Сыртынан күлгөнү менен ИЧИНЕН СЫЗДАГАН эненин баяны | ЗПМР / ЗПРР | Айдана Асанова | Алдей

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 31 тра 2024
  • Сыртынан күлгөнү менен ичинен сыздаган эне.
    Бүгүн бизде конокто блогер-тиктокер, үч баланын апасы Айдана Асанова. Айдана өзүнүн жеңил эмес турмушун баяндап, кызына коюлган ЗПРР, ЗПМР диагнозу тууралуу айтып берди.
    Коногубуздун баяны ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк таап, баланын өнүгүүсүндөгү көйгөйлөрдү убагында көрүүгө жардам берет деп ишенебиз.
    Конок:
    aidaimina?i...
    Биздин Инстаграмм:
    aldey_youtu...
    "Алдей-алдей" дүкөнүнүн баракчасы: aldey_aldey...
    Таймкод:
    00:00 Таанышуу
    00:36 Кош бойлуулугум жакшы өткөн
    02:25 "Тарбиялабыйсыңбы?"
    04:18 Кызым мени көп нерсеге үйрөттү
    06:30 3 жашка чейин күтүп убакыттан уттурдук
    12:00 Сабактарга айына канча сом кетет?
    14:15 Кепилдик бергендерден алыс болуу керек
    16:40 Алгачкы белгилер тууралуу
    20:36 Дарылоону бизнеске айландырган адамдарга кезектим
    22:49 Кызымдын келечегинен кабатыр болом
    24:55 Сыртыман күлүп жүрөм, а бирок…
    29:10 Эмне үчүн мен?
    30:40 Көп ата-эне диагнозду кабыл албай жүрө беришет
    #ЗПРР #ЗПМР #АйданаАсанова #Алдей

КОМЕНТАРІ • 864

  • @ALDEY1
    @ALDEY1  15 днів тому +65

    ❗Сыртынан күлгөнү менен ичинен сыздаган эне.
    Бүгүн бизде конокто блогер-тиктокер, үч баланын апасы Айдана Асанова. Айдана өзүнүн жеңил эмес турмушун баяндап, кызына коюлган ЗПРР, ЗПМР диагнозу тууралуу айтып берди.
    Коногубуздун баяны ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк таап, баланын өнүгүүсүндөгү көйгөйлөрдү убагында көрүүгө жардам берет деп ишенебиз.

    • @user-vv5ly4os1x
      @user-vv5ly4os1x 15 днів тому +7

      Ошол врач жоопкерчиликти билсе жакшы болмок,тообо мойнун бураган жакпады, өзүнүн баласынын мойнун бураса.Торотту жакшылап үйрөнүп анан торотпойбу.Аллах шыпаасын берсин

    • @SbbNhwhj
      @SbbNhwhj 14 днів тому +3

      Саламатсынарбы менин баламды невропатолог ошондой кош көңүл мамиле жасап койгон

    • @AizadaTolonalieva
      @AizadaTolonalieva 14 днів тому +8

      Дуйнодо эч бир бала оорубаса экен.

    • @user-ql5ng3ru1u
      @user-ql5ng3ru1u 13 днів тому +5

      Бизда Карабалта жашайбыз
      Аутизм балабыз бар.
      Бала менен сынабасын экен Кудайым.
      Энелерге куч кубат берсин.

    • @user-ur3ws5ru4z
      @user-ur3ws5ru4z 13 днів тому +4

      Ассалааму алайкум
      Бул эже менен байланыштыра аласызбы сураныч мумкун жардамым тийээр ин шаа Аллах (2 ооз созум бар эле)

  • @user-wx8qr4lq1v
    @user-wx8qr4lq1v 14 днів тому +401

    Менин балам 4жашта суйлобойт,барбаган жерибиз калбады,дуа кылып койунуздарчы суранам бул эне учун кандай кыйынчылык,балким элимдин дуасы менен суйлоп кетет😢😢😢

    • @user-ye8wk5vm8n
      @user-ye8wk5vm8n 14 днів тому +19

      🤲🤲🤲🤲🤲 Аллахым шыпасын берсин

    • @user-wx8qr4lq1v
      @user-wx8qr4lq1v 14 днів тому

      @@user-ye8wk5vm8n Айтканыныз келсин оомийн

    • @alinatologonova4326
      @alinatologonova4326 14 днів тому +15

      Аллахым шыфаасын берсин суйлоп тили буудай кууруган чечен болсун❤

    • @user-wx8qr4lq1v
      @user-wx8qr4lq1v 14 днів тому

      @@alinatologonova4326 рахмаат айтканынз келсин оомийн.

    • @user-fi9bc5gi7h
      @user-fi9bc5gi7h 14 днів тому +6

      Аминь

  • @user-of4zn8zd7y
    @user-of4zn8zd7y 14 днів тому +132

    Менин балам азыр 8 де , менин да балам чулдурап суйлочу, словарный запасы жок эле. 4-5-6 жашында да толук оюн айта алчу эмес. Балдарга кошулуп, ойноп суйлоп уйронот деп 6 жашында школго берип салды атасы. 1 класста жарымына чейин кыйналды. Бирок башы жакшы иштечи математиканы жакшы окуду. Ошентип азыр чулдураган , суйлобойт балан , аутист окшойт дегендер учун баламы азыр токтото албайбыз. Коп суйлойт.
    Мен озум эне катары эч кимди уккан жокмун, чоккон жокмун. Суйлойт деп гана ишендим!!!!
    Акылы да башкасы да баары жайында 3 классты аяктап жатабыз шугур жакшы окуйт.

    • @user-up7np7cn1m
      @user-up7np7cn1m 12 днів тому +7

      Ата энеси биринчи ишениш керек балага

    • @kirgizbaievazarina6598
      @kirgizbaievazarina6598 11 днів тому +1

      Менин кызымда ошондой болуп жатат, азыркы учурда. Азыр 6 жашта менда сарсанамын.😢быйыл школго берели деп жатам мен да аралашып суйлоп ойун толук жеткирип, соз байлыгын осот деген ойдомун.

    • @user-gn1dk5hn5q
      @user-gn1dk5hn5q 4 години тому

      Тушунгон бала башка, тушунбогон бала ал вообще башка бала,чулдурап суйлосо кийин суйлоп кетет конечно, ооба ата энеси да ишениш керек суйлоп кетишине,бирок аракет дагы кылыш керек балага жардам бериш керек.

  • @user-py7mq1fs5h
    @user-py7mq1fs5h 15 днів тому +150

    Оо Аллахым соо 3баламдан чарчап,наалынганым учун кечирчи мени🤲🤲

  • @user-nd6zu5uq5p
    @user-nd6zu5uq5p 15 днів тому +100

    Азаматсын бала учун баарын жасап атасын менетин кайтсын Аллах озу шыпаа берсин. 🤲🤲🤲

  • @user-fc8dc2ko1u
    @user-fc8dc2ko1u 15 днів тому +126

    Эн туура айттын,эч бир энени бала менен сынабасын

  • @aigerimkalueva8391
    @aigerimkalueva8391 14 днів тому +48

    Кулуп жургон адамдын ичинде эмне болуп жатканын эч ким билбейт го аябай кучтуу келин экен.....
    Роликтерин коруп проблемасы жок аябай щайыр деп корунчу...Аллахым шыпаасын берсин

    • @jumagulturdumamatova6464
      @jumagulturdumamatova6464 12 днів тому +2

      Кооп кулуп жургон адамдын ичинде ото кайгылуу бир нерсеси болот дешет ко

  • @Aizanazar
    @Aizanazar 13 днів тому +14

    Бишкекте механика айдаган жалгыз кыз окшойт💐

  • @user-fo2ym8kp4n
    @user-fo2ym8kp4n 13 днів тому +27

    Менин да балам ушундай ,бул эженин суйлогон создорун коруп ,ыйладым менин жашоомдо да ушундай болгон дагын деле болуп келтат .Аллахым баарыбыздын балдарыбызды ден соолугун берсин акылдуу, ыймандуу, балдар кыздардан кылсын.Эжени мен ото сонун тушунуп атам мен да Аллахтан суранып олтурам бассам турсам балама шыфа бер деп.Эженин кызы да суйлоп кетет иншаАллах .Орууган балдарга аллахым шыфасын берсин Амиин Амиин Амиин сиздерда дуа кылып коюнуздарчы.

    • @user-oi8rt7lj4q
      @user-oi8rt7lj4q 12 днів тому +1

      Сакайып кеткиле, аминь

  • @user-lf8uo8ne5u
    @user-lf8uo8ne5u 15 днів тому +75

    13- апрель 2024- жыл кызым экообуз Москва -Ош каттамында учуп келдик.Аэропортто бир окуяга туш болдум
    Жашы 5-6 жаш чамасында кыз озбек улутунда ,жанында апасы,атасы анан эжелериби айтоор бар экен .
    Кыздын жанында дагы бир кыз бар 3 жашта чамасы .Кичине кыз ыйлабай эле келатат зал ожиданиядан самолетко чыгалы деп аткан учур болчу
    Чон кызы аябай ыйлап кыйкырып келди .Алдымда келаткан келин уф мынча ыйлайт деп жинденди .бир нерсе жакпай ыйлап атса кк деп калдым ичимден
    Дагы эле ыйы басылбады
    Самолетко чыктык
    Анан эле кыргыз эже ой баланы уруп келатасынбы не мынча ыйлайт деп катуу суйлоду анан апасы жоок эже кызым аутизм мн ооруйт деп кулуп жооп берди .Эх деп журогум ооруп кетти .ичинен сызып сыртынан кулгондор канча😢

    • @user-pl7dr5lk3m
      @user-pl7dr5lk3m 14 днів тому +8

      Биздин кыргыз апалар ошондой менда жакында кинотиатрда бир кыз чуркап залдын ортосунан ото калса удлинитили ущулуп кетип кино 2-3 минутка токтоп калды ошол арада чон эле апалар жанагы кичинекей кыз менен апасына айкырып кыйкырып карабайсынбы баланы деп ай кыз отур ордунда деп ииий деп эсим ооп калган менинда сабр кылса кино уланат вежливо суйлошсо эмне деп калдым кичинекей кыздын апасын коргом эненин таман асты бейиш атуу киного алаксып ыйлап отурган болчу угунчалыкда орой калкпызбы деп калдым

    • @user-us1og9ru5i
      @user-us1og9ru5i 13 днів тому +1

      Менде да ушундай окуя болгон. Балам самалетто ыйлап кыйнап салды адамдар ар тараптан суйлошуп болду кылчы, уф деген ундор угулат. Бироо ыйлабачы балдарым уктап жатышат ойготосун дегенде аябай катуу тийген. Менда озумду токтото албай ыйлап жибердим. Балам экообуз жеткенче ыйлап барганбыз.

    • @user-jc4ph2cv7k
      @user-jc4ph2cv7k 11 днів тому

      ​@@user-us1og9ru5i
      Аллахым сизге сабыр берсин
      Эч капаланбаныз Аллах сиздин ичинизде эмне бп жатканын билуучу зат Баарын Аллахка салын

  • @user-ec7et3rl1w
    @user-ec7et3rl1w 12 днів тому +23

    Менин да кызым өзгөчө.
    Биз.озгочо энебиз.
    Жанагы скорый сыяктуу тызылдап 24саат.стресс.изденуу,Аллахымдын тиленүү м-н өтүп жатат.
    Бирок бир билгеним.азыр өзгөчө бала көп дешет.Ооба, буйруса бир кез келет чыныгы жашоодо да ошончо ата эне бейишке кирет❤❤❤

  • @Ais754
    @Ais754 8 днів тому +4

    Менин уулум 13 жашта,диагноз аутизм.Бирок Аллахыма чексиз шугур суйлоп,оюн тушундуруп берет.Мосвкада окуп жатат.Быйыл 4-классты буттук буюрса.Орусча,Англ.украинче,казакча,грекче,немисче,испанча иши кылса 15ке чейин тилде жазып,окуйт.Бизде кыргыздарда тушунушпойт,керек болсо врачтар дагы толком эч нерсе айта алышпайт.И кээде туура эмес дары дармек жазышат.

  • @user-mx3vb7ej2q
    @user-mx3vb7ej2q 15 днів тому +123

    Алтыным кызын суйлоп кетсин ,менде да сендей коцгой менен алышып жаткан маалыбыз баарыбыздын суйлой албай жаткан балдарга Аллахым шыпаа берип суйлоп кетсин эчбир ата энени бала менен сынабасын 😢😢😢

    • @user-fi9bc5gi7h
      @user-fi9bc5gi7h 13 днів тому +3

      Мен дагы. Аллахым шыпаасын берсин балларыбызга.

    • @user-qk3ps3sj2p
      @user-qk3ps3sj2p 13 днів тому +3

      Суйлоп кетсин баардык суйлой албай жаткан Наристелерге АЛЛАХЫМ шыфаа берсин🤲🤲 Омийин Омийин🤲

    • @elizatbekieva3430
      @elizatbekieva3430 13 днів тому

      Турабековко кайрылып корунуздор

    • @user-rc1pr2nl9j
      @user-rc1pr2nl9j 12 днів тому +1

      Аллах жакшы коргон пендесине дарт берет экен кыжалат болбонуз шыпааберет аллахым

    • @user-rc1pr2nl9j
      @user-rc1pr2nl9j 12 днів тому

      Андыжанда Доктур Жалилов деген врач бар экен апарып корунуздор

  • @jankojanko8277
    @jankojanko8277 4 дні тому +2

    Аябай кучтуу жана табигый сулуу айым экен, кудайым шыпаа берсин кызынарга
    Чындап чон актриса болчудай
    Куч кубат берсин

  • @user-pw5by7hk7d
    @user-pw5by7hk7d 15 днів тому +74

    Саламаттарсыздарбы менин баламда Аутис. Менда кудум ушул нерселерди башымдан откордум эч кимге мындай нерсени каалабайм.Негизи озгочо балдарга эн баалу нерсе "Убакыт" болуп эсептелет экен.канчалык эрте аракет кылып туура колдонсо 100% жакшы болуп кетпеседа самостоятельно болуп жылыш жакшы болот экен буйруса.Бала мн сынабасын. Коомдонда сурап кетет элем,туура кабыл алышын.эч ким кепилдик бере албайт менде мындай нерсе болбойт деп.Эчбир ата эне баласын жамандык каалабайт.

    • @user-gc4fs5og8k
      @user-gc4fs5og8k 13 днів тому

      Менде дагы бар особый бала

    • @altynkulsheishenalieva7155
      @altynkulsheishenalieva7155 12 днів тому +1

      Туура, кепилдик жок. Шүгүр деш керек, ыраазы болуш керек. Телегейи тегиз бойдон жашачудай жүрөбүз. А эртең кандай болуп кетет эч ким билбейт

    • @user-vm2jj1fp7c
      @user-vm2jj1fp7c 11 днів тому

      Синдим мага жазчы

    • @user-gc4fs5og8k
      @user-gc4fs5og8k 11 днів тому

      @@user-vm2jj1fp7c салам

    • @KaiyrmaIsmanali
      @KaiyrmaIsmanali 11 днів тому

      Алла ыраазы болсун.

  • @ZhyldyzBolotova
    @ZhyldyzBolotova 15 днів тому +69

    Элдерден суранат элем коомдук транспортто журум- туруму башкачараак балдарды корсонор атып ийчудой болуп карабагыла, сынтакпагыла ,анткени эч ким билбейт эртерки куну кандай болоорун ,бул сыноо бар кимдин башына тушуп калышы мумкун , жон эле байкамаксан болуп койгула же жылмайып Аллах шыпаа берсин деп койгула болду

    • @user-nm1nq8re7b
      @user-nm1nq8re7b 10 днів тому +1

      Туура айтасыз👍👍👍

    • @user-gj4zk2lm5q
      @user-gj4zk2lm5q 10 днів тому +1

      Туура айтасыз,Аллах шыпасын берсин

    • @user-wv3sd5pb5w
      @user-wv3sd5pb5w 10 днів тому

      Туура

    • @user-in9qz4xm1j
      @user-in9qz4xm1j 9 днів тому

      Ошол туура экен ацрыкча боюнда бар мезгилде ото этият болушкерек

    • @user-tz5pe9xx7q
      @user-tz5pe9xx7q 9 днів тому +1

      Туура айтас мендагы эл жаман карайт деп кочого алып чыга албайм тартынам😢😊

  • @user-qc7cm8cs4u
    @user-qc7cm8cs4u 10 днів тому +12

    Ото билимдуу, акылдуу келин экен. Интервьюсу анча мынча таанымал инсандардыкына караганда маанилуу, маныздуу болуптур. Аллах сабыр берсин. Ар бир дартты шыпаасы менен берген болсун

  • @user-ru2or9bw5j
    @user-ru2or9bw5j 15 днів тому +36

    Ой ой ой Кайратыныз аябай кучтуу сабырыныз такшалган ар бир созду орду менен Аллахым берген дартты озу алат сиз Бактылуусуз и дагы да Аллахыман бактылуулук беришинен тилек кылабыз Азаматсыз биздин кыргыздын кыздары энелери

  • @user-td5vm7oh5u
    @user-td5vm7oh5u 6 днів тому +1

    иии Алтыным.ыйласан кошулуп ыйлап.аягына чейин угуп.кордум.Аллахым чоон тоодой болгон куч,кубат.дем берсин!!Кызына Алла таалам шыпаа берсин.намазымда слерге.балдарыма кошуп дуба берейин.Озун жакшынакай.тыкан.озундун сулуулугун менен жургон эне экенсин!!Коз тийбесин!! Кыргызча таза суйлогонун.жакты! Ишине да ийгилик.

  • @user-wg3so3ov8x
    @user-wg3so3ov8x 7 днів тому +3

    Бизде 4 балабыз бар, 3-су озгочо. Диагноз точно ушул кыздыкындай. ЗПРР и ЗПМР с элементами аутизма. Аллахым берген сыноо экен😢. Чон сыноо. 4-чу баламда да задержка бар деген кумон бар. Мамлекет да жардам берсе ото жакшы болмок. Ресурсный центрлар ачылса бекер.

  • @user-so3pr1pe5g
    @user-so3pr1pe5g 11 днів тому +6

    Баланы занятияларга ташып журуп кайсыл убакытта иштегени жетишесиз? Аябай кучтуу аял экенсиз. Аллахым шыпаа берсин. Балан бираз тамагы ооруп температура болсо эле канчалык болот эне😢 эч Бир энени балдары менен сынабасын экен😢❤❤❤

  • @nargizorozbaeva8321
    @nargizorozbaeva8321 15 днів тому +24

    Айдана, сизге чон рахмат. Туура айтасыз азыр 21 кылымдын эпидемиясы болуп калды

  • @user-qi8rt5fk2x
    @user-qi8rt5fk2x 15 днів тому +35

    Создору даана сонун апа экенсин. Кызын тез жакшы болуп, суйлоп , окуп кетсин. Мындай балдар чын эле ото коп азыр, менин эле 2 3 таанышымдын балдары да суйлошпойт только тел корот, ыйлайт.

  • @jazgul8198
    @jazgul8198 11 днів тому +4

    Буйурса баары жакшы болот менин балама да 3,5 жашында ЗПРР элементы Рас деген Азар Аллахыма шугур поведениесы жакшы сочувствие ❤️‍🩹 переживание родным есть, суйлоп баштады правда так эмес но очень старается воспитатели логопеды хвалят в садике, буйурса старший группага которот а он спец садике с такими детьми особенными ходит . Я просто плачу от счастья понимаю что он нормага чыгып баратат сестренкасын аябай жакшы корот коп суйлошот экоо на своем языке это просто счастье для матери

  • @peilkalm9196
    @peilkalm9196 14 днів тому +20

    Аллахымдын сыноосу,синдим эч убакта ыйлаба.41 кун Тахажуд НАМАЗ окуп суран сопсуз Аллахым озу жардам берет.Зикир айтып Мухаммед Пайгамбарыбызга салават айта бер алтыным буюрса сүйлөйт.Аллахым озу шыпаасын берсин.Оомиийи

    • @user-so6um1ns5y
      @user-so6um1ns5y 11 днів тому +1

      Саламатсызбы Тахажуд намазын мага да уйротунузчу

    • @AidanaAlieva-fv5cl
      @AidanaAlieva-fv5cl 7 днів тому

      А эмнеге 41 кун Тахажжутту окушу керек.

  • @user-ki3xn9fh4y
    @user-ki3xn9fh4y 14 днів тому +12

    Кучтуу айым экенсиз ошол учун Аллахым аялды кучтуу бир башкача жаратып койгон,кызыныз жакшы болуп кетсин

  • @user-dw2wt2qm3z
    @user-dw2wt2qm3z 14 днів тому +16

    Ийлап кордум, азыр менде ушундай диагноз уулумдун Аллахым шыпаасын берсин 🤲

  • @user-nm2qz3wi7p
    @user-nm2qz3wi7p 14 днів тому +11

    Айдана азамат! Мен да коруп отуруп таасирлендим. Анткени менин да озгочо кызым бар, бирок анын диагнозу башка. Менин башыман да сеникиндей тагдыр откон. Туура айттын, бала трабиялайт дегенге кошулам. Коптогон маалыматтарды, коптогон адамдар мн, дегеле эмне деген кундор баштан откон жок. Акыры Москвага келдик. Сен айткандай, келечегин ойлоп калат экен эненин журогу ушундай экен да. Аллахым шыпаа берсин 🤲🏻 озуно куч кубат берсин.

  • @user-qi3nt7kd4g
    @user-qi3nt7kd4g 6 днів тому

    Акылына аябай баа бердим,азаматсын синдим,аракеттеринин узурун кор,Аллахым шыпаасын берсин,сендей апасы ьурганда кызын буйруса жакшы юолуп кетет.

  • @rayanadodueva8151
    @rayanadodueva8151 15 днів тому +34

    Боюнда бар кезде коп кыжаалат болсо да таасирин тийгизет экен.

    • @user-is9jh7qn6j
      @user-is9jh7qn6j 15 днів тому +4

      Туура боюнда барда коп нерв болмон балага таасири тийет экен

  • @kasietturdalieva
    @kasietturdalieva 15 днів тому +13

    Кандай күчтүү,сабырдуу эне.Буюрса,кызынызды мектепке жетелеп алып барыныз,бул кыйын кундор дагы отот.Эч бир ата-эне көз жашын токбосун🙏
    Алдей каналына ийгилик👏👏

  • @Jamila_Abdillaeva
    @Jamila_Abdillaeva 15 днів тому +15

    Аллах суйгон кучтуу пендесине кучтуу сыноо берет. Менин он беш жашар кызым аутизм менен жабыркайт.Беш жашка чейин ЗПРР деген диагноз коюшкан. Башында коп эле аракет кылдым, озум педагогмун, азыр умутум бир Аллахтан.

  • @user-il6jq8sz7r
    @user-il6jq8sz7r День тому

    Буну коруп аябай ыйладым булда бизге кудайм жиберген бир сыносу бизге сабыр керек.Менин баламда 6жашка тольду ЗПМР-РР кудайм ар бир асабый балдарыбызга шыпасын берерин унутупасын🤲 Бишкекде гоптогон часныйлар бар экен Ошго караганда

  • @elnuras.k2753
    @elnuras.k2753 14 днів тому +6

    Саламатсыздарбы . Мен деле озумун окуямды айтып кетким жатат. Эч бир энени баласы менен сынабасын, бул отто оор сыноо экен эне учун. Менин баламда аутизм, балам 1 жаш 2 айында байкап калгам, озум врач неврологмун. Озум озумо ишенбей журуп, бир жаш балдар менен коп иштеген коллегама корсотум 1.5 жашында. Коллегам диагнозду подтвердить эткен, ошодон кийин каттуу заниматься этип баштагам балам менен . 1.5 жашында балам бир да созду тушунбойт эле жана суйлобойт эле, истерика менен агрессия коп болчу . Азыр балам 3 жашка чыгайын деп калды коп созду тушунот жана билет, ырдайт, 5ке чеийин санайт, цветтерди билет жана дагы коп нерсе билет. Ушул убакытка чеин мен балам менен 4-5 саат кунуно заниматься этет элем. Балам мурун аутизм тяжелый степени болчу эле азыр легкий степени болуп калдык, бираз дагы симптомдору бар бирок мен аны менен дагы деле иштеп атам . Эмне деп айткым келип атат башка энелерге: 1 . Эч бир даары суйлотуп колбойт баланызды.2 . Суйлобогон бала менен коп заниматься этиш керек ( атайын энелер учун сабактар бар кантип баланыздар менен заниматься этсенер болот )

    • @user-rr7rc8rt3v
      @user-rr7rc8rt3v 13 днів тому

      Баланыз дуйнону багындырган жигиттерден болсун

  • @alisherusmanovich8737
    @alisherusmanovich8737 15 днів тому +29

    бир эжеден уктум кызы 7 жыл суйлобой больницалардын баары суйлобойт деп айтышкан экен. бир дуаны сахарга дем салып ичир деп угуп ошентип дем салып ичирген экен суйлоп кетиптир азыр мектеп м н бирге куранды жаттап бутоюн деп калыптыр. дуа кылып сурап. ишенич керек.

    • @uulkan7047
      @uulkan7047 15 днів тому +3

      Кайсы дуа экен, сурап беринизчи, биз суйлобойбуз 14 жаш

    • @lunaadam7482
      @lunaadam7482 14 днів тому

      Бизге дагы сураныч

    • @alisherusmanovich8737
      @alisherusmanovich8737 14 днів тому

      @@lunaadam7482 негизи ишенич керек пайгамбарыбыз с.а.в. бир сахабанын колу узулуп кеткенде дем салганда жабышкан,эмнени окудунуз дегенде фатиха деген ал сахаба фатиха элеби дегенде кайра узулуп кеткен ишеничи бузулган учун ошого биз чын ишенич менен окуш керекбиз. курандагы тоха суросунун 25.26.27.28аяттарын 41 жолу окуп сахарга дем салып жедирет.

    • @alisherusmanovich8737
      @alisherusmanovich8737 14 днів тому

      @@lunaadam7482 негизи ишенич керек пайгамбарыбыз с.а.в. бир сахабанын колу узулуп кеткенде дем салганда жабышкан,эмнени окудунуз дегенде фатиха деген ал сахаба фатиха элеби дегенде кайра узулуп кеткен ишеничи бузулган учун ошого биз чын ишенич менен окуш керекбиз. курандагы тоха суросунун 25.26.27.28аяттарын 41 жолу окуп сахарга дем салып жедирет.

    • @user-nj4xt8xk7r
      @user-nj4xt8xk7r 14 днів тому

      Саламасызбы сурап беринизчу дуаны 11жашбыз

  • @user-mc6bn6xq5q
    @user-mc6bn6xq5q 15 днів тому +11

    Жаркылдаган келин Аллахым шыпаа берсин Оомийин ❤😊

  • @user-hz6yv1oi1k
    @user-hz6yv1oi1k 15 днів тому +17

    Аллахым шыфаасын берсин эбептен себеп болуп айыгып кетсинчи балаңыз . Сиздей болгон энелерибизге ыраазычылык айтабыз ,денсоолук берсин Аллахым баарыңыздарга. 🤲🤲🤲

  • @Aigerim.09
    @Aigerim.09 2 дні тому

    Кабыл алдым баламды Кудайга шугур ,ушундай баланы бизге бергенине…тандоо берсе кайра эле ушул жолду тандамакмын

  • @Aigerim.09
    @Aigerim.09 2 дні тому

    Сиздин кызынызга Аллахым Беруучу Зат,шыпаасын берсин ❤

  • @user-yq3gx4ks9l
    @user-yq3gx4ks9l 15 днів тому +12

    Мыкты маек болуптур маанилүү 🎉🎉 🎉🎉🎉
    Кийинки чыгарылышта
    " Эмне учун балдардын боюу оспой калат " ошол жонундо чыгарып бериниздерчи адистен

  • @aijamalbainazarova
    @aijamalbainazarova 14 днів тому +2

    Баарын ачык айтып бергениниз Учун чооон Рахмат 🙏🏻🙏🏻ата энелерге аябай пайдалуу🙏🏻❤️

  • @user-xj1kr3pd4b
    @user-xj1kr3pd4b 12 днів тому +3

    Бүүт комментарийлерди окуп чыктып кандай адамдар бар жакшы тилектерди айткан, эч бир бала оорубасынчы ооруган балдар эртерек айыгып калсын. Менин да кызым тили кеч чыгып эми 6 жашында сөздөрдү айтып калды бирок толук оюн айта албайт. Буйруса эми мектепке 7 жашынан же 8 жаш. берсемби деп ойлонуп жатам. Энелер аман болсун баарына чыдаган.

  • @ZarinaMusa-by4gk
    @ZarinaMusa-by4gk 13 днів тому +6

    Менин балам дагы ЗПРР 6 жашка толуп жатабыз айыл жерде турабыз . Айыл жерде жакшы врачтар жок логопед, дифектолок тор болсо жакшы эле шарга барасың барган жерин баары акча чечип калган баарызга Аллахым шыпаасын берсин.

    • @user-il6jq8sz7r
      @user-il6jq8sz7r День тому

      Саламатсызбы Баланыз жакында мектепге барат ушундай маалында аракет кылышыбыз керек

  • @samsungs1085
    @samsungs1085 14 днів тому +3

    Эчкачан мендеги бир гана проблема-бул Кызым дебе синдим,биз ар бир оозубуздан чыккан созго конул болушубуз керек. Азыркы кундогу журогумду ойуп турган маселе бул кызымдын оорусу десен туура болот.Аллахым шыпаасын берсин❤

  • @Zulaika_jumadilova
    @Zulaika_jumadilova 15 днів тому +8

    Азаматсыз, Аллахым буйруп сүйлөп калсын эртерээк,сиз себептерин кылып жатасыз
    Аллах сизден ыраазы болсун ❤❤

  • @user-rh7ds4lx8w
    @user-rh7ds4lx8w 13 днів тому +3

    Алтыным Кызындын Ден соолугу Бек, Омур жашы узак Болсун,жаратканым дарт, берсе дабасы мн берсин,сага сабыр Ден соолук каалайбыз, Уй булон мн Бактылуу бол.

  • @user-wk2to2uc9o
    @user-wk2to2uc9o 15 днів тому +3

    Рахмат кенешинизге.Ар бир балага шыпаасын кошо берсин Аллах.Ар бир бала ден соолукта бактылуу акылдуу болсун

  • @user-gu6lr3lg9n
    @user-gu6lr3lg9n 15 днів тому +16

    Бугунку чыгарылыш ото мазмундуу болуптур.Мен коронавирус учурунда тородум.Мойнуна киндиги 2 жолу оролуп,кызым кокмок болуп торолду.Дароо ыйлаган жок.Котонуно чапканда ыйлады.Мен аябай сарсана болуп озум эле врачка алып бара баштадым.Акыры Ирина Петровна Василенкого барып,алардан толук лечение алып озумо келип калдым. Кызым 3 жаштан ашты,августта 4 жашка толобуз.мен да аутизм болбосо экен деп тиленип журдум. Кызым азыр жакшы суйлоп калды,кудайга шугур

    • @channel-ci5zg
      @channel-ci5zg 15 днів тому +3

      Кайсы шаарда бул врач ,биз Россияда лечения кылып журобуз,бир аз ун чыгара баштады,чакырсак карап калды бирок тушунбойт,отур ,тур,жат,ич,же,ач,жап дегенди гана тушунот ,курсагы ачса ням ,жакбаса фу дейт болду башка эчнерсе дебейт диагноз ЗПР буйруса августа 4жашка толобуз,1,6жаштан бери дарыланабыз кыйла алдыга жылып калды

    • @user-gu6lr3lg9n
      @user-gu6lr3lg9n 15 днів тому

      @@channel-ci5zg Бишкекте.Москвага да барып калат.мед.центр им Беспалова .Врач-Василенко Ирина Петровна.адрес:скрябина 39/1.жазылып келбесенер ото очередь

    • @user-uf4nm4re6s
      @user-uf4nm4re6s 13 днів тому

      Саламатсызбы кайси шахардасидар россияда кандай лечения олдилар

    • @channel-ci5zg
      @channel-ci5zg 13 днів тому

      @@user-uf4nm4re6s Бурятия

  • @user-nf2he7dt9m
    @user-nf2he7dt9m 15 днів тому +4

    Азаматсын Алтыным ,кучтуусун 😊бактылуу болгула ,Аллахым шыфаасын берсин 😊❤

  • @Rose-xe7cr
    @Rose-xe7cr 12 днів тому +4

    Аллах шыпаасын берсин! Эч кимдин Баланы оорубасын!

  • @altynbektashov7419
    @altynbektashov7419 12 годин тому

    Шугур келтириниз,Аллахым сизди жана кызынызды ушул сыноону жене алат деп берген да,аны сабыр менен,акыл менен татыкктуу женип жатыпсыз,корунуп турат,жакшы кундорунуздор буйруса алдыда,кучтуу болунуз демекчимин!!!

  • @user-om9wj3gm2f
    @user-om9wj3gm2f 12 днів тому +2

    Бул да болсо Аллахтын сынагы го дейм.Сабырдулук,Ден соолук берсин сага

  • @elmiratouisheva3364
    @elmiratouisheva3364 12 днів тому +2

    Аллах шыфаасын берсин! Сабырдуулук, куч кубат тилейм! Аллахым бир кыйынчылыктын артынан сөзсүз жакшылык берет. Буюрса баары жакшы болот!!!

  • @user-km8zj7vs5u
    @user-km8zj7vs5u 11 днів тому +1

    Бул эне туура айтат,коомдук транспортто улуу кишилер жаман көрүшөт,мындай нерсе менин да башымда бар.Менин да өзгөчө кызым бар

  • @aigerimisabekova9217
    @aigerimisabekova9217 13 днів тому +1

    Азаматсыз, коп ата эне бул балам болбой калды деп кол шилтеп коюшат, а бирок анын келечегичи? Аллахым шыпасын берсин❤❤❤❤❤

  • @user-fi5su2sk4z
    @user-fi5su2sk4z 15 днів тому +58

    Меники дагы 3жаш 8ай.Башын тарттырдым,дары,укол алып баштадык.Суйлойт бирок аз и чулдурап.2логопедке барсам Ава-терапияга баргыла деди,эми жакшы специалист табыш кк.Бирок бары айтат акыл-эси сонун,барын тушунот деп.Диагноз ЗРР деп койду.Суйлоп кетсе экен деп кундо тиленем🤲

    • @aneliya_5
      @aneliya_5 15 днів тому +2

      Менин кызым дагы так суйлой албай атат 5 жашка чыгып калдык 😮

    • @userusertyui
      @userusertyui 15 днів тому +1

      Сүйлөп кетсе экен, Логопет жардам берет бекен.

    • @user-nt5qu6kl2b
      @user-nt5qu6kl2b 15 днів тому +1

      Буйруса баары жакшы болот ,ойлонбогула , Аллахка тапшырып ,себебин кыла бериниз🎉

    • @user-vb1hp7gl3b
      @user-vb1hp7gl3b 15 днів тому +4

      Аллахым шифаа берип, батыраак айыгып кетсин,эч бир бала оорубасын🤲

    • @user-fi5su2sk4z
      @user-fi5su2sk4z 15 днів тому

      Чоон рахмат барыныздарга.Логопед тыбыштарды туура эмес айтканда иштейт экен,ага чейин Ава -терапияга барыш кк дейт

  • @DhdhDhdh-ig5oo
    @DhdhDhdh-ig5oo 12 днів тому +1

    Ата- энесине сабр , Аллах велик за каждой болью приходит облегчение, скорейшего выздоровления малышке , я знаю это какая тупая ноющая не проходящая боль для родителей, вы молодцы держитесь у вас всё будет хорошо ❤

  • @user-ne5yb4eh7n
    @user-ne5yb4eh7n 15 днів тому +14

    Айыгып кеткиле Аллахым баарын билүүчү жалгыз зат

  • @user-nz7kb7fj8r
    @user-nz7kb7fj8r 13 днів тому +2

    Башында соц тариактан кызынды окутуп жатканынды коруп эмнеге эле корсотот муну баарыбыз эле кылабыз го деп ойлоптурмун,анткени билген эмесмин ооруй турганын.
    Кечирим сурайм жаман ойлогонума,мне так не хорошо стало что так подумала.Сен айабай кучтуу аймсын. Аллах берген ооруга Аллах шыпаасын берсин. Буюрса жакынкы арада айыктыык деп берген интервьюну кутом. Сила и терпение тебе.❤

  • @user-dk9du4cy6f
    @user-dk9du4cy6f 15 днів тому +16

    Менин да баламда зпрр бүгүн эле ушундай көрүнүш болду. Базарда бакырып жиберсе адамдар башкача карады эле ушунчалык ыйлагым келди.

    • @user-fn4ci2bs4g
      @user-fn4ci2bs4g 15 днів тому +2

      Мага кайрылыныз эже жакшы врачтын дарегин берейин

    • @user-dk9du4cy6f
      @user-dk9du4cy6f 15 днів тому

      Кандай врач

    • @user-rx7yj6es1g
      @user-rx7yj6es1g 15 днів тому

      Эже ватсап номеринизди берин зчи

    • @user-yo9eu4yp2d
      @user-yo9eu4yp2d 14 днів тому

      @@user-fn4ci2bs4gмага номерин бериниз

    • @user-jv4hm6xh5b
      @user-jv4hm6xh5b 14 днів тому

      Менин да балам эки Уулумтен плоскостопия и экоотен жакшы суйлобойт

  • @user-gl6tq6fi4s
    @user-gl6tq6fi4s 14 днів тому +4

    Аллахым мээнети бердиби шыпасын созсуз берет ИншаАллах Кудайым буйурса жакшы болуп кетесинер эки дуйнонун бактылуугун каалайм

  • @user-lv8rg1sr9n
    @user-lv8rg1sr9n 9 днів тому

    Какая вы сильная ,мудрая ,красивая девушка ,мама !Желаю вам скорейшего выздоровления !

  • @user-nv6rv9dj9h
    @user-nv6rv9dj9h 8 днів тому

    Баары жакшы болот.Каныбек экөөңөр мыкты ата энесиңер, ден-соолукта болгула

  • @user-jz3qb1bn8j
    @user-jz3qb1bn8j 6 днів тому +1

    Ото кучтуу аял экенсин ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-wk4vd7bh9l
    @user-wk4vd7bh9l 15 днів тому +14

    Аллахым жакшы адамдарга ушундай сыноо берет экен менин да башымдан отуп жатат ушундай кундор бакырып ыйлагым келет

  • @user-cn9fz1sf2r
    @user-cn9fz1sf2r 12 днів тому +1

    Айдана азаматсыз аракет кылсан берекет менин дагы башымдан отуп кызым башы киндике оролуп торолуп врачтар баспайт деп чыгарышкан бирок Аллахым шыфаасын берип кызып басып айыгып кетти сиздин кызынызга дагы Аллахым шыфаасын берсин колундан келишинче аракет кылып Аллахтан сура айыгат 😢

    • @user-tj9pw3li7g
      @user-tj9pw3li7g 11 днів тому

      Киндиги мойнуна оролуп туулганда роддомдон ошентип чыгардыбы баспайт деп мен дородум жаккында киндиги мойнуна 2 жолу оролуп туулду деп айтышты акшуерлер уже корко баштадымго Кудай сактасын

  • @user-rg2fw4my2z
    @user-rg2fw4my2z 13 днів тому +2

    Аллах шыпаа берсин, көрбөгөндөй болуп айыгып кетсин❤

  • @user-ix1xx3kv8c
    @user-ix1xx3kv8c 11 годин тому

    Аллахым шыфаасын берсин сакайып кетсин кызыныз сиз кучтуусуз 🥰🥰🥰🥰

  • @user-ur1wy3rz5c
    @user-ur1wy3rz5c 15 днів тому +6

    Аллахым шыпаа берсин баланызга!! Бала оорубасын

  • @user-eb4no4ll4q
    @user-eb4no4ll4q 12 днів тому +1

    Жаратканым баарыбызга озгочо сыноо берет экен сыноого сынбайлы .Азаматсыз изденуунуз аябай жакты .баары жакшы болот тезирээк сакайып кетсин кызыбыз 🤲❤

  • @user-uq4zf3cx6d
    @user-uq4zf3cx6d 13 днів тому +2

    Аллахым бала менен сынабасын ден соолук берсин айыгып кетсин бут ооруган балдар ата энесине чыдамкайлык берсин

  • @user-vu5rb7yc5e
    @user-vu5rb7yc5e 14 днів тому +2

    Саламатсынарбы Чуйский облосной больница кайсы врачка барсак болот билгендер жазып коесуздарбы, менинда баламды
    Ошол жактын врачтарына коргозуп коройунчу

  • @user-ze5yz7mg5r
    @user-ze5yz7mg5r 14 днів тому +10

    Адам өзүнүн башына кандайдыр бир иш түшмөйүнчө наркы адамды эч эле түшүнбөйт андыктан андай инсандарга маани бербе. Аллахым баарыбызды бактылуу жана бейиштик кылсын ылайым.

  • @kyialova5251
    @kyialova5251 14 днів тому +2

    Чоон рахмаат эже!недоношенный балдар жонундо маалымат аз болуп жатат,ушул жонундо маалымат алып беринизчи

  • @user-or5hz1nh5j
    @user-or5hz1nh5j 13 днів тому +1

    Ушул кыздын тик токторун аябай жакшы корчумун,кудайым кызына шыпаа берсин,алтын кыз баары жакшы болот буюрса

  • @user-le1od7my3x
    @user-le1od7my3x 15 днів тому +1

    Аллахым сабр берсин Кудайым буюрса Аллахым шыпаасын берсин 🤲🤲 Ыйлабаныз баары жакшы болоь Ата энени бала мн сынабасын 🤲🤲 Сизди ар дайым корчумун оло сонун тартчу элениз тик токтон кундо кутчумун 😍

  • @user-ss3xe8qj8f
    @user-ss3xe8qj8f 15 днів тому +8

    Аллахым шыпаа берсин бардык өзгөчө балдарга🤲🤲🤲🤲

  • @user-hw3lf4mx3f
    @user-hw3lf4mx3f 12 днів тому +2

    Саламатсызбы,аябай эркиниз кучтуу экен.Аллахым шыпаасын берсин.

  • @user-nj4pc8vp9p
    @user-nj4pc8vp9p 12 днів тому +1

    Ананайын кызым Аллахым сага сабр.ден соолук үй булооно ынтымак берсин,аман эсен болуңуздар балдарыңдын жакшылыгын көргүлө жолдошуң менен чогуу.

  • @myskalalimbekova8710
    @myskalalimbekova8710 15 днів тому +7

    Кудайым ушул кундордун артынан аябай чон жакшылык берсин.🤲

  • @JazgulShabanova-sf6vl
    @JazgulShabanova-sf6vl 15 днів тому +10

    Азаматсын тарсылдап кызын учун курошуп атасын сен менен сыймыктанам балдарыбыз Аман болсун суйлоп кетсин.

  • @user-xi3bv1ok6z
    @user-xi3bv1ok6z 12 днів тому +2

    А подскажите пожалуйста какую капельницу ставили вам название сможете написать хочу в России тоже узнать ставить ли здесь такие у нас тоже такая проблема😢

  • @user-qh5pr3zi1s
    @user-qh5pr3zi1s 12 днів тому +1

    Жакшы болуп кетсин,тезирээк суйлоп бактылуу кыз болсун.

  • @user-vc8dc9vq4o
    @user-vc8dc9vq4o 6 днів тому +1

    Алтын кыз,кызын батыраак суйлоп,зынкыйган кыз болот коросун,жакшы каражатынар жетип туш тарапка ташып жатыпсынар,менин да балам ото оор диагноздор менен торолуп эмнелерди гана басып оттум азыр уулум 3 класска кочту,уйкусуз тундор колдорум сыйрылганча иштеген тундорду ,бутумдан суу отсо да ботинка алып кийбей логопедке деп акча жыйнаганымды эстесем тутоп кетем,бирок Аллахым ото мээримдуу мага турмушта ээн сонун адамга жолуктурду,Ал адам баламдын суйлошуно ото коп салым кошуп мээримдуу Ата болуп келе жатат,Жараткан Эгем озу жардам бере кор бул нерсени, мен баскан жолдорду ээч кимге каалабайм

  • @Dar_blog
    @Dar_blog 15 днів тому +1

    Жаратканым тезирээк шыпаасын берсин 🤲 кайраттуу айымсыз! Сиз баарын жеңесиз. Кудайым бала менен сынабаса экен 😢

  • @user-vy6pu6hb7s
    @user-vy6pu6hb7s 14 днів тому

    Рахмат Айдана!Аябай керектүү информация экен.Менин балама да ЗСМР деген диагноз койду.

  • @user-pp3nn4zs7d
    @user-pp3nn4zs7d 14 днів тому +2

    Аллахым шыпаасын берип кызыныз тез сакайып кетсин сизге Аллахым куч кубат берсин ,бала менен эчкимди сынабасын аминь 😢

  • @user-vl5zy9xi5e
    @user-vl5zy9xi5e 11 днів тому +1

    Ушундай билимдуу энелер оорулуу баланы да коптун катарына кошот . Билимсиз энелер дени сак баланы да оорукчан кылышат . Жакшы уход кылбай

  • @user-xs3pi6es3l
    @user-xs3pi6es3l 15 днів тому +4

    Аябай маанилуу тема козголуптур азаматсыздар👍

  • @rozatentimishova8818
    @rozatentimishova8818 12 днів тому +1

    Жакшы болуп сакайып кетсин алтын кыз❤ бул күндөр артта калсын да алдыда только ээн сонун кундор болсун 🤲

  • @user-si1wm5qk6h
    @user-si1wm5qk6h 15 днів тому +11

    Механика кенен айдап ❤❤❤. Сыртынан тон пычпоо керек экен. Деловая деп жаман корчумун.

    • @user-mr1tt3di6g
      @user-mr1tt3di6g 12 днів тому

      Адамды сыртынан карап кимдин ким экенин биле албайсын.

  • @aichurokeshimbekova7736
    @aichurokeshimbekova7736 День тому

    Аллахым баарын коруучу билуучу. Шыфаасын да берет

  • @NN-rv5sj
    @NN-rv5sj 14 днів тому +4

    Рахмат Алдей передачасына👏Можете ли снять про детский сон( как наладить, нарушение сна из-за гаджетов и тд.)

  • @user-vm2jj1fp7c
    @user-vm2jj1fp7c 11 днів тому

    Айдана экооуздун балабыз. Окшош экен😢❤аутизм диагноз такой суйлобойт сабыр мага да кенеш бер

  • @user-oi8rt7lj4q
    @user-oi8rt7lj4q 12 днів тому +1

    Жараткан Алла шыпаасын берип, сакайып кеткиле.Кудай буюрса баардыгы жакшы болот.Кайраттуу бол, сабрдуу бол.

  • @user-ik8qo3ti2w
    @user-ik8qo3ti2w 10 днів тому

    ООО Аллахым ушул келиндин кызы да тезирек суйлоп ,тез жакшы болуп кетсин, эртеге эле бул кундорду корбогондой болуп кетет

  • @Lilit2316
    @Lilit2316 14 днів тому +16

    Байкушум иий,мен дагы корбогон кордукту кордум,кызым 6жашынан суйлоду,коп жактарга бардык,профессорлор мн байланышып журуп,кооп мээнет кетти.Кызым азыр соонун 14жашта бардык айыгуулардан кийин инвалидность берди слабослышащая деп,акылы тетик,бирок жакшы укпайбыз постоянно слуховой аппарат мн журобуз, Аллахым бардыгын бизге ылайыктуу чечет экен,ушунчасына шугур.

    • @user-mo8fn4ch9v
      @user-mo8fn4ch9v 13 днів тому

      Кайсы школдо окуйт,менинда кызым апарат мн угат 7ге чыгат,

    • @Lilit2316
      @Lilit2316 13 днів тому

      @@user-mo8fn4ch9v Бишкекте 2эле школа бар 25чи дудуктардын школасы жана 21чи слабо уккандардын школасы,башка аймактарды билбейм,бирок мен сураганда Кыргызстан боюунча экоо эле дешкен,ото окунучтуу ушундай балдардын мектептери жоктугу ,булар толук акылдуу,укуктуу балдар,просто жакшы угушпайт,мектеп жатаканасы менен бар.Бирок келечегине билими керек десениз Москвада окутунуз,анткени ал мектептерде сурдопедагогтор почти калбады,копчулугу орустар болчу Россияга келе беришкен,биз дагы Москвада окуйбуз,буларга соонун шарттар бар жана колледж,универге без эгзамен алышат .Для детей слабослышащих и не слышащих деп коп программалары алда канча жакшы ,булар жестовый Тил менен суйлошот,биздин Кыргызстанда тилекке каршы мыкты адистер калбады.

    • @Lilit2316
      @Lilit2316 9 днів тому

      @@user-mo8fn4ch9v 21 чи школада Бишкекте

  • @user-no5gp1li8w
    @user-no5gp1li8w 6 днів тому

    Азамат эне экен, Аллахым Кудуретуу , умут узбогуло , кызынар бактылуу болсун ❤

  • @malikaorozalieva6297
    @malikaorozalieva6297 4 дні тому

    Айланайын энелер мен силерден эн коптон коп суранам балдарынардан ушундай диогнозду байкап калсанар артынарды карабай баланарды дарылоого шашылгыла.Убакыт 😊отуп кетсе кеч болуп калат.Суранам энелер эч нерсеге крабагыла акыркы койногунорду сатсанар да дарылагыла карызга батсанар да .Дарылабай калсанар аракет кылбай койсонор балага ото убал болуп калат.Себеби биздин башыбыздан да ушундай ситуация отуп жатат.Биз балабызды 3 жашында байкап калдык.Ошондон баштап бут аракетти кылдык болгонун.Биз аянган жокпуз.Аллахымы шугур акырындап результатын берип келетат.Ьул да болсо аллахымдын сынносу.Кагылайын энелер балдарынардан ушул диогнозду билип калсанар курошкуло.,Канча аракет кылсанар жыынтыгы созсуз болот аллахым бар да.Балдарга мындай ооруну бербесин.Баапдык балдар суйлоп акылдуу болуп катарынан калбасын коптон коп суранам Эч бир бала оорубасын❤😢

  • @user-cj9pz5zc7x
    @user-cj9pz5zc7x 14 днів тому +2

    Аллах шыфаа берсин буйруса жакшы болот😘😘Иншаллах суйлоп кетсин