Ошто селге агып кеткен аял изделүүдө
Вставка
- Опубліковано 15 жов 2024
- 16.07.2024
ИЗДӨӨ ИШИНЕ 143 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 16-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө ӨКМдин 143 куткаруучусу тартылды.
Маалым болгондой жалпы 5 адам изделип, анын 4ү табылган. Учурда 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аял кишини изделүүдө.
Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын Борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР