100дөн ашык ардагер "Кыргыз Республикасынын сот тутумуна 100 жыл" медалы менен сыйланды
Вставка
- Опубліковано 23 гру 2024
- Сот тутумунун 100дөн ашык ардагери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун "Кыргыз Республикасынын сот тутумуна 100 жыл"медалы менен сыйланды
Бүгүн, 2024-ылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сот тутумунун 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалдарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Мааракелик иш чаранын алдында сот тутумунун ардагерлеринин эмгегин жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому менен 100дөн ашуун мурдагы судьялар сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков куттуктоо сөзүндө, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун калыптануу жана өнүгүү жолу өлкө тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана жалпы мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлейт деп белгиледи.
"Бүгүнкү муун мурдагылардын эмгегин жогору баалайт. Сот системасынын кызматкерлери өмүрүн сот адилеттигине арнаган жана судьялардын бир нече муунун татыктуу тарбиялаган отставкадагы судьяларга ыраазычылык билдиришет", - деди өз сөзүндө Замирбек Базарбеков.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын бир катар кызматкерлерине ведомстволук сыйлык тапшырылды.
*****
Более 100 ветеранов судебной системы награждены медалью Верховного суда Кыргызской Республики «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна 100 жыл»
Сегодня, 18 сентября 2024 года, в Верховном суде Кыргызской Республики прошла торжественная церемония вручения юбилейных медалей, приуроченная к 100-летию судебной системы.
В честь этого события и в знак высокого уважения к труду ветеранов судебной системы Постановлением Пленума Верховного суда Кыргызской Республики были представлены награждены более 100 бывших судей.
Председатель Верховного суда Кыргызской Республики Замирбек Базарбеков в своей поздравительной речи отметил, что история образования и развития судебной системы Кыргызской Республики является неотъемлемой частью отечественной истории и занимает важное место в развитии государства в целом.
«Сегодняшнее поколение ценит труд и заслуги своих предшественников. Работники судебной системы признательны судьям в отставке, посвятивших свою жизнь правосудию и достойно воспитавших не одно поколение судей», - сказал в своём выступлении Замирбек Базарбеков.
Кроме того, ряд сотрудников Аппарата Верховного суда Кыргызской Республики также были удостоены ведомственной награды.
#соттутумуна100жыл