Умай эне Ширин Сарыгулова 0702108783. Нооруз.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 8 лют 2025
  • Нооруз алас. Умай эне Ширин Сарыгулова 0702108783

КОМЕНТАРІ • 22

  • @МейликанАдамбаева-в5ю
    @МейликанАдамбаева-в5ю 9 місяців тому +1

    Ай көрдүм аман көрдүм,
    Буудай,арпа ,саман көрдүм .
    Жер жарылып чөп чыксын,
    Желин жарылып сүт чыксын ,
    Эгин тегин бул жылы
    Былтыркыдан көп чыксын .
    Алас ,алас ,алас.
    Ак элечек апалар,
    Ак сакалдуу аталар .
    Эл журтум аман болсун,
    Ар бир үйдө бешик ыры ырдалып ,
    Ынтымак ,ырашкерчилик ыроолосун!!!
    Алас ,алас ,алас .
    Аллахтын жакшы күнүндө ,
    Арча түтөп ар үйдө,
    Шаттык күлкү жаңырып ,
    Шаң орносун көктөмдө.
    Оо Эр Манастын урпактары ,
    Айдан аман ,жылдан эсен бололу ,
    Кудайым өзү кодосун, Умай эне жолдосун -деп баарыбыз бата кылып коелу

  • @МейликанАдамбаева-в5ю
    @МейликанАдамбаева-в5ю 9 місяців тому

    Оо, Жараткан!
    Ак калпак кыргыз элиңди сакта,
    Ала-Тоо ыйык жерин сакта ,
    Алас ,алас ,алас,
    Ар баледен калас.
    Оо Калайык!
    Ак мөңгү ,булак
    Сууңду сакта.
    Асаба байрак,
    Тууңду сакта.
    Мурасың улаар муунуңду сакта,
    Уугуңду улаар уулуңду сакта ,
    Учамын деген кушуңду сакта,
    Учугуң улаар кызыңды сакта.
    Оо жараткан, бир өзүңдөн Сулаймын
    Элимде токчулук, молчулүк, берекечилик,барчылык болсун ылайым
    Айдан аман, жылданэсен бололу.
    Алас алас алас ,Ар баледен калас😊

  • @МейликанАдамбаева-в5ю
    @МейликанАдамбаева-в5ю 9 місяців тому +2

    18 миң ааламды
    куп жараткан Эгебиз ,
    Адам ата Обо эне ,
    Жуп жараткан Эгебиз.
    чексиздиктен чеберлеп,
    жер жараткан Эгебиз
    Берекесин белендеп,
    Эл жараткан Эгебиз.
    Телегейин жандуунун
    Тең жараткан, Эгебиз.
    Кереметин дүйнөнун,
    Кең жараткан Эгебиз

  • @РобияНаврузова-п6э
    @РобияНаврузова-п6э 10 місяців тому +1

    Сонун айтыпсыз айткан дубалар кабыл болсун

  • @ЛИПТОЧКА-л7й
    @ЛИПТОЧКА-л7й 11 місяців тому +2

    Эн сонун мага жакты😊

  • @ЧынгызАкунов-ъ2х
    @ЧынгызАкунов-ъ2х 2 роки тому +4

    Ой Бали Бали эн сонун айтылыптыр 🤲🤲🤲🙏🙏🙏👍👍👍😘😘😘😘✊✊✊✊🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬.

  • @НазгулМатраимова-ъ8х

    Соонун айтылган экен

  • @МатраимоваТазагул

    ❤❤ соонун экен

  • @ПеризатАбылкасымова-я2н
    @ПеризатАбылкасымова-я2н 10 місяців тому +1

    оба жакшы айтат экен

  • @МуратЖамалов-ь1й
    @МуратЖамалов-ь1й 2 роки тому +1

    Ооомин.

  • @АтмррммчаИасилтмпи
    @АтмррммчаИасилтмпи 10 місяців тому +1

    Менинг апамда айтып корду сонник айтыпсыз❤😊

  • @anaramamaeva3842
    @anaramamaeva3842 2 роки тому +2

    👍😍😍😍

  • @ИльязНорузов-ш3ы
    @ИльязНорузов-ш3ы 2 місяці тому

    Музыкасын айтып койгулачы

  • @НазгульТурмалиева-е5д
    @НазгульТурмалиева-е5д 10 місяців тому

    Текст жазып бергилечи

  • @its_Marko
    @its_Marko 2 дні тому +1

    Ширк это, вы многобожики

  • @nurzatkachkynbaeva290
    @nurzatkachkynbaeva290 2 роки тому +6

    Музыканын аты кандай?Ичиндеги?

  • @Будниеиличнаяжизнь

    Текст болсо жазып бергилечи,сураныч

    • @AsatillaMannapov
      @AsatillaMannapov 11 місяців тому

      Текистин жаздыбы

    • @ГулнурИсраилова-э6х
      @ГулнурИсраилова-э6х 10 місяців тому

      18 мин ааламды, кут жараткан эгебиз,
      Адам ата обо эне, жуп жараткан эгебиз.
      Чексиздиктен чеберлеп, жер жараткан эгебиз,
      Берекесин белендеп, эл жараткан эгебиз.
      Телегейин жандуунун, тен жараткан эгебиз,
      Кереметин дуйнонун, кен жараткан эгебиз.
      Ала-тоо, Алтай ыйык жер аабалтан биздин меккебиз,
      Кочмон калктын тундугун, которуп жашап келебиз.
      Оо жараткан, ак калпак кыргыз элим сакта, Ала-тоо ыйык жерин сакта.
      Алас алас алас, ар балееден калас.
      Оо калайык ак монгу булак суунду сакта, асаба байрак туунду сакта.
      Мурасын улаар муунунду сакта, уугунду учтаар уулунду сакта.
      Учамын деген кушунду сакта, учугун улаар кызынды сакта.
      Оо жараткан, бир озундон сураймын, элимде токчулук, молчулук, берекечилик, барчылык болсун ылайым.
      Айдан аман, жылдан эсен бололу.
      Алас алас алас, ар балееден калас.
      Эски жыл кетти жаны жыл келди, ай кордум аман кордум.
      Буудай арпа саман кордум, жер жарылып чоп чыксын, желин жарылып сут чыксын.
      Эгин тегин бул жылы, эски жылдан коп чыксын.
      Алас алас алса ак элечек апалар, ак сакалдуу аталар.
      Эл журтум аман болсун, ар бир уйдо бешик ыры ырдалып, ынтымак ырашкерлик ыроолосун.
      Ноорузум мекениме келгинин, нурун тогуп жерине, жарык кунду бергинин.
      Кош бол кышым жаз келди, Арыба жазым арыба жаны жыл келди карыба.
      Дыйкан баба куч алып, кырманыбыз данга толуп, дастарконубуз нанга толуп,береке жыл бол баарына .
      алас алас алас, Нооруздун ушул кунундо арча тутоп ар уйдо,
      сумолок косо буркурап, шаттык кулку жанырып, шан орносун коктомдо.
      Оо Эрманастын урпактары, айдан аман жылдан эсен бололу,
      кудайм озу колдосун умай эне жолдосун деп баарыбыз бата кылып коелу. Оомин.

    • @ГулнурИсраилова-э6х
      @ГулнурИсраилова-э6х 10 місяців тому

      18 мин ааламды, кут жараткан эгебиз,
      Адам ата обо эне, жуп жараткан эгебиз.
      Чексиздиктен чеберлеп, жер жараткан эгебиз,
      Берекесин берендеп, эр жараткан эгебиз.