит👍🇰🇬

  • @БерметТуралиева-щ3е

    Уну сонун Азиз Баатыровдун. Нукура кыргыздын баардык салттары коз алдандан ото, улуттук кийимдерди кийип, Кыргыздын атын чыгарган, кыргыздын патриот уулдарынан болуп, талантты оркундой берсин

  • @АйтматЖаныбай
    @АйтматЖаныбай 3 роки тому +28

    Рахмат Азиз!!! Ырларың маанилүү жүрөкө жетет да. Кыргызстандын чыныгы патриот жигитисин.!!!👍👍👍

  • @ЗинаКалбаева
    @ЗинаКалбаева 3 роки тому +12

    Кандайгана кереметАзаматсын Азиз врды угуп суу бойлоп бир топ жаштыкка кайтып келдим 😪😪🤧

  • @МайрамНурахматов

    Унуно береке берсин аллахым ,оркунун оссун .
    Менин чындап конулум коксоп турат ,угуп алып жашымды тыя албай койдум ....1жыл болду жарымдан айрылганыма ....

  • @qetuadgh5027
    @qetuadgh5027 3 роки тому +10

    Мына сага.Азаматсын !!! Ушундай ырдаш керек

  • @АйгеримЮлдашева-п3э
    @АйгеримЮлдашева-п3э 2 роки тому +52

    Туулган жердин элин сыйлап ак калпак кийип кыргызча ырдап кыргыздын суйуктуу уулу болуп ушу баланы коргондо озбектерди сыйлап кетем ден соолук Азиз укам.

  • @ИбрагимРозали
    @ИбрагимРозали 3 роки тому +72

    Үнүңүзгө береке, талантыңызга таазим, чыгармачылык ийгилик каалайм дагыда сонун ырларды күтөбүз сизден

  • @gulsung3281
    @gulsung3281 3 роки тому +6

    Мурун укпаган экем Азиздин ырларын. Ыр дагы, клип дагы сонун. Онорун оркундой берсин.

  • @user-rc5oo9ux2i
    @user-rc5oo9ux2i Рік тому +4

    Азаматсын иним, алыскы жерде журуп угуп кулак кубандырып турам.

  • @nurasataeva9657
    @nurasataeva9657 3 роки тому +13

    Так романтично🥰🔥Наргиза эжем менин вы такая симпотная😍милашка наша😘 и парень оочен симпатичный но мне его жалко 😢жетбей калганына😄Умарчик тоже молодец😘Коз тийбесин!Ден соолугунар чын болсун!Ойлогон ой максаттарынарга жеткиле!Мы вас любим ❤️💜🧡❤️💙💚❤️

  • @Милаяпринцесса-г9р
    @Милаяпринцесса-г9р 3 роки тому +4

    Ушул ырды ушунчалык жактырдым сонун чыгарма журокко жеткизе ырдаган Азизге ыраазычылык ишине ийгилик каалап кетем

  • @НуризаАкылбекова-ь1м

    Унуно береке!!! соз байлыгым жетпейт сени мактоого иним👍👍👍

  • @nazgulryskulieva3802
    @nazgulryskulieva3802 3 роки тому +21

    Наргиза молодец каражаным десе сонун тартылыптырсын кудайым омур берсин бактылуу таалайлуу бол жаман коздон жаман создон сактасын тилеген тилегине жет зоболон которуло берсин 💓👍👍👍💋💋💋💋😘😘😘

  • @altynkiz
    @altynkiz 3 роки тому +38

    Талантың ташкындай берсин! Жакшы клип болуптур! Азаматсың!

  • @МираАтамбаева
    @МираАтамбаева 3 роки тому +4

    Эргуу мн Журокторго Жеткирип Ырдайт Экен.. Азиз Батыров Рахмат !! 8000 Лайк..

  • @gdgdyhdd896
    @gdgdyhdd896 3 роки тому +5

    Азиз азаматсың! Сенин ырларыңды жакшы көрүп угамын,өнөрүң өркүндөй берсин,бактылуу бол!

  • @МитаварЭргешевна
    @МитаварЭргешевна 3 роки тому +2

    Ой баламай ырларын кандай сонун,эгер колуман келсе эл артиси деген наам ыйгарат элем онорун особерсин.

  • @ТАКЕБАЙ
    @ТАКЕБАЙ 2 місяці тому +2

    Мени кече Үй бүлөм бузулдууу.сыгылып уугуп отурам 🥹🥹🥹🥹

  • @ТиллаканЭргешова

    Жаш кезимде суйуу болбогон азыр торт балам бар жолдошумду балдарымды Аллахым учун ото жакшы кором❤

  • @АдинаИсманова-ж8г
    @АдинаИсманова-ж8г 10 місяців тому +5

    Ушуу учурда конулум коксоп турат бир адамды.😢😢😢Сагындым аябай бул жалгыз журогум❤экобуз билген сырым😊❤

  • @kirillzavadskii7680
    @kirillzavadskii7680 3 роки тому +3

    баракелдииии, бравоооооооо соонун журокко жетире ырдаптыр

  • @ryzvanmanaskyzy4214
    @ryzvanmanaskyzy4214 3 роки тому +45

    Сүйүүгө кабылгам бир кездерде , бактылуу болуп жүргөм жетелеше, азыр болсо менден алыс кетти жаратканга, дале болсо ошол сүйүунун элеси менен жашап келем. Жүрөгүмдө сактаган сүйүүм бар, тушторумдо санааркап күткөнүм бар, Онумдо түшүмдө да сүйүп келем , айла таппай ыр жазып арнай берем.! Автор озум.

    • @Video.M571
      @Video.M571 Рік тому

      😢

    • @tokoev603
      @tokoev603 Рік тому +2

      Вооо мынаа суйууу
      Сүйүү деген алдамчы алданасын,
      Жүрөгүңдү бергенге сен камданасың.
      Сүйүп жүрүп эми гана көрөөрүндө,
      Алыс калып бир өзүңө арданасын
      Деп кой😅😅

    • @janianarkulof636
      @janianarkulof636 8 місяців тому

      👍​@@tokoev603

    • @МухамбеталиБатырбеков
      @МухамбеталиБатырбеков 6 місяців тому

      Байкушум десе

    • @TalasKirov-t5t
      @TalasKirov-t5t 5 місяців тому

      Бактылуу болунуз эң сонун маанилүү сөздөр Жүрөктөн чыгып Жүрөккө жетет

  • @Kaku-y4u
    @Kaku-y4u 10 місяців тому +3

    Клиптеги баланын жүрүшү жакты , клиптен тышкары жашоодо дагы жөнөкөй адептүү бала көрүнөт ... ❤

  • @ЗамираДжалилова-х8ъ

    Абдан сонун ыр экен, аябай жакты. Клип да ыр мн ото дал келиптир.

  • @wertuxcvb4423
    @wertuxcvb4423 2 роки тому +2

    Не деген ыр не деген клип соонун Азиз аке сизге таазим

    • @БерметБакирова-з7ю
      @БерметБакирова-з7ю 2 роки тому

      Розанын окуучусу окшойсун , унун ушунчалык окшойт экенсин.Ийгилик сага!!!

  • @miramir8161
    @miramir8161 3 роки тому +2

    Эмнеге бул унду мурда укпаганмын. Ушундай сонун ырчы бар тура. Кулакка жагымдуу ун.

  • @Akunova_shopping
    @Akunova_shopping Рік тому +1

    Аллахка чексиз шугур суйгон адамым жолдошум жанымда,баары жакшы....Ошондой болсо да бул ырды уксам эле ыйлагым келе берет жарыктык😊

  • @talantdyikanbaev1174
    @talantdyikanbaev1174 Рік тому +2

    Керемет аткаруу👍Роза карындаштын эн жакшы шакирти,ийгилик каалап ар дайым суйуп угам👋

  • @nurgizasataeva6255
    @nurgizasataeva6255 3 роки тому +61

    Молодцы, клип очень красивый, девушка и парень очень приятные , голос певца отличный 💞
    ничего лишнего все в меру , сдержанно, с удовольствием посмотрели 🔥🔥🔥💥💥💥

  • @beka1043
    @beka1043 Рік тому +1

    Унунузго берекке, соонун мааниси. Суйгонум м Н урушуп кетип кайталап угуп жатам кайта кайта. Сонун ушундай ырларды жарата бериниз

  • @АйданаКапарова-п1т
    @АйданаКапарова-п1т 5 місяців тому +1

    откон күндордү эске салат экен ар бир адам сүйгонү мн бактылуу болсун..

  • @ГулназКаленбекова

    Азиз Аллах ыраазы болсун сага ушундай жожолор тарбиялап журо бер

  • @АйгульМамаева-л1у
    @АйгульМамаева-л1у 3 роки тому +21

    Жанымда бол түбөлүккө белегим Эки дүйнө аба суудай керегим Сен жанымда болсон гана асылым Бул өмүрдүн бар кайгысын женемин 😘😘🥰🥰🥰💞💞💓💓💓 Сен менин бул дүйнөдө барлыгымсын Нур чачкан бул жашоомун жарыгысын күндө түндө бир өзүн деп согуп💞💞💕💕💗💗жүргөн Сен менин жүрөгүмдүн💖💖💖💖💝💝💝💝жарымысын

    • @МилаватМырзакул
      @МилаватМырзакул 2 роки тому

      Эң жакшы ыр маанилүү менинда көңүлүм көксөп турат бир адамды ал адам азыр алыста журот

    • @НургазыУсупов
      @НургазыУсупов Рік тому

      Аябай мааниси терен ыр мен да бир адамды аябай коксоп журом ал азыр жок бул ааламда ал менин омурлук жарым эле ажырап калдым жаш эле

  • @ЖолдошоваОрозкан
    @ЖолдошоваОрозкан 2 місяці тому +1

    Ото сонун жеткиликтуу аткарды,баракелде! 😊❤

  • @СыдыковУ
    @СыдыковУ 3 роки тому +4

    Молодец досум жумуштан чарчап келгенде ырларынды угуп ырахат алам го дайыма ушинтип ырдап элдин кызматында журобер досум

  • @ГулизаЖанибеккызы
    @ГулизаЖанибеккызы 2 роки тому +1

    Бул ырды клипти коруп мага аябай жакты ырына клип дал келиптир,клип необычный чыгыптыр.

  • @ЖораМурасаев
    @ЖораМурасаев Рік тому +1

    👍👍👍👍👍👍сонуун ыр эх голосуна коз👀тийбесин ишине ийгилик чыгарма чылыгына ийгилик калайм 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🤲🤲🤲🤲🤲

  • @ГулнараМахмуратова-у6ц

    Эң сонун ыр ийгилик каалайм дагын ырларды күтөбүз талантың ташкындай берсин элдин уулу,Роза Аманова үнүндөй сонун экен,уккан сайын ыйлагым келди күтүп жүрөм бир адамды жетпесем да

  • @ryzvanmanaskyzy4214
    @ryzvanmanaskyzy4214 3 роки тому +6

    Сендей мага эч ким көңүл болалбас, сендей мага эч ким суйуу бералбас. сенин гана жылуулугун сезчүмүн, сенде гана эң бактылуу болчумун. Сенин барын мага дем күч берчү , сенин барын мага сүйүү сезилчуу, сенде гана мен жайдары күлчуумун, сенде гана бактылуу жашап жүрчумун. Сага гана сүйүүмдү арнадым, сага гана көңүлүмдү бүт ачтым, сага гана бул жашоодо ишенип, жүрөгүмдү бүтүн бойдон тапшырдым. Сүйүүң менен кирдим мен гүлдүү бакка, чыккым келбейт эми ошол бактан , Жыпар жытты таратып ар качанда, жанымда бол бир келген аппак сүйүүм. Автор өзүм

  • @НурайымАнарбеккызы-д4б

    1000жолу уктум ырда клипта сооонун топ келгень молодец

  • @АксанаНурова-я5л
    @АксанаНурова-я5л 3 роки тому +10

    Сонун ыр экен таппай журдум эле😀😀

  • @УрпияПатаева
    @УрпияПатаева 10 місяців тому +2

    Роза Аманова ырдайт десем , жигит ырдайт экен . Сонун чыгарма ❤

  • @НуризаАлгожоева-ы2з

    Кыргызстаным жаша жана онуго бер оссо бер.Алгалай бер.

  • @shhdgddg8247
    @shhdgddg8247 3 роки тому +3

    аравндан болсо керек азиз молодец укем аманованын озундой экен голосу дагы коп коп чыгып тур комузунду которуп ийгилик сыймыктанабыз алайдан салам укем

  • @Боря-о2й
    @Боря-о2й 2 роки тому +1

    Мен бул ырчыны Кыргыз жигит деп ойлопум Азаматсын туулуп оскон жерин Кыргызстан Патриот экннсин азаматсын

  • @gdhhdhgdbdbjrj9280
    @gdhhdhgdbdbjrj9280 3 роки тому +4

    Азиздей патриот адамдар чанда гана кездешет,онорун оркундой берсин, омурлуу бол,кыргыздын атын чыгара бер,кыргыз эли учун куйуп,жанганына мин ирет Таазим!!!!!

  • @ТолкунСуйунбекова-ю1о

    эн, мыкты!!!!!! дагы кутобуз чыгармаларынызды

  • @TalasKirov-t5t
    @TalasKirov-t5t 5 місяців тому +1

    Ар бир Адам Бактылуу болсун Жакшы көргөн Жанына жеттип Бактын тапсын ❤

  • @moldur105
    @moldur105 3 роки тому +11

    Абдан сонун ыр болуптур клип да топ келишкен 😍😍👍👍👍👍👍

  • @gulbubu1432
    @gulbubu1432 Рік тому +2

    Талантына таазим уулум омурун узун болсун аллахым колдосун сени

  • @ЧынараСабай
    @ЧынараСабай 3 роки тому +3

    Азиз Баатыровдун ыры да,клиптери да сонун

  • @manasyusupov1465
    @manasyusupov1465 2 роки тому +3

    Клиптеги жигит ото сулуу бала экен

  • @МинаварАбдуллаева-б4м

    Салам озуно жарашыкту ырларды ырдап жургун дайыма унуно коз тийбесин азиз

  • @данабексаняз-с5р

    Казакстаннан салем ассалаумагаликом 🇰🇿🇰🇬🇰🇿🇰🇬👍👍👍👍

  • @МээримКенешова-к4я
    @МээримКенешова-к4я 4 місяці тому +13

    Апам мени тороп 16 кундон кийин отуп кеткен.Мурун эч билинбейт болчу корбогонумо.Азыр озум эне болуп апамы тушундум байкушум менин 😢Азыр коргум келет,суйлошкум келет.😭Эне болгонунда эненин кадырын билет экенсин.Атам байкушум 5баласы менен калган.Апамы ушунчалык суйгон.Эн кыйын кундорду атам башынан откоруптур.😢

  • @РасулКаюмов-ж5м
    @РасулКаюмов-ж5м 3 роки тому +6

    Озбекстандан салам алга

  • @гулнура-г9л
    @гулнура-г9л 6 місяців тому +1

    Суппер ун суппер ыр Азиз 🎉

  • @kuzyakadyrbekova4873
    @kuzyakadyrbekova4873 3 роки тому +5

    Молодец Элдияр классташ! Сенде талант бар. Сонун аткарыпсын

  • @shhdgddg8247
    @shhdgddg8247 3 роки тому +3

    азаматсын бар бол бай бол омурун узун болсун эл артиси бол укем озбек болсондагы кыргызстанды сыйлап жеткире ырдапсын укем сыймыктанабыз алайдан салам ийгилик азиз эки дуйно бактылу бол

  • @УляАнарбековна-м3п
    @УляАнарбековна-м3п 3 роки тому +3

    Молодец Азиз байке үнүңүз го береке

  • @aygulchymbaeva2613
    @aygulchymbaeva2613 3 роки тому +4

    Ушунчалык соонун чыгарма экен 🥰🥰.

  • @дыраигр-ы7ч
    @дыраигр-ы7ч 3 роки тому +6

    Сонун аткаручу, сонун ыр, сонун клип!

  • @НЖШ
    @НЖШ 8 місяців тому +2

    Менин да журогум коксоп турат, бир адамдыыы.6 айга кеткен, жумушунан алыстаргааа. Аман эсен, келсин жаныбызга😢😢❤.

  • @ШайыргулЧакаев
    @ШайыргулЧакаев 4 місяці тому +1

    Туура айтазынар бейтааныш ыр адамдын кайгысынан Жана кубанычынан жаралган лирика

  • @ryzvanmanaskyzy4214
    @ryzvanmanaskyzy4214 3 роки тому +5

    Үнүнузго береке сонун ыр клип да сонун мыкты талант ээси чыгармачылык ийгилик каалаймын үй бүлөлүк бакыт тилеймин

  • @БакбуЖумакулова
    @БакбуЖумакулова 2 роки тому +3

    УНУНО БЕРЕКЕ! СЕН ЭКИНЧИ ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ БОЛОСУУУУУУН.ОМИИН ОМИИН ОМИИН ОМИИН ОМИИН ОМИИН ОМИИН

  • @kuaforgamzebozdag9240
    @kuaforgamzebozdag9240 3 роки тому +12

    Bebegim ya nergizim harikasın maşşalah çok guzel hem şarkı hem klip emeginize sağlık 🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹

  • @АдельБолотбекова-д4т

    Роза Аманованын унуно аябай окшош экен!!!👍👍👍

  • @АсельЧынгышбаева-л5ъ

    Клип сонун тартылыптыр , молодец Наргизочка биз сени мн сыймыктанабыз , ден соолугун болуп , ойлогон ой максатына жет 😘😘😘

  • @ГумираБерекет
    @ГумираБерекет 3 місяці тому +1

    Кийинки кундору,ушул ыр менен ооруп калды❤❤❤